Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 30-ноябрындагы 

N 67/9 токтому менен 

бекитилген 

 

"Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык 

банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө

ЖОБО 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2016-жылдын 10-февралындагы №7/2 токтому менен кабыл алынган)  

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Акционерлердин жалпы жыйыны 

3. Банктын директорлор кенеши 

4. Инвестициялык эсеп ээлеринин укуктары 

5. Шариат кеңеши 

6. Банк башкармалыгы 

7. Кесиптик этика жана кызыкчылыктар боюнча конфликтердин алдын алуу 

8. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына ошондой эле, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Жобо, "ислам терезесин" ээ банктарды кошо алганда, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат. 

Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруу айрым банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуунун олуттуу шарттарынын бири болуп саналат. 

Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында келтирилген терминдерге жана аныктамаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келет. 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар кошумча колдонулат: 

инвестициялык эсептер - бул, кардарлардын мудараба келишиминин негизинде банк тарабынан тартылган каражаттар чагылдырылган эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелбеген жана чектелген болушу мүмкүн; 

фидуциардык жоопкерчилик - бул, банктын өз кардарларынын алдында Шариат эрежелеринин жана принциптеринин сакталышы, инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарынын тиешелүү түрдө тескөөгө алынышы жана мудараба келишиминде көрсөтүлгөн шарттардын сакталышы боюнча жоопкерчилиги; 

тобокелдик профили - банктын чогултулган, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматтарга негизденген тобокелдигинин көрсөткүчтөрүнүн айкалышы, ал биринчи кезекте бүткөрүлүүчү маселелерди эске алганда, банктын иш багыттары боюнча тобокелдиктерге дуушарлануусун мүнөздөйт. 

2. Корпоративдик башкаруу дегенден улам, акционерлердин, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Банк Башкармасынын ортосунда банктын төмөндөгүлөр боюнча ишине жалпы жетекчилик кылуу жагында өз ара мамилелеринин белгилүү бир системасын түшүнүүгө болот: 

1) банк тарабынан Шариат стандарттарынын жана принциптеринин сакталышын камсыз кылуу; 

2) банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана бул максаттардын ишке ашырылышына контролдукту аныктоо; 

3) инвестициялык эсеп ээлерин жана башка аманатчыларды, товар берүүчүлөрдү кошо алганда, банк акционерлери менен анын кардарларынын ортосундагы баланска жана банк ишинин туруктуу өнүгүшүнө жетишүү

4) банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарга жетүүсү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылуучу эмгек ыргагына түрткү берүү

5) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын, ошондой эле банктын ички документтеринин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу. 

3. Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп, төмөндөгүлөр саналат: 

1) банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенция жана отчеттуулук маселелерин бөлүштүрүү, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана Банк Башкармасынын натыйжалуу ишин уюштуруу; 

2) банк ишин өнүктүрүү стратегиясын, бизнес-планын, саясаттарын аныктоо жана бекитүү, ошондой эле алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылуу; 

3) банк акционерлеринин жана башкаруу органдарынын стратегиялык ролун жана функцияларын, банктын акционерлердин алдындагы болгон жоопкерчилигин балансирлөөчү механизмдерин аныктай турган жана ушул жобонун талаптарына каршы келбеген, эффективдүү жана ак ниет корпоративдик башкарууну ишке ашырууга багытталган, башкаруу саясатын бекитүү

4) инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегияны бекитүү

5) таламдардан улам келип чыккан конфликтерге бөгөт коюу; 

6) кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо; 

7) ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (ААOIFI) стандарттарына ылайык, банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (белгилүү бир стандарттар болбогон шартта, банк ФОЭС стандарттарын колдоно алат). 

Банктарда жана банктык топтордо эффективдүү корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин(1) жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин(2) сунуш-көрсөтмөлөрү саналышат. 

4. Банктын акционерлери, Директорлор кеңеши жана Банк Башкармасы инвестициялык эсеп ээлеринин алдында фидуциардык жоопкерчиликтүү болушат. 

5. Банк, кеминде жылына бир жолу корпоративдик башкарууга баа берип жана финансылык отчеттун жана банктын мезгил-мезгил менен берилүүчү регулятивдик отчетунун алкагында, ушул Жобонун талаптарын сактоо жана банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонуу жөнүндө жана корпоративдик башкарууда аныкталган кемчиликтерди жана аларды четтетүү боюнча зарыл чаралардын аткарылышы үчүн конкреттүү мөөнөттү жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө маалыматты ачууга тийиш. Мында, банк, банк ишин тескөөнүн ички саясатына таянуу менен аталган ачып көрсөтүүлөрдүн формасын жана мазмунун өз алдынча аныктайт. 

Баа берүү Корпоративдик башкаруу боюнча комитет тарабынан жүргүзүлөт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүүсү үчүн Директорлор кеңешине жана банк ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруусу үчүн ошондой эле банк Башкармасына берилет. 

 

2. Акционерлердин жалпы жыйыны 

 

6. Акционерлердин жалпы жыйыны банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. 

7. Банктын акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесинде (мындан ары Мыйзам) аныкталган. 

8. Банк акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер, эгерде мыйзам тарабынан башкасы белгиленбесе, башка башкаруу органына чечим кабыл алуу үчүн берилиши мүмкүн эмес. Акционерлердин аларга мыйзамда аныкталган компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. 

9. Банк акционерлери инвестициялык эсеп ээлерин кошо алганда, банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо кетире тургандай аракеттерди жасабоого тийиш. 

 

3. Банктын директорлор кенеши 

 

10. Директорлор кеңеши банк ишинин тескөөгө алынышына жана анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана банктын акционерлеринин жалпы жыйынында отчет берет. 

11. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү болгон маселелер мыйзамдын 24-беренесинде аныкталган жана банктын стратегияларынын жана саясаттарынын аныкталышын камтыйт. 

12. Директорлор кеңеши эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл: 

1) банктын уюштуруу түзүмүнүн чегинде ыйгарым укуктардын, жоопкерчиликтердин жана отчеттуулук деңгээлинин так белгиленишине өбөлгө түзгөн, банктын уюштуруу түзүмүн аныктоого; 

2) банктын өнүгүү стратегиясына, бизнес планына, банктын ишинин негизги түрлөрү боюнча саясатына алардын банктын күндөлүк иш-аракетине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүнө мезгил мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) баа берип туруу; 

3) банктын ак ниеттүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда эң негизги орунда Шариат стандарттарынын сакталышы болгондуктан, банктын Шариат кеңешин жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудиторду аныктоо) түзүү зарыл; 

4) ички контролдуктун эффективдүү системасын түзүү жана анын банк ишинин тобокелдүүлүгүнүн өлчөмүнө, татаалдыгына, түзүмүнө жана профилине(3) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн Банк башкармасынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү. Тиешелүү ички контролдукту уюштуруу максатында, банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банктарда ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл; 

5) тобокелдиктерди тескөөнүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келүүчү тиешелүү системасын түзүү жана мезгил-мезгили менен (кеминде жарым жылда бир жолу) банктын иш натыйжаларын эске алуу менен тобокелдиктердин белгиленген деңгээлдерине баа берүү

6) банкта таасирдүү корпоративдик башкарууну калыптандыруу жана банктын ичинде ички контролдуктун банк ишинин бардык деңгээлине жана багыттарына өзгөчө ролун жана маанилүүлүгүн караган, корпоративдик маданияттын этикалык жана акыйкаттуу стандарттарын белгилөө

7) банктын күндөлүк иш-аракетине жана финансылык натыйжаларына анын стратегиялык максаттарга жана бизнес планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетүү көзкарашынан, мезгил-мезгили менен (чейректе бир жолудан кем эмес) баа берип туруу; 

8) тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжаларды кароо жана конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп жана аткарылышына жооп берген адамдарды дайындоо менен тиешелүү чараларды көрүү

9) объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Банк Башкармасынын, Шариат кеңешинин, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана алардын банк мүдөөлөрүнө жооп бере тургандыгына ынануу максатында, жеткиликтүү жана так маалыматка ээ болуу; 

10) алгылыксыз учурларды аныктоо жана аларды түзөтө турган тиешелүү аракеттерди көрүү менен өз иш-аракетине мезгил-мезгили менен баа берүү

13. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн Директорлор кеңешине тиешелүү компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. 

14. Ички жана тышкы аудиторлордун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана аудиттин эл аралык стандарттарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген иш-аракети, банкта эффективдүү корпоративдик башкарууга жетишүү үчүн зарыл. Аудиттин милдети төмөндөгүлөр менен да күчөтүлүшү мүмкүн: 

1) уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде аудиторлордун ишинин банктын финансылык абалынын туруктуулугун камсыз кылуу жана стратегиялык максаттарга жетишүүсү үчүн зарыл жана маанилүү экендигин таануу; 

2) ички аудиттин көз карандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу; 

3) тышкы жана ички аудиторлордун банк ишине көз карандысыз баа берүүгө негизделген, отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө Директорлор кеңеши тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулуусу; 

4) аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөргө карата өз убагында түзөтүү чараларын көрүү

15. Тышкы аудиторлорду акционерлердин жалпы жыйынына көрсөтүү үчүн тандап алууда Директорлор кеңеши аудит жүргүзүүгө каралган сарптоолор менен тышкы аудиттин тиешелүү сапатын камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы баланстын сакталышын эске алуусу зарыл. 

16. Өзүнүн контролдоочу милдеттерин бекемдөө максатында Директорлор кеңеши тышкы аудиторлор (жылына бир жолудан кем эмес), ички аудиторлор (чейрек сайын бир жолудан кем эмес) жана Шариат кеңеши менен (жылына бир жолудан кем эмес) туруктуу талкууларды өткөрүп туруулары максатка ылайыктуу болот. 

17. Директорлор кеңеши банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, түзүлгөн комитеттеринин жана кызмат адамдарынын иш-аракеттерин текшерүү үчүн аудиторлорду тартууга укуктуу. 

18. Банкта Кредиттик комитет, Аудит боюнча комитет жана Корпоративдик башкаруу боюнча комитет түзүлүүгө тийиш. 

19. Негизги милдети акционерлердин гана эмес, кызыкдар тараптардын(3) да таламын коргоо болуп саналган Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, банкты башкаруу саясатынын жайылтылышына жана сакталышына мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт. Корпоративдик башкаруу комитети өз ишинде Аудит боюнча комитет жана Шариат кеңеши менен иш алып барып, Директорлор кеңешине отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштап турат. Корпоративдик башкаруу комитети кеминде үч мүчөдөн турууга тийиш: 

1) Аудит боюнча комитеттин мүчөсүнөн; 

2) Шариат боюнча адистен (Шариат кеңешинин мүчөсү болушу да мүмкүн); 

3) Директорлор кеңешинин банктын акционери же уюштуруучу болуп саналбаган, башкаруучулук тажрыйбасы бар жана тиешелүү билим деңгээлине жана жөндөмгө, ошондой эле, Корпоративдик башкаруу комитети менен Аудит боюнча комитеттин кошумча ролдорун жана функцияларын координациялоо жана айкалыштыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ көз карандысыз мүчөсү. Директорлор кеңешинин бул мүчөсүнүн Корпоративдик башкаруу комитетинин төрагасы болушуна артыкчылык берилет. 

20. Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин максаттары, милдеттери жана функциялары Аудит боюнча комитеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын кайталабоого тийиш. Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин иши Аудит боюнча комитеттин башкаруу жагындагы айрым функциялары боюнча ишин, төмөнкүлөрдү эске алуу менен толуктап турууга тийиш: 

1) Аудит боюнча комитетке милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон белгилүү бир талаптар буга чейин эле белгиленгендигин жана алар милдеттердин кеңири чөйрөсүнө жооп берет; 

2) акционерлер менен инвестициялык эсеп ээлеринин ортосунда, көбүнчө алардын каражаттары бириктирилген (аралашкан) учурда таламдар талашы келип чыгышы мүмкүн, бул аудит боюнча комитеттин ишин татаалдаштырат. Мындай учурларда Аудит боюнча комитет менен Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин милдеттерин так бөлүштүрүүгө болот, анткени, Аудит боюнча комитет банк ишине, айрыкча, банк акционерлеринин таламдары көз карашынан мониторинг жүргүзөт, ал эми Корпоративдик башкаруу комитети инвестициялык эсеп ээлеринин көз карашынан мониторинг жүргүзөт; 

3) Корпоративдик башкаруу комитети банк ишинин өзгөчөлүгүнө токтолууга тийиш. 

21. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, инвестициялык эсеп ээлеринин укуктарынын сатып өткөрүлүшүнүн алкагында, банк тарабынан инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарынын инвестицияланышынын натыйжаларына жүргүзүлгөн мониторинг боюнча жооп берет. 

22. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет менен Аудит боюнча комитеттин ортосунда келишпестиктер келип чыккан шартта, Директорлор кеңеши мындай келишпестиктердин жөнгө салынышына жооп берет. 

23. Директорлор кеңеши банкта копоративдик башкарууну күчөтүү максатында, көбүнчө төмөнкүдөй башка комитеттерди түзүүгө укуктуу: 

1) Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет, ал банк өзүнө ала турган тобокелдиктерди тескөө маселелери боюнча Банк Башкармасынын ишине контролдукту камсыз кылат; 

2) Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет, ал банктын балансынын жалпы түзүмүнө контролдукту, активдердин жана пассивдердин түзүмүнө мониторингди жүзөгө ашырып, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген, активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча саясаттын сакталышын камсыз кылат. 

Банктын, атап айтканда ушул пунктта жана бул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн комитеттеринин ишин жөнгө салуучу ички документтеринде бул органдарды түзүүнүн максаты, алардын жоопкерчиликтери жана ыйгарым укуктары аныкталууга, ошондой эле алардын отчет берүү жана отурумдарды өткөрүү тартиби белгиленүүгө тийиш. 

24. Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү аткарылышына жоопкерчилик Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей коюулар үчүн жоопкерчилик тартышат. 

25. Директорлор кеңешинин жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги жана ыйгарым укуктарынын кеңири чөйрөсү болжолдогондой, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын негизги иши жөнүндө жеткиликтүү билим деңгээлине жана банктын ыкчам башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ой-пикирлерине көз карандысыз, өз ойлорун билдирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Чечим кабыл алуу учурунда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жеке кызыкчылыктарын же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын гана кызыкчылыгын көздөбөстөн, объективдүү болууга жана банктын кызыкчылыгын эске алууга тийиш. 

26. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген(4) минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүлөрү тийиш. 

27. Директорлор кеңешине компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык маселелер боюнча тиешелүү абройго ээ жана кесиптик тажрыйбасы бар адистер - эксперттер тандалышы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, Директорлор кеңишинин кеминде бир мүчөсү акционер же уюштуруучу болуп саналбаган жана Улуттук банк тарабынан белгиленген(5) тиешелүү талаптарга ылайык келүүчү адис-эксперт болушу зарыл. 

 

4. Инвестициялык эсеп ээлеринин укуктары 

 

28. Банк, инвестициялык эсеп ээлери алдындагы фидуциардык жоопкерчилигин таануу менен банк акционерлеринин кызыкчылыктарын канчалык деңгээлде колдой алса, алардын кызыкчылыктарын да ошончолук колдойт. 

29. Инвестициялык эсеп ээлери өз инвестициялык эсептери боюнча зарыл болгон бардык маалыматтан толук пайдаланууга укуктуу, ал өз каражаттарын банкка жайгаштыруу үчүн(6) инвестициялык эсептерди тандоолору тууралуу туура жана маалымдалган чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө түзөт. 

30. Инвестициялык эсеп ээлери банк тарабынан алардын каражаттарынын инвестицияланышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу, бул банктын инвестицияларды тескөө жагындагы ишине кийлигишүү болуп саналбайт. Банк, инвестициялык эсеп ээлерине пайданы эсептөө жана активдерди бөлүштүрүү (жайгаштыруу) ыкмалары, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиялар, инвестициялык эсеп ээлеринин таламында банк тарабынан жүзөгө ашырылган инвестициялардан иш жүзүндө алынган кирешелер жана пайданы текшилөө механизмдери жөнүндө маалымдап турууга милдеттүү

31. Банк, ал тескөөгө алган инвестициялык эсептер жөнүндөгү олуттуу жана зарыл маалыматты, ошондой эле инвестициялык эсептер жөнүндөгү отчетту жарыялоо аркылуу, банк тарабынан сунушталуучу инвестициялык эсептерге тиешелүү саясатты жана тажрыйбаны инвестициялык эсеп ээлеринин жана коомчулук алдында өз убагында ачып көрсөтүүгө милдеттүү. Мында, ачып көрсөтүлүүчү маалымат адамдардын кабыл алуусу үчүн салыштырмалуу так, түшүнүктүү болууга тийиш. 

32. Банкта, жок эле дегенде, төмөнкүлөр карала турган ички документтер болууга тийиш: 

1) чектелбеген инвестициялык эсептерде жайгаштырылган каражаттар акционерлердин каражаттары менен аралаштырылган учурларды кошо алганда, инвестициялык эсеп ээлеринин инвестицияларын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды; 

2) зарыл жана олуттуу, анын ичинде ушул Жобонун 30, 31, 36, 38-пунктарында көрсөтүлгөн маалыматтарды инвестициялык эсеп ээлеринин алдында милдетүү жана тиешелүү түрдө ачып көрсөтүү жөнүндө нормаларды; 

3) инвестициялык эсеп ээлеринин күтүлүп жаткан тобокелдиктерине негизденүүгө тийиш болгон, пайданы бөлүштүрүүнүн жана инвестициялык саясаттын так жана ачык принциптерин; 

4) банктын инвеситициялык эсептеринин тескөөгө алынышына жооп берген кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар жана алардын кесипкөйлүк жарамдуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар. 

33. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча ишенимдүү стратегияны кабыл алууга тийиш, ал инвестициялык эсеп ээлеринин тобокелдиктери жана кирешелүүлүктөрү боюнча күтүүлөрү менен салыштырылып (чектелген жана чектелбеген инвестициялык эсеп ээлеринин ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу менен), кайсы болбосун текшилөөөлүштүрүү) механизмдери жагында ачык-айкын болууга тийиш. 

34. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегияларды иштеп чыгууда, инвестициялык эсеп ээлерин инвестициялары боюнча тобокелдиктерин жана күтүүлөрүн төмөнкүлөрдү эске алуу менен кылдат иликтеп чыгууга тийиш: 

1) банкта "өз кардарыңды бил" саясатынын болушун, аны сактоо чектелген жана чектелбеген инвестициялык эсеп ээлеринин ар кандай тобокелдик профилдерине жана кирешелүүлүктөрүнө эффективдүү таасирин тийгизиши мүмкүн; 

2) инвестициялык эсеп ээлеринин муктаждыктарын жана күтүүлөрүн толук түшүнүшкөн, квалификациялуу инвестициялык менеджерлердин болушун; 

3) Копоративдик башкаруу боюнча комитеттин банк тарабынан кабыл алынган инвестициялык стратегия жөнүндө толук маалыматтуулугун. 

35. Пайданы текшилөөгө камды (мындан ары - ПТК) эсептөө боюнча шарттар, алдын-ала аныкталууга жана инвестициялык эсеп ээси менен банк тарабынан кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык колдонулууга тийиш. 

36. Пайданын инвестициялык эсеп ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлүшүн жакшыртуу максатында, пайда ПТКга которулган жана ПТКдан каражат бөлүнгөн ар бир учурда банк, инвестициялык эсеп ээлерине маалымдап турууга зарыл. 

37. Корпоративдик башкаруу боюнча комитет ПТКнын жана/же инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга камдын тиешелүү түрдө түптөлүшүн жана колдонулушун текшерип турууга жана тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү Директорлор кеңешине сунуштап турууга тийиш. 

38. Пайданы текшилөөгө кам жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам жөнүндөгү маалыматтар мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана банктын жылдык отчетунда жарыяланып турууга тийиш. 

 

5. Шариат кеңеши 

 

39. Банкта банк бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө жооп берүүчү Шариат кеңеши жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор аныктоо) түзүлүүгө тийиш. 

40. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу учурунда, бардык продуктулардын шарттары жана типтүү келишимдер, Шариат кеңеши тарабынан Шариат талаптарына ылайык келүүлөрү жагында жактырылууга тийиш. Эгерде, конкреттүү бир келишимдин шарттарына келишимдин негизги жоболорун өзгөртүүчү олуттуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген болсо, алар алдын ала Шариат кеңеши тарабынан жактырылуусу зарыл. 

41. Банк тарабынан Шариат стандарттарынын сакталышына жүргүзүлгөн мониторинг, Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүү, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиялар, Шариат стандарттарын сактоосуз алынган кирешелерди пайдалануу жана кайрымдуулук жана башка багыттагы иштери сыяктуу аспектилерди камтууга тийиш. 

42. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор) Шариат стандарттарынын сакталышы тууралуу отчетторду банктын Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине, Аудит комитетине жана көчүрмөсүн - Банк Башкармалыгына берет. 

43. Шариат кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер, басылмалар жана башка байланыш каналдары аркылуу банктын кардарлары сыяктуу эле, калайык-калк үчүн да жеткиликтүү болуусу зарыл. Банк, талап кылуулар боюнча Шариат кеңешинин кайсы болбосун чечимин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Мында, түшүндүрүүлөр Шариат кеңешине макулдашылууга тийиш. 

44. Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген(7) талаптарга ылайык келүүлөрү зарыл. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүмдүн кызматкерлери (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитор) банкта Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүү ыгын үйрөнүү максатында тиешелүү билим алышы зарыл. 

45. Шариат кеңеши жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм өз функцияларын аткарууда банк жетекчилигинен көз карандысыз болууга тийиш. 

46. Шариат кеңешинин жана Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүмдүн иши, банктын Директорлор кеңиши тарабынан бекитилген жоболор менен жөнгө салынат. 

47. Шариат кеңеши тууралуу жобо төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш: 

1) Шариат кеңишинин ишинин уюштурулушун - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин; 

2) Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

3) Директорлор кеңеши, Банк Башкармасы, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, Аудит боюнча комитет жана Банктын кредиттик комитети менен өз ар иш алып баруу тартибин. 

Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм жөнүндө жободо төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) бөлүмдүн иш максаттары, милдеттери жана аткаруучу функциялары; 

2) бөлүмдүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери, анын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери; 

3) Директорлор кеңеши, Банк Башкармасы, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, Аудит боюнча комитет жана башка түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү тартиби; 

4) бөлүмдүн кызматкерлерин дайындоодо, которууда, иштен бошотууда ж.б. учурда Шариат комитети менен макулдашуу зарылчылыгы. 

 

6. Банк башкармалыгы 

 

48. Банк Башкармалыгы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Директорлор кеңешине отчет берип турат. 

49. Банк башкармасынын жоопкерчилиги боюнча маселелер Мыйзамда аныкталган жана Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды ишке ашууну камтыйт. 

50. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында, Банк Башкармасы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

1) банктын ишинин Шариат стандарттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына шайкеш күн камсыз кылуу; 

2) банк түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтеринин, ыйгарым укуктарынын жана кимге отчет бере тургандын так бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу; 

3) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын жана стратегиялардын, уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлинде жол-жоболордун жана кызматтык иш боюнча нускоолордун талабынын аткарылышына жана так сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн таасирдүү системасын калыптандыруу жана ошол системанын шайкештигине мезгил-мезгили менен баа берип туруу. 

4) банк ишинде, анын бардык түрү боюнча орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, аларды өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алуу боюнча саясатты жана тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү

5) башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын (финансылык, окуялар жөнүндө иликтөөлөр жана рынок шарттары ж.б.) тиешелүү түрдө даярдалышын жана өз убагында берилишин камсыз кылган ишенимдүү маалымат системасын орнотуу; 

6) Директорлор кеңешине банктын бизнес-планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн жана өнүгүү стратегияларынын аткарылышына баа берүүгө өбөлгө түзгөн, финансы жана операциялык иштердин айкын натыйжаларын камтыган күндөлүк иш тууралуу кечиктирилгис, маанилүү жана так отчетторду берүү

7) Директорлор кеңешине банктын ички контролдук системасына, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча баа берүүлөрдү (жылына бир жолудан кем эмес жолу), ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү сунуштоо; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы №7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

8) банкта таасирдүү корпоративдик башкаруунун ишке ашырылышын жана колдоого алынышын, банк ишинин бардык багыттары боюнча ички контролдуктун өзгөчө ролун жана маанилүүлүгүн караган ички корпоративдик маданияттын этикалык жана акыйкат стандарттардын колдоого алынышын жана так сакталышын камсыз кылуу; 

9) Директорлор кеңешине тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз процессинин натыйжалуугун жана шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн, тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү мезгил-мезгили менен берип туруу; 

10) банктын экономикалык абалындагы кандай болбосун начарлоолор же алардын келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайлар тууралуу Директорлор кеңешине токтоосуз маалымдоо; 

11) мыйзамдардын, Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттардын талаптарынын бузулушуна жол берүүлөр тууралуу Директорлор кеңешине маалымдоо; 

12) банктын тиешелүү кызматкерлерине бизнес-пландар (стратегиялар), ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тобокелдиктин алгылыктуу деңгээлдери тууралуу маалымдоо боюнча чараларды көрүү

13) сырттан пайдалануучуларга маалыматтардын, билдирүүлөрдүн, финансылык, регулятивдик ж.б. отчеттордун так жана өз учурунда берилишин, жана банктын маалымат системасынын коопсуздугунун камсыз кылынышын камсыз кылуучу чараларды кабыл алуу. 

51. Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн Башкарманын компетенциясынын чегинен чыгуучу ишкердикти жүргүзүүсүнө жол берилбейт. Банк Башкармасынын Төрагасы жана анын мүчөлөрү, аткаруу милдети Башкармага жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей койгондугу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

52. Банк Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банк(8) тарабынан бекитилген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүлөрү тийиш. 

53. Банк Башкармасынын мүчөлөрү өз ишин жүзөгө ашырууда объективдүү болуп, өз кызыкчылыгын же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктарын гана көздөбөстөн, Шариат стандарттарына ылайык келүүчү чың жана коопсуз банк тажрыйбасын камсыз кылууга бардык күчүн жумшоо менен бирге, эң оболу банк кызыкчылыгын көздөөгө басым жасоосу зарыл. 

54. Банк Башкармасынын башкаруучулук иш тажрыйбасында төмөнкүдөй учурларга жол берүүгө болбойт: 

1) чечимдерди кабыл алууда Банк Башкармасынын ыйгарым укук чегерилбеген мүчөлөрүнүн катышуусуна; 

2) Башкарма мүчөлөрү алардын компетенциясына кирген маселелер жагында тиешелүү квалификациясы, зарыл болгон жөндөмүнүн жана билиминин жок болушу; 

3) Башкарма мүчөлөрү, иш натыйжалары банк үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, банктын негизги кызматкерлеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү (генерирленүүчү киреше, ислам банк өнүмдөрүн жайылтуу ж.б. көз карашынан алганда); 

4) чечимдердин, анын ичинде банктын бизнес планында жана саясаттарында, ошондой эле стратегиясында каралбаган маселелер боюнча чечимдердин акционерлердин жана/же банктын кызмат адамдарынын кысым жасоосу алдында кабыл алынышына. 

 

7. Кесиптик этика жана кызыкчылыктар боюнча 

конфликтердин алдын алуу 

 

55. Банктын стратегиялык максаттарга жетүүсүнүн маанилүү факторлору болуп, Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын белгилөөгө багытталган иш-аракети саналат, алар корпоративдик башкаруунун төмөндөгүдөй аспекттеринин олуттуулугун аныктайт: 

1) банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде ички контролдуктун, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча эффективдүү системаны камсыз кылуу; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы №7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2) чың жана коопсуз банк тажрыйбасын жүргүзүү

3) банк кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасир эте ала турган башка адамдардын жөнсүз жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо; 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана банктын ички документтерин кошо алганда, Шариат стандарттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо; 

5) кызыкчылыктар боюнча конфликтердин алдын алуу жана алар келип чыга турган жагдайларды жана иш чөйрөсүн аныктоо; 

6) банктын иш натыйжаларын эске алуу менен гана эмес, банктын стратегиялык максаттарына жана кесиптик этика стандарттарынын сакталышына ылайык, кызматкерлерге (Директорлор кеңешин, Шариат кеңешин жана Банк Башкармасын кошо алганда) эмгек акыларды, сый акыларды жана кызыктыруу акыларын белгилөө

7) банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банктын коопсуздук жана ишенимдүүлүк талаптарын сактоо; 

8) кызматкерлерге жетекчиликтин мыйзамсыз, этикага жатпаган же шектүү аракеттери тууралуу кооптонууларын жана жетекчилик тарабынан мүмкүн болуучу терс аракеттерден коргонууну камсыз кылуу ниеттерин билдирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган механизмдердин болушу. 

56. Банкты корпоративдик башкаруунун бардык деңгээлине оң таасир этүү максатында, кесиптик этика стандарттары, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык кызматкерлерине тааныштырылууга жана уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде сакталууга тийиш. 

57. Банкта таламдардан улам келип чыккан конфликтердин алдын алуу жана банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгууга тийиш. 

58. Корпоративдик башкаруу кадр саясаты жагында төмөндөгүлөргө тиешелүү ички документтердин болушун жана сакталышын болжолдойт: 

1) кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу (бош турган кызмат орундарында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча ишке кабыл алынуучу кызмат адамдарын кошо алганда); 

2) кадрдык жылышуу жана кадрдык өсүш; 

3) Шариат кеңешин, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, эмгек акылар, сый акылар, кызыктыруу акылары, социалдык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүү

4) кызматкерлерди (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) окутуу; 

5) квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) сактап калуу үчүн чаралар системасы; 

6) өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, банк тарабынан кабыл алынган кесиптик этика стандарттарын бузууга жол бергендиги үчүн банк кызматкерлерине (Директорлор кеңеши, Шариат кеңеши жана Банк Башкармасын кошо алганда) карата чара колдонуу. 

Мында, төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 

1) бош турган кызмат ордуна сынак жарыялоо учурунда талапкерлерге карата коюлуучу квалификациялык талаптар ошол кызмат орду боюнча кызматтык нускоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш; 

2) банктын негизги кызмат адамдарынын кызматтык иши боюнча нускоолору Банк Башкармасына макулдашуу менен бекитилиши зарыл. 

 

8. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу 

 

59. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу банктын акционерлерине, инвестициялык эсеп ээлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын иш-аракетине мониторингди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле банктын эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашыруучу катары аброюн колдойт. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана иш боюнча өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт. 

60. Банктын иш-аракети жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү, ошондой эле ушул жобонун 5, 30, 31, 36, 38, 43-пункттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга кошумча, эффективдүү корпоративдик башкаруу төмөндөгү маалыматтын ачып көрсөтүлүшүн болжолдойт: 

1) банктын башкаруу органынын түзүмү (курамы, квалификациясы жана тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдети, жетекчиликке алуучу чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерге мүчөлүгү, ж.б.); 

2) банк менчик ээлеринин түзүмү (банктын олуттуу акционерлери, банктын акционердик капиталындагы чет өлкө инвесторлорунун үлүшү, ж.б.); 

3) банктын уюштуруу түзүмү жана болгон болсо, банктык топтун түзүмү

4) банктын аффилирленген жактары жана инсайдерлери менен операциялардын түрлөрү, шарттары жана көлөмү

5) кесиптик этика стандарттары; 

6) банктын кызыкчылыктар боюнча конфликтерге карата саясаты. 

61. Банкты корпоративдик башкарууну мүнөздөгөн, анын ичинде бул жобонун 60-пунктунда келтирилген маалыматты, банктын веб-сайтында жайгаштырууга жана жыл сайын чыгуучу жана мезгилдүү отчетторунда жарыяласа болот. 

(1) Базель комитетинин банктык көзөмөл боюнча "Банктык уюмдарында корпоративдик башкарууну бекемдөө" документи англис тилинде Эл аралык эсептешүүлөр банкынын/Швейцария web-сайтында www.bis.org электрондук дареги боюнча жайгаштырылган. Ошондой эле, www.oesd.org сайтында жайгаштырылган ОЭСР корпоративдик башкаруунун принциптерин да карасаңыздар болот. 

(2) Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин "Ислам финансы кызмат көрсөтүүлөрүн гана сунушташкан институттар үчүн (ислам каржылоо (такафул) жана өз ара ислам фондуларынын институттарын эске албаганда) корпоративдик башкаруунун жетектөөчү принциптери" деген документи англис тилинде Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөрү Кеңешинин веб-сайтында www.ifsb.org электрондук дареги боюнча жайгаштырылган. 

(3) 

(4) Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого ылайык. 

(5) 4-шилтемени карагыла. 

(6) Мисалы, эгерде банк, чектелген инвестициялык эсептердин ар түрдүү түрлөрүн сунуштаса. 

(7) 7-шилтемени карагыла 

(8) 4-шилтемени карагыла