Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармалыгынын 

2005-жылдын 19-мартындагы 

N 6/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/4, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13, 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/4, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/3, 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Рөспубликасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары - Улуттук банк) чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1 жана 2.2.-пункттарына ылайык, Улуттук банк Башкармасы тарабынан Улуттук банктан лицензия алышкан жана тескөөгө алынган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу чөйрөсүндө өз компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу ыйгарым укугу берилген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Өз ишинде Комитет Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону жана Комитеттин Регламентин жетекчиликке алат. 

1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн. 

Комитеттин төрагасы жана/же анын башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин ишине катышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Комитеттин ыйгарым укуктары, милдеттери 

Комитет Банктардын жана башка ФКМдердин ишин жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча иш максаттарын жана милдеттерин аныктайт жана белгилейт, ошондой эле банктык көзөмөлдүк саясатынын жана ФКМдердин ишине көзөмөлдүктүн ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт. 

2.1. Комитет, айрым Банктарга жана башка ФКМдерге карата төмөндөгү чара көрүү же айып салуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн: 

а) жаңы жана/же бир кыйла жогорку экономикалык ченемдерди киргизүү

б) милдеттүү камдардын ченемдерин жогорулатуу; 

в) тажрыйбалуу консультантты дайындоо; 

г) тике банктык көзөмөлдү жүргүзүү

д) банктардын жана башка ФКМдердин айрым же бүтүндөй жетекчилигин ал маштырууну талап кылуу; 

е) финансылык чыңдалуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылуу; 

ж) Банктарды жана башка ФКМдерди кайрадан каржылоо же кайрадан түзүүнү жүзөгө ашырууну талап кылуу; 

з) айрым банктык операцияларды токтото туруу, чектөө

и) текшерилип жаткан тараптын эсебинен пландан тышкаркы аудитордук текшерүүнү өткөрүү боюнча талапты сунуш кылуу; 

к) кредиттердин же чегерүүлөрдүн категориялары боюнча чектөөлөрдү белгилөө

л) кошумча күрөөлүк камсыздоо талабын сунуш кылуу; 

м) эгерде банк же аны менен байланыштуу болгон тарап банктык жана монополияга каршы мыйзамдарды, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик актыларын же анын буйрук каттарын бузуу менен адилетсиз байып кеткен болсо, ордун толтуруп берүү, банк тарабынан гарантияланган шарттарда төлөп берүү талабын сунуш кылуу; 

н) айрым активдерди сатуу, банк тарабынан келишилген кайсыл болбосун контрактты же макулдашууну жокко чыгарууну талап кылуу; 

о) башка таасир этүү чараларын колдонуу; 

п) Банктарга жана башка ФКМдерге акчалай айып салуу; 

р) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомуна ылайык алынып салынды) 

с) кредиттик союздардын ишин тескөөгө алуу үчүн убактылуу администрация чарасын киргизүү

т) кредиттик союздун лицензиясын кайтара алуу; 

у) МФУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу; 

ф) кредиттик союздун/МФКнын лицензиясынын же МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн аракетин убактылуу токтотуу/чектүү

х) МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн кайтарып алуу. 

Комитет ал тарабынан кабыл алынган өзүнчө бир Банктарга жана башка ФКМдерге карата таасир этүү чараларын колдонуу жана айып салуу салуу жөнүндө чечимдеринин натыйжалуулугуна баа берет жана өзүнчө бир банкка жана ФКМге карата таасир этүү чараларын колдонуунун жана айып салуулардын натыйжалары жөнүндө маалыматты Улуттук банк Башкармасына жарым жылда бир жолу сунуштап турат. 

Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечими милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш: 

- Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин (БФКМ) ишин тескөө боюнча убактылуу администрацияны киргизүү тууралуу; 

- БФКМ лицензияларынын аракетин убактылуу токтотуу/чектөө жөнүндө

- БФКМ лицензиясын кайтарып алуу тууралуу; 

- банктардын/БФКМдердин кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

- банктардын/БФКМдердин аталышын/аталышын өзгөртүүнү макулдашуу жөнүндө

(КР УБ 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-1. Комитет айына бир жолудан кем эмес жолу кароого алат: 

- банктар (ар бир айда отчет эки банк боюнча) көзөмөлдүк стратегиясынын аткарылышы жөнүндө отчетту; 

- банктар, ошондой эле депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар жана кредиттик союздар тарабынан комплекстүү текшерүүлөрдүн, ошондой эле тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталгандыгы/сакталбагандыгы жөнүндө маалыматты; 

- банктарга, ошондой эле депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга карата регулятивдүү көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжаларын. 

(КР УБ 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-2 Комитет, чейрек сайын, кеминде бир жолу Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүк функциясынын жүзөгө ашырылышы жөнүндөгү отчетту кароого алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Комитет, төмөндөгү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) Банктарга жана башка ФКМдерге көзөмөл жүргүзүү саясатын аныктоо; 

б) Банктарга жана башка ФКМдерге карата жөнгө салуучу көзөмөл чараларын кабыл алуу; 

в) Төрагалардын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн; Шариат 

Кеңешинин; Башкармалыктын Төрагасынын; кредиттик ишке жана ислам принциптери боюнча каржылоо жагындагы ишке жооп берүүчү Төраганын орун басарларынын жана Башкарма мүчөлөрүнүн; Аудит боюнча комитеттин Төрагасынын; ички аудит кызматынын жетекчисинин; банктын башкы бухгалтеринин макулдашуусу; 

г) анын натыйжасында банк же ФКМ туунду статусуна ээ болгон, акциялардын контролдук пакетин сатып алууга макулдук берүү

д) банктын жаңы аталышын алдын-ала макулдашуу; 

е) Банктарды жана башка ФКМдерди текшерүүнүн натыйжасында, зарыл болгон шартта андан аркы чараларды аныктоо көзөмөл; 

ж) жөнгө салуу жана көзөмөлдүк маселелери боюнча Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрү менен өзара аракеттенүүнү координациялоо; 

з) көзөмөлдүн жергиликтүү сыяктуу эле, четөлкөлүк башка органдары менен өзара аракеттенүүнү координациялоо жана күчөтүү

и) тиешелүү материалдарды Комитет тарабынан маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер укук коргоо органдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматыа берүү

к) банк тарабынан мыйзам талаптары бузулгандыгы туурасында коомчулукка маалымдоо; 

л) критерийлердин баштапкы маанилерине өзгөртүүлөрдү киргизүү 

жана/же банктардын маанилүү жаңы критерийлерин киргизүү/иштеп жаткан критерийлерди жоюу; 

м) Банктардын жана башка ФКМдердин ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун кароо; 

н) консерватор тарабынан консервация режиминде турган банктын алдыдагы алты айга карата иш планын кароо; 

о) монополияга каршы ишин жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (баа түзүү тартибинин бузулушу, анын ичинде, монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, колдоого алынышы; банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда) боюнча маселелерди кароо"; 

п) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомуна ылайык алынып салынды) 

2.4. Комитет төмөндөгү маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) Комитеттин регламенти жана ишинин ички процедуралары; 

б) банктарды текшерүү боюнча колдонмо (Банктарды жана башка ФКМдерди текшерүү боюнча колдонмо; Банктарды жана башка ФКМдерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүү боюнча колдонмо; тышкы көзөмөлдү жүзөгө ашыруу алкагында Банктардын жана башка ФКМдердин ишине анализ жүргүзүү боюнча колдонмо); 

в) Банктардын жана башка ФКМдердин ишине анализ жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр; 

г) аларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Комитетке Улуттук банк тарабынан делегацияланган башка документтер жана чечимдер. 

2.5. Комитет, зарыл болгон учурларда банк тутуму, лицензиялоо жана банктык көзөмөл, анын ичинде Банктардын жана башка ФКМдердин ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченемдик актыларынын долбоорлору боюнча кайсыл болбосун маселени талкууга алып, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна алып чыгууга укуктуу. 

Комитеттин катчысы болуп жетектөөчү адис шайланат, бул анын кыз- 

маттык көрсөтмөлөрүндө караштырылат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин Төрагасы) жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Комитеттин катчысы болуп жетектөөчү адис шайланат, бул анын кызматтык көрсөтмөлөрүндө караштырылат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Комитеттин Төрагасы жүзөгө ашырат 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Улуттук банктын Комитетинин отурумундарын өткөрүү жана даярдоо 

3.1. Комитеттин отурумдары ар дайым, айына кеминде бир жолу, айдын акыркы жумасынын төртүнчү күнүндө өткөрүлүп турат. Комитет жарым жылдык иш планын бекитет, ага ылайык тиешелүү маселелер кароого алынат. Зарыл болгон учурда Комитеттин төрагасы кезексиз отурумду чакырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. Комитеттин мүчөлөрүнө пландык отурумдун күн тартиби, боло турган жери жана убактысы жөнүндө кеминде эки жумуш күнү ичинде билдирилет. 

Кийинкиге калтырууга болбой турган чечим кабыл алууну талап кылган пландан тышкаркы отурумдар Комитеттин төрагасынын же Комитеттин эки мүчөсүнүн чечими боюнча өткөрүлөт, Комитеттин катчысы бул тууралуу, тартип түрүндө, Комитеттин отурумуна чейин бир күндөн кем эмес убакытта Комитеттин мүчөлөрүнө кат жүзүндө билдирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Комитеттин отурумунун кворуму төрт адамды түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш. 

3.4. Комитеттин чечимдери Комитеттин отурумуна катышып жаткан мүчөлөрдүн санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен чечилет. Добуш барабар болуп калган учурда Комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. 

3.5. Токтомдордун бардык долбоорлору милдеттүү түрдө Юридика башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Комитеттин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышына жооп берген кызмат адамы, Комитеттин токтомунда көрсөтүлөт жана Комитеттин чечимдеринин аткарылгандыгы жана аткарылбагандыгы тууралуу Көзөмөл боюнча комитетке кеминде жылына эки жолу отчет берип турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымдоо тартиби комитет тарабынан кабыл алынат. 

3.8. Комитеттин отурумдары протокол менен таризделет, ал Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин Комитеттин төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколдорду жүргүзүү процедуралары жана тартиптери Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.9. Комитеттин катчысынын милдети: 

а) отурумду өткөрүү датасы, күн тартиби тууралуу Комитеттин ар бир мүчөсүнө өз учурунда билдирүү

б) Комитеттин жарым жылдык иш планынын долбоорун түзүү

в) Комитеттин отрумдарынан протокол түзүү жана токтомдорду жана/же Комитеттин чечимдерин тариздөө жана анын мөөнөтүнө контролдук кылуу; 

г) Комитет тарабынан бекитилген регламентке ылайык, структуралык бөлүмдөр тарабынан материалдардын даярдалышына жана таризделишине, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрүн алардын негизинде материалдар даярдалган Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен камсыз кылынышына контролдук кылуу; 

д) каралып жаткан маселелер боюнча зарыл болгон документтердин жана материалдардын топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө таркатуу; 

е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана баш- 

ка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө жарым жылдык отчетту даярдоо; 

ж) Комитеттин аткарган иши жөнүндөгү отчетту, Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо үчүн жарым жылда бир жолу даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.10. Иш жүргүзүүнү алып жүрүү тартиби Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.11. Комитеттин чечимдерине талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык даттанууга болот. 

3.12. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат. 

4. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө 

өлүм КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү, ушул жобонун талаптарын сактоо жана аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Отурумга материалдарды даярдаган бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү, Комитеттин отурумунда кароого алынган маселелер боюнча маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте жоопкерчилик. 

Эскертүү

(1) (алар боюнча айыл салуу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын укуктук актыларына ылайык алмашуу бюролорун, ломбарддарды, кредиттик союздарды эске албаганда).