Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 30-мартында 

N 20/4 токтому менен 

бекитилген 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан 

банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик отчету жөнүндө

ЖОБО 

 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016-жылдын 5-февралындагы №5/1, 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/3 токтомдору менен кабыл алынган) 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Жобонун максаттары жана милдеттери 

3. ММРОнун мазмуну жана аны сунуштоо мезгили 

4. ММРОну берүү тартиби 

5. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. Ислам банкынын мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик отчетунун курамы 

2-тиркеме. Мезгил-мезгил менен берилүүчү Ислам банкынын 

регулятивдик отчету 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторунун бирдиктүү формасы (мындан ары - ММРО) аныкталган. 

2 Бул Жобонун аракети, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктарга) таркатылат. 

3. ММРО, бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

 

2. Жобонун максаттары жана милдеттери 

 

4 ММРО төмөнкүлөргө иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамында бекемделген, Улуттук банк тарабынан аткарылган функциялардын алкагында банктын финансылык абалына; 

б) ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, банктын жетекчилеринин башкаруу чечимдерин кабыл алуусу үчүн банктын ишине. 

5. ММРОнун башкы милдети - ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн банктын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды берүү

 

3. ММРОнун мазмуну жана аны сунуштоо мезгили 

 

6. ММРО дегенден улам, белгилүү бир мезгил ичинде тиешелүү формада түзүлгөн жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү, банктын отчетун түшүнүүгө болот. 

7. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

8. ММРО 31 бөлүктөн турат. 

 

4. ММРОну берүү тартиби 

 

9. Ар бир банкта ММРОнун мазмунунун толуктугуна жана аныктыгына, берүү мөөнөтүнө жана анын туура толтурулушуна жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Ошол кызматкерге ММРОдо камтылган маалыматтарга тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жоопкерчилиги да жүктөлөт. 

10. ММРО, Улуттук банкка ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык формада, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттө, кагаз жүзүндө жана электрондук байланыш системасы аркылуу (электрондук маалыматты камтуучулар) берилет. 

11. Кагазга чыгарылган отчеттор Улуттук банкка белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш. Отчеттор, тиешелүүлүгүнө жараша 1-18, 26-27-бөлүктөрдү өз-өзүнчө конверттерге салып, чапталган түрдө берилиши зарыл. Конверт беттеринде Мезгили-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун тиешелүү бөлүктөрүнүн номерлери милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

12. ММРОнун 1-31 ге чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиялары Улуттук банкка берилет. Ал эми 19-31ге чейинки бөлүктөрүнүн электрондук версиялары электрондук-цифралык колтамгалар (ЭЦК) менен коштолууга тийиш. ММРОнун тиешелүү бөлүктөрүнө карата белгиленген формадагы коштомо катарга да электрондук цифралык кол тамгалар коюлуп, электрондук форматта берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

13. ММРОдо кандайдыр бир дал келбестиктерге, каталарга жол берилип, толук эмес түрдө берилген же формалары туура эмес толтурулган шартта, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү төмөнкү мөөнөттөрдө финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту корректировкалоо зарылчылыгы жөнүндө банкка маалымдайт: 

- ар күндүк жана ар жумалык отчет үчүн - 2 жумуш күнү ичинде; 

- ар айлык отчет үчүн - 10 жумуш күнү ичинде; 

- чейректик отчет үчүн -10 жумуш күнү ичинде; 

- жарым жылдык отчет үчүн - 15 жумуш күнү ичинде; 

- жылдык отчет үчүн - 30 жумуш күнү ичинде. 

Корректировкаланган отчеттор банктын коштомо каты менен бирге, ар күндүк жана ар жумалык отчеттор 2 жумуш күнү ичинде, ар айлык жана чейректик отчеттор 3 жумуш күнү ичинде, жарым жылдык жана жылдык отчеттор 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

14. Улуттук банк тарабынан ММРО боюнча сунуш-пикирлер болбосо же отчет Улуттук банктын сунуш-пикирлерине шайкеш келтирилип, банктын каты менен тастыкталгандан кийин ММРО, Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет. 

15. Банктын областтардагы филиалдары, банктын башкы офиси тарабынан консолидацияланган ММРО берилгенден кийинки отчеттук айдын 15не чейинки мөөнөттө, алардын иши боюнча маалыматтарды Улуттук банктын тиешелүү областтык (аймактык) башкармалыктарына ай сайын берип турушат. Банктын филиалдары тарабынан Улуттук банктын Төрагасынын алардын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө макулдашуу менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарына берилүүчү ММРОнун бөлүктөрүнүн тизмеси, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Жылдык ММРО Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-февралынан кечиктирилбестен берилет. 

17. Жарыяланган финансылык отчет көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусу менен бирге акционерлердин жыйынында бекитилгенден кийин эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тапшырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан банк ошол күндөрү иштедиби же жокпу, ага көз карандысыз, Улуттук банк жана коммерциялык банктар үчүн жумуш күнү катары жарыяланган жана сунушталган дем алыш жана майрам күндөрү үчүн маалыматтар ММРОдо камтылууга жана белгиленген мөөнөт ичинде берилүүгө тийиш. Мында, сомдук эквиваленттеги чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор, Улуттук банктын отчетун түзгөн күнгө карата эсептик курсун пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш. 

19. ММРО белгиленген формада: көктөлүп, бөлүктөрүнүн беттеринин санын көрсөтүү менен номерленип, банктын мөөрү басылып жана банктын аны түзүлүшү жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү кызматкеринин колу коюлуп берилүүгө тийиш. 

20. ММРОдо банктын отчеттук күнгө карата абалы боюнча так маалыматтар камтылууга тийиш. Ар айлык, чейректик, жылдык ММРОдо банктын абалынын туура чагылдырылышы, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы же ап жок учурда төраганын милдетин аткаруучу Директорлор кеңешинин төрагасынын мүчөсү, банктын башкы бухгалтери жана Банк Башкармасынын отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат. 

 

5. Корутунду жоболор 

 

21. Банк, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги жана/же такталбаган маалыматтардын берилиши, маалыматтардын берилбей калгандыгы, ошондой эле ММРОнун туура эмес толтурулгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

 

 

1-тиркеме 

 

Ислам банкынын Мезгил-мезгили менен 

берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

 

 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

Эскертүүлөр жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелер 

  

Титулдук баракча 

Ай сайын, чейрек сайын жылына бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календарлык күн ичинде 

Биринчи 18 бөлүккө гана тиркелет 

  

Банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөргөн учурда 

  

Банктын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөргөн учурда 

  

Ислам банкы тууралуу базалык маалымат 

Жылына бир жолу жана өзгөргөн учурда 

1-бөлүк 

Баланстык отчет: 

А. Активдер; 

Б. Милдеттенмелер; 

В. Капитал; 

Г. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер; 

Д. Банктын башка активдерин жана башка милдеттенмелерин чечмелөөлөр; 

Е. Улуттук банк алдындагы милдеттенмелер; 

Ж. Банктын активдерин өлкөлүк белгиси боюнча жайгаштыруулар; 

З. Банктын милдеттенмелерин өлкөлүк белгиси боюнча тартуу; 

И. Банктын милдеттенмелерин өлкөлүк белгиси боюнча (чет өлкө валютасында) тартуу; 

К. Капиталды өлкөлүк белгиси боюнча тартуу; 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки периода 12 календарлык күн ичинде 

  

Л. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча тармактарда каржылоонун көлөмү

Чейрек сайын 

  

  

М. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча тобокелдиктердин деңгээлине жараша берилген каржылоону классификациялоо;  

Н. Кардарлардын Кыргыз Республикасынын областтары боюнча эсептериндеги акча каражаттарынын көлөмү (тартуу булактары боюнча);  

О. Банктын Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтары. 

  

  

  

2-бөлүк 

Пайдалар, чыгашалар жана чогуу алгандыгы кирешелер боюнча отчет 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календарлык күн ичинде 

  

Пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчет: 

А. Операциялар боюнча алынган кирешелер; 

Б. Операциялардан келип чыккан чыгашалар; 

В. Банктын операциялары боюнча жана башка кирешеле; 

Г. Банктын операциялары боюнча жана башка чыгашалар; 

Д. Башка операциялык жана администрациялык чыгашалар 

Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет 

3-бөлүк 

Капиталдын түзүмү  

А. Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 

Б. Банктын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

4-бөлүк 

Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

5-бөлүк 

Баалуу кагаздар портфели 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

10 

6-бөлүк 

Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалыматтар: 

А. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер (сом түрүндөгү) тууралуу маалыматтар; 

Б. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер (чет өлкө валютасында) тууралуу маалыматтар 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

11 

7-бөлүк 

Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо: 

А. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (сом түрүндө); 

Б. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо (чет өлкө валютасында) 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

12 

8-бөлүк 

РППУдагы өзгөрүүлөр: 

А. РППУнун эсебинен эсептеп алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар; 

Б Банктарга сунушталган каржылоодон тышкары, сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр; 

В. Каржылоодон айырмаланган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерден боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр; 

Г. Банктарга жана башка ФКМдерге сунушталган каржылоо боюнча РППУдагы өзгөрүүлөр. 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

13 

9-бөлүк 

Олуттуу тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар: 

А.Өтө эле олуттуу тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар; 

Б. Банк-корреспонденттер жөнүндө маалыматтар; 

В. Банкты тейлөөгө алган брокер/дилер/ депозитарий жөнүндө маалыматтар; 

Г. Корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар тууралуу маалыматтар; 

Д. Банктын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели; 

Е. Кардарлардын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар портфели. 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республика- сынын Адилет министрлигин; 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 24/4 токтом менен бекитилген "Кредитөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоого карата 1-тиркеме. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 24/4 токтом менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоого карата 2-тиркеме. 

14 

10-бөлүк 

Аффилирленген жактар тууралуу маалыматтар: 

А. Аффилирленген жактар менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалыматтар; 

Ай сайын 

Отчетук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 34/10 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка ФКМдердин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого карата тиркеменин 1-формасы. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 34/10 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка ФКМдердин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого карата тиркеменин 2, 3-формалары. 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалыматтар 

В. Банктын аффилирленген жактары тууралуу маалыматтар 

Жарым жылда бир жолу 

Отчетук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

15 

11-бөлүк 

Инсайдерлер тууралуу маалыматтар: 

А. Инсайдерлер менен активдүү операциялар тууралуу кыскача маалыматтар. 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 34/10 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка ФКМдердин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого карата тиркеменин 4-формасы. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 34/10 токтом мемен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка ФКМдердин инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого карата тиркеменин 5, 6, 7, 8-формалары. 

Б. Инсайдерлер менен операциялар тууралуу жалпы маалыматтар; 

В. Инсайдерлердин тууган-туушкандарынан болгон адамдар менен операциялар тууралуу маалыматтар; 

Г. Башка байланыштуу жактар менен операциялар тууралуу маалыматтар; 

Д. Инсайдерлер, алардын тууган-туушкандарынын катарына кирген адамдар же башка байланыштуу жактар контролдук кылуучу юридикалык жактар менен операциялар жөнүндө маалыматтар туугандары болуп саналышкан жактар алардын инсайдеринен болгон юридикалык жактар менен операциялар тууралуу маалыматтар 

Жарым жылда бир жолу 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

16 

12-бөлүк 

Банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүнө анализдөөлөр жана активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу: 

А. Банктын активдеринин жана милдеттенмеле- ринин рыноктогу кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнө ийкемдүүлүгүнө анализдөөлөр; 

Чейрек сайын  

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

Б. Активдерди/ милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү

Ай сайын 

17 

13-бөлүк 

Кардарлардын суммалар боюнча бөлүнгөн эсептери 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

18 

14-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын ("капитал буфери" көрсөткүчүн) колдоого алуу жөнүндө маалыматтар 

  

  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августундагы № 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, 18/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого карата № 1-тиркеме 

А. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

күн сайын  

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин  

Б. Капиталдын шайкештиги жана ликвиддүүлүк ченеми экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө отчет 

ай сайын  

Отчеттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде  

В. Жеке адамдар алдында мөөнөттүү эсептер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

күн сайын  

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин 

Г. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн эсептери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет 

ай сайын  

  

Д. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

ай сайын  

  

Е. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (К3.2) сакталышы жөнүндө отчет 

жума сайын  

отчеттук жумадан кийинки жуманын алгачкы жумуш күнүнүн саат 9.00 чейин  

Ж. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин (К3.3) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин 

19 

15-бөлүк 

Банктын капиталын эсептөө 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы N 51/4 токтому менен бекитилген операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоо. 

20 

16-бөлүк 

Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 9.00го чейин 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 14-октябрындагы N 41/4 токтому менен бекитилген. "Ислам банк принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө" нускоого карата тиркеме 

21 

11-бөлүк 

Банктын ишеним көрсөтүлгөн тескөө боюнча операциялары жөнүндө маалыматтар 

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

22 

18-бөлүк 

Жана башка маалыматтар: 

А. Активдердин жана милдеттенмелердин ай ичиндеги орточо мааниси; 

Б. Банк иши тууралуу жана башка маалыматтар; В. Банктын персоналы жөнүндө

Г. Эсептер боюнча кыйла жүгүртүүгө ээ болгон кардар боюнча маалыматтар; 

Д. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына маалыматтардын саны жана суммасы жөнүндө маалыматтар 

Ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

23 

19-бөлүк 

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрү

  

  

  

А. Банктардын башкы офистердеги негизги кызмат көрсөтүүлөрү

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

Эгерде банктын башкы офистеги жана анын бардык филиалдарын бирдей болсо, анда ар айлык негизде бирдиктүү отчет түзүлөт 

Б. Банктардын филиалдар боюнча кызмат көрсөтүүлөрү

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

В. Ислам каржылоо принциптерине ылайык тартылган (жайгаштырылган) акча каражаттарына сый акылар (кошулган баа) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

Г. Каржылоонун түрлөрү боюнча каржылоонун суммасынан пайыздарда кошулган баа 

Ай сайын 

  

24 

20-бөлүк 

Жол чектери менен жана карттардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар 

  

  

  

А. Жол чектери менен операциялар 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Б1. Карталардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар (жеке адамдар) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

Б2. Карталардын эмиссиясы/ эквайринги боюнча операциялар (юридикалык жактар) 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин. 

В. Аралыкта орнотулган жабдуулар 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

25 

21-бөлүк 

Төлөмдөр жөнүндө маалымат: 

  

  

  

А. Кардарлардын филиал ичиндеги чыгыш төлөмдөрү

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Б. Банктар ичиндеги филиал аралык төлөмдөр; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

В. Банктын филиалдар боюнча банктар аралык төлөмдөрү 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Г. Төлөм инструментинин түрлөрү боюнча төлөмдөр; 

Ай сайын 

Ай сайын - отчеттук айдан кийинки 15ине чейин 

Г1. Электрондук төлөмдөр; 

Ай сайын 

Ай сайын - отчеттук айдан кийинки 15ине чейин 

Д. Мамлекеттер боюнча системанын түрлөрүнө тиешелүү чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Е. Областтар боюнча системанын түрлөрүнө тиешелүү чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Ж. Системанын түрлөрү жана өлкөлөр боюнча чек ара аркылуу акча которуулар; 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки эйдын 10уна чейин 

З. Төлөм системасындагы (ТС) төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

И. Иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан, кийинки айдын 15ине чейин 

К. Системадагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө отчет; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

Л. Системада 20_ жылдын айы ичинде алдамчылык менен өткөрүлгөн транзакциялар жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

26 

22-бөлүк 

Чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет 

Күн сайын 

Эртең мененки 11.00 ге чейин 

 

А. Нак эмес чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет; 

Б. Нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет; 

В. Коммерциялык банктар тарабынан тейленүүчү, алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялары боюнча отчет 

27 

23-бөлүк 

Банктар аралык кредит рыногундагы операциялар жөнүндө маалымат 

Жума сайын 

Жума сайын эртең мененки 10.00 гө чейин 

  

28 

24-бөлүк 

Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана колдонулган сый акылар/ кошулган баалар жөнүндө отчет: 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

А. Бир мезгилдин акырына карата сунушталган каржылоо; 

  

  

Б. Бир мезгил ичинде сунушталган каржылоо; 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин 

В. Кардардын эсептериндеги каражаттардын бир мезгилдин акырына карата калдыгы; 

  

  

Г. Бир мезгил ичинде кардарлардын эсебине түшкөн каражаттар. 

  

  

29 

25-бөлүк 

Кардарлардан экономиканын тармактары боюнча тартылган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар: 

А. Экономиканын тармактары боюнча кардарлардын эсептериндеги каражаттардын бир мезгилдин акырына карата калдыгы; 

Б. Экономиканын тармактары боюнча, бир мезгил ичинде кардарлардын эсептерине тартылган акча каражаттары. 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин 

  

30 

26-бөлүк 

Эл аралык операциялар боюнча отчеттун формасы 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин 

  

31 

27-бөлүк 

Банктардагы төлөмдөрдүн багыты жөнүндө маалымат: 

  

  

А. ПБ - 1 формасы 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

Б. ПБ - 2 формасы 

Чейрек сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин 

32 

28-бөлүк 

Активдер, милдеттенмелер жана капитал жөнүндө күндөлүк отчет 

Күн сайын 

Кийинки жумуш күнүнүн күндүзгү 12ге чейин 

  

33 

29-бөлүк 

Ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет 

Ай сайын 

Отчеттук айдан кийинки айдын 4үнө чейин 

34 

30-бөлүк 

Жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет 

Жума сайын 

Ар бир жумада 14.00го чейин 

Отчет, отчеттук жума ичинде келип түшкөн жана берилген накталай акчалардын көлөмү жөнүндөгү маалыматты камтыйт 

35 

31-бөлүк 

Күндөлүк болжолдуу баланс: 

А. Күндөлүк болжолдуу баланс;  

Б. Күндөлүк болжолдуу валюталык баланс. 

Күн сайын 

Кийинки жумуш күнүнүн күндүзгү 12ге чейин 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-ноябрындагы N 43/7 токтому "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын финансылык отчетун түзүүсүнө карата тараптар жөнүндө" жобо 

 

 2-тиркеме