Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 26-октябрындагы 

N 60/7 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу 

жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жоболорун 

киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын 

жүргүзүү тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун 

редакциясына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Негизги түшүнүктөр 

3. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген учурда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

4. Жыйынтыктоочу операцияларды кайтарылып алынгыс катары таануу шарттары 

5. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосун киргизүү учурунда "своп", "репо", "форвард", конверсиондук операцияларды, активдер менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

6. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда "бир күндүк кредит" жана "овернайт" кредиттери боюнча жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

7. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

8. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизүү учурунда башка банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

9. Банкты банкрот деп таануу учурунда банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. "Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жоболорун киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" ушул жобо (мындан ары-жобо), Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жобо, айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле коммерциялык банкка же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболорун киргизүү же сот тарабынан банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда банк тарабынан берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына которууга тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кайтарылгыс деп таанылышы боюнча шарттарды аныктайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Ушул Жобо, Улуттук банктын лицензиясын алышкан коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар), алардын кардарларынын, Кыргыз Республикасынын соода жана төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Жобонун өз убагында аткарылышын, соода жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз ишин жана иштөө ыргагынын сакталышын камсыз кылууга банктар, системалардын операторлору, ошондой эле депозитарийлер жооп беришет. Төлөм жана соода системаларынын операторлорунун жана/же катышуучуларынын жоопкерчиликтери системалардын операторлору менен катышуучуларынын ортосундагы тиешелүү макулдашууларда/келишимдерде белгиленет. 

 

2. Негизги түшүнүктөр 

 

5. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамында жана "Кыргыз Республикасындагы нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө", "Улуттук банкта валюталык своп операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө", "Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жоболорунда келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

6. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

администратор - убактылуу жетекчилик, консерватор; 

атайын администратор - Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык алынган аныктама; 

банкноттук операциялар - проблемалуу банкта башка банк үчүн ачылган ("Лоро" түрүндөгү эсеп), же проблемалуу банктын атынан башка банк үчүн ачылган ("Ностро" түрүндөгү эсеп) корреспонденттик эсепке нак акча каражаттарын чегерүү боюнча операциялар; 

бир күндүк кредит - Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өз убагында жана үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары "МБК") күрөөгө алуу алдында Улуттук банк тарабынан Банкка улуттук валютада берилүүчү кредит; 

депозитарий - МБКларды эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы; 

жыйынтыктоочу операциялар - банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген же банк банкрот деп таанылган учурда аткарылбай калган, бирок ушул Жободо белгиленген тартипте кайтарылгыс деп таанылып, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон операциялар; 

кардар: 

1) банктар ортосундагы мамилелерде проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен банк, кардар болуп саналат; 

2) банктын башка жактар менен мамилелеринде проблемалуу банк менен бүтүмгө келишкен жак, кардар болуп саналат. 

конверсиондук операциялар - бир валютаны башка бир валютага алмаштыруу менен сатып алуу/сатууга байланыштуу, валюталык операциялар; 

"овернайт" кредити - заклад түрүндөгү күрөө алдында, катталган пайыздык чен боюнча, Улуттук банк тарабынан банкка операциялык күндүн ичинде берилүүчү, кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш болгон, сом түрүндөгү кредит; 

төлөм системасындагы жана баалуу кагаздар менен эсептешүү системасындагы клиринг - клиринг катышуучуларынын таза позицияларын аныктоо менен алардын өз ара талаптарын чогултуу, текшерүү, иргөө жана эсептөө процесси; 

банктар аралык кредит - башка банк менен келишилген бүтүм боюнча проблемалуу банк тарабынан берилген же алынган кредит; 

активдер менен алмашуу - банктар ортосунда ишке ашырылган, нак акчага айландыруу (нак эмес акча каражаттарын нак акчанын ордуна берүү) же нак эмес акчага айландыруу, (нак акча каражаттарын нак эмес каражаттардын ордуна берүү) боюнча операциялар; 

акыркы эсептешүү - банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жүргүзүлгөн эсептешүү. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат; 

төлөм системасынын оператору - төлөм системасынын ишин камсыз кылган жана системанын катышуучулары менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, оператор жана катышуучулар ал келишимге ылайык өз ишин төлөм системасынын алкагында жана системанын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырышат; 

соода системасынын оператору - соода системасынын иш ыргагына, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан операциялардын Улуттук банктын соода системасындагы иштин колдонуудагы эрежелерине ылайык келиши үчүн жооп берген, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

которууга тапшырма - банктын төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү системасына берилген тапшырмасы; 

проблемалуу банк - убактылуу жетекчилик, консервация, банкроттук жол-жоболору колдонулган банк (мындан ары-банк); 

чекене төлөмдөр - мөөнөттүү эмес жана/же үзгүлтүксүз болуп саналышкан, майда жана орто суммадагы төлөмдөр. Сумманын өлчөмү төлөм системасынын ченемдик-укуктук базасында аныкталат. 

РЕПО-операциясы - мамлекеттик баалуу кагаздарды келечекте белгиленген күнү, мурда сүйлөшүлгөн баада кайра сатып алуу/сатуу милдеттенмеси менен экинчилик рыногунда сатып алуу/сатуу боюнча операция; 

СВОП-операциясы - пайыздарды жана негизги суммасын эске алуу менен сүйлөшүлгөн мөөнөттө бир валютадагы акча топтомун ага эквиваленттүү суммадагы экинчи бир валютага алмаштыруу боюнча операциялар; 

СПОТ-операциясы - финансылык активдерди сатып алуу/сатуу боюнча операциялар, эсептешүүлөр бир-эки жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат; 

төлөм системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) - төлөм системасынын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн жана Улуттук банкта корреспонденттик (күндөлүк) эсеби бар банк; 

соода системасынын катышуучусу (мындан ары - Катышуучу) - Улуттук банктын соода системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ банк; 

форварддык операциялар - валютаны келечектеги кайсы бир күнү форварддык контракт түзүлгөн учурда макулдашылган баа боюнча берүү каралган, валюта менен операциялар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору 

киргизилген учурда айрым банктык жана төлөм операцияларын 

жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

 

7. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболорун киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банк тарабынан кабыл алынат. 

8. Проблемалуу банктын иштөө ыргагы убактылуу жетекчилик же консервация жол-жобосу киргизилген же алар жүзөгө ашырылып жаткан учурдан тартып, Улуттук банктын тиешелүү чечиминде белгиленет. Эгерде, Улуттук банктын чечиминде иш ыргагы жөнүндө көрсөтмө жок болсо, анда операциялар ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

9. Убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилгенден кийин Улуттук банк, эгерде зарыл болгон болсо, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү бир тараптуу тартипте жүргүзүү үчүн Катышуучунун корреспонденттик (күндөлүк) эсебин токтотууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик актыларына ылайык чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. Катышуучунун төлөмдөрдү жүргүзүү жана жыйынтыктап эсептешүүлөр тартиби ушул жобого же Улуттук банктын чечимине ылайык белгиленет. 

10. Улуттук банктын чечиминин негизинде төлөм жана соода жүргүзүү операторлору бир тараптуу тартипте, алдын ала билдирүүсүз Катышуучунун системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана кийинчерээк калган катышуучуларга маалымдоо менен пайдалануучунун системадагы кол тамга сертификатын блокировкалайт. 

11. Улуттук банк, банк жана төлөм системаларынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыгында активдерди сактап калуу максатында, эгерде банкта активдер жетиштүү болсо, биринчи кезекте, жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзүүдөн тышкары, аманатчылар - жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банк тарабынан бардык банктык операциялардын же анын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырылышына уруксат берүүгө укуктуу. 

12. Проблемалуу банкка Улуттук банк менен своп, репо, депозиттик жана конверсиондук операцияларды, ошондой эле Мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүргүзүү укугу, Улуттук банктын тиешелүү чечиминин негизинде берилет. 

13. Проблемалуу банкка активдерди сактап калуу максатында, валюта рыногунда жогорку деңгээлде тобокелдиктүү операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 

14. Эгерде, банкта аманатчылар-жеке адамдар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн активдер жетишсиз болсо, анда банкка, Улуттук банктын чечимине ылайык жыйынтыктоочу операцияларды же алардын айрым бир түрлөрүн гана жүргүзүүгө уруксат берилет. 

 

4. Жыйынтыктоочу операцияларды кайтарылып 

алынгыс катары таануу шарттары 

 

15. Улуттук банк, өзүндө гана ачылган корреспонденттик эсеп аркылуу жүзөгө ашырылган эсептешүү операцияларын кайтарылып алынгыс катары тааныйт. 

16. Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсеп аркылуу эмес ишке ашырылган эсептешүүлөр боюнча операциялар соттук тартипте төмөнкү учурларда кайтарылып алынгыс катары таанылат: 

а) эгерде, бул операция боюнча эсептешүү убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилгенге чейин же убактылуу жетекчилик, консервация киргизилиши жөнүндө эсептешүү системасы маалымат алган учурга чейин толугу менен ишке ашырылган болсо; 

б) эгерде, бул операция боюнча эсептешүү толугу менен жүргүзүлбөсө, бирок ал боюнча талаптар жана тапшырмалар, эсептешүүлөрдү автоматтык режимде ишке ашырган жана аны бул системада проблемалуу банк үчүн же операцияны жүргүзүүнү талап кылган же болбосо тапшырма берген жак үчүн жокко чыгаруу каралбаган учурда, эсептешүү системасына өткөрүлүп берилсе. 

17. Операцияларды кайтарылып алынгыс катары таануу, эсептешүү системасындагы маалыматтардын негизинде ага келип түшкөн талаптардын/тапшырмалардын так убактысы боюнча жүзөгө ашырылат. 

18. Ушул жобонун максатында төмөнкү операциялар жыйынтыктоочу операциялар болуп эсептелинет: 

а) Катышуучунун акча каражаттарын же баалуу кагаздарын, ошондой эле башка катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын банктын пайдасына которууга тиешелүү, төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына же болбосо соода системасына оператор билдирме алган жана банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген учурга чейин өткөрүлүп берилген тапшырмаларын аткаруу. Бул тапшырмалар кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу катары таанылып, доо күчүнө ээ жана аларды үчүнчү жактар аткарууга милдеттүү болушат. Системанын операторлору бүтүмдү жыйынтыктоого жана жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

б) банктык төлөм карттар системасынын алкагында башка катышуучулар менен эсептешүүлөр, эгерде картты пайдалануу менен операциялар убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу банкка киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс болсо; 

в) утурумдук чекене төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган уюмдардын төлөмдөрү боюнча маалымат, банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурга чейин төлөм системасына келип түшсө. Мындай төлөмдөр кайтарылып алынгыс болуп таанылышат жана алар боюнча эсептешүүлөр, банктар аралык төлөм системасынын ишинин регламентинде белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылат; 

г) эгерде төлөмдөр банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурга чейин ишке ашырылып, кайтарылып алынгыс болсо, ал эми эсептешүү күнү банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген мезгилге дал келсе, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр. Катышуучу алар боюнча эсептешүүлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзөт. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү бул системанын оператору жана банк-корреспонденти менен тиешелүү келишимде белгилениши зарыл; 

д) башка катышуучулар менен своп, репо, бир күндүк кредит, "овернайт" кредити боюнча, "активдер менен алмашуу" операциялары боюнча, эгерде мындай бүтүмдөр банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилгенге чейин келишилген болсо, конверсиондук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу учурундагы эсептешүүлөр; 

е) ушул жобонун талаптарына ылайык ишке ашырылган, башка банктар аралык операциялар боюнча эсептешүүлөр. 

 

5. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосун 

киргизүү учурунда "своп", "репо", "форвард", конверсиондук 

операцияларды, активдер менен алмашуу операцияларын 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

19. Эгерде, убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда, банктын Улуттук банк алдындагы репо жана своп операциялар боюнча милдеттенмелерин төлөө мөөнөтү келип жетсе жана тескерисинче болсо, анда бул милдеттенмелер түзүлгөн келишимдерге (же ага тектеш башка документтерге) ылайык толук көлөмдө аткарылууга тийиш, албетте, Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе. Банк, своп жана репо операцияларын, ошондой эле конверсиондук операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда Улуттук банк, банктын корреспонденттик эсебинен аткарылбай калган милдеттенмелердин өлчөмүндөгү акча каражаттардын суммасын акцептсиз (талашасыз) алып салуу укугуна ээ. Банк своп жана репо операциялары боюнча акча каражаттарын кайтаруу милдеттенмесин аткарбай койгон жагдай келип чыккан шартта Улуттук банк, анын корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражатынын жоктугунан улам, аткарылбай калган милдеттенменин өлчөмүндөгү акча каражатынын суммасын акцептсиз тартипте эсептен алып сала албайт. Натыйжада, тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

20. Эгерде, банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосун киргизүү учурунда ушул жобонун 15-пунктуна ылайык, банктын "спот", "своп", "форвард", "репо", "банктар аралык кредит", "активдер менен алмашуу" милдеттенмелери боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе жана бул багытта Улуттук банктын өзгөчө көрсөтмө берген чечими жок болсо, банк төмөнкү шарттарда мына ушул банктар аралык бүтүмдөрдү белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууга укуктуу: 

а) операция, проблемалуу банк же проблемалуу банктын аффилирленген жагы болуп саналбаган банк менен жүзөгө ашырылат; 

б) операция, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген бейтараптуулук принцибинин бузулушуна алып келбейт; 

в) бүтүмдүн шарты боюнча проблемалуу банк акча каражаттарын башка банкка берүүнү ишке ашырган же проблемалуу банкка акча каражаттары мурда эле келип түшкөн; 

г) операциянын натыйжасында банкта юридикалык жактан жана иш жүзүндө активдин валютасын алмаштыруу гана ишке ашырылат. 

21. Эгерде убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда, кардар акча каражаттарын проблемалуу банкка бере элек болсо, анда проблемалуу банк, кардарлар менен (банктардан тышкары) "своп" жана "репо" контрактылары боюнча жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзбөйт. 

22. Эгерде убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда, кардар акча каражаттарын банкка жөнөткөн болсо жана кардар ага карата укук коргоо органдары тарабынан операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынган же кине коюлган башка талаптар орун албаган инсайдерлер, аффилирленген жактар болуп саналбаса, банкка "своп" жана "репо" контрактылары боюнча жыйынтыктоочу операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет. 

23. Администратор, операциялардын мыйзам чегинде жүргүзүлгөндүгүн жана ушул жобонун талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында, 21-22-пункттарда көрсөтүлгөн операциялардын аткарылышын 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө токтотууга укуктуу. 

24. Эгерде банктык операцияларды жүргүзүү учурунда, проблемалуу банк чет өлкө банкы үчүн "лоро" тибиндеги эсепти ачып, ошол эсепке чегерүү үчүн нак акча каражаттарын алууга үлгүргөн болсо, администратор, төмөнкү шарттарды сактоо менен операцияларды токтотууга жана каражаттарды банк-корреспондентке кайтарып берүүгө укуктуу: 

а) нак каражаттар проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, каражаттар банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилгенге чейин чегерилбесе; 

б) эгерде, ушул жобонун 8-пунктуна ылайык Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон болсо; 

в) банк-корреспондент, акча каражаттары проблемалуу банктын имаратына келип түшкөндүгүнө карабастан, ошол бүтүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса жана 1 жумуш күнү ичинде бардык уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде тиешелүү чыгашаларды төлөө, проблемалуу банктын имаратынан акча каражаттарын кайтара алып кетүүгө жана транспортировкалоого милдеттенсе. 

Администратор, жогоруда белгиленген шарттар аткарылбаган учурда каражаттарды банктын "лоро" эсебине чегерүүгө укуктуу. 

25. Эгерде, ошол банк үчүн Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдын чечими менен башкасы белгиленбесе, Акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо тигил же бул валютаны конвертирлөө, банктын ички жол-жоболоруна жана алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн белгиленген тарифтерге ылайык жүргүзүлөт. 

 

6. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу 

киргизилген учурда "бир күндүк кредит" жана "овернайт" 

кредиттери боюнча жыйынтыктоочу операцияларды 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

26. Эгерде, убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген учурда, проблемалуу банктын Улуттук банк алдында "бир күндүк кредит" жана "овернайт" кредиттери боюнча төлөө мөөнөтү келип жетсе жана Улуттук банктын же башка ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе, анда мындай милдеттенмелер Башкы келишимге жана кредит алууга билдирмеге ылайык, толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 

27. Эгерде, убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосун киргизилген учурга карата банк "бир күндүк кредит" жана "овернайт" кредиттери төлөөнү жүзөгө ашыра албаса (корреспонденттик эсебинде акча каражаттары жок болсо), анда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен кредиттердин ордун жабууга укуктуу. Мында Улуттук банк, өз милдеттенмелерин мөөнөтүндө аткарбагандыгы тууралуу банкка алдын ала кат жүзүндө маалымдап, заклад түрүндөгү күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу билдирет. 

 

7. Баалуу кагаздар менен операцияларды 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

28. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген учурда МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторунда операцияларды жүзөгө ашыруу укугу, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде берилиши мүмкүн. 

29. Эгерде банк, убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилгенге чейин МБКларды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирме берсе жана ал боюнча жеңишке жетишсе, анда бул билдирме кайтарылып алынгыс жана акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн милдеттүү болуп саналат. Ал эми банк, аукциондо жеңип алган билдирме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзө албаса (корреспонденттик эсепте акча каражаттары болбосо), анда банктын билдирмеси жокко чыгарылат жана ошол банк Улуттук банк тарабынан анын МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторуна катышуусу жөнүндө өзүнчө чечим кабыл алынганга чейин МБКлардын биринчилик жана экинчилик рынокторуна андан ары катышуудан четтетилет. 

30. Эгерде мамлекеттик баалуу кагаздардын (мамлекеттик казына векселдеринин, мамлекеттик казына облигацияларынын, ноталардын) ээси болгон банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосун киргизилген учурга карата, МБКларды же купондук төлөөлөрдү төлөө мөөнөтү келип жеткен болсо, анда Улуттук банк орду жабылып жаткан МБКлар же купондук төлөөлөр боюнча акча каражаттарын банктын Улуттук банкта ачылган кореспонденттик эсебине чегерет. 

31. Эгерде убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген күнгө карата банктын портфелинде анын кардарларына тиешелүү, төлөө мөөнөтү келип жеткен МБК болгон болсо, анда банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан МБКлардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын МБКларга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банктын кардарларынын МБКларын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

32. Эгерде, убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген күнгө карата банктын кардарына тиешелүү мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жетпесе, анда бул учурда банк, өз кардарларынын баалуу кагаздарын башка банкка өткөрүп бере алат. Мында Улуттук банк, тарабынан аларга кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын мамлекеттик баалуу кагаздары эске алынбайт. 

33. Банктын администратору өз кардарларына - МБКларга ээлик кылуучуларга банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилгендиги жана алардын мамлекеттик баалуу кагаздарды башка банкка өткөрүп берүү укугу жөнүндө убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилгенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары МБКларды төлөөдөн алган акча каражаттарын башка банктан алуу ниетин билдирсе, анда ал МБКлар өткөрүлүп бериле турган банктын аталышын жана башка банкка которулуучу МБКлардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен МБКларды башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарларынын - МБКларга ээлик кылуучулардын ээсинин тизмесин аныктоо жана алардан көрсөтүлгөн арыздарды алуу жоопкерчилиги Банктын администраторуна жүктөлөт. 

34. Проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүү учурунда убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору киргизилген банк, кардардын кат жүзүндөгү арызында көрсөтүлгөн банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жок дегенде МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки эки күндүн ичинде кардардын МБКларын өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш: 

а) проблемалуу банк менен МБК өткөрүлүп берилүүчү банктын ортосунда түзүлгөн, МБКларды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу; 

б) МБКларга ээлик кылуучунун баалуу кагаздарды башка банкка которуу тууралуу кат жүзүндөгү арызынын көчүрмөсү

в) проблемалуу банктын, башка банкка банктын кардарынын баалуу кагаздарын өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч каты; 

г) бул банктардын ченемдик укуктук актыларга ылайык таризделген, МБКларды өткөрүп берүү/кабыл алууну жүзөгө ашырууга тапшырмасы. 

35. Улуттук банк, көрсөтүлгөн документтерди кабыл алгандан кийин МБКларды проблемалуу банктан башка банкка депозитарийге өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат жана ошол банктарга бул операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берет. 

36. Эгерде, проблемалуу банктын кардарларынын МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Администратор проблемалуу банктардын МБКларын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын төлөнүүчү МБКлар же купондук төлөмдөр боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебине чегерилет. Банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Улуттук банктан МБКлардын ордун жабуу эсебине алынган акча каражаттарын МБКларга ээлик кылуучулардын ошол банктагы эсебине чегерүүнү жүргүзөт же кардарлардын каалоосу боюнча (Улуттук банк тарабынан кайсы бир операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган банктын кардарларынын МБКларын эске албаганда) аларга акча каражаттарын банктын кассасы аркылуу накталай төлөп берет. 

37. Эгерде, кардарлардын эсептеринде МБКларды төлөө эсебине алынган акча каражаттары болгон шартта, банкты банкрот деп таануу жөнүндө арыз сотко берилсе, банк бул акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине чегерүүгө милдеттүү. Мында, банк мындай кардарларга акча каражаттарын башка банкка которуу жөнүндө арыз берүү зарылчылыгы тууралуу маалымдоого тийиш. 

38. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

а) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч каты. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аталышы, МБКнын чыгарылган номери, МБК төлөнгөн күн, төлөнгөн МБКлардын саны,төлөнгөн МБКлардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн МБКлар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

б) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

в) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

39. Улуттук банк, зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен, кардардын банктын өтүнүч катында жана банктын кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат. 

40. Банктын администратору МБКларга ээлик кылуучулардын банктын реестринде көрсөтүлгөн укуктарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат жана жооп берет. 

 

8. Банкка убактылуу жетекчилик, консервация жол-жоболору 

киргизүү учурунда башка банктык жана төлөм операцияларын 

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

41. Банктын администратору инсайдерлерден жана аффилирленген жактардан болушкан, ошондой эле алар менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын тиешелүү токтомдорунда көрсөтүлгөн башка жактарды эске албаганда, өз кардарлары үчүн төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат: 

а) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан жеке адамдар үчүн - эгерде конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбесе, банктык операцияларды (кредиттерди жана ага теңдеш активдерди берүүнү, капиталга, мамлекеттикти эске албаганда, баалуу кагаздарга инвестицияларды, ошондой эле негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге салымдарды кошпогондо) толук көлөмдө жүзөгө ашырууга; 

б) Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болушкан юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактардын эсептешүү эсептеринен алардын кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө, эгерде, конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдардын чечими менен башкасы белгиленбеген болсо, ошол юридикалык жактардын Социалдык фонд, бюджет, коммуналдык уюмдар, байланыш операторлору, КММ берүүчүлөр алдындагы жеке милдеттенмелерин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсептешүү документтеринде (эсеп-квитанциясы, эсеп-фактура) көрсөтүлгөн суммада толук көлөмдө төлөө үчүн операцияларды жүзөгө ашырууга; 

в) Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен болушкан жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттеринен жана резидент эместеринен болушкан жеке ишкерлер үчүн - операцияларды конкреттүү бир банк үчүн Улуттук банктын же ыйгарым укук чегерилген башка органдын чечими менен белгиленген чекте жүзөгө ашырууга. 

42. Банктын администратору Улуттук банктын чечимине ылайык, банктын ички эсептешүүлөрүн эске албаганда, кардардын банк алдындагы кайсы болбосун милдеттенмесин төлөөгө багытталган төлөмдөрүн кабыл алууну, бюджеттик төлөмдөрдү, социалдык чегерүүлөрдү, эмгек акыны, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө, юридикалык жактар тарабынан ачылган транзиттик эсептер аркылуу келип түшкөн суммаларды пенсияларды жана эмгек акыларды төлөө үчүн банктын аманатчыларынын эсебине чегерүү максатында юридикалык жактардын эсебинен конвертациялоону жүргүзө алат. 

43. Банк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы жана/же Мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик бюджет, ошондой эле Улуттук банктын өзүнчө чечиминин негизинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан уюмдар менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзө алат. 

44. Банк кардарларга даректүү акча которууларын төлөй алат. Акча которуулар системасы боюнча акча каражаттарын кабыл алуу жана которуу Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат. 

45. Убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген катышуучу, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм системасынын алкагында нак акчага айландыруу жана өз кардарларынын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча операцияларды өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары (банкоматтар жана терминалдар) аркылуу жана өзүнүн бардык бөлүмдөрүндө жүзөгө ашыра алат. Башка банктардын кардарларынын төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

46. Банктын администраторуна Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин эл аралык төлөм системалары (Visa, MasterCard, Золотая Корона, American Ехрress, Diners Club ж.б.) аркылуу кардарлардын төлөмдөрүн өткөрүүгө тыюу салынат. 

47. Банктын администратору Улуттук банктын эл аралык төлөм системалар аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө тиешелүү чечимин алгандан кийин, карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө, акча которууларына жана банктык башка кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү келишим түзүлгөн, төлөм системаларынын чет өлкө операторлоруна бул тууралуу токтоосуз маалымдоого тийиш. 

48. Банктын администраторуна Улуттук банктын өзүнчө тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин SWIFT, Банк-кардар жана альтернативдүү башка байланыш каналдары аркылуу чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүүгө жол берилбейт. 

49. Улуттук банк, алдын ала билдирүүсүз, бир тараптуу тартипте, эгерде Улуттук банк тарабынан ушундай чечим кабыл алынса, Катышуучунун SWIFT ЖПТ системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн токтото алат. 

 

9. Банкты банкрот деп таануу учурунда банктык 

жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби 

 

50. Улуттук банк, соттун Катышуучуга карата банкроттук процессин козгоо жөнүндө чечими күчүнө кирген учурда, Катышуучуну системага өз убагында блокировкалоо үчүн соттун мындай чечими/жарыялоосу жөнүндө төлөм (эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, пакеттик клиринг системасы, "Элкарт" улуттук эсептешүү системасы, SWIFT Жамааттык пайдалануу түйүнү) жана соода системасынын операторлоруна, депозитарийге дароо маалымдоого, ошондой эле банктарга, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун операторлоруна жана соода аянтчаларынын операторлоруна өз убагында маалымдоого тийиш. 

51. Улуттук банк, маалымдоо процессин тездетүү жана бардык кызыкдар жактардын тиешелүү маалымат алуу убактысын жана күнүн белгилөө максатында, расмий билдирүүнүн сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн, кийинчерээк билдирүүнүн кагаз жүзүндөгү вариантын жөнөтүү менен ушул Жобонун 50-пунктунда көрсөтүлгөн системалардын расмий электрондук дарегине жөнөтүүнү жүзөгө ашырат. 

52. Төлөм (эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, пакеттик клиринг системасы, "Элкарт" улуттук эсептешүү системасы, SWIFT Жамааттык пайдалануу түйүнү) жана соода системаларынын операторлору Катышуучуну банкрот деп таануу жана банкроттук жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө соттук акты тууралуу билдирүүнү алгандан кийин ошол Катышуучуну өз системасына блокировкалоого тийиш. 

53. Банкрот деп жарыяланган банктын атайы администратору банктын банкрот болгондугу жөнүндө карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүгө, акча которууларына жана башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тиешелүү келишимдер түзүлгөн төлөм системаларынын чет өлкө операторлоруна токтоосуз маалымдоого тийиш. 

54. Катышуучунун акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасы оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алганга чейин кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу болуп саналып, доо күчүнө ээ болот жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Бул учурда, системанын операторлору бүтүмдөргө келишүүнү аяктоого жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

55. Катышуучунун акча каражаттарды же баалуу кагаздарды которууга тапшырмасы, ошондой эле анын пайдасына башка Катышуучулардын акча каражаттарын же баалуу кагаздарын которууга тапшырмасы, оператор банкроттук процесси тууралуу билдирүүнү алгандан кийин кайтарылып алынууга тийиш жана ал доо күчүнө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү эмес. 

56. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы боюнча төлөмдөр, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр жана акча которуулары боюнча төлөмдөргө тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзүү, Улуттук банктын чечимине ылайык, башка катышуучуда ачылган, атайы эсеп аркылуу атайын администратор тарабынан жүзөгө ашырылат. 

57. Төлөө мөөнөтү келип жете элек МБКлары бар кардарларга ээ банкты банкрот деп таануу учурунда, банк, өз кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүүгө тийиш, мында, Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр белгиленген банктын кардарларынын МБКлары эске алынбайт. Банктын атайын администратору банкроттук процессин козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бул тууралуу жана алардын өздүк МБКларын башка банкка өткөрүп берүүгө укугу тууралуу өз кардарларына - МБКларга ээлик кылуучуларга маалымдоого тийиш. Мында, проблемалуу банктын кардары МБК өткөрүлүүчү банктын аталышын жана башка банкка которулууга тийиш болгон МБКлардын чыгарылышынын тизмесин көрсөтүү менен МБКларды башка банкка өткөрүп берүү тууралуу кат жүзүндөгү арызын проблемалуу банкка берүүгө тийиш. Проблемалуу банктын кардарларынын - МБКларга ээлик кылуучулардын тизмесин аныктоо жана алардан арыздарды кабыл алууга банктын атайын администратору жооп берет. Проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп берүү жана Улуттук банктын аракети ушул Жобонун 58, 59 жана 60-пункттарын эске алуу менен убактылуу жетекчилик, консервация жол-жобосу киргизилген тартипте эле жүзөгө ашырылат. 

58. Эгерде, банктын кардарларынын МБКларды төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта, атайын администратор проблемалуу банктын кардарларынын МБКларын башка банкка өткөрүп бербесе, анда проблемалуу банктын кардарларынын төлөнүүчү МБКлар же купондук төлөмдөр боюнча акча каражаттары Улуттук банктын эсебине чегерилет. 

59. Чегерилген акча каражаттары проблемалуу банктан төмөнкү документтерди алганга чейин Улуттук банктын эсебинде турат: 

а) кардардын акча каражаттарын Улуттук банктагы эсептен кардардын башка банктагы эсебине которуу жөнүндө өтүнүч кат. Ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: кардардын аталышы, МБКнын чыгарылган номери, МБКнын төлөө күнү, төлөнгөн МБКлардын саны, төлөнгөн МБКлардын номиналдык наркы, купондук төлөмдөрдүн суммасы, төлөнгөн МБКлар боюнча акча каражаттарын которуу жүзөгө ашырылган банктын аталышы, кардардын эсебинин номери жана башка зарыл маалыматтар; 

б) кардардын башка банкта ачылган эсебинин реквизиттерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арызы; 

в) кардарга эсеп ачылгандыгы тууралуу, анын эсеп номерин, БИК жана банктын дарегин көрсөтүү менен банктын/банктын филиалынын тастыктоосу. 

60. Улуттук банк, зарыл документтерди алгандан кийин өз эсебинен, кардардын банктын өтүнүч катында жана банктын кардарынын арызында көрсөтүлгөн башка банктагы эсебине акча каражаттарды которууну жүзөгө ашырат. 

61. Соттун чечиминин негизинде банкка карата банкроттук жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн контрактыларды жана бүтүмдөрдү кийинкиге калтырууга тиешелүү бир да жобо, эреже же тажрыйба төлөм системасы же Улуттук банк тарабынан таанылган баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы аркылуу өткөрүлгөн клирингдин натыйжаларынын алынып салынышына алып келбейт.