Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  

          2005-жылдын 12-августунда N 102-05 номеринде каттоодон өткөн 

  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлунда N 22/2 токтому менен бекитилген 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик ме кемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө

Жобо 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы N 25/7, 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/6, 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11, 2016-жылдын 25-майындагы N 20/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Аудитордук иш жөнүндө", "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда банктардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын, Улуттук банк тарабынан лицензия алган башка финансы-кредиттик мекемелердин ("Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы жана микрофинансылык компаниялар адистештирилген финансы-кредит мекемесинин) аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген. 

Жобо, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамына каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Колдонулуучу аныктамалар 

Бул Убактылуу жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 

Банктын тышкы аудити - банктардын финансылык отчеттуулугун көзкарандысыз текшерүү (аудит) жана банктын тышкы аудиторлоруна аудитке тиешелүү кызматтарды көрсөтүү

Банктын тышкы аудитору - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн көзкарандысыз аудитордук уюм. 

Аудитке карата талаптар банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук компанияга, анын штатына, тартылган аудиторлорго (жеке адамдар жана юридикалык жактар), аудитордук текшерүүгө (кайсыл болбосун баскычында), аудитордук корутундуга коюуга тийиш болгон талаптарды камтыйт. 

Жетекчиликке кат - банкка тышкы аудитти жүргүзүү ниетин билдирген (заказ кылган) банктын тышкы аудитору тарабынан банктын финансылык отчеттуулугунда жана анын ички контролдук системасына дал келбөөчүлүктөр, ошондой эле банктын тышкы аудиторунун пикири боюнча оңдоо максатка ылайыктуу болгон башка кемчиликтер жана эреже бузуулардын аныкталгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө расмий кабарлоосу. 

Банктын тышкы аудиторунун көзкарандысыздыгы - банктын тышкы аудиторунун өзүнүн корутундуларынын, тыянактарынын натыйжаларына кимдир бирөө кийлигишпестен өз алдынча, көзкарандысыз жана банктын тышкы аудитору пикирин билдиришине тыштан ар кандай таасир этүүнү жокко чыгарган шартта аракеттенүү жөндөмдүүлүгү

Банктын финансылык отчеттуулугуна түшүндүрмө кат (ачып көрсөтүүлөр): 

- банктын финансылык отчеттуулугун даярдоонун негизи жана учурдагы операциялар менен окуялар үчүн тандалган жана колдонулган конкреттүү эсепке алуу саясаты жөнүндө маалыматты билдирген; 

- финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттары, Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттар(1) талап кылган, банктын дагы кандайдыр бир финансылык отчетунда сунуш кылынбаган маалыматты ачып көрсөткөн; 

- банктын финансылык отчетунун өзүндө сунуш кылынбаган, бирок объективдүү сунуш кылуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты камсыз кылган документ. 

Банктын аткаруучу кызмат адамдары, инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар, банктын олуттуу тундуу компаниясы же банктык холдингдик компания}, ислам банкы, "ислам терезесине" ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптери, Шариат кеңеши терминдери - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында аныкталган мааниге ээ. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

II. Банктын тышкы аудиторунун көз карандысыздыгы 

2.1. Банктын тышкы аудитору көзкарандысыз, объективдүү, таламдардын пикир келишпестиктер орун алууда деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш. 

2.2. Аудитордук уюмдун көзкарандысыздыгын аныктоодо, инсайдердик жана/же аффилирленген компаниялар деген аныктамага туура келген мамилелердин бар экендигин ырастаган бардык жеткиликтүү маалыматты эске алат. Эгерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Убактылуу жобонун талаптарына ылайык аудитордук уюм иш жүзүндө көзкарандысыз болуп саналбаса, аудитордук уюм банкка же анын ар кандай инсай дерине жана аффилирленген компаниясына көзкарандысыз бо луп саналат деп таанылышы мүмкүн эмес. 

2.3. Тышкы аудитти жүргүзүүдө банктын тышкы аудитору Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндөгү" Мыйзамында белгиленген талаптарды сактоого тийиш. 

2.4. Банктын аудитине катышып жатышкан аудитордук уюм, аудиторлор же тартылган аудиторлор эгерде акыркы эки жыл ичинде төмөнкүлөрдөн болуп саналышса же же саналышкан болушса, көзкарандысыз болуп саналышпайт: 

2.4.1. Банктын инсайдери, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин, башкарманын, аудит боюнча комитеттин же ошол банктын кайсыл болбосун аффилирленген жагы болуп саналса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7  токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.2. Кайсыл болбосун инсайдердин, Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин, Башкарманын мүчөсүнүн, аудит боюнча Комитеттин же кайсыл болбосун аффилирленген жактын мүчөсүнүн ишкер өнөктөшү (ишкер мамилеге ээ болгон) болуп саналса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.3. Банктын же банктын кайсыл болбосун аффилирленген жагынын акционери; 

2.4.4. Тике же кыйыр бүтүмдүн же банк, аффилирленген жак, инсайдердин кайсыл болбосун аффилирленген жагы менен аудитордук уюмдун объективдүүлүгүнө жана көзкарандысыздыгына кандай болбосун жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн макулдашуунун катышуучусу болсо. 

2.5. Банк, банктын тышкы аудиторуна шек саноосу орун алса, анын ичинде алардын шартында аудитордук уюм же кайсыл болбосун аудитор банктын аткаруу кызмат адамдарынын курамына кирген же банктын жетекчилигинин контролдугу алдында турган жагдай орун алса, аудитордук уюмду банктын тышкы аудитору катары ишке тартпоого тийиш. 

III. Банктын тышкы аудитине талаптар 

3.1. Банктын тышкы аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасында таанылган аудит стандарттарында белгиленген тартипте, ошондой эле ушул Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 

Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү мамилелерде Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча уюм иштеп чыгуучу ислам финансы институттары үчүн аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору болушу мүмкүн. 

3.3. Аудиттен өтүп жаткан топту чагылдырган банктар, банктык холдингдик компания (башкы компания), банктын же банктык холдингдик компаниянын олуттуу туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын аудиттик ишкердик жөнүндөгү лицензияга ээ жана ушул Жобонун талаптарын канааттандырган шартта көзкарандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан милдеттүү түрдө ар жылдык аудиттен өтүүгө тийиш. Банктар үч жылда бир жолу маалымат системасына аудит жүргүзүп турууга тийиш. 

3.4. Банктын тышкы аудитин жүргүзүүнүн максаты банктык көзөмөл органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктын ички аудитинин жана банкты инспектордук текшерүүнүн максаттарынан айырмаланат. 

Банктын тышкы аудитинин максаты болуп банктын финансылык отчеттуулугу учурдагы бардык олуттуу аспекттерде финансылык отчетту берүүнүн белгиленген негиздерине ылайык келе тургандыгы жагынан пикирдин билдирилиши болуп саналат. 

3.4.1. Олуттуу аспекттилерди изилдеп чыгуу учурунда бери дегенде төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

(1) Банктын активдерин эсепке алуу жана классификациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик талаптарына, эсепке алуу саясатына жана алгылыктуу банк тажрыйбанын жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык келиши. Бул максаттарда банктын тышкы аудитору төмөнкүлөр жагынан маалымат алуу үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) кредит саясаты жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө сапаты банктын Кредиттик комитетинин ойдогудай иш алып баруусу аркылуу камсыз кылынат, кредиттик билдирмелерди карап чыгуу жол-жоболору бар, карыз алуучу жөнүндө зарыл жана жетиштүү маалыматты топтоо камсыз кылынат, кредиттердин өз учурунда кайтарылышы, анын ичинде инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар тарабынан кайтарылып берилишине контролдук (мониторинг) жүргүзүлөт, ссудалардын төлөө мөөнөттөрүнүн узартылышынын зарыл негиздүүлүгү камсыз кылынат, доо ишин ойдогудай коюу жана жүргүзүү камсыз кылынат; 

б) кредиттик портфелди жана башка активдерди, анын ичинде баланстан тышкаркы милдеттенмелерди классификациялоо жүргүзүлөт жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жүргүзүлөт; 

в) банктын башка менчигин, анын ичинде күрөөлөрдү адекваттуу эсепке алуу жана баа берүү жүргүзүлөт; 

г) ссудалык карыздардын эсептери жана банктын "лоро" жана "ностро" эсептери боюнча калдыктар, депозиттерди эсепке алуу депозиттердин жана башка карыздардын белгиленген структурасына ылайык келе тургандыгы өз учурунда ырасталат; 

д) баалуу кагаздар рыногунда, ошондой эле ишеним боюнча башкарууну жүзөгө ашыруу учурунда кесиптик иштин түрлөрү адекваттуу эсепке алуу жана отчеттуулук жүзөгө ашырылат. 

(2) Эсепке алуунун жана инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операцияларды ачып көрсөтүүнүн тиешелүү талаптарга ылайык келиши. Бул максаттарда банктын тышкы аудитору төмөнкүлөр жагынан маалымат алуу үчүн зарыл болгон бардык жол-жоболорду аткарууга тийиш: 

а) инсайдерлер жана аффилирленген жактар жана инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар белгиленген; 

б) бардык ушул операциялар тиешелүү түрдө банктын финансылык отчетунда тиешелүү түрдө чагылдырылган жана ачып көрсөтүлгөн шарттарды кошо алганда, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү уруксат жана саясат орун алган; 

в) инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялардын натыйжасында келип чыккан дебитордук карыз өз учурунда төлөнө тургандыгынын талашсыз далили бар; 

г) инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды иликтеп көрүү учурунда банк тажрыйбасында жалпы кабыл алынган (кредиттерге баа берүү, күрөөнү кабыл алуу ж.б.) сыяктуу этияттык чаралары сакталган. 

(3) Банктын ички контролдугу системасынын адекваттуулугуна төмөнкү аспекттер боюнча маалымат алуу менен баа берүү

а) банкты башкаруу структурасынын банк аткарган операциялардын түрлөрүнө жана көлөмүнө адекваттуулугу (башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алууга катышуусу, жетекчилердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, структуралык бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана кызматтык нускоолордун болушу); 

б) бардык операциялар бухгалтердик эсепте чагылдырылышына жана ишенимдүү отчетту даярдоого контролдукту уюштуруу; 

в) банкта ички контролдун ишин уюштуруу; 

г) банктын туунду компанияларынын жана филиалдарынын ишине контролдукту уюштуруу; 

д) банкта тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу; 

е) банктын жаңы ички жол-жоболорун иштеп чыгуу же колдонулуп жаткан ички жол-жоболорун өркүндөтүү түрүндө, ошондой эле банктын ички контролдоо системасын жакшыртуу боюнча мурдагы аудитордук текшерүүнүн сунуш көрсөтмөлөрүн аткаруу. 

(4) Төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча банк операцияларынын жана операция жүргүзүү жол-жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык келиши. Бул максатта банктын тышкы аудитору төмөнкүлөрдүн сакталышынын жана камсыз кылынышынын көзкарашынан алган текшерүү жүргүзүүсү зарыл: 

а) кагаз жүзүндөгү төлөм документтери алардын электрондук аналогдоруна ылайык келиши; 

б) төлөмдөрдү өз учурунда өткөрүү

в) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын жеке ачкычтары менен иштөө учурунда купуялык жана коопсуздук шарттары, аларды сактоо жана пайдалануу эрежелери; 

г) каражаттарды кардарлардын эсебине өз учурунда жана туура кошуу жана каражаттарды кардарлардын эсептеринен алып салуу; 

д) электрондук төлөмдөрдү өткөрүү учурунда маалыматты өз учурунда кабыл алуу жана берүү

е) чыгыш жана кириш электрондук төлөм документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттүн ичинде сактоо; 

ж) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу боюнча талаптарды аткаруу. 

(5) Банктын тышкы аудитору тарабынан банктын тышкы аудиторунун банктын финансылык отчеттуулугуна аудитти жүргүзүү учурунда алдамчылык жана каталар толук көлөмдө жана Аудиттин эларалык Стандарттарынын, Ислам финансылык институттары үчүн аудит стандарттарынын(2) башка талаптарын аткаруусу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

(6) Банктын маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жана баа берүүлөрдү жүзөгө ашыруу: 

а) Улуттук банктын, банктын маалымат коопсуздугуна тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына; 

б) банктын жетекчилиги тарабынан бекитилген маалымат системасынын ишине тиешелүү ички саясатынын/жол-жоболорунун талаптарына. 

3.4.2. Маалымат системасына тышкы аудитти жүргүзүүдө эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерге алардын белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын стандарттарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келиши көз карашынан иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

б) маалымат системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча банктын стратегиялык документтерине, бизнес пландарга, саясаттарына жана жол-жоболоруна алардын шайкештигине, талапка ылайыктуулугуна жана актуалдуулугуна баа берүү максатында иликтөөлөрдү жүргүзүү

в) маалымат технологиясы процесстерин жөнгө салуу системасына, операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системасын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) филиалдарда маалымат системасынын коргоого алынышы деңгээлин кароого алуу; 

ж) автоматташтырылган системалардан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жана андагы бөлүштүрүү системасына баа берүү

з) банк персоналынын маалыматтык коопсуздук жагында маалыматын жогорулатуу деңгээлине баа берүү

и) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы, лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу. 

3.5. Олуттуу аспекттерди ачып көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында банктын тышкы аудитору банктын ички контролдоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле банктын ички аудит кызматы аныктаган банктын проблемалары жөнүндө маалыматты алуу үчүн банктын ички аудит кызматынын кызматкерлери менен консультацияларды жүргүзөт. Банктын тышкы аудитору банктын ички аудит кызматынын бардык материалдарынан жана отчетторунан пайдалана алат. 

3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен банктар банктын ички аудитин жүргүзүү үчүн аудитордук уюмду тандайт жана бул жөнүндө белгиленген тартипте Улуттук банкка билдирет. 

3.7. Банктын Директорлор кеңеши банктын тышкы аудиторун тандайт, аудитордук уюм менен аларга төлөнүүчү гонорар боюнча, банкта тышкы аудитин жүргүзүү шарттары жагынан аудитордук уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана банктын тышкы ауди тору жөнүндөгү материалдарды банктын акционерлеринин жалпы жыйналышынын кароосуна сунуш кылат. Банктын тышкы аудиторун тандап алуу процедурасы банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин аяктоого тийиш. Банктын тышкы аудитору банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан шайланат (дайындалат). 

Келишим түзүүдө ушул Убактылуу жобонун талаптары алынууга тийиш. 

3.8. Банктын тышкы аудиторун тандоо жол-жоболорун иштеп чыгуу учурунда банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү эске алуусу зарыл: 

3.8.1. Банкты же банктык холдингдик компанияны аудиттен өткөрүү үчүн тандалган аудитордук компания: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензияга жана кеминде үч жылдык иш тажрыйбага ээ болуу; 

- банктын көзкарандысыз болуу; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына, ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына(2) ылайык, финансы-кредиттик мекемелерге аудитти жүргүзүү тажрыйбасына ээ болуу; 

- штаттагы же тартылган аудиторлорунун болуусу. 

Банктын тышкы аудитинин кызмат көрсөтүүсүнүн сапатынын көзкарашынан алганда алда канча алгылыктуу аудитордук уюмду тандоо үчүн кеминде үч аудитордук уюмдун ишин карап чыгуу сунуш кылынат. Тышкы аудитти жүргүзүү учурунда банктын тышкы аудитору тарабынан тартылган аудиторлордун курамы өзгөртүлбөө тургандыгы сунуш кылынат. 

Банк тарабынан тышкы аудитор дайындалган учурда, тандоо тышкы аудитордун кызмат көрсөтүүсүнө сарптоолорду минимумга жеткирүү көзкарашы менен гана чектелбестен, аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8.2. Аудитордук уюмдун штаттагы же тартылган аудиторлору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- аудит боюнча мыйзамдын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык квалификацияга; 

- финансы-кредиттик мекемелерге аудит жүргүзүүнүн кеминде үч жылдык тажрыйбасына; 

- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына, ошондой эле Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стаңдарттарына(2) ылайык, финансы-кредиттик мекемелерге аудитти жүргүзүү тажрыйбасына ээ болуу; 

- банктык иш тармагында билиминин болушу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8.3. Аудитордук компаниянын маалымат системасынын штаттагы же ишке сырттан тартылган аудиторлору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- квалификациялык сертификаттарга (CISA, CISM ж.б.); 

- финансы-кредит мекемелеринин маалымат системасына аудит жүргүзүү жагында тажрыйбага. 

3.9. Банктын тышкы аудиторун ротациялоо (б.а. банк канчалык убакыт аралыгында ошол эле компаниянын кызматтарынан качанга чейин колдоно алышы) 5 жылдан ашыкты түзбөйт. Ротациялоо мөөнөтү банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы банктын ички аудитин тандоо (шайлоо) боюнча чечим кабыл алууга тийиш болгон күнгө карата акыркы арааттуу келген беш жыл эсебинен аныкталат. 

3.9.1. Эгерде, банк курамына кирген эл аралык холдингдик компания үчүн алар каттоодон өткөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында тышкы аудиторду ротациялоонун, ушул жободо белгиленгенден айырмаланган мөөнөтү каралган болсо, эл аралык холдингдик компаниялардын курамына кирген банк ротациялоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Улуттук банкка кайрыла алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.10. Тышкы аудитти жүргүзүү келишиминде ушул Жобонун 3.4.1-пунктунда чагылдырылган талаптар камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.11. Банктын тышкы аудиторун тандоо процессинде банктын Директорлор кеңеши аудитордук уюмдан ушул Жобонун 3.8.2-пунктунда көрсөтүлгөн күбөлүктүн (далилдин) жана ошондой эле төмөндөгүлөрдүн болушун талап кылууга тийиш: 

а) ушул аудитордук акыркы үч жыл ичинде аудиттен өткөргөн башка финансы кредиттик мекемелердин жана башка уюм дардын тизмесин; 

б) аудитордук текшерүүнүн пландаштырылып жаткан масштабын, аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө иликтөөгө алынган мезгил аралыгы, банктын тышкы аудитин жүргүзүү графигин, ошондой эле даярдоо пландаштырылып жаткан отчетторду кошо алганда, сунушту. 

3.12. Банктын Директорлор кеңеши үч жумуш күнү ичинде төмөндөгүлөр тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш: 

а) банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин банктын же банктык холдингдик компаниянын тышкы аудиторун тандоо (дайындоо) жөнүндө. Бул билдирүүдө лицензиянын бардыгы (лицензиянын номери, берилген күнү, аракеттенүү мөөнөтү, ким тарабынан берилгендиги), аудитордук уюмдун телефондорун, аудитордук уюмдун жетекчисинин аты-жөнүн кошо алганда, юридикалык дареги; 

б) банктын тышкы аудиторунун алмашкандыгы, эгерде тышкы аудиторду алмаштыруу аудит жүргүзүлүп жаткан учурда жүзөгө ашырыла турган болсо, аны алмаштыруунун себептери жөнүндө

3.13. Банктын тышкы аудитору текшерүү учурунда келип чыккан жана аудиттен өткөрүлүп жаткан финансы отчетуна түздөн-түз таасирин тийгизген мыйзам бузуулардын фактысы аныкталган учуруда, бул туурасында банктын жетекчилигине кат жүзүндө билдирет. 

Банктын тышкы аудитору эки жумуш күнү ичинде тиешелүү документтерди сунуш кылуу менен банкка төмөндөгүлөр тууралуу билдирет: 

а) банкты аудитордук текшерүүдөн өткөрүү учурунда банкка тышкы аудитти жүргүзүүдөн баш тартуусу тууралуу; 

б) алардын негизинде Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык чараларды көрүшү мүмкүн экендигин экертүү менен бүтүмдү жана/же шарттардын аныкталгандыгы тууралуу; 

в) алдамчылыкты же алдамчылык схемасын жана акча каражатардын "актоо" же терроризмди каржылоого туура келген бүтүмдөрдү аныктагандыгы тууралуу; 

г) тышкы аудитордун өтүнүчү боюнча банктын Улуттук банкка берүүдөн баш тартканда; 

д) аудиттин эларалык стандарттарына, Ислам финансы институттары үчүн аудит стандарттарына(2) ылайык, банктын же банктык холдингдик компанясынын олуттуу чыгым тартууларына алып келиши мүмкүн болгон бузуулар же жетишпестиктер жөнүндө

е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Банктын тышкы аудитордун маалыматы банктын тышкы почтасы катары таризделинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.14. Тышкы аудитор тарабынан мыйзам бузуулар фактысы орун алгандыгы туурасында тааныштырылган же банктын тышкы аудитин жүргүзүүдөн баш тарткан же 3.13., 5.4 пункттарда белгиленген башка учурларда банктын жетекчилиги каттын көчүрмөсүн тышкы аудитке жөнөтүү менен мындай маалыматты алгандан кийин эки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Бул маалымат банктын жетекчилиги тарабынан белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берилбей калган учурда банктын тышкы аудитору банктын ишинде мыйзам бузуулар орун алгандыгы туурасында маалымат банктын жетекчилигине берилгенден кийинки төрт жумуш күнү ичинде Улуттук банкка түздөн-түз бул тууралуу билдирет. 

3.15. Улуттук банк тышкы аудитордун корутундусун кабыл албастан, эгерде төмөндөгүлөрдү камтыган жагдайлар келип чыкса банкка же аффилирленген жакка кайталап аудитти жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу: 

3.15.1. Кыргыз Республикасынын "Аудитордук ишкердик жөнүндө" Мыйзамынын 11-статьясына ылайык аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр туралуу корутунду чыгарууга негиз болгон маалыматты жаап-жашырып коюу фактылары аныкталса; 

3.15.2. аудит лицензиясы жок аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылса; 

3.15.3. ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордук уюмдун квалификациялык сертификаты кайтарылып алынган болсо; 

3.15.4. банктын көзкарандысыз тышкы аудитору жок болсо; 

3.15.5. тышкы аудитор тарабынан зарыл болгон стандарттар, аудитти, бухгалтердик эсепке алууну жана банк иши жүргүзүү тажрыйбасы сакталбаса жана/же аудитор ал жөнүндө билбесе; 

3.15.6. аудитордук уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген фактылар аныкталса. 

Жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган учурда Улуттук банк тиешелүү билдирүүнү банктын дарегине жөнөтөт. Банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык банктын тышкы аудитин кайталап өткөрүүгө тийиш. Кайталап аудит өткөрүү банктын же аффилирленген жактын эсебинен өткөрүлөт. 

3.16. Банктын же банктык холдингдик компаниянын аудити консолидацияланган негизде жана ар бир компания үчүн өзалдынча өткөрүлөт. Банктык холдингдик компаниянын олуттуу банктык эмес туунду компанияларынын же банктын олуттуу банктык эмес туунду компаниясынын аудити өзалдынчалык негизде жүргүзүлөт. Аудиттен өткөрүлүп жаткан топтун карамагында турган бардык жактардын аудити бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Улуттук банк, банктын жана анын аффилирленген жагынын (аффилирленген жактарынын) өтүнүчү боюнча, эгерде банк же аффилирленген жак далил берип жана Улуттук банк төмөндөгү шарттардын орун алгандыгын тааныса, бул талапты алып салышы мүмкүн: 

а) аудиттен өткөрүлүп жаткан бардык жактар үчүн банктын финансылык абалына жагымсыз жагдайларды жаратышы мүмкүн болгон аудиттин наркынын жогору болгондугуна байланыштуу бир эле аудитордук топ тарабынан өткөрүүнүн мүмкүн эместиги же аудиттен өткөрүлүп жаткан бардык топту белгиленген мөөнөт ичинде аудиттен өткөрү алган аудитордук уюмдун жоктугу; 

б) банк же анын аффилирленген жагы тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында келтирилген талаптарды аткаруу үчүн бардык күч аркет жумшалган болсо; 

в) Улуттук банк тарабынан аудитти ар кайсы аудиторлор тарабынан жүзөгө ашырылышына уруксат берүүсү банктын же банктын аффилирленген жагынын же бүтүндөй банктык топтун аудитине жагымсыз жагдайларды алып келбесе. 

Аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон ар кайсы жактарга аудит өткөрүшү мүмкүн болгон бардык аудитордук уюмдар бири-бирине иш документтери жана банктын жана аффилирленген жактын аудитине байланыштуу корутундуну, аудитти өткөрүү учурунда маалыматтарды алмашуу жана алардын аудитордук корутундусуна байланыштуу өзара аракеттенишүү туурасында кат жүзүндө келишишмейинче Улуттук банк аудиттен өткөрүлүүчү топко кирген бардык жактарды аудиттен өткөрүү талабын алып кое албайт. 

IV. Тышкы аудитордун корутундусунун/отчетунун берилишине тиешелүү банкка карата талаптар 

өлүктүн аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1. Банк финансы жылы аяктагандан кийин 105 күндөн жана банктын же анын аффилирленген жагынын тышкы аудиторунун корутундусун алгандан кийин он күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: 

- белгиленген тартипте банктын тышкы аудитору тарабынан күбөлөндүрүлгөн банктын тышкы аудиторунун аудитордук корутундусунун көчүрмөсүн ага тиркелген банктын финансылык отчеттуулугунун жарыялануучу формалары менен бирдикте, анын ичинде банктын финансылык отчеттуулугуна түшүндүрмө катты (ачып көрсөтүүлөрдү) жана банктын жетекчилигине кат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Банктар республикалык жана жергиликтүү маанидеги финансылык отчетторду, банктын тышкы аудиторунун корутундусун аудит бүткөндөн кийинки 120 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. 

Банктар жарыялоо булактарын көрсөтүү менен 3 жумуш күнү ичинде банктын отчеттору жарыяланган басылмалардын көчүрмөлөрүн Улуттук банкка берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2-1. Банк милдеттүү аудитти жүргүзүү жана аудитордук корутундусу (отчет) менен финансылык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө тийиш. Билдирме финансылык отчет жарыялангандан кийин он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы N 43/6, 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

4.3. Улуттук банк, банктын, банктык холдингдик компаниянын жана банктык холдингдик компаниянын кайсыл болбосун олуттуу компаниясынын финансылык отчеттуулугунда банктын финансылык отчетуна тиешелүү аудитордун пикиринде билдирилген жетишпестиктерди банк, банктык холдингдик компания же анын туунду компаниясынын оңдоону талап кылат. 

Улуттук банк, эгерде аныкталган жетишпестиктер Улуттук банк тарабынан белгиленген мезгил аралыгында оңдолбосо, банктын жектекчилигине, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрүнө.контролдоочу акционерлерге жана/ же банктын өзүнө карата банктык мыйзамдарда белгиленген, лицензияны кайтарып алууга чейинки чараны колдонушу мүмкүн. 

V. Корутунду жоболор 

5.1. Улуттук банк, банктын тышкы аудити менен байланыштуу болгон кайсыл болбосун документтерди кароого алып, талап кылууга укуктуу. 

Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы менен аудитордук текшерүүгө байланыштуу бардык документтерди берүүгө укуктуу. 

5.2. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптерге ылайык банктын тышкы аудиторуна банктын тышкы аудитине тиешелүү зарыл болгон материалдарды берүүгө да укуктуу. 

5.3. Банктын тышкы аудити Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууну жокко чыгарбайт жана аны алмаштырбайт. 

Банктардын жана филиалдардын ишине инспектордук текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан зарыл болгон учурларда төмөндөгүлөрдү аткаруу үчүн көзкарандысыз аудитордук уюм жана/же жеке аудитор келишимдик негизде тартылышы мүмкүн: 

- жөнгө салуучу отчетторду түзүү үчүн банк пайдаланган ыкмаларды баяндоону; 

- башкарууну жана ички контролдоо системасынын адекваттуулугун баалоону; 

- ички контролдоо системасын (анын ичинде ички аудит кызматын кошо алганда) баалоону; 

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык принциптерин, Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарын жолдоосуна баа берүүнү

- банктын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Улуттук банк ченемдик актыларына ж.б. ылайык келишине баа берүүнү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы N 3/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

- операциялык тобокелдик категориясы катары маалымат системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

5.3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүн банктан талап кылууга укуктуу. Мында аудитордук уюм сунуштаган кызмат көрсөтүүгө банк төлөп берет. Аудитордук текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана мөөнөтү Улуттук банк, банк жана аудитордук уюм тарабынан талкууланып, үч тарап тең кол койгон протоколдор таризделинет. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берген аудитордук уюм, аудитордук текшерүүнү жүргүзө алат. 

Банк, пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүнө тиешелүү Улуттук банктын чечимине, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанууга укуктуу. Мында, Улуттук банктын чечимине банктын даттануусу ал чечимдин аткарылышын токтотууга тийиш эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы N 9/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Банктын аткаруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тышкы аудиторуна аудитордук текшерүүнү өз учурунда жана толук жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүүгө, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө

- аудитордук текшерүү аныктаган, анын ичинде банкты ички контролдоо системасында бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү, финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча эреже бузууларды четтетүүгө жигердүү катышууга. 

5.5. Банктардын аткаруучу кызмат адамдарына жана кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- банктын тышкы аудитинин натыйжалары боюнча негизделген, документтер жана эсептөөлөр менен ырасталган тыянактарды өзгөртүү максатында тышкы аудиторго таасир көрсөтүүгө

- банктын тышкы аудитин жүргүзүү учурунда айкындалууга тийиш болгон маселелердин чөйрөсүн чектөө максатында ар кандай иш-аракеттерди жасоого; 

- эгерде ал банктын тышкы аудитин жүргүзүү максаттары үчүн зарыл болсо тышкы аудитордун документтерге, отчетторго, банктын кызматкерлерине, ошондой эле банктын имараттарына жетишүүгө чектөө коюуга. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда банктын тышкы аудитору алар жөнүндө банктын Директорлор кеңешине көчүрмөсүн берүү менен Улуттук банкка түздөн-түз кат жүзүндө билдирүүсү зарыл. 

 (1) Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмө катта (ачып көрсөтүүлөрдө) Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттар талап кылган маалыматтар чечмеленип берилет. 

 (2) Аудитти Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан бекитилген стандарттарына ылайык жүргүзүү учурунда.