Кайта келүү

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 4-июлундагы 

№ 28/7 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен 

ИШТӨӨ ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 28-октябрындагы №64/5, 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана башка финансы-кредиттик мекемелер (мындан ары банктар/ФКМдер) тарабынан кредиттик тартипти бекемдөө жана берилген кредиттердин реалдуу кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн минималдуу талаптардын аткарылышы - ушул Тартиптин максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банктын/ФКМдин кирешелүүлүгүн камсыз кылган кредиттик ишти жүзөгө ашыруу, банктын кредитти төлөөнүн экинчи булагы болуп саналган күрөөлүк камсыздоо жагында белгилүү бир саясатын иштеп чыгууну талап кылат. Күрөөлүк саясат банктын/ФКМдин жалпы кредиттик саясатынын бир бөлүгү болууга тийиш. 

4. Бул документте колдонулган негизги түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Балоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартында аныкталган. 

Мында, ушул Тартиптин алкагында: 

Күрөө бул, менчикке укуктун же мүлккө башка буюм укугунун күрөөсү астында, акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. 

Адилет нарк эсептелинген акчалай сумма, ал аркылуу сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда, тиешелүү маркетингден кийин коммерциялык бүтүмдүн негизинде мүлктү алмашуу ишке ашырылат. Бүтүмгө келишүү учурунда ар бир тарап компетенттүү, эсептөөлөрдүн негизинде жана эч кандай мажбурлоосуз иш алып барат. 

Жоюу наркы бул талаптагыдай маркетинг жана жарнамалоосуз эле, кыска мөөнөт ичинде активди сатып өткөрүүдөн реалдуу алынышы мүмкүн болгон активдин наркы. 

Баалуу металлдар ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Күрөө предметине карата талаптар 

5. Кредиттөө, гарантияларды жана аккредитивдерди берүүгө байланышкан операцияларды жүзөгө ашырууда, карыз алуучунун банк/ФКМ алдындагы милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылган ыкмалардын бири - күрөө болуп саналат. Милдеттердин аткарылышы күрөөдөн башка дагы, кепилдик берүү, гарантия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат. 

6. Күрөө предмети - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

7. Банктар/ФКМдер кредит боюнча күрөөлүк камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган, камсыздоолордун ар кандай түрлөрүнө байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөткөн ички ченемдик документтерди милдеттүү түрдө иштеп чыгууга тийиш. 

Банктарга/ФКМдерге күрөөлүк камсыздоо катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга тыюу салынат: 

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, бирден-бир күрөөлүк камсыздоодон болгон жүгүртүүдөгү товарлар; 

- Кыргыз Республикасынын эмитенттери - резидент эместери тарабынан чыгарылган жана фондулук биржалардын, анын ичинде эл аралык биржалардын листингине кошулган, өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн жогорку рейтинге ээ, жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды эске албаганда, жеке адамдардын ээлигинде турган жана/же жогорку рейтинге ээ болбогон депозитарийлерде жайгашкан жөнөкөй жана которулма векселдерди кошо алганда, документте чагылдырылган, документте чагылдырылбаган баалуу кагаздар; 

- тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгаштырылган активдер. 

8. Эгерде, кредиттик саясатта кредиттерди камсыздоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөөлүк мүлктү кабыл алуу каралган болсо, анда бул учурда банктын/ФКМдин Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттердин кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

9. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан (катталган) мүлктү күрөөгө кабыл алууда, банк күрөөлүк камсыздоого байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө өлкөлүк тобокелдиктин таасирин эске алуу менен ал жайгашкан жер боюнча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк рыногу тууралуу маалыматка таянат. 

10. Банк/ФКМ кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүп, күрөөгө кабыл алынып жаткан тиги же бул мүлктүн сапатынын критерийлерин аныктоого тийиш. Сапат критерийлери күрөөгө коюлган мүлктүн түрүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн жана кеминде төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- адилеттүү баа туруктуулугу; 

- сактоонун узак мөөнөткө каралгандыгы; 

- ликвиддүүлүк (кыска мөөнөт аралыгында сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгү); 

- товарды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү жана керектөө мүнөздөмөлөрүнүн сакталышы; 

- башка шарттар. 

11. Банк/ФКМ жайгашкан жерине баруу менен күрөөлүк мүлктүн ордунда бар экендигин жана анын сапатын текшерүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик башкармалыктын начальнигинин колу коюлган отчет түзүлөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнү сактоо шарттары; 

- күрөөнүн сандык жана сапаттык параметрлери; 

- ичтен баа берүүнүн же көз карандысыз эксперттердин баа берүүсүнүн негизинде анын адилеттүү наркы; 

- күрөөнүн наркына баа берүү ыкмаларын жана методологиясын колдонуу; 

- жана башка шарттар. 

12. Отчеттогу маалыматтар, берилип жаткан кредиттин мүмкүн болуучу суммасын белгилөөдө эске алынууга тийиш. 

13. Күрөө коюучунун күрөө предметин алмаштыруусуна банктын/ФКМдин макулдугу болгон шартта гана жол берилет. 

14. Эгерде жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар күрөөлүк мүлк катары кабыл алына турган болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүү учурунда күрөөлүк мүлктүн курамын жана накта формасын күрөө коюучу төмөнкү шарттарда гана өзгөртө алаары белгилениши зарыл: 

а) анын ликвиддүүлүгү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктүн жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн нарктан аз болбогон болсо; 

б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар менен гана камсыз кылынышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Эгерде, күрөөгө сунушталып жаткан жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар сатып алуу-сатуу предметинен болуп саналса (күрөө коюучу аларды өзү өндүрбөсө), товарларды сатып алууга контрактылардын (сатып алуу-сатуу келишимдери) ж.б. документтердин (накладнойлордун, инвойстордун, сертификаттардын, төлөм документтеринин), же болбосо күрөө коюучунун менчикке укугун тастыктаган ж.б. документтердин болушу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Күрөөлүк камсыздоо боюнча банктын/ФКМдин ички документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алынган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобкокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына жооп берүү менен эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- күрөөнү кредиттин камсыздоосу катары кабыл алуу шарттары жана талаптары; 

- күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрүнө карата чектөөлөр; 

- күрөөгө баа берүү ыкмалары; 

- көз карандысыз баа берүүчүлөрдү тартуу; 

- кредиттин өлчөмү менен күрөөнүн адилеттүү наркынын сандык катышы; 

- күрөөлүк мүлктү алмаштыруу тартиби жана шарттары; 

- күрөөгө мониторинг жүргүзүү

- күрөөлүк мүлктү алып коюу жана сатып өткөрүү тартиби. 

3. Күрөөнү баалоо 

17. Банктар/ФКМдер күрөөнү баалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баа берүү ишин жүзөгө ашырган бардык субъекттер милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон мүлккө баа берүүнүн төмөнкү стандарттарына таянууга тийиш: 

- баалоонун негизги түшүнүктөрү жана принциптери стандарты; 

- бизнеске баа берүү стандарты; 

- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарты; 

- кыймылсыз мүлккө баа берүү стандарты; 

- баа берүү отчетунун мазмунуна жана анын тариздетилишине карата талаптар стандарты. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Күрөөгө сунушталган мүлккө баа берүү кредиттөөнүн милдеттүү шарты болуп саналуу менен ал, карызгендин банк/ФКМ алдындагы тиешелүү милдеттенмесинин ордун жабуу үчүн күрөөнүн жетиштүү наркын аныктоо үчүн зарыл. 

19. Өзүнчө банктык эсептерде жайгаштырылган акча каражаты (улуттук жана чет өлкө валютасында) жана баалуу металлдар түрүндөгү кыймылдуу мүлккө баа берүү номиналдык наркы боюнча ишке ашырылат. 

Баалуу металлдар түрүндө камсыздоонун наркына баа берүүдө анын көркөм баалуулугу, анда асыл жана башка баалуу таштар камтылгандыгы эске алынбайт, накта баалуу металлдын өзү гана эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Кредиттердин камсыздоосу катары күрөө предметин банк/ФКМ кароого алуу учурунда, анын төмөнкү мүнөздөмөлөрүнө көңүл бурууга тийиш: 

- күрөө предметинин адилеттүү наркына; 

- учурдагы ликвиддүүлүк деңгээлине (тез ара сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү); 

- күрөөгө сунушталып жаткан мүлктүн менчик ээси үчүн маанилүүлүгү (олуттуулугу); 

- күрөө предметинин наркынын убакыттын өтүшү менен өзгөрүшүнүн болжолдоосу жана өткөн бир нече жыл ичинде ушул түрдөгү күрөөлөрдүн кеминде жылына бир жолу сатылышы жөнүндөгү маалыматтар; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү процессине байланыштуу чыгымдардын өлчөмүн аныктоо; 

- Күрөөлүк мүлктүн жайгашкан орду боюнча анын адилеттүү наркына таасир этиши ыктымал болгон экономикалык шарттарды жана рыноктогу жагдайынын баяндалышы; 

- талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

21. Банктын/ФКМдин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган документтеринде, банк/ФКМ күрөөлүк мүлккө өз алдынча, квалификациялуу баа бере албаган шартта, банк/ФКМ тиешелүү квалификацияга жана кеминде 3 жылдык иш тажрыйбага ээ көз карандысыз баалоочу (эксперт) менен келишим түзүүгө тийиш экендиги каралышы зарыл. 

22. Күрөөгө баа берүүдө күрөө наркы карызгердин банк/ФКМ алдындагы милдеттенмесинин ордун жабууга тийиш экендигин эске алуу зарыл. Кыймылсыз мүлк рыногу банктын/ФКМдин күрөөнү сатып өткөрүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болоорун эске алганда, күрөөнүн адилеттүү наркын гана эмес, жоюу наркын да эске алуу маанилүү

4. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосунун тариздетилиши 

23. Банк/ФКМдин (күрөө кармоочунун) карыз алуучу (күрөө коюучу) ортосунда өз ара мамиле күрөө келишими, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта төмөнкүлөр менен таризделинет: 

- күрөө келишими же кыймылдуу мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү шарттарын камтыган макулдашуу менен;  

- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана күрөөлүк мүлк жайгашып турган башка өлкөнүн мыйзамдарында күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартиби каралган болсо, кыймылсыз мүлккө карата соттук эмес тартипте күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча нотариалдык жактан тастыкталган макулдашуу менен. 

23-1. Күрөө кармоочунун талаптарын соттук эмес тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда, карыз алуучунун карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча тоорук өткөрүү чечимин кабыл алгандан кийин, бирок Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык анын адилет наркын аныктоо үчүн тоорук башталганга чейин кыймылсыз мүлккө көз карандысыз кесипкөй баалоочулар баа берүүгө тийш экендигин караган норма камтылышы зарыл. 

24. Эгерде, күрөө предмети күрөө коюучунун ээлигинде калса, банк/ФКМ күрөөгө коюлган мүлктүн камсыздандырылышынын андан талап кылууга укуктуу. Күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу мөөнөтү, банк/ФКМ тарабынан күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатып өткөрүү үчүн талап кылынган мезгил аралыгын жана камсыздандыруу компанияларынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталышы зарыл. 

5. Күрөөнүн сакталып турушуна контролдук 

25. Күрөө келишими аракеттенип турган мезгил ичинде күрөөлүк мүлктүн сакталып турушуна контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн банктын/ФКМдин милдеттүү түрдө мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. 

26. Күрөөлүк мүлккө контролдукту жүзөгө ашыруу зарылчылыгы, рыноктогу жагдайдын өзгөрүүсүнө, суроо-талап менен баанын түшүүсүнө, ошондой эле карызгердин мүмкүнчүлүктөн кыянаттык менен пайдаланышы ыктымалдыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардан өзүн камсыздандырууга банктын/ФКМдин ниетине шартталууга тийиш. 

27. Кредитөө мөөнөтү ичинде күрөөгө коюлган мүлккө дайыма мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Анда, күрөөлүк мүлктүн бардыгы, анын сапаты, сакталып туруу шарттары, күрөөлүк мүлктүн учурдагы наркынын карызгердин банк алдындагы карызынын жалпы суммасына ылайык келээри текшерилип туруусу зарыл. 

28. Рыноктук конъюнктура өзгөрүп, күрөөнүн сакталуу шарты талапка ылайык келбей, ал күрөө предметинин наркына жана абалына терс таасирин тийгизсе же аны жоготуу коркунучу орун алса, банк/ФКМ карызгерден күрөөнү сактоо шарттарын талапка ылайык келтирүүнү же болбосо аны кыйла ликвиддүү күрөө менен алмаштырууну, же болбосо кошумча камсыздоону сунуштоону талап кылууга тийиш. 

29. Карызгердин финансылык абалы начарлап бара жаткандыгы аныкталган болсо, банк/ФКМ алган милдеттенмелердин аткарылбай калышы тобокелдигинин келип чыгуу себептерине жол бербөө максатында, карызгер менен жолугушууну өткөрүүсү зарыл. 

6. Күрөөнүн сатып өткөрүлүшү 

30. Банк/ФКМ карызгер тарабынан мүмкүн болуучу кине коюларга жол бербөө максатында карызгерге/күрөө коюучуга күрөөлүк мүлктү (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издөөгө мүмкүнчүлүк берүүсү зарыл. Бул иш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өз эрки боюнча аткаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки убакыт аралыгында ишке ашырылышы зарыл. 

31. Эгерде, банктын жогоруда белгиленген аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, банк/ФКМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө келишимине таянуу менен күрөөнү сатып өткөрүү процессин баштоого тийиш. 

32. Күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү, мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат. 

33. Күрөө предметинен мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана башка менчикти баланска кабыл алуу учурунда банк/ФКМ, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык иш алып барышы зарыл. 

34. Банк/ФКМ, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн эсебин жүргүзүп, ал боюнча отчет даярдоого тийиш (электрондук/кагаз жүзүндө). Отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

күрөө кармоочунун/күрөө коюучунун аты-жөнү/аталышы; 

- күрөөнүн түрү, наркы; 

- карызгер берген документтердин тизмеги; 

- келишимдердин жана күрөөлүк мүлккө ээлик кылуу укугун тастыктаган документтердин түп нускасы сакталган жер. 

7. Корутунду жобо 

35. Банк/ФКМ ушул тартипке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу боюнча кошумча талаптарды иштеп чыгуу укугуна ээ.