Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Юстиция министрлигинде  

2004-жылдын 23-августунда  

№93-04 номеринде   

каттоодон өткөртүлгөн  

  

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 21-июлундагы   

№ 18/1 токтому менен бекитилген  

  

   

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобо 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/4 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 26-апрелинде 47-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы 38/14 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 14-сентябрында 85-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/2 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 22-февралындагы 10-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 72-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги 18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1,  

2014-жылдын 27-ноябрындагы №53/9, 2014-жылдын 24-декабрындагы №58/14, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016- жылдын 10-февралындагы №7/3, 2016- жылдын 14-декабрындагы №48/11 токтомдору менен бекитилген) 

 

  

1. Жалпы жоболор  

2. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1)  

3. Капитал шайкештигинин стандарттары (К2)  

4. Ликвиддүүлүк ченеми (К3)  

5. Ачык валюталык позиция лимиттери (К4)  

6. Жеке адамдар алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К5)  

7. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

8. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

9. Ар бир банктык эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү   

10. Банктык имараттарга (негизги каражаттар) инвестициялардын максималдуу өлчөмү   

11. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын өлчөмү   

12. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча талаптар   

13. Экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчетту берүү, жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү.  

14. Корутунду жоболор.  

1-тиркеме.  

2-тиркеме. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар   

  

1. Жалпы жоболор  

 

 1.1. Бул ченемдик акт Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Жобо бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары текст боюнча “банктар”) таркатылат.   

1.2. Банктар тарабынан аткарылууга тийиш болгон милдеттүү экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө бул жобонун максаты болуп саналат.   

1.3. Ушул жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча “Улуттук банк”) тарабынан белгиленген чектердин максималдуудан төмөн жана минималдуудан жогору болууга тийиш экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

1.4. Улуттук банктын алдыга койгон максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышына жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул жободо белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

 

2. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К 1)  

 

2.1. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:   

- банктарды кошпогондо карыз алуучулар үчүн (К 1.1) 20 %,  

- банктар үчүн (К 1.3) 30 %.  

2.2. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:   

- банктарды кошпогондо, карыз алуучулар үчүн (К 1.2) 15 %;  

- банктар үчүн (К 1.4) 15 %.  

2.3. Банк менен байланыштуу болбогон тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби “Кредиттөө чектөөлөрү жөнүндө” нускоого ылайык аныкталат.   

2.4. Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби “Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө” нускоонун 6-бөлүгүнө ((1)-эскертүүнү карагыла) жана “Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө” нускоого ((2)-эскертүүнү карагыла) ылайык аныкталат.   

 

3. Капиталдын шайкештиги стандарттары (К 2)  

 

3.1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү:   

3.1.1. Банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү.   

3.1.2. Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү.  

3.2. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынышына негизденген капиталдын шайкештик коэффициенти:  

- суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (2.1) 12 пайыздан кем эмес;   

- биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (К 2.2) 6 пайыздан кем эмес.   

3.3. Левераж (К 2.3) 8 пайыздан кем эмес.  

3.4. Капиталдын шайкештик стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык аныкталат.   

  

4. Ликвиддүүлүк ченеми (К 3)  

  

4.1. Ликвиддүүлүк ченеми (К3.1) 45%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш.  

4.2. Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.1 = (ЛА / ОБ)*100%, мында: 

1) ЛА ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- төлөө мөөнөтү 7 күндү түзгөн банктар аралык депозиттер; 

- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары “жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар”). Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана өздөштүрүлбөгөн (реализацияланбаган) пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсепке алынат; 

- репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар. 

2) БМ банктын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө аларга төмөнкүлөр кирет: 

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары; 

- эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана.... азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы; 

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен, баланстан тышкаркы милдеттенмелер.   

4.3. Ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө классификацияланган банктар аралык жайгаштыруу ликвиддүү активдердин курамына киргизилбейт.   

4.4. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат.  

4.5. Эгерде банк кредитти кайтарып берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин күрөө алынбай тургандыгына кепилдик берген зарыл жол-жоболорго жана контролдук системасына ээ болсо, банк тарабынан кабыл алынган жана кардарларга сунуштаган активдер боюнча камсыздоо болуп саналган депозиттер банктын милдеттенмелеринин курамына кирбейт.  

4.6. Ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк ликвиддүүлүк ченемин отчеттук мезгил ичинде (бир айда) орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк орточо жумалык ликвиддүү активдердин жана банктын кыска мөөнөттүү милдеттенмелеринин маанисин отчеттук күнгө карата эсептейт (орточо жумалык маанини эсептөөдө жумуш күндөрү гана эске алынат). Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелинет.  

4.7. Банк ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, анда эң эле аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:  

- каражаттардын агылып киришин жана агылып чыгышын күн сайын эсептөөлөр жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөлөргө жана милдеттенмелердин аткарылышынын камсыз кылынышына контролдукту жүргүзүү үчүн банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөттөрү аралыгындагы ажырымга күн сайын жүргүзүлгөн мониторинг;  

- зарыл болгон ликвиддүүлүккө болжолдоолор;  

- түзүмүн, ошондой эле депозиттик базанын жана башка карыздык каражаттардын туруктуулугуна баа берүүлөр;  

- ресурстардын наркы;   

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгү;   

- активдердин сапаты;  

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышы;  

- ликвиддүүлүк кризиси учурундагы пландаштыруу;  

- чет өлкө валюталарындагы ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы;  

- ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдук;  

- жетекчилердин кароосуна сунушталуучу зарыл отчеттор.  

4.8. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (К3.2) 35%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоп туруу зарыл. 

4.9. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.2 = (ВЛА / КОБ)*100, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

а) банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы депозиттер; 

д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары; 

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 күнгө чейин каралган мамлекеттик баалуу кагаздар;  

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, мамлекеттик баалуу кагаздардын (ушул жобонун 4.9-пунктунун “е” пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун алдындагы милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%ынан ашпаган өлчөмдөгү үлүшү;  

з) репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар; 

и) аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын «в» пунктчасында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 %; 

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ошол мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган. 

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

а) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүдөгү акча каражаттары;  

б) эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана..... азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы; 

в) башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр 7 күн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер; 

г) ушул пунктчанын “а” “в” абзацтарына кирбеген, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу алдындагы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 50%ы.  

4.10. Банктын милдеттенмеси боюнча камсыздоо болуп саналган, кандай болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар, ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат. 

4.11. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, орточо жумалык маалыматтардын негизинде (7 календардык күн) иш күндөрүн, эс алуу күндөрүн жана майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жума ичинде кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Орточо жумалык маалыматтарды эсептөөдө, операциялык күндүн акырына карата абал боюнча күндөлүк маалыматтар эсепке алынат. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет.  

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин (К3.3) депозиттик базасы (юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери) бүтүндөй банк тутумунун депозиттик базасынын 8%ын жана андан көбүрөөгүн түзгөн банктар колдоого алып турууга тийиш.  

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер:  

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 %; 

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан жана ошол мамлекеттердин валютасында ачылган башка филиалдарындагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар. 

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттар; 

- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

4.14. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк дароо толуктоо ченемин отчеттук операциялык күндүн акырына карата да так сактоого тийиш. 

4.15. Банктын тобокелдикти тескөө саясаты кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө жобону камтууга тийиш, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- каражаттардын күндөлүк агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун өлчөө жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөнү контролдоо үчүн банктын жогорку ликвиддүү активдеринин жана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерин ордун жабуу мөөнөттөрүндөгү ажырымга күндөлүк мониторинг жүргүзүүнү

- зарыл болгон кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүктү болжолдоону; 

- депозиттик базанын түзүмүнө жана туруктуулугуна баа берүүнү

- ресурстардын наркын; 

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгүн; 

- активдердин сапатын; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышын; 

- ликвиддүүлүккө байланыштуу кооптуу жагдайлар келип чыккан шартка карата пландаштырууну; 

- чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү тескөөнү

- кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдукту; 

- жетекчиликке сунушталуучу отчетторду. 

4.16. Дароо толукталчу ликвиддүүлүк ченемин (К3.3) сактоого тийиш болгон банктардын тизмеги, ошондой эле айкын бир банк үчүн ченемдин (К3.3) мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.  

4.17. (К3.1), (К3.2) жана (К3.3) ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.  

 

5. Ачык валюта позицияларынын лимити (K 4)   

  

5.1. Ачык валюта позияларынын лимити (K 4) төмөнкү маанилерден жогору болбоого тийиш:  

- ар бир валюта боюнча ачык узун/кыска валюта баланстык/баланстан тышкаркы позициялары үчүн (К 4.1) - банктын таза суммардык капиталынан 15% жогору эмес;   

- ачык узун валюта позицияларынын суммардык көлөмү үчүн (К 4.2) - банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.   

- ачык кыска валюта позицияларынын суммардык көлөмү үчүн (К 4.3) банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.  

5.2. Ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөө “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө” нускоого ылайык жүргүзүлөт.   

  

6. Жеке адамдар алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5)  

  

6.1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча (К 5.1) тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

  

К 5.1 = ЧСК /СДФЛ * 100 %,   

  

мында, ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

СДФЛ векселдерди, аманат (депозит) сертификаттарын, облигацияларды, чектерди ж.б. кошо алганда, жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жана алар алдындагы башка милдеттенмелердин суммасы.   

  

6.2. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5.2) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

  

К 5.2 = ЧСК / ДВФЛ * 100 %,   

  

мында, ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы.   

  

6.3. Бул ченемдер, ошондой эле алардын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир банк үчүн өзүнчө белгиленет.   

Аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.  

6.4. Банк жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөм ченемин (К 5.1) күн сайын, ал эми жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.2) - отчеттук мезгил (бир ай) ичинде орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо жумалык маанисин эсептөөгө тийиш, аларды эсептөөдө иш күндөрү гана эсепке кирет. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелет.  

6.5. Күн сайын саат 9.00дө банктар Улуттук банкка жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчетту (К 5.1) акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 1-тиркемеге ылайык берүүгө тийиш.   

Отчет кагаз жүзүндө, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталып Тышкы көзөмөл башкармалыгына берилет.   

  

7. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

  

7.1. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.   

7.2. Банк, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардагы жана башка финансы-кредит мекемелериндеги кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун чогуу жоопкерчиликтүү топторду кредиттөө бөлүгүндө чагылдырылган шарттар жана критерийлер сакталган шартта, күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу ченеминин эсептеринен чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги астында берилген кредиттерди алып салууга укуктуу.   

7.3. Эгерде чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинин 50 жана андан көбүрөөк пайызын түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын таза суммардык капиталындагы өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш.   

  

8. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

  

8.1. Инсайдерлердин жана/же аффилирленген жактардын банк алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган алар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш.  

  

9. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициянын максималдуу өлчөмү  

  

9.1. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, кандай болбосун инвестициянын максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 20 пайызынан төмөн болууга тийиш.   

9.2. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60 пайыздынан ашпоого тийиш.   

9.3. Эгерде банк анын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан жогору өлчөмдө кайсы болбосун банктык эмес уюмдун капиталына инвестициялоого (акциялар менен соода жүргүзүүгө эмес, узак мөөнөттүү инвестициялоого максатында) ниеттенсе, анда банк инвестициялоо башталганга чейинки 40 календардык күн ичинде төмөнкү документтерди/маалыматтарды кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү:   

1) инвестициялоонун максаттары жана шарттары тууралуу маалымат;   

2) кийинки эки жыл ичиндеги инвестициянын кирешелүүлүгүнүн эсеби;   

3) уюм тууралуу жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан жери, уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү, рынокто кайсы убакыттан бери иштейт, менчик ээлери жана жетекчилер тууралуу маалымат);  

4) банктык эмес уюм менен банктын инсайдерлери же аффилирленген жактары ортосундагы жалпы кызыкчылыктардын болушу тууралуу маалымат;  

5) банк тарабынан бул уюмга кайсы бир мезгилде берилген кредиттери жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын ордун жабуу жөнүндө маалымат;   

6) акыркы эки жыл үчүн уюмдун финансылык отчету (мүмкүн болушунча тышкы аудитор тарабынан тастыкталган);  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк кайсыл болбосун кошумча маалыматты сурап-билүүгө укуктуу.   

9.4. Улуттук банк, эгерде төмөнкү жагдайлар орун алса, банк каражаттарды инвестициялагандан кийин болжолдонуп жаткан инвестициялоо башталганга чейинки 10 күн мурда инвестициялоону токтотууга, ошондой эле кайсы болбосун учурда инвестициялоону токтотуу же аны чектөө талабын жөнөтүүгө укуктуу:  

акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары же болбосо тышкы көзөмөлдүктүн чегинде алынган маалыматтар боюнча банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же болбосо банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч бар экендиги аныкталса;   

инвестициялоо, банк операцияларды банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен түзгөн жазуу жүзүндөгү келишимдерин бузуу менен жүзөгө ашырып, ал ишенимсиз жана алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылгандыгына байланыштуу болсо;   

банк кайсы бир себептер боюнча бул инвестициялоого мониторинг жүргүзө албаса;   

Улуттук банкка банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын алгылыксыз иш аброюн күбөлөндүргөн, ошондой эле банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын мурдагы иши кайсы бир юридикалык жактын банкрот болушуна же олуттуу финансылык чыгымдарына жол бергендиги тууралуу фактылар белгилүү болсо;   

банк документтерди/маалыматтарды толук эмес көлөмдө берсе же болбосо такталбаган маалыматтарды берсе.  

9.5. Банк көз каранды же туунду компанияны түзүү же сатып алуу учурунда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 49-2-беренесинин жана банк тарабынан туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу тартибин аныктаган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга тийиш.   

  

10. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү  

  

10.1. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш.   

10.2. Ушул жобонун максаттарында банкка тиешелүү болгон же финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланылуучу кыймылсыз мүлк (курулуп жаткандарды/белгиленген кыймылсыз мүлктү кошо алганда) банктык жай катары түшүндүрүлөт.  

10.3. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине бардык банктык жайлар, ижарага алынган менчиктин шартын жакшыртууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижаранын келишими боюнча), ошондой эле акцияларга же облигацияларга кандай болбосун салымдар же банктын турак жайларына ээлик кылган ишкананын башка ушул өңдүү карыздык милдеттенмелери жана мындай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган бардык кредиттер киргизилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн бардык активдер (финансылык ижара келишими боюнча банктык жайлардан тышкары) алардын баланстык наркы боюнча эсебине кошулат.  

Финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган банктык жайлар финансылык ижара боюнча милдеттенменин күндөлүк өлчөмүн эсептен алып салуу менен баштапкы наркы боюнча банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине киргизилүүгө тийиш.  

10.4. Банк бул мүлктүн баланстык наркын банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн (негизги каражаттар) эсебине киргизген шартта, кызматкерлердин иштөө жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн каралган кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн.  

10.5. Банктык жайдын наркына кайра баа берүүнүн натыйжасында банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмүн (негизги каражаттар) бузууга жол берилген шартта, банк Улуттук банкка банктык жайларга (негизги каражатка) инвестициялардын өлчөмүн кайра баалоо жүргүзүлгөн учурдан кийинки 12 ай ичинде Улуттук банктын талаптарына ылайык келтире тургандыгы тууралуу милдеттенме-катты жөнөтөт";  

10.6. Банк тарабынан берген кредиттери боюнча карыздардын ордун жабууга кабыл алынган мүлк, банк мыйзам талаптары сакталып, төмөнкү шарттар аткарылган учурда негизги каражат катары кабыл алышы мүмкүн:  

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу банктык жайларга инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн бузулушуна алып келбесе;   

- бул мүлк банк ишинин максаттары үчүн пайдаланылса;  

- аны пайдалануу мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш.  

Берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабууга кабыл алынган мүлктүн наркы таза суммардык капиталдын 10% жогору болгон шартта гана Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн.  

  

11. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициянын өлчөмү   

11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100 % ашпоого тийиш. 

11.2. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү, анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.   

  

12. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча талаптар   

  

12.1. Банк концентрациялануу тобокелдигин идентификациялоого жана аны тескөөгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги бул потенциалдуу жоготууларды тартуу мүмкүнчүлүгү, алар банктын финансылык абалын кыйла начарлатып, күндөлүк операциялардын жүргүзүлүшүнө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги, белгилүү бир жактар менен гана иш алып барууда, инструменттердин, активдердин жана пассивдердин белгилүү бир түрүнө гана таянууда, ошондой эле белгилүү бир экономика тармактарында, региондордо жана өлкөлөрдө иш алып баруудан улам келип чыгышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги бул банк тобокелдигинин обочолонбогон, жалпыланган түрү жана өзүндө төмөнкү банктык тобокелдиктердин элементтерин камтышы мүмкүн: операциялардын өзүнчө түрлөрүндө же каржылоонун өзүнчө булактарында иш алып баруунун орун алып калышынын натыйжасында кредиттик, тармактык, өлкөлүк (регионалдык).  

12.2 Банк, концентрациялануу тобокелдигин кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатында (мындан ары - саясат) төмөнкү маселелер эске алынышы зарыл:   

- жеке кардарлар (жеке адам же юридикалык жак) менен иш алып барууда, банк өз ара байланыштуу адамдардын тобун бир кардар катары кароосу зарыл, мында өз ара байланыштуу адамдардын тобуна сунушталган банктын активдеринин ар кандай түрлөрүнүн бардык суммасы суммаланып, бир актив катары каралат;   

- акча каражаттарын тартууда, банк өз ара байланыштуу адамдар тобун бир кардар катары кароого тийиш (каражаттардын бир кардардан тартылышы банк ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн). Банк бул саясатта каржылоо булактарына тиешелүү ишкердикти чагылдырууга, өз ички документтеринде депозиттердин жана милдеттенмелердин (мындан ары депозиттер) башка түрлөрүн кабыл алуу шарттарын белгилөөгө, ири депозиттердин өлчөмүн аныктоого жана ар түрдүү депозиттер суммаланып, бирдиктүү депозит катары кароого алынууга тийиш болгондо, критерийлерди чагылдырууга тийиш;  

- экономиканын ар түрдүү тармактарына акча каражаттарын салууда банк ал тармактардын өз ара байланышын эске алышы зарыл. Банк өз ишин белгилүү бир экономиканын тармактарында, ошондой эле областтарда жана өлкөлөрдө жүргүзүү учурунда тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнө дуушар болот. Экономиканын бул тармактарында, областтарда жана өлкөлөрдө абалдын начарлашы, банктын жайгаштырылган жана тартылган акча каражаттарынын кайтарылбай калышынан жана агылып чыгышынан улам, банкты жоготуу тобокелдигине дуушар кылышы мүмкүн. Мындай чыгымдардын өлчөмү көз каранды болгон негизги критерийлердин бири - концентрациялануу тобокелдиги деңгээли саналат;   

- күрөө түрлөрүнүн өлчөмүнө банк баа берүүгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги банкта кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун бир түрү топтолгон учурда пайда болот. Мында, кардардын күрөөсүнүн наркы менен ишкердигинин абалы ортосунда эч кандай байланыш болбошу мүмкүн;  

- банк, жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктин ар кандай түрлөрүн өзүндө камтыган мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү табуу үчүн, ар бир финансылык инструменттерге талдап-иликтөөнү жүргүзүүгө тийиш;  

- тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара байланышы жана алардын концентрациялануу тобокелдигине таасири банк тарабынан бааланууга тийиш. Тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүндө концентрациялануу тобокелдиги өсүшү мүмкүн (мисалы, кардар-импорттоочунун улуттук валютасынын девальвациясы анын кайтарылбай калуу тобокелдигин жана өлкөлүк тобокелдикти, бүтүндөй концентрациялануу тобокелдигин да жогорулатышы мүмкүн);  

- концентрациялануу тобокелдигин тескөөдө, банк өз ишин диверсификациялоо натыйжалуулугуна баа берүүгө тийиш.   

12.3 Банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына банк ишинин бардык түрү боюнча концентрациялануу тобокелдиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, банк ишинин ар кандай түрлөрүнөн келип чыккан концентрациялануу тобокелдигине учуроосун бириктирип туруусу зарыл. Банк кабыл алынган концентрациялануу тобокелдигин аныктоо үчүн кеминде төмөнкү позицияларды өлчөөгө тийиш:  

а) банктын салынган каражаттарынын өлчөмүн:  

- активдердин белгилүү түрлөрүнө;   

- банк менен байланыштуу жана банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга;  

- экономиканын белгилүү тармактарына;  

- республиканын областтарына (регионго);  

- өлкөгө.  

б) милдеттенмелердин белгилүү түрлөрүнүн өлчөмүн;   

в) ар кандай күрөөнүн түрлөрүнүн өлчөмүн.   

12.4. Банк концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасын белгилөөгө тийиш, мындай система банк үчүн жол берилген концентрациялануу тобокелдигинин чектүү көлөмүн сан түрүндө аныктоого көмөктөшөт жана ал мезгил-мезгили менен каралып турууга тийиш. Банк тарабынан эң аз дегенде төмөнкү концентрациялануу тобокелдиктери белгиленүүгө тийиш:  

- айрым бир финансылык инструменттерде концентрацияланууга байланыштуу чектөөлөр;   

- бардык активдердин суммасынын салыштырма салмагындагы активдердин белгилүү түрлөрү;  

- бардык пассивдердин суммасынан салыштырма салмагындагы пассивдердин белгилүү түрлөрү;  

- таза суммардык капиталдан салыштырма салмагындагы банк менен байланыштуу бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш;  

- таза суммардык капиталдан салыштырмалуу салмагындагы банк менен байланыштуу эмес бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш;   

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир областка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир өлкөгө салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир тармакка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагына, банк тарабынан өз кардарларына берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;   

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагына, банк тарабынан өз инсайдерлерине жана аффилирленген компанияларына берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык тартылган депозиттердин салыштырмалуу салмагындагы жеке адамдардын депозиттери;  

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырмалуу салмагындагы, банк тарабынан экономиканын бир тармагынан тартылган милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрү;  

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырмалуу салмагындагы, банкты каржылоонун он эң ири булактары;  

- бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасындагы салыштырмалуу салмагынан кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун белгилүү түрлөрү.  

Экономика тармагы, продукциянын бир түрүн алууга алып келген (товар же кызмат көрсөтүү) чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишкердүүлүгүнүн түрүнө жараша аныкталат. Банк экономиканын тармактары боюнча концентрациялануу тобокелдигин чектөөгө тийиш.  

12.5 Банк, эң аз дегенде ай сайын орун алган концентрациялануу тобокелдиги деңгээлинин бардык формаларына өзгөчө көңүл бурууга, учурдагы абалга талдап-иликтөөлөрдү жүзөгө ашырууга жана тобокелдикти тескөө боюнча ишти пландаштырууга милдеттүү (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) жана алар банк жетекчилигинин кароосуна сунушталууга тийиш. Банк жетекчилиги концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап чыгууга тийиш.  

12.6 Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча маалымат, финансылык отчеттуулукту, анын ичинде банк тарабынан кабыл алынган концентрациялануу тобокелдиги өлчөмүнүн сандык көрсөткүчтөрүн жарыялоодо жетишерлик ачык көрсөтүлүүгө тийиш.   

  

13. Экономикалык ченемдердин жана банктын капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буфери” көрсөткүчү) аткарылышы тууралуу отчетту берүү, жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү   

  

13.1. Банктар бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде (ликвиддүүлүк ченемин, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эске албаганда) сактоого тийиш. Ликвиддүүлүктүн жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми отчеттук мезгил ичинде (бир жума) сакталууга тийиш. Банктар күн сайын капиталдын кошумча запасын колдоп турушу зарыл (“капитал буфери” көрсөткүчү). 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын банктар тарабынан сакталышын, капиталдын кошумча запасынын колдоого алынышын (“капитал буфери” көрсөткүчү) текшерүү бухгалтердик баланстын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Алар күндөлүк/жумалык негизде эсептеленүүгө тийиш.  

13.2. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 1-тиркемедеги форма боюнча, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.   

13.3. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 2-тиркемедеги форма боюнча республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш.   

13.4. Отчет ар бир чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн ичинде жарыяланууга тийиш.   

13.5. Банк чейрек сайын жарыялануучу отчеттун пайдалануучуларга кеңири таркатылышын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоону жүзөгө ашырат.  

13.6. Банк жарыяланган материалдардын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандыгы жөнүндө маалыматтарды ал жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

  

14. Корутунду жоболор  

  

14.1. Банк тарабынан экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбаса, маалыматтар сунушталбаса же болбосо туура эмес жана/же толук эмес маалыматтар сунушталса, ошондой эле экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчетту жарыялоо мөөнөттөрү сакталбаса, Улуттук банк банктарга карата чараларды жана санкцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонууга укуктуу.   

  

1-тиркеме  

  

(Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5, 2007-жылдын 28-мартындагы №16/4, 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23 токтомдорунун редакциясында)  

  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буфери” көрсөткүчү)  

Белгилөөлөр 

Ченемди жана банктын капиталынын кошумча запасын (“капитал буфери” көрсөткүчүн) эсептөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” көрсөткүчүнүн) айкын мааниси 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” көрсөткүчүнүн) маанисин белгилөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” көрсөткүчүнүн) белгиленген маанисинен четтөөлөр 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

К1.1  

СЗ  

ЧСК  

  

20% жогору эмес  

  

К1.2   

СЗ  

ЧСК  

  

15% жогору эмес  

  

К1.3   

СЗ  

ЧСК  

  

30% жогору эмес  

  

К1.4   

СЗ  

ЧСК  

  

15% жогору эмес  

  

Капитал шайкештигинин ченеми  

К2.1   

ЧСК  

ЧРА  

  

12% төмөн эмес  

  

К2.2   

ЧКПУ  

ЧРА  

  

6% төмөн эмес  

  

К2.3   

ЧСК  

СА  

  

8% төмөн эмес  

  

Ликвиддүүлүк ченеми   

К3.1  

ЛА  

ОБ  

  

кеминде 45%  

  

Банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буфери” көрсөткүчү)  

 

ЧСК 

------ ---- 

ЧРА 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

  

СЗ чогуу алгандагы карыз  

ЧСК таза суммардык капитал  

ЧРА таза тобокелдик активдери  

ЧКПУ - биринчи деңгээлдеги таза капитал  

СА суммардык активдер  

ЛА ликвиддүү активдер  

ОБ банктын милдеттенмелери  

  

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

ЛА - Ликвиддүү активдер  

  

  

  

  

  

  

БМ Банктын милдеттенмелери  

  

  

  

  

  

  

К3.1 ченеми = (ЛА / ОБ)*100% 

  

  

  

  

  

  

  

А. Жеке адамдар алдындагы мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн сакталышы тууралуу күндөлүк отчету (К5.1)  

  

Күнү  

К5.1  

ТСК  

СДФЛ  

Айкын  

1.04.07   

  

  

  

2.04.07   

  

  

  

3.04.07   

  

  

  

4.04.07   

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

30.04.07   

  

  

  

  

Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу отчет (К5.2)  

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

ТСК банктын таза суммардык капиталы  

  

  

  

  

  

  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозит  

  

  

  

  

  

К5.2 = ТСК / ДВФЛ * 100%  

  

  

  

  

  

  

  

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет   

 

Белгилөө  

Айкын мааниси  

Белгиленген маани  

Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

ТСКнын 50% жогору эмес  

Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

ТСКнын 60% жогору эмес  

Ар бир банктык эмес уюмга кайсы болбосун инвестициянын максималдуу өлчөмү  

  

ТСКнын 60% жогору эмес  

Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү  

  

Банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 100%  

жогору эмес  

Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү  

  

ТСКнын 100% жогору эмес  

Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү  

  

ТСКнын 50% жогору эмес  

  

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К3.2) ченеминин сакталышы жөнүндө отчет 

Күнү 

К3.2 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

... 

  

 

  

жума ичинде орточо алганда 

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

 

Д. Дароо толукталуучу ликвиддүүлүк (К3.3) ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

Күнү 

К3.3 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

20__ ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20_ ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

 

  

2-тиркеме  

20___ж. _________________карата абал боюнча  

20__ жылдын _____________чейреги үчүн  

экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын  

кошумча запасын колдоо (“капитал буфери” көрсөткүчү)  

сакталышы тууралуу  

МААЛЫМАТТАР (*)   

___________________________ банкы  

  

Экономикалык ченемдердин аталышы  

Ченемдин белгиленген мааниси   

Ченемдин айкын мааниси  

Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1)  

20%дан жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2)  

15%дан жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү К1.3)   

30%дан жогору эмес  

  

Банктын аффилирленген жак болуп эсептелинген банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4)   

15%дан жогору эмес  

  

Суммардык капитал шайкештигинин коэффициенти (К2.1)  

12%дан төмөн эмес  

  

Биринчи деңгээлдеги капитал шайкештигинин коэффициенти (К2.2)  

6%дан төмөн эмес  

  

Левераж (К2.3)  

8%дан төмөн эмес  

  

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (К3.1)  

кеминде 45%   

  

Узун ачык валюталык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузуу күндөрүнүн саны (К4.2)  

20%дан жогору эмес  

  

Кыска ачык валюталык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузуу күндөрүнүн саны (К4.3)  

20%дан жогору эмес  

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери» көрсөткүчү

 

ЧСК ------ ЧРА 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

  

(*) Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 59, 59-2-беренелерине ылайык чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш.