Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  

2004-жылдын 15-мартында каттоодон өткөн  

Каттоо номери 30-04 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 4-февралындагы №2/2 

токтому менен бекитилген 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3, 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3, 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6, 2016-жылдын 5-февралындагы №5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы №7/2, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Киришүү 

II. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

III. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

IV. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү 

V. Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу  

VI. Текшерүү жөнүндө отчет 

VII. Эскертүү чаралары жана санкциялар  

VIII. Текшерүү жөнүндө отчет менен тааныштыруу  

IX. Кол тамгалар коюлган барактар 

X. Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу  

XI. Жазма буйруктарга даттануу тартиби  

1-тиркеме. Билдирүү  

2-тиркеме. Ишти текшерүүгө карата жолдомо кагазы 

3-тиркеме. Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт  

4-тиркеме. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кол тамгалары 

5-тиркеме. Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары. 

 

I. Киришүү 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин ишине банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүчү жана алардын ишин жөнгө салуучу орган болуп саналат, ошондой эле банк тутумунун туруктуулугун сактоо, банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын колдоо жана коргоо максатында банк ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомдорунун редакциясында). 

1.1-1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына ылайык Улуттук банк, банктан, банк акционеринен же банктык топтогу бардык катышуучулардан жана банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардан колдо болгон кандай болбосун тиешелүү маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8 токтомунун редакциясында). 

1.2. Көзөмөлдүк процессинде Улуттук банк тышкы көзөмөлдүктү жана жеринде барып инспектордук текшерүү жүргүзүүнү айкалыштыруучу ыкмаларды колдонот. 

1.3. Банктык көзөмөл бул пландаштыруудан, инспектирлөөдөн, мониторинг жүргүзүүдөн жана өз ара аракеттенүүдөн турган, анда көзөмөл органы менен коммерциялык банктар ортосундагы кызматташуу каралган татаал цикл. Улуттук банк тышкы көзөмөл менен биргеликте жүргүзүлүүчү комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдү айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн өзүнчө көзөмөлдүк стратегиясын түзөт. Көзөмөл циклынын ар бир баскычында Улуттук банктын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү катары Тышкы көзөмөл башкармалыгы жана Инспектирлөө башкармалыгы, банк жетекчилиги тобокелдиктерди канчалык деңгээлде натыйжалуу аныктап, өлчөп, контролдукка алып жана тескеп жаткандыгына баа берет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомдорунун редакциясында). 

1.4. Көзөмөл органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсү жана маалымат менен алмашуусу банктык көзөмөлдүктүн маанилүү компоненттери болуп саналат. Улуттук банк анын көзөмөлүндө турган банктар менен дайыма жана натыйжалуу кызматташуу принцибин колдоого алат. Өз ара аракеттенүү иши, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо расмий жана расмий эмес сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана башка жазуу жүзүндөгү документтерди берүү ыкмалары аркылуу жүзөгө ашырылат. 

1.5. Банктын учурдагы проблемасын талкуулоо үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынын жана Инспектирлөө башкармалыгынын инспекторлору банктын аткаруучу жетекчилиги менен жолугуша алышат, ал эми Директорлор кеңеши менен зарылчылыкка жараша жолугушат. Бардык жолугушуулар тиешелүү түрдө документтештирилүүгө тийиш.  

Талкуулоодо төмөнкү маселелер каралышы мүмкүн: 

- финансылык абалдын көрсөткүчтөрү жана белгиленген тенденциялар; 

- банктын аткаруучу органынын жана Директорлор кеңешинин пикири боюнча, банкка жана бүтүндөй банк тутумуна тиешелүү болгон олуттуу маселелер; 

- кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды аткаруу; 

- башкаруу маалыматынын шайкештиги; 

- банктын (холдинг компаниясынын/аффилирленген банктын) тобокелдигиндеги мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр; 

- келечекке көзөмөлдүк чаралары; 

- коомчулукка маалымдоо боюнча банк тарабынан көрүлүүчү чаралар; 

- башка маселелер. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомдорунун редакциясында). 

1.6. Бул нускоо, депозиттерди тартуу менен иш алып барган коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар) ишине инспектордук текшерүүлөрдүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары нускоо, банктарга, алардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө карата коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомунун редакциясында). 

1.7. Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, банк операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн масштабы жана деңгээли ((1) эскертүүнү караңыз) башкаруу сапатынан жана ыкмаларынан, ошондой эле текшерилүүчү иштердин же операциялар түрүнүн олуттуулугунан көз каранды болгондуктан, банк тарабынан башкаруу процесстерине баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Банк операцияларын жана бүтүмдөрүн текшерүү банктын жалпы абалына баа берүү жана ички саясатынын, жол-жоболорунун жана ички контролдуктун сакталышы деңгээлин аныктоо үчүн ишенимдүү жана зарыл инструменти болуп саналат. Банк операцияларын жана бүтүмдөрүн текшерүү банктын жалпы абалына баа берүү жана ички саясаттардын, жол-жоболордун, ички контролдуктун сакталышынын деңгээлин аныктоо үчүн ишенимдүү жана зарыл инструмент болуп саналат. 

1.8. Улуттук банк, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого максатында, ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банк ишине инспектирлөө ишин жүргүзөт жана анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3 токтомунун редакциясында) 

1.9. Бул нускоонун максаттары үчүн төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр колдонулат: 

- банктар Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы;  

- CAMELS Улуттук банк тарабынан колдонулуучу банк ишине баа берүүнүн эл аралык рейтингдик системасы; 

- ИБ Инспектирлөө башкармалыгы; 

- БИБ Банктарды инспектирлөө бөлүмү

- БФКМ ИБ Банктык эмес финансы-кредит мекемелерин инспектирлөө бөлүмү

- АОЭБ - Айрым операцияларга экспертиза жүргүзүү бөлүмү

- ТКБ Тышкы көзөмөл башкармалыгы; 

- БТКБ Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмү

- БФКМ ТКБ Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин тышкы көзөмөл бөлүмү

- Коммерциялык банктардын ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүк, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында кездешкен негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы болуп саналат, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомдорунун редакциясында). 

1.10. (Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомуна ылайык алып салынган). 

 

II. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары  

 

2.1. Банк ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат:  

- банктын жалпы финансылык абалына, банк тарабынан башкаруу процесстеринин сапатына жана банктын келечек пландарына баа берүү

- банктын туруктуулугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч келтирүүчү тобокелдиктерин, кемчиликтерин жана чабал жерлерин аныктоо; 

- банктын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык келүүсүн жана банктар тарабынан алардын сакталышын белгилөө

- банктын Улуттук банкка берүүчү финансылык жана регулятивдик отчеттуулуктун тактыгына жана аныктыгына; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банктын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарынын банк тарабынан аткарылышына баа берүү;  

- аныкталган үзгүлтүктөрдү четтетүү жана кемчиликтерди оңдоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү, банктын абалын жакшыртуу жана анын тобокелдиктерин жоюу үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү, ошондой эле зарылчылыкка жараша эскертүү чараларын жана санкцияларды иштеп чыгуу; 

- банктын аткаруу органынын аныкталган кемчиликтерин четтетүү боюнча мурдагы текшерүүлөрдөгү сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруусуна баа берүү

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8 токтомунун редакциясында). 

 

III. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

 

3.1. Коюлган милдеттерге жараша инспектордук текшерүүлөр комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн жана алар текшерүү жөнүндө отчетту түзүү менен аяктайт.  

3.2. Инспектордук текшерүүнүн мөөнөтү банк ишине текшерүүгө берилген жолдомодо көрсөтүлөт (2-тиркеме) жанаалар төмөнкүлөргө жараша белгиленет: 

- текшерүүнүн түрүнө

- банктын активдеринин жана пассивдеринин көлөмүнө

- банктын филиалдарынын санына; 

- банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнө жана өзгөчөлүгүнө

Мында, жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

3.3. Улуттук банктын саясатына ылайык, ар бир банктын ишине комплекстүү текшерүүлөр банктын жалпы абалына рейтингдик системанын (САМЕLS) компоненттери боюнча баа берүү үчүн жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Улуттук банк көзөмөлдөө максатында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого багытталган инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимин да кабыл алышы мүмкүн. Жеринде барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто, төмөнкү маселелерди кошо алганда (бирок алар менен гана чектелбестен) төмөнкүлөр камтылат: 

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банктын саясаттарына ылайык келе тургандыгын аныктоо предметине банк ишинин негизги багыттарына байкоо жүргүзүү

- ички аудиттин ишине жана тышкы аудиторлордун отчетторуна байкоо жүргүзүү

- ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө байкоо жүргүзүү

- активдердин сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфелин жана башка активдерди изилдөө;  

- банктын пайда алуусуна талдап-иликтөө

- капитал шайкештигин талдап-иликтөө

- банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн рентабелдүүлүгүнө талдап-иликтөө

- банктын жетиштүүлүгүн аныктоо максатында, анын ликвиддүүлүгүн тескөө

- тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү максатында, активдердин жана милдеттенмелердин тескөөгө алынышына байкоо жүргүзүү

- банк жетекчилигинин ишине байкоо жүргүзүү жана талдап-иликтөө

- чет өлкө валюталарындагы операцияларга байланыштуу тобокелдиктер деңгээлин аныктоо жана валюталык тобокелдиктердин тескөөгө алынышына баа берүү максатында, чет өлкө валютасындагы операцияларга байкоо жүргүзүү

- баланстан тышкаркы операцияларга байланыштуу тобокелдиктер деңгээлин аныктоо жана бул тобокелдиктердин тескөөгө алынышына баа берүү максатында, банктын баланстан тышкаркы ишине байкоо жүргүзүү

- банк тарабынан берилген регулятивдик жана финансылык отчеттордогу маалыматтардын жана кеңири коомчулук үчүн жарыяланган маалыматтын тактыгын текшерүү

- банктын акцияларын сатып алуу/ажыратып алууга тиешелүү бүтүмдөрдүн мыйзамдуулугун, ошондой эле уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү/азайтуу процессинин мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү

- банктын акциясынын 1%дан ашыгын ээлеген акционерлер боюнча юридикалык иштерди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тууралыгын текшерүү

- банк ишинин банктын иш-аракеттерин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик актыларына жана мыйзамдарына ылайык келүүсүн, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуу менен финансылык отчеттун белгиленген стандарттарына ылайык келе тургандыгын аныктоо. 

(Улуттук банктын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомдорунун редакциясында) 

3.4. Максаттуу текшерүү банк ишинин бир же бир нече түрүн (мисалы, кредиттик операциялар, чет өлкө валюталары менен операциялары ж.б) текшерүү үчүн каралган.  

Максаттуу текшерүүнү жүргүзүү банк ишинин тигил же бул аспектисин кыйла кылдат кароо зарылчылыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай текшерүүлөрдү CAMELS рейтингдик системасынын компоненттеринин биринде кайдайдыр бир терс тенденциялар (мисалы, банк активинин сапатынын начарлашы) аныкталган учурда жүргүзүү зарыл. 

3.5. Текшерүүлөр пландык сыяктуу эле (банкка алдын ала билдирүү менен), күтүүсүз (боло турган текшерүү жөнүндө алдын ала билдирүүсүз) болушу мүмкүн. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо, банкка инспекторлор тобу келген учурда көрсөтүлөт.  

3.6. Күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн, эгерде:  

- банк көз боемочулук иштерин жүзөгө ашырса, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса, башка мыйзамсыз иштерди жүргүзсө

- берилген отчеттордун негизинде, банктын финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс көрүнүштөгү тенденциялар аныкталса;  

- банк ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса.  

3.7. Эгерде текшерүү күтүүсүз болболсо, анда текшерүү тобунун жетекчиси банкка тиешелүү документтердин тизмесин тиркөө менен билдирүү катын (1-тиркеме) текшерүүгө чейинки 10 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт, ал эми текшерүүгө карата жолдомо (2-тиркеме) банкка келген учурда көрсөтүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8 токтомунун редакциясында) 

3.8. Эгерде банктын филиалдарына текшерүү жүргүзүү зарыл болсо, анда Инспектирлөө башкармалыгы анын филиалдарында текшерүү жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө банктын башкы кеңсесине мааымдайт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

 

IV. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

 

4.1. Текшерилүүчү жерге келгенде текшерүүнүн жетекчиси төмөнкү максаттарда банк Башкармасынын төрагасы (же анын милдеттерин аткаруучу адам) менен жолугушууну өткөрөт:  

- текшерүүгө жолдомону тапшыруу, ошондой эле текшерүүнүн масштабы жана милдеттери жөнүндө билдирүү;  

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоо; 

- алардын иштөө багытын белгилөө менен инспекторлорду тааныштыруу; 

- банктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышты жүзөгө ашыруунун ыкмаларын аныктоо; 

- банк жетекчилигинин суроолоруна жооп берүү

4.2. Текшерүүнүн биринчи күнүндө банк билдирүү катына тиркелген тизмеде эсептелген бардык документтерди берүүгө милдеттүү

Банк документтердин түп нускасын сунуштайт. Объективдүү себептер боюнча түп нусканы сунуштоо мүмкүн эмес болгон өзгөчө учурларда гана ал документтердин көчүрмөлөрүн кызмат адамдын кол тамгасы жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8 токтомунун редакциясында) 

4.3. Инспектордук текшерүү убагында банктын жетекчилиги жана персоналы текшерүүчү тобуна ар тараптуу көмөктөшүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- банктык жайларга кирүүгө, банктын кайсы болбосун кызматкерине кайрылууга, документтерден, анын ичинде банктык жазуулардан, пайдалануучулардын жана банк кардарларынын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматтардан тышкары, инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерүүгө алынуучу банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда техникалык инфраструктурадан (банктын автоматташтырылган системалары, тесттик сыноолордун жыйынтыктары боюнча документтерди кошо алганда, системага тиешелүү документтер, СВИФТти кошо алганда, төлөм системасынын маалымат базасы) пайдаланууга; 

- пайдалануучулардын жана банк кардарларынын автоматташтырылган системаларга кирүү коддору (паролдор, PIN коддор) тууралуу маалыматтардан тышкары, банктын кайсыл болбосун көрсөтүлгөн убакыт ичиндеги депозиттик, кредиттик, төлөм, казына ишин, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздар менен ишин кошо алганда, иштин бардык багыты боюнча автоматташтырылган банктык системадан толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөсүн (банктардын маалыматтар базасы менен иш алып барууда кеңири форматта колдонулуучу резервдик көчүрмөлөө файлдары) берүүгө

- текшерүүчүлөр талап кылган күнгө корреспондент-банктардын корреспонденттик эсептери боюнча көчүрмөлөрүн кошо алганда, СВИФТ системасы, ошондой эле банк колдонгон башка төлөм системалары аркылуу өткөрүлгөн бардык финансылык операциялары, корреспонденттик эсептер боюнча толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөлөрүн берүүгө

- инспекторлор бардык зарыл оозеки жана жазуу түрүндөгү маалыматты өз убагында алууга; 

- текшерүү тобуна аудио/видео жазуулар жүргүзүлбөгөн аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жай менен камсыздоого, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга жана бул тууралуу текшерүүнүн жетекчисине токтоосуз билдирүүгө. Бул талаптарды бузууга жол берилген учурда, банктын кызматкерлери, анын ичинде банк жетекчилиги кылмыш-жаза кодексин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат; 

- банк, өзүнүн жана Улуттук банктын документтеринин коопсуз сакталышын камсыздоого, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жабдуулар жана техника менен камсыз кылууга; 

- текшерүү тобунун жооптуу кызматкерлерине банктын бардык кардарлары жана алардын эсептери, банктын бардык баланстык эсептери ( окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) тууралуу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү менен автоматташтырылган банктык системалардан пайдалануу укугун берүүгө;  

- банк менен текшерүүчүнүн өз ара аракеттенүүсүн координациялоо, инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечилиши үчүн Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын ичинен бирин жооптуу катары дайындоого. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

4.4. Банк тарабынан инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбесе, андан баш тартылса же кайсы болбосун башка бир каршылыктар көрсөтүлсө, анын ичинде талап кылынган (электрондук/кагаз түрүндөгү) маалыматтар анын жетекчиси жана/же кызматкерлери тарабынан берилбесе, текшерүүнүн жетекчиси Каршылык көрсөтүү аракеттери жөнүндө акт (3-тиркеме) түзүп, бул жөнүндө дароо Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө, Инспектирлөө башкармалыгынын, Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн/Банктык эмес финансы-кредит мекемелерин инспектирлөө бөлүмүнүн начальниктерине маалымдалат. 

Банкка жана/же анын кызмат адамдарына карата айыптык санкциялар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык башка таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.  

Банк тарабынан Каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, инспекторлор Актынын бир нускасын кол коюудан баш тарткандыгы тууралуу белги коюу менен банктын өкүлүнүн кол тамгасыз банкка калтырууга укуктуу.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

4.5. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси айрым маселелерди талкуулоо үчүн банктын аткаруучу жетекчилиги менен белгилүү мезгилдерде жолугушуп турат. 

4.6. Текшерүүчүлөр, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу банктын документтерин талап кылууга, ошондой эле тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга жана банктан же банктын акцияларынын беш пайызына жана андан көбүрөөгүнө добуш берүү укугу менен ээлик кылуучулардан жана акционер болуп саналган адамдардан башкаруу чечимдеринин кабыл алынышына таасир этүүчү документтер боюнча түшүндүрмө берүүлөрүн талап кылууга укуктуу. 

4.7. Тапшырмаларды аткаруу учурунда, текшерүүчүлөр текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча, түздөн-түз аткаруучулар жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен талкуулоолорду жүргүзө алышат. Текшерилүүчү банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүнүн, тышкы аудиторлорунун компетенцияларына тиешелүү маселелерди талкуулоо текшерүүнүн жетекчисинин катышуусу астында жүзөгө ашырылат. 

4.8. Текшерүүнүн жүрүшүндө, банктын иш-аракетин текшерүү программасы тарабынан алгач каралбаган башка тармагында кемчиликтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда, текшерүү мөөнөттөрү ушул Нускоонун 3.2-пунктунда белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн. 

4.9. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерип жаткандар банктын кызматкерлери менен биргеликте кардардын ишкердигине мониторинг жүргүзүү максатында, кардар иштеп жаткан жерге, ошондой эле күрөөлүк мүлк жайгашкан жерге барышы мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомунун редакциясында) 

 

V. Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

 

5.1. Текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси банк Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткаруучу адам), ошондой эле банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушуу өткөрөт, ал банктын жетекчилигин текшерүү жыйынтыгы тууралуу билдирүүсү жана тыянактары, аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды жана жазма буйруктардын долбоорун талкуулоо үчүн уюштурулат. Бул жолугушуунун алкагында банк ишинин текшерилген чөйрөсү боюнча текшерүү жүргүзгөн топ тарабынан айтылган тигил же бул маселеге түшүндүрмө же комментарийлерди берүү үчүн банкка мүмкүндүк берилет. Алдын ала жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде кол коюлушу зарыл.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго банк кол коюудан баш тарткан учурда, банкка жолугушууда талкуулаган негизги маселелер чагылдырылган кат жолдоот. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

5.2. Текшерүү тобунун жетекчиси тарабынан тыянактарды жана текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу текшерүү аяктагандан 20 жумуш күнү ичинде уюштурулууга тийиш. Жолугушууда БФКМдин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн/Инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги жана БФКМдин Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнөн/Банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнөн куратор, зарылчылык келип чыккан учурда Инспектирлөө башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү катышууга тийиш.  

Жыйынтыктоочу жолугушуу банк жетекчилигине банктык көзөмөл органынын кооптонууну пайда кылган маселелер боюнча жагдайды, орун алган проблемаларды түшүндүрүүгө жана тактап берүүгө, ошондой эле банкты текшерүүнү жүзөгө ашырган инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

Жыйынтыктоочу жолугушуу өткөргөнгө чейин банк, алдын ала жолугушуу учурунда текшерүү жүргүзгөн топтун текшерилген чөйрөгө тиешелүү тигил же бул маселелери боюнча өз комментарийлерин же түшүндүрмөлөрүн жазуу түрүндө жетекчиге же текшерүү тобуна сунуштоого укуктуу, мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзүүдө эске алынышы мүмкүн. 

Комментарийлер/түшүндүрмөлөр алдын ала жолугушууда, зарылчылыкка жараша тастыктоочу документтер менен бирге, Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

5.3. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси өзүндө төмөнкүлөрдү камтыган, текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактарды банк жетекчилигине маалымдайт: 

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол берүүлөрдү

- активдердин сапаты жөнүндө тыянактарды; 

- банктын пайда алуусу жөнүндө корутундуну; 

- капитал шайкештиги жөнүндө тыянактарды; 

- ликвиддүүлүк абалы жөнүндө тыянактарды; 

- банк жетекчилигинин ишине баа берүүнү

- колдонуудагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо системасына жана ички контролдук системасына баа берүү

- активдерди классификациялоодо жетишпестиктер (алар бар учурда), шайкеш камдарды түзүү жана колдоо жөнүндө маалыматтарды. Мында, талаптар кийинки отчеттук мезгилдин башталышына карата аткарылууга тийиш экендиги көрсөтүлөт; 

- тобокелдиктерди тескөөгө баа берүүнү

(Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3 токтомунун редакциясында) 

5.4. Жыйынтыктоочу жолугушуу учурунда текшерүүнүн жетекчиси текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди оңдоо зарылчылыгы жөнүндө банктын жетекчилигине билдирет. Ошондой эле бул проблемаларды алгылыктуу чечүү жолдорун жана аны аткаруу мөөнөтүн сунуш кылат. 

5.5. Жолугушуунун жүрүшүндө протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат жана ага текшерүүнүн жетекчисинин, банк Башкармасынын Төрагасынын, ал эми ал жок учурда анын милдетин аткаруучу адамдын кол тамгасы коюлат.  

5.6. (Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомуна ылайык алынып салынган). 

5.7. Текшерүүнүн жыйынтыгында зарылчылыкка жараша текшерүү күнүнөн кийинки отчеттук күнгө (айдын акырына) анын маанилүүлүгүн эске алуу менен финансылык отчетторду ФОЭС 8 "Эсепке алуу саясаты, эсептик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр жана каталарга" ылайык корректировкалоо талап кылынышы мүмкүн. Мында: 

- эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өткөн чейректерине тиешелүү болсо, анда банк финансылык отчетторду ошол операциялар ишке ашырылган учурда туура чагылдырылгандай өзгөртүүгө тийиш. Өткөн чейрек үчүн финансылык отчет зарыл түшүндүрмөлөр менен өзгөртүлгөн статьялар тиешелүү формаларда милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Жарыялоону, корректировкалоо киргизилгенден кийинки 15 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашыруу зарыл.  

Ошондой эле аталган жарыялоодо, операциялар ишке ашырылган учурдан тартып финансылык отчеттор ар айлык негизде (айларды көрсөтүү менен) өзгөртүлгөндүгү жана андан пайдалануучулар банк (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) дарегин көрсөтүү менен алар жайгашкан жерине жараша таанышууга боло тургандыгы камтылууга тийиш; 

- эгерде алар боюнча корректировкалоолор талап кылынган операция отчеттук жылдын өтүп жаткан чейрегине тиешелүү болсо, анда банк ошол чейректин өткөн айлары үчүн финансылык отчетторду, ошол операциялар ишке ашырылган учурда туура чагылдырылгандай кайрадан карап чыгууга тийиш. Өткөн чейрек үчүн финансылык отчет кийинчерээк ишке ашырылган корректировкалоолор боюнча түшүндүрмөлөр менен белгиленген мөөнөттө жарыяланууга тийиш. 

Ошондой эле мындай жарыялоодо, ай сайын берилүүчү өткөн чейректин финансылык отчетторунун өзгөртүлгөндүгү (айларды көрсөтүү менен) тууралуу маалыматты камтууга тийиш жана пайдалануучулар алар менен банк (анын башкы кеңсеси, филиалдары, өкүлчүлүктөрү, аманат кассалары) жайгашкан жери боюнча дарегин көрсөтүү менен таанышууга болот.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №26/3, 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3 токтомдорунун редакциясында) 

 

VI. Текшерүү жөнүндө отчет 

 

6.1. Текшерүүнүн жыйынтыгында банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы үчүн текшерүү жыйынтыгы чагылдырылган отчет жазуу жүзүндө түзүлөт. Текшерүү жөнүндө отчетто, милдеттүү түрдө көрүлө турган бардык проблемаларды жана чараларды кошо алганда, текшерүүгө тиешелүү негизги тыянактар жана корутундулар, ошондой эле милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптар жана банк жагдайды калыбына келтирүү жана/же жакшыртуу үчүн өзүнө алган милдеттенмелер камтылат.  

Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде жазма буйруктар түзүлөт, алар банктын Директорлор кеңешинин төрагасына жана Башкарманын төрагасына текшерүү жөнүндө отчет менен бирге жөнөтүлөт. Жазма буйруктар, жетекчиликтин көзөмөл органында тынчсызданууну жараткан кээ бир негизги маселелерге көңүл буруусуна түрткү берет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

6.2. Жазма буйруктар отчет менен бирге банкка жөнөтүлөт. Жазма буйруктарда, банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик талаптарын сактабагандыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген фактылары, банктын алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышына жана анын ишиндеги башка кемчиликтерди четтетүү максатында, банк тарабынан көрүлө турган айкын чаралар аныкталат жана инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча банкка карата көрүлгөн (таасир этүү чаралары) чаралардын биринчиси болуп саналат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

6.3. Текшерүү жөнүндө отчетто банктын жалпы абалы тууралуу маалымат камтылат, эгерде зарыл болсо, банктын айрым бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) абалы жөнүндө, ошондой эле орун алган орчундуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер жөнүндө маалыматты алууга тийиш. 

6.4. Текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ченемдик документтеринин талаптарына ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат, ошол эле учурда банк текшерүү жөнүндө отчетту үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты менен тапшыра алат, Улуттук банктын уруксаты жок болсо, банк отчетту үчүнчү жактарга тапшыра албайт. Банктар текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатпоого тийиш. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3, 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомдорунун редакциясында) 

 

VII. Эскертүү чаралары жана санкциялар 

 

7.1. Банк ишинде кемчиликтер аныкталып, мыйзамдарды, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик талаптарын бузууга жол берүүлөр табылган учурда, Улуттук банктын ченемдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүчүлөр банкка карата эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү даярдашат. 

7.2. Банкка карата бул же тигил эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ички регламентине ылайык, ушундай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

 

VIII. Текшерүү жөнүндө отчет менен тааныштыруу 

 

8.1. Текшерүү жөнүндө отчет "Кызматтык иште пайдалануу үчүн" деген белги коюлган конвертке салынып, текшерүүгө алынган банктын Директорлор кеңешинин төрагасына жана Башкарманын төрагасына текшерүү аяктагандан кийинки 30 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. Отчеттун жеткирилип берилгендигин тастыктоо үчүн отчетту алган адамдын аты-жөнүн жана берилген күнүн милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8, 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомдорунун редакциясында) 

8.2. Банктын Директорлор кеңешинин төрагасына жана Башкарманын төрагасына коштоп жүрүү каты жана "Кызматтык иште пайдалануу үчүн" деген белги коюлган конвертке салынган текшерүү жөнүндө отчет менен бирге ошондой эле, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банкка ыйгарылган жыйынтыктоочу рейтинг жөнүндө маалыматты камтыган кат жөнөтүлөт жана мындай маалымат купуялуулукту камтыган маалымат болуп санала тургандыгы жана үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эместиги эскертилет. 

8.3. Коштоп жүрүү катында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы жана Башкармасы отчетту кылдат окуп чыгып, отчетто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө жараша аныкталган катачылыктарды жана белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу зарылчылыгы; 

- текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан соң анын ар бир барагына (барактарына) кол тамга коюу зарылчылыгы; 

- эгерде Инспектирлөө башкармалыгы Директорлор кеңеши менен жолугушуу зарыл деп эсептесе, жолугушуу күнү көрсөтүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

8.4. Эгерде, Инспектирлөө башкармалыгынын пикири боюнча Директорлор кеңеши менен жолугушууну өткөрүү зарылчылыгы жок болсо, ал эми Директорлор кеңеши жолугушууну зарыл деп эсептесе, анда банк Инспектирлөө башкармалыгына жолугушуунун болжолдуу күнүн сунуштайт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

8.5. Текшерүүгө алынган банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жана ички аудит бөлүмүнүн начальниги отчетко кол тамга коюу менен таанышып чыгууга тийиш (4,5-тиркемелер). Отчет менен таанышуу мөөнөтү, отчет алынган учурдан тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан киийин кол тамгалар коюлган таанышуу баракчасы Улуттук банктын Инспектирлөө башкармалыгына кайтарылат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

8.6. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү отчет менен таанышып чыккандан кийин кол тамга коюуга милдеттүү. Отчетто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместиги кол тамга коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

 

IX. Кол тамга коюлган барактар  

 

9.1. Кол тамгалар коюлган баракчада (барактар) Директорлор кеңешинин, Башкарманын бардык мүчөлөрүнүн жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгалары камтылат. Отчет менен таанышкандан кийин кол тамгалар коюлган баракча (барактар) Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн/Инспектирлөө бөлүмүнүн начальнигине Улуттук банктан коштоп жүрүү каты алынган күндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. Банк кол тамгалар коюлган баракчалардын көчүрмөсүн банктын көктөмөсүндө сактоого тийиш. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/3 токтомунун редакциясында) 

9.2. Директорлор Кеңешинин, банк Башкармасынын бул же тигил мүчөлөрү жок учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мезгил ичинде алар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо, банк отчетту алгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде БФКМдин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн/Инспектирлөө бөлүмүнүн начальнигине Директорлор кеңешинин жана/же Башкарманын бардык мүчөлөрү кол тамгаларын кое албай тургандыгы себептерин билдирүүгө тийиш. Мында, кол тамгалар коюлуучу барак белгиленген мөөнөттө Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгына Директорлор кеңешинин, Башкарманын жок болуп калган мүчөлөрүнүн кол тамгасысыз кайтарылып берилиши мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

9.3. Башкарманын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн отчет менен тааныштыруу жана кол тамга коюлуучу барактарга кол тамгаларды коюу үчүн жоопкерчилик андан ары банкка жүктөлөт.  

 

X. Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу  

 

10.1. Директорлор кеңеши менен жолугушуу максаты - текшерүү жыйынтыктарын жана көрүлүүчү зарыл чараларды жыйынтыктап талкуулоо саналат. Директорлор кеңеши менен жолугушуу ал отчет менен таанышкандан кийин өткөрүлөт.  

10.2. Инспектирлөө башкармалыгынын начальниги жолугушууну текшерүүнүн жетекчисинин, БФКМдин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн/Инспектирлөө бөлүмүнүн начальнигинин, Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнөн куратордун, Улуттук банктын юристинин (эгерде, укуктук талаш маселелер талкууга алынса) милдеттүү түрдө катышуусунда өткөрөт. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоого карата материалдар текшерүүнүн жетекчиси тарабынан тыянактар, комментарийлер, ошондой эле банк кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон ыкмаларды сунуштоо менен бирге даярдалат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9 токтомунун редакциясында) 

10.3. Зарылчылык келип чыккан учурда Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган болсо, жолугушууларга катышуусу мүмкүн: 

- банктын жыйынтык рейтинги начарлап кетсе; 

- банктын абалы кыйла начарласа же болбосо белгилүү бир жагдайлардан улам, анын абалы олуттуу начарлашы мүмкүн болсо; 

- банк кемчиликтерди четтетүүгө багытталган мурда белгиленген эскертүү чараларын жана/же санкцияларын же милдеттенмелерди аткарбаса; 

- банк жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген аракеттерди көрсө

- эскертүү чараларын жана санкцияларын кабыл алуу пландаштырылса. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/3 токтомунун редакциясында) 

10.4. Жолугушуу учурунда банк жетекчилиги текшерүүнүн жыйынтыктары, тиешелүү түрдө күчөтүү зарыл болгон участкалар жөнүндө жана/же Улуттук банктын эскертүү чараларын жана санкцияларын кабыл ала тургандыгын маалымдайт, ошону менен бирге эле төмөнкүлөр билдирилет: 

- банк дуушар болуучу тобокелдиктерди кошо алганда, негизги проблемалар же маселелер; 

- мурда аныкталган кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетпөө натыйжалары, ошондой эле кесепеттери; 

- текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча банк менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуунун жыйынтыктары; 

- банктын өнүгүшүн, продуктуларын, кызмат көрсөтүүлөрүн жана банктын стратегиясын камтуучу стратегиялык маселелер; 

- банктын аныкталган тобокелдиктерин кошо алганда, банктык көзөмөл органында тынчсыздандыруучу негизги маселелер; 

- банктын алгылыктуу жана начар жактары; 

- банкка таасир этүүчү тышкы шарттар; 

- банктын Улуттук банк күтүп жаткан аракеттери жана мөөнөттөрү (мисалы, иш-аракеттеринин планы, көзөмөл стратегиясы, милдеттенмелер); 

- Улуттук банктын банкка карата көзөмөл стратегиясы. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

10.5. Текшерүүнүн жетекчиси берилип жаткан маселени жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн кошумча материалдарды пайдалана алат.  

 

XI. Жазма буйруктарга даттануу тартиби  

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясындагы бөлүгү

 

11.1. Текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттанууга жол берилбейт. 

11.2. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга төмөнкү тартиптер сакталган шартта даттанууга жол берилет:  

I. а) Инспектирлөө башкармалыгынын начальнигине текшерүү жөнүндө отчет менен коштомо катты алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга макул эместиги тууралуу кат жөнөтүлсө

б) Инспектирлөө башкармалыгынын начальниги кайрылуу катын карап көрөт жана катты алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде банкка жооп жөнөтөт. 

II. а) Инспектирлөө башкармалыгынын жообуна макул болбогон учурда, билдирүүчү жооп кат алган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө расмий кат жөнөтөт; 

б) Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү банктын кайрылуусун алган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде карап чыгат. 

III. а) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн чечимине макул болбогон учурда, билдирүүчү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынан/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнөн жооп алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банк Башкармасынын Төрагасына кайрылууга укуктуу; 

б) Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгат. Зарылчылыкка жараша, Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы бул маселени Улуттук банк Башкармасынын талкуусуна сунуштоо чечимин кабыл ала алат.  

11.3. Бардык учурларда кайрылуу каты банктын макул эместигинин далилдүү себептерин камтууга, ага тиешелүү таризделген тастыктама документтер камтылууга тийиш.  

11.4. Бардык учурларда Улуттук банк билдирүүчүгө кат жөнөтөт, ал эми зарыл учурда банк Башкармасынын Төрагасы же Директорлор кеңешинин Төрагасы менен жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга даттанган адам менен жолугушуу уюштурулат.  

11.5. Жогоруда белгиленген жазма буйрукту жана/же бир нече жазма буйруктарды сотко чейин даттануу тартибин сактоо милдеттүү болуп саналат. 

 

Караңыз: 

Кыргыз Республикасынын Улутук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтому 

 

11.6. Даттануу мөөнөтү аяктаса жана/же даттануу тартиби сакталбаган учурда, банктын кайрылуу каты Улуттук банктын кароосуна кабыл алынбайт.  

 

 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

1-тиркеме 

 

Улуттук банктын  

20__ж. “__”________ №___ 

катына карата 

тиркеме 

 

Банк тарабынан текшерүүгө сунушталган 

документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕСИ (2)  

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/8 токтомунун редакциясы) 

 

I. Уюштуруу документтери, банкты түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүнүн көбөйүүсү/азаюусу учурунда акционерлер жана капиталды түзүү боюнча документтер 

 

1. Уюштуруу документтери: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав; 

- уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу көктөмөлөр. 

2. Акционерлердин текшерүү күнүнө карата тизмеси жана көз карандысыз каттоочу тарабынан тастыкталган, акциялардын суммасын жана уставдык капиталга карата пайыздык катышка ээлик кылуу үлүшүн көрсөтүү менен текшерилүүчү бир мезгил ичиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат. 

3. Банктын акцияларынын бардык эмиссияларынын проспектилери жана ага тиешелүү колдо болгон бардык документтер. 

4. Текшерилүүчү мезгил ичинде акционерлердин кезектүү жана кезексиз жалпы чогулушунан толтурулган протоколдор. 

5. Банктын 1% акциясын ээлеген акционерлер боюнча юридикалык иштер. 

 

II. Тескөө органдары жана банктын ички документтери  

 

6. Банкты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, өткөн жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн бизнес-планды кошо алганда, өткөн эки жыл үчүн жылдык отчеттор. 

7. Банк ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктай турган документтердин топтому. 

8. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде анык аткарылгандыгы тууралуу отчеттор менен салыштырылган кирешелер жана бюджет тууралуу отчеттордун көчүрмөсү

9. Ликвиддүүлүктүн, активдер менен пассивдерди тескөөнүн жана бардык финансылык тобокелдиктерди (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөнүн бардык аспектилерине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган, бардык негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

10. Кеңеште иштөө мөөнөтүн жана иштеген жерин көрсөтүү менен банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси. 

11. Кызматтын, аткаруучу милдеттеринин чөйрөсүн көрсөтүү менен банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмеси. 

12. Директорлор кеңешинин, аудит боюнча комитеттин, банк Башкармасынын жана башка комитеттердин текшерилүүчү мезгил ичинде отурумдарынан толтурулган протоколдор. 

13. Текшерилүүчү мезгил ичинде өзгөрүүлөрү менен бирге банктын уюштуруу түзүмү

14. Банктын штаттык тизими, эмгекке төлөө системасы боюнча ички документтери, жеке курамы жана негизги иши боюнча буйруктары. 

15. Персоналдык курамын көрсөтүү менен банкты тескөө боюнча бардык комитеттердин тизмеси, ошондой эле комитеттердин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө, мурдагы текшерүү жүргүзүлгөн мезгилден тартып, учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги тиешелүү документтер (жалпы жыйындан толтурулган протокол, комитеттин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктар, келишимдер жана башкалар). 

16. Банктын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин/начальниктеринин кызматтык милдеттеринин тизмегин көрсөтүү менен тизмеси (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

17. Ар бир маанилүү оперативдүү бөлүм, департамент жана функционалдык топ боюнча, телефон номерлерин көрсөтүү менен негизги байланышуучу кызматкерлердин тизмеси. 

 

III. Банктын кредиттик жана депозиттик операциялары боюнча маалыматы  

 

18. Текшерүү күнүнө жана мурунку төрт чейректик күнгө карата абал боюнча кредит портфелине баяндама (валюта номиналында):  

- карыз алуучунун аты-жөнү, кредиттин түрү, суммасы, мөөнөтү, пайыздык чендер, кредиттин текшерүү күнүнө карата калдыгы, кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графиги; 

- күрөөлүк документтер; 

- канча жолу пролонгацияланганы, реструктуризацияланганы жана алардын мөөнөтү, күрөө түзүмү, мөөнөтүндө төлөнбөй калган күндөрдүн саны (негизги сумма жана пайыздар), 1-30 күн, 31-60 күн, 61-90 күн, 91-120 күн интервалдары боюнча жыйынтык суммаларды кошо алганда, келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөй калган учурларды көрсөтүү менен; 

- кредит портфелин классификациялоо, ошондой эле бүтүндөй банк жана филиалдар боюнча өткөн текшерүүлөрдөн кийинки аралыкта РППУну түзүүгө тиешелүү, туруктуу сактоодогу көктөмөлөр. 

19. Банк тарабынан берилген кредиттердин жана кредиттин ордун алмаштыруучулардын тизмеси төмөнкү жеке адамдарга жана банк менен байланыштуу жактарга: 

- банктын аткаруучу кызмат адамына; 

- банктын негизги акционерлерине; 

- банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө

- көпчүлүк директорлор банктын көпчүлүк директорлорун түзгөн кайсы болбосун компанияга; 

- кайсы болбосун башка аффилирленген жактарга. 

20. Кредиттерди берүүгө билдирмелерди каттоо жана карыз алуучулар менен байланышууларды эсепке алуу журналдары, банк кардарларынын даттанууларынын жана сунуштарынын китепчеси. 

21. Кардарлардын банктын иши боюнча даттануулары жана кайрылуулары менен маалымат (ички отчеттуулук). 

22. Системадан тышкаркы эсепке алууга киргизилген кредиттердин тизмеси. 

23. Банк, өзү үчүн же башкалар үчүн кайсы болбосун кредиттин же милдеттенмелердин төлөнүшүнө же аткарылышына кепилдик берген кандай болбосун контракттардын чагылдырылышы. 

24. Аткаруу шарттары өзгөртүлгөн (пайыздык ченди азайтуу же негизги сумманы төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, пайыздык ченди же негизги сумманы же кайсы бир башка шарттарды төлөө жолу менен) кредиттер жөнүндө отчеттор: 

- ар бир кредиттик продукт боюнча пайыздык чендердин өзгөрүү тенденциясы жөнүндө отчет; 

- пайыздык чендин күндөлүк түзүмү жөнүндө отчет, кредиттик продукттар боюнча күрөөнүн түзүмү ("Ипотека плюс", "Ипотека лайтс" жана башкалар); 

- кредиттердин ар бир продукт боюнча кайтарылып берилиши деңгээли жөнүндө отчет; 

- пайыздары кредиттик келишимдин шарттарына ылайык карыз алуучу тарабынан төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө отчет; 

- банктын филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү тескөөчү кызматкерлерине, кызмат адамдарына, банктын негизги акционерлерине жана алар менен же банк менен байланыштуу болгон жакка кредиттерди берүү жөнүндө отчет; 

- жетекчилик жана аткаруучулар тарабынан активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы (МБС) боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

25. Банктын ири депозиторлорунун тизмеси. 

26. Банктын негизги акционерлеринин, инсайдерлеринин жана аткаруучу кызмат адамдарынын, филиалдардын жетекчилеринин депозиттер түрү, аманат суммалары, чендери салынган күнү жана мөөнөтү боюнча тизмеси. 

27. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды эсепке алуу журналы. 

28. Мурунку текшерүү учурунан тартып текшерүү мезгили үчүн жабык жана ачык корреспонденттик эсептердин, башка кардарлардын тизмеси. Аларды жабуу негиздери. 

29. Банктар тарабынан расмий тастыкталган жана тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн (мисалы, күнү, мөөрү жана кол тамгасы) калдыктар көрсөтүлгөн, ошол банктардагы кредиттердин, депозиттердин жана корреспонденттик эсептердин тизмеси. 

30. Банк менен башка финансылык уюмдар ортосундагы кредиттик линиялар тууралуу маалымат. Ири жеке каржылоо булактарынын тизмеси (3). 

31. Төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышын, реквизиттердин туура сакталышын жана өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кармап калууларды текшерүү үчүн документтер. 

32. Мурунку текшерүүдөн берки учурдагы текшерүү мезгили ичинде тартылган депозиттерге тиешелүү (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) белгиленген пайыздык чендер боюнча маалыматтары. 

33. Негизги кредиттик продуктулар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге тиешелүү маалыматтар жана эсептөөлөр.  

 

IV. Банктын баалуу кагаздар менен операциялары боюнча маалымат  

 

34. Улуттук банктын белгиленген талаптарына ылайык банк тарабынан сатылып алынган/сатылган баалуу кагаздар боюнча банктын бүтүмдөрү тууралуу тастыктоочу документтер менен текшерилүүчү мезгил ичиндеги баалуу кагаздардын тизмеси. 

35. Банк алар менен иш алып барган же анын ичинде банк кардарларынын баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнү пландаштырган брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тизмеси, ошондой эле жогоруда аталган адамдарды тандоо тууралуу Директорлор кеңишинин бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлган чечим. 

36. Суб-брокерлердин жана/же брокерлердин контрагенттеринин, ошондой эле брокер алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалуу кагаздар боюнча операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банктын атынан колдонууга ниеттенген депозитарийлердин жана суб-депозитарийлердин тизмеси. 

37. Банктын брокерлеринин, дилерлеринин жана депозитарийлеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүлөрүн иликтөө жана баалоо боюнча маалыматтар, анын ичинде банктын юристинин кол тамгасы коюлган, банк тарабынан тандалып алынган баалуу кагаздар рыногунун жогоруда аталган кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берет деген корутундусунун көчүрмөсү

38. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган, брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин абройлору тууралуу маалымат (ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган жооп иретиндеги маалымат менен каттардын көчүрмөлөрү тиркелсин). 

39. Банк брокерлер/дилерлер жана депозитарийлер аркылуу ишке ашырууга ниеттенген операцияларды жана бүтүмдөрдү кеңири чагылдырган маалыматтар. 

40. Анда банк инсайдерлери олуттуу кызыкдар болгон, банктын акцияларга, карыздык милдеттенмелерге инвестицияларынын тизмеси. 

41. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

42. Баалуу кагаздар портфелине мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган Маалыматтык башкаруу системасы боюнча негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

 

V. Бухгалтердик эсепке алуу, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет (МРБО), аудит боюнча маалыматтар  

 

43. Банктын бухгалтердик балансы, акыркы эки жыл үчүн корректировкаланган жылдык отчеттору. Акыркы эки жыл үчүн ай сайын берилүүчү МРБО (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

44. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана маалыматтар. 

45. Баланстын статьяларын чечмелөөлөр: "Негизги каражаттар", "Башка менчик", "Башка активдер", "Башка милдеттенмелер". 

46. Тышкы жана ички аудиттин акыркы жыл үчүн отчеттору (жетекчиликке жазган катын кошо алганда). Аудитордук текшерүүлөрдүн мурунку жана өтүп жаткан жыл үчүн пландарынын аткарылышы тууралуу маалымат. 

 

VI. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдукту уюштуруу боюнча маалыматтар. 

 

47. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого аракеттерди көрүү боюнча тобокелдик менеджеринин жана кызмат адамынын мурдагы текшерүүдөн тартып учурдагы текшерүү мезгили ичиндеги отчеттору. 

48. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына (МФЧК) маалыматтарды жөнөтүүнү эсепке алуу журналы. 

49. Банктын текшерүү мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен кат алышуулары. 

50. Ишинде жогорку тобокелдиктер камтылган кардарлардын тизмеси. 

51. Оффшордук аймактарда катталган кардарлардын тизмеси. 

52. Эркин экономикалык аймакта катталган кардарлардын тизмеси. 

53. Эсептер боюнча жүгүртүүлөрү анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу арткан кардарлардын тизмеси. 

54. Аралыкта орнотулган кызмат көрсөтүүлөрдү (Интернет-банкинг ж.б) пайдаланышкан кардарлардын тизмеси. 

55. Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында, банк тарабынан бекитилген ченемдик документтер. Түзүмдүк бөлүмдөр жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча саясаттын ишке ашырылышына жооп берген кызматкерлердин кызматтык нускоолору жөнүндө жобо. 

 

VII. Улуттук банктын жазма буйруктарын жана сунуш-көрсөтмөлөрүн сактоо, Улуттук банк жана башка органдар менен өз ара иш алып баруусу тууралуу маалымат  

 

56. Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуу. 

57. Мурдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында берилген жазма буйруктардын аткарылышы жана сын-пикирлердин четтетилиши жөнүндө маалымат. 

 

(2) Тизме зарылчылыкка жараша толукталышы мүмкүн.  

(3) Улуттук банкты, башка банктарды (анын ичинде чет өлкө банктарын), банкка каражаттарын салышкан юридикалык жактарды жана жеке адамдарды кошо алганда, банктын 10 эң ири кредиторлору тууралуу маалыматтар келтирилет. 

 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү  

жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

2-тиркеме  

 

__________________________________________ 

(Финансы-кредит мекемелеринин толук аталышы) 

__________________ ишин текшерүүгө карата 

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/11 токтомунун редакциясында) 

 

Ушул аркылуу төмөнкү кызматкерлер: 

 

1. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

2. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

3. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

4. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

5. _______________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20__-жылдын _______________________ тартып, _________________ жумуш күн мөөнөтүнө ____________________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган жагдайларга жараша, текшерүү мөөнөтү Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоонун 3.2-пунктунда белгиленген мөөнөт чегинде узартылышы мүмкүн. 

Текшерүүнүн программасы төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүүнү камтыйт:_______________________________________________________ 

_______________________________________________________________________ 

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүчү топтордун банк ишин инспектирлөөгө байланыштуу ыйгарым укуктары банктын кызыкчылыгы менен байланыштуу болгон кайсыл болбосун компанияга (инсайдер аффилирленген жактарга) карата жүзөгө ашырылат. 

 

Төраганын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү  

жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

3-тиркеме 

 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык 

көрсөтүлгөндүгү жөнүндө 

АКТ 

 

___________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат 

кассасынын) аталышы) 

___________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, аманат 

кассасынын) жайгашкан жери, дареги, 

телефону) 

 

_________________ 2003-жылдын "_"__________ 

үзүлгөн жери) 

 

Бул акт биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан ______ _______________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

_________________________ коммерциялык банкынын ишине текшерүү ишин жүргүзүүгө 

 

коммерциялык банктын кызматкерлери______________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

(Банктын кызматкерлеринин аты-жөнү

тарабынан ____________________________________________________________ каршылык  

(банктын имаратына киргизбөөсү, инспекторлор талап кылган документтердин берилбеши) 

 

көрсөтүлгөндүгүнөн улам түзүлгөн. 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүү ишин жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу, банк кызматкери банкта текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгү жөнүндө эскертилди. 

 

Акт___________________ ___________ ___________ тарабынан түзүлдү 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү (кызматы) (кол тамгасы) 

 

 

Таанышып чыкты ________________________________ ___________ ___________ 

(банктын кызматкеринин аты-жөнү (кызматы) (кол тамгасы) 

 

Бейтарап адам ________________________________ ________________ 

(Аты-жөнү) (кол тамгасы) 

 

Акттын экинчи нускасы алынды ________________________ ___________ 

(банк кызматкеринин аты-жөнү (кол тамгасы) 

 

 

 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү  

жүргүзүү жөнүндө нускоого карата  

4-тиркеме 

 

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ______ _______________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

_______________________________________________________________________________ 

((күнү) карата абал боюнча) 

 

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

 

Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн кол тамгалары Күнү 

 

________________________________ _________________________ 

Аты-жөнү 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

 

Эскертүү: Бул баракка Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгасы коюлуп, андан кийин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул барактын (барактардын) кол тамгалар менен көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

 

 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү  

жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

5-тиркеме 

 

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Биз, төмөндө кол койгондор, банк Башкармасынын мүчөлөрү ______ _______________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

_______________________________________________________________________________ 

((күнү) карата абал боюнча) 

текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ушул отчеттун мазмуну менен жекече таанышып чыктык. 

 

Банк Башкармасынын 

мүчөлөрүнүн кол тамгалары Күнү 

 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

________________________________ _________________________ 

 

Эскертүү: Бул баракка банк Башкармасынын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгасы коюлуп, андан кийин Банктарды инспектирлөө бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул барактын (барактардын) кол тамгалар менен көчүрмөсү банкта сакталууга тийиш. 

 

Эскертүү

(1) Бул нускоонун алкагында операцияларды жана бүтүмдөрдү текшерүү ички эсепке алуу жазууларын регулятивдик финансылык отчет менен салыштырып текшерүү жана күндөлүк операциялар саясаттарынын жана жол-жоболорунун талаптары менен салыштыруу (ички жол-жоболордун сакталышына баа берүү үчүн) гана эмес, башка мисалы, айрым кредиттердин жана инвестициялардын сапатын текшерүү сыяктуу текшерүүчү жол-жоболорду да билдирет. 

(2) Тизме зарылчылыкка жараша толукталышы мүмкүн.