Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын  

23-августунда 95-04 номеринде каттоодон өткөн  

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 21-июлундагы  

№ 18/3 токтому менен бекитилген  

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө  

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3\8, 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4, 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4, 2012-жылдын 18-майындагы № 19/7, 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/3, 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/7, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6, 2016-жылдын 14-июлундагы № 29/5, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

1. Жалпы жоболор  

1.1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан, ага ылайык "банк мезгил-мезгили менен баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда, кредиттик портфелдин жана башка активдерди классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөрдү которуп турууга милдеттүү". Жобо, депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укугу бар бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине (мындан ары - банктар) таркатылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4, 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

1.2. Бул ченемдик акт активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары текст боюнча - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгөсалуу жана көзөмөл максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү резерв (мындан ары текст боюнча - РППУ) түзүүбоюнча талаптарды белгилейт.  

1.3. Потенциалдуу чыгым тартуулардын ордун өз учурунда жабуу үчүн ошондой эле, реалдуу финансылык абалды жана иштин эффективдүүлүгүн аныктоо максатында банктар дайым өз активдеринин сапатын текшерип турууга жана РППУ түзүүгө милдеттүү.  

1.4. Банктар, РППУну активдердин мүмкүн болуучу жоготууларынын ордун толтуруу үчүн жетиштүү деңгээлинде кармап туруусу зарыл. Ушул Жобого ылайык, банк тарабынан иштелип чыгуучу, активдерди классификациялоо системасы туура баалоонун негизи болуп эсептелет.  

РППУнун адекваттуу деңгээли камсыз болбогон банктын иши, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) тарабынан аманатчылардын кызыкчылыктарына коркунуч туудуруучу ишенимсиз жана алгылыксыз банк системасы катары каралат.  

1.5. Активдерди классификациялоо кредиттик тобокелдиктин ар түрдүү деңгээлинен жыйындысы болуп саналат. Бардык активдер өзүндө, ар түрдүүфакторлорго жараша өзгөрүлмөлүү тобокелдиктерге ээ.  

1.6. Кредиттик тобокелдик банктын кардарларынын ((1) эскертүүнү караңыз) (мындан ары - кардар) финансылык абалы, күрөөнүн сапаты менчиктин формасы боюнча кардардын түрү, тармактык тиешелүүлүгү, активдер боюнча гарантиянын бардыгы жана анын түрлөрү жана гаранттардын өздөрүнүн ишенимдүүлүгү, банктардын активдери боюнча мурда берилген милдеттенмелерди аткаруунун баа берүүсү, кардардын ишинин өнүгүшүнүн мындан аркы келечеги жана башка потенциалдуу факторлор менен байланыштуу болушу мүмкүн.  

1.7. Банк, мезгил-мезгили менен өзүнүн кредиттик портфелин жана башка активдери классификациялап турууга милдеттүү. Мындай активдерге төмөндөгүлөр кирет:  

- кредиттер;  

- лизингдин натыйжасында алынган активдер;  

- факторинг аркылуу алынган карыздык милдеттенмелер;  

- баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (акциялар, инвестицияланып жаткан компаниянын капиталына финансылык катыш формасында);  

- банктар аралык жайгаштыруулар:  

- алардын келип чыгышына карабастан овердрафтар;  

- балансттан тышкаркы милдеттенмелер (аккредетивдер, гарантиялар, кредиттерди берүү боюнча кайсыл болбосун башка мыйзамдаштырылган милдеттенмелер, жана башкалар);  

- кайтарым сатып алуу талабы боюнча кредиттерди бөрүү;  

- активдин ордун жабууга кабыл алынган жана башка менчик;  

өзүндө кайтарылбай калуу тобокелдиктерин камтыган, жогоруда аталбаган кайсыл болбосун башка активдер.  

Активдердин ордун жабуу үчүн кабыл алынган реструктуризацияланган кредиттер, банктар аралык жайгаштыруулар, баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар, баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана банктын башка менчиги үчүн активдердин айрым түрлөрүнүн спецификасын эске алуу менен ушул Жобо аларды классификациялоо үчүн атайы талаптарды аныктайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтомунун редакциясына ылайык)  

1.8. Активдерди классификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн банктар акча каражаттарынын жылышынын жүрүшүнө көз салып, мааламыттарды анализдеп жана активдин ордун жабуу үчүн кардардын жетишээрлик өлчөмдө акча каражатын алуу мүмкүнчүлүгүн баалап туруусу зарыл. Активдерди берүү жөнүндө келишимдин шарттары боюнча банк, квартал сайын берилүүчү милдеттүү отчеттордон (баланстык отчеттор жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор) тышкары, мезгил-мезгили менен кардардын төлөө жөндүүлүгү тууралуу (акча каражаттарынын жылышы жөнүндө) маалымат алып турууга укуктуу Мында, жетиштүүфинансылык маалыматтын (мисалы, тышкы аудитор тарабынан текшерилбеген банктын баланстык очеттору жана кардардын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчеттор) жана анын тиешелүү деңгээлде анализинин жоктугу олуттуу кемчилик болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкка берилип жаткан отчеттун жана маалыматтын толуктугуна жана шексиздигине кардар жоопкерчиликтүү. Ошого карабастан, банк активди берүү менен байланыштуу тобокелдикти өзүнө алууда, бул маалыматтарды активдерди берген мөөнөткө чейин сыяктуу эле, андан кийин да - банктын каражаттарын толук кайтарып берүүгөчейин, да текшерип турууга милдеттүү.  

2. Жободо колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр  

2.1. Кредиттик тобокелдик - бул, келишимдин мөөнөттөрүнө жана талаптарына ылайык, кардар тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбай коюу тобокелдиги.  

2.2. Банктын мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдери катары төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- баланс боюнча эсепке алынган негизги сумма (бөлүптөлөнгөн пландык төлөмдөрдү кошо алганда) 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөгөн төлөмдөр; 

- 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөй келген пайыздык төлөмдөр; 

- офердрафт түрүндө берилген кредиттер, эгерде алар төлөө графигин белгилөөсүз жүзөгө ашырылса жана алар боюнча пайыздар 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөсө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

2.3-1. Факторинг дегенден улам, акчалай талапты ыйгарып берүү алдында каржылоону түшүнүү зарыл, мында бир тарап (финансылык агент) акча каражаттарын башка бир тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам келип чыккан, анын (кредитордун) үчүнчү жакка (карызгерге) карата акчалай талаптарынын эсебине өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми кардар ошолүчүнчү жакка акчалай талабын финансылык агентке ыйгарып берет же ыйгарып берүүгө милдеттенет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.3-2. Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.4. Банктын баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициясы - банктын карыздык баалуу кагаздарга салымы, ошондой эле пайда алуу максатында акцияларды сатып алуу же инвестициялануучу компаниялардын ишинин жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү формасында, капиталга финансылык чегерүү.  

Банктык каражаттарды башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына салымы жана биргелөшкен долбоорлорго катышуусу кредит болуп эсептелет.  

2.5. Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар - бул, баалуу кагаздар рыногунда баалуулугу жок болуп саналган инвестициялар, ал эми баалуу кагаздардын бул рыногу өнүккөн, эффективдүү, транспоренттүү болуп саналбайт жана бул баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого мүмкүндүк бербейт. Мунун негизинде, баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ, ошондой эле баалуу кагаз жөнүндө бардык адамдар үчүн кеңейтилген, чындыкка жакын жана жетүүгө жеңил болгон маалыматтар жокко эсе.  

Балуу кагаздарга бардык башка инвестициялар рыноктук болуп саналат.  

2.6. Активдердин сапатынан унификацияланган классификациялоо жана РППУну түзүү үчүн төмөндөгү категориялар белгиленет:  

А. Классификацияланбаган активдер:  

1) нормалдуу,  

  

2) канааттандыраарлык,   

3) көзөмөл алдында турган активдер  

В. Классификициялануучу активдер:  

4) субстандарттык активдер,   

5) шектүү активдер,   

6) жоготуулар катары классификациялануучу активдер.  

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр  

3.1. Активдерди классификациялоо учурунда укукка жөндөмдүүлүк абалы жана кардардын активди кайтарууга финансылык мүмкүнчүлүгү сыяктуу эле, кардардын финансылык абалынын өзгөргөндүгүнө, алардын гаранттарына анализ жүргүзүү, ошондой эле күрөөнүн сапатын жана башка факторлорду анализдоо зарыл.  

3.2. Активдерди туура классификациялоо, айрым бир категорияда кардардын финансы абалына толук баа берилишине, активдин максаты жана шарттарына, аны кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Кардар банктын акча каражаттарына канчалык узак мөөнөткө ээ болсо же контракт боюнча каражаттарды (кредиттик линиялар, милдеттенмелер, аккредетивдер ж.б.) алууга укуктуу болсо, терс тенденциялардын пайда болуу тобокелдиги ошончолук көп. Активдерди анализдөөдө, ар бир актив аны жабуунун биринчи жана экинчи булагына ээ экендигин эске алуу зарыл. Жагдайдын кадимкидей өнүгүшү учурунда өндүрүш, кызматтарды көрсөтүү, жумуштар ж.б. процессинде генерирленген активдин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон каражаттардын болушун камсыз кылган шарт биринчи булак болуп саналат. Мисалы, жүгүртүү капиталы алдында алынган кредит товардык-материалдык баалуулуктардын жүгүртүлүшү процессинде төлөнсө, алынуучу түшүм же экспорттук ссуда алдында алынган кредит, товарды сатуудан түшкөн каражаттардын, ал эми керектөө ссудалары ар бир адамдын жеке кирешесинен төлөнөт. Эгерде, иштин жагдайынан улам, алынган кредитти төлөөнүн алгачкы булагы жетишсиз же башкача айтканда, өз милдеттенмесин аткаруу үчүн жетиштүү болгон акча каражаттарынын тишелүү агымы камсыз кылынбаса, банк күрөө, кепилдик жана банктын гарантиялар сыяктуу экинчи булактардын колдонулушун кароого тийиш.  

3.3. Экинчи булакты колдонуу учурунда, күрөөнү сатып өткөрүү наркын аныктоо, соттук териштирүүлөргө жана мөөнөтүн узартууга кеткен чыгымдар менен байланыштуу төлөөнүн убагында өткөрүлбөшү сыяктуу кыйынчылыкгарды өз артынан алып келээрин эске алуу зарыл. Бул факторлор көп учурларда, экинчи булакты тартуу менен алынган карыз боюнча акыркы төлөнүүчү сумма күтүлгөндөй болбой калууларга алып келет.  

3.4. Эгерде банк, төлөөнүн экинчи булагына кепилдик же гарант катары келген адамга толук ишенсе, анда банкта зарыл болгон учурда карызды төлөөжөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн аталган адамдын финансылык абалы тууралуу толук маалыматынын болушу зарыл. Эгерде көрсөтүлгөн адам карызды төлөөдөбирден-бир булак болуп эсептелсе, анда классификацияны жүргүзүү учурунда анын төлөө жөндөмдүүлүгү гана эмес, тиешелүү документтерде таризделүүгө зарыл болгон, ал тарабынан гарантияланган активди жабуу ниети да эске алынышы зарыл. Эгерде, гарант жөнүндө маалымат такталган эмес же такыр жок болсо, анда мындай ганатия, классификациялоо учурунда эске алынбоого тийиш.  

3.5. Карызды төлөөнүн конкреттүү эмес талаптары же активдин мөөнөтүндө төлөнбөй калынышы сыяктуу эле, карызды төлөөнүн биринчи булагынан бир топ четтеп кетүү классификацияга жетиштүү негизи боло алат. Бирок, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин бардыгы эле классификациялоого жатпайт. Актив мөөнөтүндө төлөнбөшү мүмкүн, бирок, ошол эле учурда, төлөнө элек накталай каражат же мамлекеттик казна векселдери менен камсыз кылынган болсо, анда мындай актив классификацияланбаган катары таанылышы мүмкүн.  

3.6. Келишимге ылайык, өз милдеттенмелерин аткаруу ниети жана мүмкүндүгү тууралуу кардардын кат жүзүндөгү билдирүүсү активдин тобокелдигин баалоонун биринчи критерийи болуп саналат. Бул, келишимге ылайык, белгилүү мөөнөт ичинде актив боюнча пайыздарды төлөөгө же банк алдындагы карызды жабууга жетиштүү болгон, кардардын пайдага же ликвиддүү активдерге ээ болуусу керек дегендиги түшүндүрөт.  

3.6-1. Банктык топтун бир эле карыз алуучуга же карыз алуучулар менен байланыштуу топко сунушталган активдерин классификациялоону жүргүзүүдө, ошол активдердин банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификацияланышын эске алуу менен ал активдерди банктык топтун ар бир катышуучусу тарабынан жүргүзүлгөн классификациялоонун категорияларынын эң төмөнкүсү (начары) боюнча классификациялоо зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтомунун редакциясына ылайык)  

3.6-2. Эгерде, карызгердин башка финансы-кредит мекемесинин алдында орду жабылбаган карызы болсо, Банк тарабынан кредиттерди классификациялоону жүргүзүү учурунда ошол карызгердин кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынышы зарыл. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттеринин бар экендигине көз салып туруу зарыл. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар башка финансы-кредит мекемесинде кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгөмилдеттүү. Мында бардык финансы-кредит мекемелери, карызгердин талабы боюнча башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн карызгердин кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Банк ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

3.7. Классификациялоону жүргүзүү учурунда классификациянын айрым категорияларынын аныктамаларын (тексте айрыкча шрифт менен бөлүнүп турат) жетекчиликке алуусу жана ушул Жободо келтирилген белгилерге гана таянбастан, активди классификациянын тигил же бул категориясына киргизүүнүн аңсезимдүүлүгүнө таянуусу зарыл.  

3.8. Классификациялоо категорияларынын аныктамаларын ар түрдүүчө чечмелөөгө боло тургандыгынан улам, сандык жана сапатык мүнөздөмөлөр киргизилет. Эки же андан көп белгилерди чогуу алгандагы кароо, классификациялоо категориясын эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе аныктайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

3.9. РППУну бухгалтердик эсепке алуу, бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

3.10. Тиешелүү келишимдерде чагылдырылган, банк жана анын кардарынын ортосундагы контракттык мамиле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылышы зарыл.  

3.11. Ушул Жобонун талаптары, ар бир конкреттүү абалдын алдын алуу мүмкүн эместигинен улам, активдерди классификациялоонун критерийлеринин тиешелүү минимумун гана камтыйт. Улуттук банк жана банктар, ушул Жобонун талаптарын жана критерийлерин негиз катары алуу менен активдерди баалоо боюнча кошумча факторлорду өз алдынча киргизүү укугуна ээ.  

4. Классификацияланбаган активдер  

4.1. Нормалдуу активдер  

4.1. Нормалдуу активдер деп, активдин суммасынан күрөө менен (кепил катары) эң аз дегенде 120% камсыз кылган, төмөндөгүлөрдөн турган активдер аталат;  

- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казна векселдери (мындан ары текст боюнча - МКВ) (эгерде МКВны төлөө мөөнөтү, активдерди төлөө мөөнүтүнө чейин келип жетсе, анда банк күрөөлүк камсыз кылуу катары МКВны жабуудан келип түшкөн акча каражаттарын же күрөөлүк камсыз кылуу катары кошумча ушуга окшош МКВ алуусу зарыл);  

- ушул банктын өзүнчө депозиттик эсебинде турган каражаттар. Мында, өзүнчө депозиттик эсеп дегенден жеке адамдын же юридикалык жактын өзгөчөлөнгөн депозиттик эсебин түшүнүүгө болот. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктагы корреспонденттик эсеп камсыз кылуучу катары пайдаланылышы мүмкүн эмес;  

- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары текст боюнча - башка баалуу кагаздар).  

Мында төмөндөгү талаптар аткарылышы зарыл:  

1) активди берүү Келишиминде жана күрөө жөнүндө Келишимде, аталган акча каражаттары, МКВлар жана башка баалуу кагаздар банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу караты белгилениши зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларды алып коюуга укуктуу;  

2) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;  

3) күрөө жөнүндөгү келишимде аталган акча каражаттарын, МКВлардын жана башка баалуу кагаздарын андан ары кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө да камтылууга тийиш;  

4) кандай болбосун учурда банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана күрөөнү тариздөө менен байланыштуу бардык жол-жоболорду камсыз кылган келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозитти жана акча каражаттарын, МКВлар жана башка баалуу кагаздарын сактап турууну камсыз кылуучу ички көзөмөл жүзөгө ашырылууга тийиш;  

5) акдивдерди камсыз кылган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же жалпы жол берилген жана алгылыктуу валюта котировкаларынын негизинде, кыргыз сомуна жеңил конвертирленүүчү валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит кредит берилген валютада болсо, анда ал кредиттин суммасын кеминде 100%, ал эми депозит кредит берилген валютадан айрымаланып турса сом түрүндөгү эквивалентте 120% пайызга жабууга тийиш;  

6) эгерде активди камсыз кылуучу катары активдин валютасынан айрымаланган валютадагы акча каражаттары сунуш кылынган учурда, депозитти квартал сайын кайрадан баалоону милдеттүү түрдө өткөрүү зарыл;  

7) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөө азайса, анда банк ушул Жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу;  

8) эгерде 1-7-пунктчаларда белгиленген талаптар аткарылбаган болсо, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына өткөрүлүүгө тийиш.  

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди "нормалдуу активдер" катары классификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ  

Банктар, эгерде алар өз ички саясатына ылайык 0 % дан 2 % чейинки өлчөмдө РППУну түзүү менен ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келе турган болсо, АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди “нормалдуу активдер” катары классификациялай алат. Мында, бул талаптар, мурда берилген, алардын ордун жабуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу  мындан ары Өнүктүрүүфондусу) каражаттарынын эсебинен каржыланган кредиттерди кошо алганда, Өнүктүрүү фондусу менен кызматташуунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылат жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн талап кылат. Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын кредиттери реструктуризацияланбайт, ошондой эле “классификацияланган” активдер категориясында камтылган, мурда берилген кредиттер каржыланбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3\8, 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.2. Канааттандыраарлык активдер  

4.2.1. Канааттандыраарлык актив - бул, кардар тарабынан өз милдеттенмелерин аткарууга жетиштүү зарыл болгон акча каражаты генерирленген, ошондой эле учурдагы абалга карата нормалдуу банк тажрыйбасынан жогору турган, кредиттик тобокелдик менен байланышы жок актив.  

4.2.2. Эгерде, төмөндө келтирилгендер орун алса, актив канааттандыраарлык болуп саналат:  

- карызды тейлөө үчүн жетиштүү акча каражаттарынын агылып келүүсүн генерирлөө;  

- кардардын финансылык абалы канааттандыраарлык болсо;  

- кардардын ишканасы туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болсо;  

- карыздын ордун жабуу өз учурунда жүргүзүлсө;  

- белгилүү бир мөөнөттүн ичинде акча каражатына айландырууга боло турган активдер формасындагы активдердин сумма сына күрөө болсо;  

- кардардын маанилүү жана жакшы кредиттик тарыхы болсо (мөөнөтүндө төлөөлөрдү жүргүзүп турган болсо, өзүнүн бардык милдеттенмелерин өз учурунда аткарган болсо ж.б.);  

- эгерде ал кредит мурда "классификацияланган кредиттер" категориясында каралбаган болсо, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарын өзгөртүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.2.3. Банк, эгерде кредит алган карыз алуучунун чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешесинин үлүшү (ЕАЭСке((1-1) эскертүүнү караңыз) мүчө өлкөлөрдүн валютасынан тышкары) анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 75 пайыздан көбүрөөктү түзсө, чет өлкөвалютасындагы кредитти (ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн валютасынан башка) эң аз дегенде «канааттандыраарлык» актив катары классификациялоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.2.4. Банк, эгерде эффективдүү пайыздык чен кредит берүү учурунда Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болгон болсо, карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча 1% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш (мында, Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен сунушталган кредиттерди эске албаганда) (*). 

(*) Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченге тиешелүү маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган. 

4.3. Көзөмөл алдында турган активдер  

4.3.1. Белгилүү бир начарлоо тенденциясы байкалып жаткан активдер, эгерде мындай активдерге карата чара колдонулбаса, жакынкы арада алардын сапатынын начарлоосу мүмкүн боло тургандыгын ачык көрсөткөн активдер, көзөмөл алдында турган активдер деп аталат.  

4.3.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди көзөмөл алдында турган активдер деп саноого болот:  

- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт, гарантиялар, дебитордук карыздар жана башкалар боюнча талап коюу укугу);  

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кеминде 30 күн мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер;  

- өртүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- алар боюнча документтердин жетишпестиги же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан банк үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзөалбастык;  

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү);  

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна карата тенденциялардын пайда болушу;  

- активдин кайтарылышына таасирин тийгизген рыноктук талаптардын өзгөрүшү;  

- Жобонун 7.6-пунктунун шарттарына туура келген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;  

- (онунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- эгерде кредит буга чейин “классификацияланган кредиттер” категориясында камтылбаса, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, чет өлкө валютасындагы ошол кредит валютасын улуттук валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү

- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/7, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 27- апрелиндеги № 19/6, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.3.3. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин үлүшүанын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан 75 пайызга чейинкини түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2016-жылдын 27- апрелиндеги № 19/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.3.4. Эгерде ошол кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кирешесинин үлүшүанын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан азын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭСге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан башка) кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2016-жылдын № 19/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4.3.5. Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса, ал эми кредитти төлөө мөөнөтүэки жылдан көп убакытты түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып) жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн мөөнөт акырында төлөө каралган болсо:   

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө;   

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса;   

анда мындай кредиттерди, активдердин сапатынын начарлоосу байкалбаса, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоого алынган актив катары» классификациялоо зарыл:   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди;   

- банктар аралык жайгаштырууларды, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына берилген кредиттерди;   

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендерди;   

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди.   

Ушул ченем күчүнө киргенге чейин сунушталган бир кредиттик линиянын алкагында берилген бардык кредиттер, анын ичинде бардык транштар, бул ченем күчүнө киргенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык классификацияланууга тийиш.   

Ушул пунктчанын талабы жобонун 4.1.1-пунктчасына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6, 2016-жылдын 14-июлунундагы № 29/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

5. Классификацияланган активдер  

5.1. Субстанддарттык активдер  

5.1.1. Субстандарттык активдер кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнөн жана/же күрөөлүк камсыз кылынуусунан жетишээрлик корголгон эмес, эгер мындай көрүнүш орун алган жана өзүндө активдин ордун толук жаба албоо тобокелдигин камтыган болсо, так аныкталган жетишпестиктерге (жетишпестикке) же өкүсүк жактарга ээ. Эгерде жетишпестиктер оңолбосо, анда банк кандайдыр бир жоготууларга дуушар болушу мүмкүндүгү орун алган.  

5.1.2. Төмөнкү мүнөздөгү активдерди субстандарттык активдер деп саноого болот:  

- пландык төлөө боюнча 30 күндөн 90 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз;  

- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- карызды төлөө үчүн акча агымдары жетишсиз болуусу;  

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банкта же башка финансы-кредит мекемесинде кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо(*);  

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол банк же башка финансы-кредит мекемеси алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 60 күндөн ары созулуп кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болсо(*). Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, кредит берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит мекемеси тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл;  

(*) Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт.  

- (сегизинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- (тогузунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- (онунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- күрөөнүн наркынүн түшүп кетүүсү, анын сапатынын начарлашынан улам күрөөнүн сатып өткөрүлүшү кыйындыкка турат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/7, 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

5.1.3. Эгерде жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн мөөнөт акырында төлөө каралган болсо:   

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө;   

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса;   

анда мындай кредиттерди, төмөнкүлөрдү эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл:   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди;   

- банктар аралык кредиттерди, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына берилген кредиттерди;   

- бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди.   

Бир кредиттик линиянын алкагында бардык жаңыдан берилген кредиттерди, анын ичинде бардык транштар ушул ченем күчүнө киргенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык классификацияланууга тийиш.   

Ушул пунктчанын талабы жобонун 4.1.1-пунктчасына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6, 2016-жылдын 14-июлунундагы № 29/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

5.1.4. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күнгө узарып кеткен шартта, актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт; 

5.1.5. Эгерде «байкоого алынган актив» катары классификацияланган активди реструктуризациялоодон улам 30 күндөн көбүрөөк убакыт мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же мындай актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда бул актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш». 

Мында, ошол «субстандарттык» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн. 

5.2. Шектүү активдер  

5.2.1. Аталган категориядагы активдер субстанддарттык активдер сыяктуу эле жетишпестиктерге ээ, бирок мындан тышкары, алар башка жетишпестиктер менен бирдикте, белгилүү болгон фактылардын жана талаптардын негизинде карызды төлөөнү шектүү жана ишеними аз болгон кошумча проблемаларга да ээ. Шектүү активдерден жоготууга дуушар болуу мүмкүндүгү өтө эле чоң, бирок, айрым күтүлүп жаткан, активди чыңдоо мүмкүндүгү бар спецификалык факторлордун кесепетинен, аны болжолдонуп жаткан жоготуулар катары классификациялоо белгилүү бир, тагыраак статуска чейин узартылышы мүмкүн.  

5.2.2. Эгерде:  

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күндөн 180 күнгө чейин созулуп кетсе;  

- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- кардардын финансылык абалы олуттуу начарласа (же кардар кудуретсиздик абалга дуушар болуу мүмкүндүгүндө турса);  

- күрөөнүн абалы начар же ал жок болсо, бул шектүү актив бо луп саналат;  

- кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин финансылык абалынын начарлашы; 

- карызды төлөө негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү сатууда өтүмдүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасындагы болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүшү болжолдонууда: 

а) кыймылсыз мүлк - 365 күндөн кечиктирбестен; 

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

5.2.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 180 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «шектүү» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт. 

5.3. Жоготуулар катары классификацияланган активдер  

5.3.1. Жоготуулар катары классификацияланган активдер, алынып коюлуусу оор жана ушунчалык маанилүү болбогон наркка ээ болгондуктан банктын балансында алар нөлдүк нарк боюнча эсепке алынган активдер эсептелет. Мындай активдердин бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрүн каражаттап бүткөндөн соң, карыздын ордун толтуруу мүмкүндүгүнө алар системадан тышкары кеминде беш жыл эсепке алынат.  

5.3.2. Активдерди жоготууга чегерүүгө алып келген белгилер болуп:  

- 180 күн жана андан ары узарып кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз;  

(үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

- күрөөнүн жоктугу же аны рыноктун жоктугунан сатып өткөрүү мүкүндүгүнүн жоктугу;  

- кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы же айкын төлөөнү ишке ашырбастан төлөө ниетин билдириши жана активдин ордун жабууүчүн экинчи булактын жоктугу, кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгү/андан баш тартышы;  

- кардардын банк менен кызматташуу ниетинин же кардардын жоктугу;  

- кардардын ишмердүүлүгүнүн токтошу же аны кудуретсиз деп жарыялоо;  

- активдерди Улуттук банктын талаптарына жооп берген оффшордук аймактардын субъектилерине берүү ((2) эскертүүнү караңыз).  

(тогузунчу абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту);  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2017-жылдын 22-февралындагы №6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

5.3.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт. 

6. Классификациялоонун айрым учурлары  

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10 токтомунун редакциясына ылайык ылайык)  

6.1. Өзгөчө кырдаалдарда активдер классификациянын эки категориясы боюнча классификацияланышы мүмкүн, башкача айтканда, классификацяны бөлүштүрүү колдонулушу мүмкүн.  

Мисалы, кредитти камсыз кылуучу катары кредиттин бир бөлүгүн гана жаба алган ушул эле банктагы дөпозит кызмат кылат, кредиттин ордун толтуруунун башка булактары жокко эсе Бул учурда кредиттин депозит менен камсыз болунган бир бөлүгү "нормалдуу кредит" катары, кредиттин камсыз кылынбаган бөлүгү"жоготуулар" катары классификацияланат.  

6.2. Эгерде, карызгер-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер ошол банктан бир нече кредит алган болсо, анда анын бардык кредиттерине эң чоң карыз болуп саналган кредит боюнча ыйгарылган классификация колдонулат. Эгерде бул классификация эң эле алгылыксыз болуп саналса.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

7. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

7.1. Реструктуризацияланган кредиттер - бул, банк кредиттөө шарттарына буга чейин жөнгө салынган кредиттөө тажрыйбасынан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган кредиттер. Мында, пайыздык ченди жана/же негизги карыз суммасын/пайыздарды төлөөгө чейин кредит мөөнөтүн узартуу келечекте күтүлүп жаткан акчалай агымдын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага кредитти төлөө боюнча мурдагы тажрыйбадан айырмаланган, алда-канча ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу колдонуудагы кредиттик келишим шарттарын өзгөртүү

- карыз алуучу банк сунуштаган кредитти башка кредит ордун жабууга пайдаланса (негизги суммасы же пайыздар боюнча карыз орун алса), ошондон улам карызгер финансылык кыйынчылыкка дуушар болсо, активди толугу менен же анын бөлүгүн кайра каржылоо; 

- кредиттин негизги суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу). 

7.2. Кардардын реструктуризацияланган актив боюнча финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүчтөн болуп төмөнкү жагдайлар саналат: 

- ал боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылган жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөрдү төлөө толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилген классификацияланбаган кредит, же; 

- кардар ошол банктан катар алган кредит боюнча негизги сумманы же пайыздарды толугу менен же алардын бөлүгүн төлөөнү, кредитти кайра каржылоого чейинки акыркы 3 ай ичинде кеминде 1 жолу 30 күндөн көбүрөөккө кечиктирген учурда, кайра каржыланган кредит боюнча. 

7.3. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат. 

7.4. Классификацияланган реструктуризацияланган актив Жобонун 7.6-пунктунун шарттары аткарганга чейин классификацияланбаган кредиттерге чегерилбейт. 

7.5. Карыз алуучу финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда ошол кредит боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен кредит боюнча карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши кредитти реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

7.6. Банк, төмөнкү шарттар аткарылган болсо классификацияланган активди «байкоого алынган актив» категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- акыркы үч ай ичинде төлөмдөр графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

-карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

7.7. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган категориясына которуу төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

«Шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыз орду жабылган шартта, алар «субстандарттык» категориясына которулат.  

8. Банктар аралык жайгаштырууларды классификациялоо  

8.2. Төлөө мөөнөтү 30 күндөн жогору болбогон камсыз кылынбаган банктар аралык жайгаштыруулар (банктар аралык кредиттер, корреспонденттик эсептер ж.б. кошо алганда) төмөндөгүлөрдү эске алуу менен классификацияланат:  

- 2 күндөн 10 күнгө чейинки мөөнөтүндө төлөнбөгөн банктар аралык жайгаштыруулар субстанддарттык катары классификацияланат;  

- 10 күндөн 30 күнгө чейинки мөөнөтүндө төлөнбөгөн банктар аралык жайгаштыруулар шектүү катары классификацияланат;  

- 30 күндөн жогору мөөнөтүндө төлөнбөгөн банктар аралык жайгаштыруулар жоготуулар катары классификацияланат.  

8.1. Ушул Жобонун 8.1-пунктунун максаттары үчүн корреспонденттик эсептеги бардык сумма классификацияланууга жатат, ал эми корреспонденттик эсептер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөндөрдү эсептөөнүн башталышы болуп, акча каражттарын которууну талап кылуу датасы саналат.  

8.2. Күрөө менен камсыз кылынган жана/же жабуу мөөнөтү 30 күндөн жогору болгон банктар аралык жайгаштыруулар ушул Жобонун 4 жана 5 пунктарына ылайык классификацияланат.  

9. Активдин ордун жабууга алынган, банктын башка менчигин классификациялоо  

9.1. Баланста алгачкы таануудан кийин, активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчиги дароо эле субстандарттык катары классификацияланат.  

9.2. Активдин ордун жабууга алынган, банктын башка менчиги төмөндөгү мезгил аягына чыкканча сатылып өткөрүлбөсө, жоготуулар катары классификацияланат:  

а) бир жыл - кыймалдагы мүлк үчүн;  

б) менчик укугу келип чыккандан кийинки үч жыл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айыл чарба багытындагы жерлерге коюлган мөөнөттөрдөн башка кыймылсыз мүлк үчүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

9.3. Финансы отчетун түзүүдө, мүмкүн болушунча, бирок, жылына кеминде бир жолудан кем эмес, банк, бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык, күрөөнүн наркынын начарлоосу предметине баалоо жүргүзүп туруусу зарыл.  

10. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестицияларды классификациялоо  

10.1. Банктын, баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына бардык инвестициялары төмөндөгүлөргө бөлүнөт:  

1) карыздык баалуу кагаздарга инвестициялар;  

2) компаниянын капиталына инвестициялар (акциялар, инвестицияланып жаткан компаниянын капиталына финансылык катышуу формасында).  

10.2. Баланста чагылдырылган, баалуу кагаздарга жана/же капиталга баардык инвестициялар, бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына, ушул Жобонун талаптарына ылайык жана банк тарабынан берилген документтердин негизинде, алардын сапаты предметине бааланып турууга тийиш.  

10.3. Банк финансы отчеттуулугуна (кварталдык жана жылдык, мында, жылдык отчет көзкарандысыз аудитор тарабынан тастыкталынууга тийиш) жана инвестицияланып жаткан компания жана/же баалуу кагаздар эмитенти тууралуу башка маалыматка ээ болуусу зарыл. Жогоруда белгиленген отчеттордун колдо болуусу банк тарабынан баалуу кагаздардын эмитенти изилденди дегенди далилдебейт. Банк, сунуш кылынган отчеттордун негизинде тиешелүү анализ жүргүзүүгөтийиш.  

10.4. Ушул Жобонун максаттары үчүн банктын баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялары рыноктук жана рыноктук эмес деп бөлүнөт.  

10.5. Эгерде банк, алар баалуулукка ээ болгон рыноктун жана бул рынок өзү өнүккөн, эффективдүү, транспоренттүү жана бул баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого шарт түзгөн алгылыктуу документацияны сунуш кыла алса, рыноктук инвестициялар классификацияланууга жатпайт.  

Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта классификацияланбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3\8, 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4 токтомдорунун редакциясына ылайык)  

10.6. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына рыноктук эмес инвестициялар, финансы отчеттуулугун, келечектеги акча агымынын анализин, рыноктогу абалды, компаниянын бизнес-планын жана бул инвестициялардын сапатын баалоого өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды кошо алганда, инвестицияланып жаткан компания тууралуу маалымат жок болсо, минимум дегенде шектүү катары классификацияланат.  

10.7. Эгерде эмитент дефолт деп жарыяланса, мындай инвестициялар автоматтуу түрдө жоготуулар катары классификацияланууга тийиш.  

10.8. Борбордук банктардын жана өкмөттөрдүн баалуу кагаздары классификацияланбайт, бирок, ага карабастан банк бул мамлекеттердин Борбордук банктары жана өкмөттөрү төлөөгө жөндөмдүү, ал эми бул баалуу кагаздардын баалуулуктары транспоренттүү экендиги тууралуу тиешелүү болгон маалыматты сунуш кылууга тийиш. Мисалы, Мооdуls Investors Service (АКШ) ((3) эскертүүнү караңыз) рейтингдик агентствосу тарабынан берилген узак мөөнөттүү кредитке жөндөмдүүлүк рейтингин тастыктоо же башка финансылык маалымат.  

10.9. Баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар боюнча РППУ дисконтту жана нарктын түшүшүнүн өлчөмүн минусука чыгаруу менен негизги карыздын суммасына түзүлөт.  

10.10. Активди классификациянын тигил же бул категориясына чегерүү маселесинде банк менен банктык көзөмөлдүн текшерип жаткан инспекторлордун ортосундагы пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, банк тиешелүү анализдерди жана өзүнүн классификациясынын тууралыгынын далилдерин көрсөтүүгөмилдеттүү.  

11. Чек ара аралык кредиттерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен ары алынган күрөө менен камсыздалган кредиттерди классификациялоо  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

11.1. Чек ара аралык кредиттер жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттер банк аларды эң аз дегенде "байкоого алынган активдер" катары классификациялоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7 токтомунун редакциясына ылайык)  

11.2. Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан кредит боюнча күрөөлүк камсыздоо наркы күрөөлүк камсыздоонун жалпы наркынын 50% түзсө, мындай кредит эң аз дегенде "байкоого алынган актив" катары классификацияланат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7 токтомунун редакциясына ылайык)  

12. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо  

12.1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо активдерди классификациялоо сыяктуу эле ушул Жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт.  

12.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо төмөндөгүлөргө жараша өткөрүлөт:  

- банктын ушул баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча өз милдеттенмесин юридикалык жактан аткарылышынын ыктымалдуулугунун келип жетиши;  

- кардар ушул милдеттенмелерден пайдаланышы мүмкүндүгү ыктымалдыгы;  

- күрөөнүн болушу;  

- башка факторлор.  

13. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв  

13.1. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв банктын чыгымдарынын эсебинен түзүлөт жана активдердин тиешелүүкатегориясынын контр-эсеби болуп саналат. Ар бир банк төмөндөгү резервдерди түзүүгө милдеттүү:  

- кредиттер, факторинг аркылуу алынган карыздык милдеттенмелер жана лизинг боюнча РППУ;  

- баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялар, жана кредиттер, факторинг аркылуу алынган карыздык милдеттенмелер жана лизингдерден айрымаланып турган башка активдер боюнча РППУ;  

- активдин ордун жабуу үчүн кабыл алынган банктын башка мен-  

чиги боюнча РППУ.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтомунун редакциясына ылайык)  

13.2. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча резерв банктын милдеттенмеси болуп саналат.  

13.3. РППУ эки бөлүккө бөлүнөт - жалпы жана атайы резервдер Жалпы резервдер банктын классификацияланбаган активдери, ал эми атайы резервдер классификацияланган активдер боюнча түзүлөт.  

13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар Атайын камдар 

Нормалдуу 0% Субстандарттык 15/25%; 

Канааттандырарлык 1/2/2,5% Шектүү 50%; 

Байкоо алдындагы активдер 5/10/15% Жоготуулар 100%. 

Банк, Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле .2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш. 

Банк, ушул Жобонун 4.3.-пунктунун 4.3.4-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзам талабына ылайык РППУ түзөт жана ага чегерип турат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

13.5. Талап кылынган бардык чегерүүлөрдү эсептөөдөн соң, алар резервдин ар бир түрү боюнча суммаланат жана РППУга чегерүүлөрдүн жалпы талап кылынган резервдери аныкталат. Бул суммалар баланс боюнча РППУнун күндөлүк көлөмүнүн суммасы менен салыштырылат. Баланс боюнча РППУнун күндөлүк көлөмү жетпей калган учурда, банктар отчеттук айдын акырына чейин РППУнун көлөмүн талап кылынып эсептелинген көлөмүнө ылайык келтирүүгө тийиш. Эгерде, банк бул чараны колдонуу зарыл экендигин далилдеп бере алган шартта гана, ал РППУга кошумча чегерүүлөрдү түзүшү мүмкүн.  

13.6. РППУнун өлчөмүнө баа берүүдө банк төмөндөгүлөрдү кароого милдеттүү:  

- тарыхий жоготуулар;  

- алар боюнча пайыздарды кошуп эсептөө токтотулган милдеттенмелер жана активдер боюнча төлөбөй коюу тенденциясы Банк, төлөнбөгөн милдеттенмелер жана активдер боюнча жоготуулар боюнча байкалган тенденцияны реалдуу чагылдырган эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурууга тийиш;  

- классификацияланган активдердеги тенденциялар. Аларды банктын активдеринин жана капиталынын көлөмүнө карата кароо зарыл;  

- экономикалык шарттар. Банктын кардарлары потенциялдуу жоготуулардын артышына алып келген кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандыгын билдирген эконмикалык шарттардын начарлоосу;  

- активдердин өнөржайдын белгилүү бир секторунда, экономиканын тармагында же географиялык жерде топтоштурулушу;  

- банктын көзкарашы боюнча активдердин сапатына таасирин тийгизген башка факторлор.  

13.7. РППУнун адекваттуулугу көбүнесе, банктын активдерин системалуу түрдө баалоого байланыштуу. Ар бир банк өз активдеринин адекваттуулугун текшерүүсистемасын иштеп чыгуусу зарыл. Мындай текшерүүлөр активдердин сапатына гана эмес, бүтүндөй алганда, банктын кредиттик саясатына да тиешелүү болууга тийиш. Текшерүү, банктын ички ресурстарынын эсебинен сыяктуу эле, сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул, текшерүүчүадамга кайсыл болбосун активди текшерүү учурунда толук эркиндик берилиши керек жана отчет толтурууда текшерүү учурунда аныкталган бардык жетишпестиктер белгилениши зарыл дегенди түшүндүрөт. Текшерүү жөнүндө отчет банктын Дирекгорлор Кеңешине, банк Башкармасынын Төрагасына берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

13.8. Активдерди классификациялоо жана РППУну эсептөө банк тарабынан ар бир айдын акыркы күнүн кошо алганда, ай сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир банк кредиттердин жана активдердин көлөмүнө жараша башка активдерди, ошондой эле РППУнун адекваттуулугун дайыма текшерип турууга милдеттүү РППУнун көлөмүн туура эмес белгилөө (көтөрмөлөп же төмөндөтүп жиберүү) отчеттордогу банктын финансы абалын туура эмес баалоого алып келет жана отчеттуулукту бурмалоо катары каралат.  

13.9. Ар бир банк, активдерге анализдөөлөрдү жүргүзүүгө жана классификациялоого, РППУну түптөө жана ага чегерүүлөр жөнүндө усулдук жоболорго, РППУнун ушул Жобого адекваттуулугуна текшерүүлөрдү жүргүзүүлордү тартибине карата банктын саясатын камтыган документтердин топтомун иштеп чыгууга тийиш. Бул документтер банктын иш номенклатурасына киргизилиши зарыл.  

Эскертүү:  

(1) Ушул Жобонун 1.7.пункта келтирилген, банктын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмени мойнуна алган юридикалык жак же жеке адам ушул Жобонун максаттарына ылайык, бул жерде жана мындан ары текст боюнча банктын "кардары" деген сөз менөн берилет.  

(1-1) ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин тизмеги: http://www.eaeunion.org/  

(2) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-мартындагы № 6/8 токтому менен бекитилген "Оффшордук зоналардагы мамлекеттерде жана оффшордук аймактарда каттоодон өткөн банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелөр менен корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-апрелинде 49-04 номеринде каттоодон өткөн.  

(3) же төмөндөгү рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтинг Standard & Рооrs (АКШ), Duff & Рhеlps (АКШ), FitchlВСА (Улуу Британия), Тhоmson Dаbk Watch-ВRЕЕ (Улуу Британия), Niрроn Investment Sеrviсе (Япония).  

   

  

  

Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого карата   

1-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингине анын эң жогорку жана андан кийинки листинг категорияларына кошулган баалуу кагаздарга карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\4 токтомунун редакциясына ылайык)  

1. Баалуу кагаздар эмитентинин Moody's Investors Service рейтингдик агенттигинин классификациясы боюнча "ВВВдан" төмөн болбогон инвестициялык рейтингинин же Standard & Poor's, Fitch рейтингдик агенттигинин классификациясы боюнча ошондой эле деңгээлдеги рейтингинин болушу.  

2. Бул баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр эпизоддук мүнөзгө ээ эмес, б.а. биржанын тоорук системасында 30 календардык күн аралыгында мына ушул баалуу кагаздар менен кеминде бир бүтүмгө келишилет;  

3. Эмитент тарабынан мурда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрүнө ретроспективдүү анализдөөлөрдүн натыйжасы, чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешелүү эмитенттин карызынын жок деп болжолдоого негиз берет.  

4. Баалуу кагаздар эмитентинин акыркы отчеттук жыл ичиндеги же акыркы үч жыл ичиндеги сумма боюнча чыгашасыз иши.