Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 2003-жылдын 

20-ноябрындагы N 32/7 токтому 

менен бекитилген 

 

Аудит боюнча Комитетке карата 

НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 15-февралындагы N 8/2, 

2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6, 

2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1,  

2015-жылдын 16-сентябрындагы N 53/10 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Негизги жоболор 

2. Комитет жөнүндө Жобо 

3. Комитетти уюштуруу 

4. Комитеттин функциялары 

5. Комитеттин укуктары 

6. Комитеттин милдеттери 

7. Комитеттин банктын директорлор Кеңеши, жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор менен өзара аракеттенүүсүнүн тартиби 

8. Аткарылган иштер жөнүндө отчет 

9. Корутунду жоболор 

 

1. Негизги жоболор 

 

1.1. Бул нормативдик акт Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана коммерциялык банктар, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктар, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банк) тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 16-сентябрындагы N 53/10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Банктын аудит боюнча Комитетинин (мындан ары текст боюнча Комитет) аткаруусу үчүн милдетүү талаптарды белгилөө бул документтин негизги максаты болуп саналат. 

1.3. Комитетти түзүүнүн максаты болуп, банктын директорлор Кеңешинин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана алар тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди оптималдаштыруу саналат. Мындан тышкары, Комитет ички системанын ишине контролдукту күчөтүү үчүн каралган ички жана тышкы аудитти күчөтөт, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун жана банк ишинин натыйжалуулугу тактыгын жогорулатууга, директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн, банктын жетекчилигинин, ички аудит кызматынын, тышкы аудиттин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү жакшыртууга көмөктөшөт. Бул, өз кезегинде, тышкы пайдалануучуларга берилүүчү маалыматтын сапатын жакшыртат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Комитет, жүзөгө ашырып жаткан иштеринин түрүнө карабастан, банкта түзүлүүгө тийиш. 

1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомуна ылайык алынып салынды) 

 

2. Комитет жөнүндө Жобо 

 

2.1. Комитеттин иши Комитет жөнүндө Жобо банктын директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө санылат. 

2.2. Бул документ төмөндөгүлөрдү аныктоого тийиш: 

- Комитеттин максатын жана милдеттерин; 

- Комитетти уюштурууну - курамын, заседаниени өткөрүүнүн мөөнөтүн жана убактысын; 

- Комитеттин укуктарын жана милдеттерин; 

- Директорлор Кеңеши менен банктын жетекчилигинин, ички жана тышкы аудиторлордун Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен өзара аракеттенүүлөрүнүн тартибин; 

- аткарылган иштер жөнүндө директорлор Кеңешине отчет берүүнүн тартибин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Комитетти уюштуруу 

 

3.1. Комитет банктын акционерлеринин жалпы жыйналышы тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындала турган, көз карандысыз үч мүчөдөн турууга тийиш. Мында, көз карандысыздык төмөндөгүлөр Комитеттин мүчөлөрү боло алышпай тургандыгын билдирет: 

- банк Башкармасынын мүчөлөрү жана банктын кызматкерлери; 

- банктын акционерлеринин иш боюнча өнөктөштөрү

- банктын директорлор Кеңешинин мүчөлөрү жана башка акционерлери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Комитеттин бардык мүчөлөрү банктын бухгалтердик балансын, финансылык натыйжалар жөнүндө отчетун жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетун кошо алганда, базалык финансылык отчеттуулугун окуулары жана түшүнүүлөрү зарыл. Комитеттин кеминде бир мүчөсү бухгалтердик эсепке алуу, финансы жана аудитти башкаруу тармагында кесиптик тажрыйбага ээ болууга тийиш. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Комитеттин кеминде бир мүчөсү ислам финансылык институттары үчүн каралган Бухгалтердик эсепти жана аудитти уюштуруу стандарттарын (ААOIFI) билүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Комитет финансылык отчеттуулукка жана ички контролдукка таандык болгон кайсыл болбосун маалыматтардын, сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана каалоолордун келип түшүүсүнүн купуялыгын жана анонимдүүлүгүн камсыз кылуучу процедураларды белгилөөгө тийиш. 

3.4. Комитеттин заседаниеси кварталда кеминде бир жолу, дайыма өткөрүлүп турат. Комитет директорлор Кеңеши же Комитеттин эки мүчөсү тарабынан чакырылууга тийиш. 

Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү

- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө жана көз карандысыз ой жүгүртө билүүгө (анын корутундусунун, тыянагынын натыйжаларына кимдир-бирөөнүн таасир этүүсүнө көз карандысыз өз алдынча жана өз пикирин билдирүүгө кандайдыр бир сырткары кийлигишүүлөргө жол берилбеген шарттарда иштөөгө жөндөмдүү болууга); 

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө

Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы N 8/2 токтому редакциясына ылайык) 

3.5. Банктын ишинин эффективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Комитеттин заседаниесине банк Башкармасынын Төрагасы же мүчөсү, ички аудит кызматынын жетекчиси жана тышкы аудитор, добуш берүү укугусуз катыша алышат. Заседаниенин катышуучуларынын чөйрөсү күн тартибинде каралуучу маселелер менен таанышкан же алар боюнча жооп бере турган адамдар менен чектелүүгө тийиш. 

3.6. Комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылдык мөөнөткө белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. Комитеттин функциялары 

 

4.1. Комитет өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, Улуттук банктын нормативдик актыларынын жана башка документтеринин талаптарын эске алып, төмөндөгү негизги функцияларды аткаруу менен жүзөгө ашырат: 

- бухгалтердик процедураларды белгилөө жана алардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; 

- акционерлердин жалпы жыйналышына тышкы аудиторлорду дайындоо маселеси боюнча сунуш-көрсөтмөлөдү иштеп чыгуу жана зарылчыл болгон учурда, банкты атайын аудитордук текшерүүгө демилге коюу, Комитетке көмөк көрсөтүү үчүн банктын эсебинен эксперттерди тартуу; 

- мыйзамдардын, анын ичинде Улуттук банктын нормативдик актыларынын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана бул маселелер боюнча банктын директорлор Кеңешине отчет берүү

4.2. Комитет өз ишинде банктагы ички контролдуктун адекваттуу системасынын иштеп туруусун камсыз кылуу максатында, 4.1-пунктта каралган функцияларды аткаруу менен чектелбейт. 

 

5. Комитеттин укуктары 

 

5.1. Комитет өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу: 

- банктын ички аудиторлугуна талапкерди директорлор Кеңешине сунуштоого; 

- банктын кызматкерлеринен, жетекчилигинен жана тышкы аудитордон банктын иши менен байланыштуу, кайсыл болбосун талап кылынуучу маалыматты жана отеттуулукту алууга; 

- кайсыл болбосун изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылууга; 

- зарылчылыкка жараша, банюын жетекчилигинин визасы жок эле банктын ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту жана ички аудитордун сунуш-көрсөтмөлөрүн, ошондой эле бул сунушкөрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча жетекчиликтин планын алууга; 

- тышкы аудитордон иштердин планын, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча тыянактарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү сурап алууга. 

 

6. Комитеттин милдеттери 

 

6.1. Комитет төмөндөгүлөргө милдеттүү

- ички контролдук системасынын иштешин иликтөөгө алууга; 

- банктын жетекчилигинин ички жана тышкы аудиторлордун ички контролдук системасы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча иштерине баа берүүгө

- банктын жетекчилигине, Улуттук банкка жана тышкы пайдалануучуларга берилүүчү финансылык маалыматтын аныктыгын жана тактыгын камсыз кылуучу ички контролдук системасына баа берүүгө

- банктын ишинде олуттуу тобокелдиктин бар экендиги жөнүндө банктын жетекчилигинен, ички жана тышкы аудиторлордон алуу жана аларды минималдаштыруу боюнча планды тактап билүүгө

- бухгалтердик эсепке алуунун жана отчеттуулукту түзүүнүн олуттуу маселелерин анализдөөгө, ошондой эле алардын финансылык отчеттуулукка карата таасирин түшүнүүгө

- ички жана тышкы аудиторлор менен бирдикте көз боемочулук, мыйзамга каршы аракеттер, ички контролдук системасынын жетишсиздиги жана ушуга окшогон башка маселелер боюнча кайсыл болбосун фактыларды караштырууга; 

- жылдык финансылык отчеттуулукка баа берүүгө, анын толуктугун жана Комитеттин мүчөлөрүнө белгилүү болгон маалыматтардын анда тиешелүү түрдө чагылдырылышын аныктап билүүгө

- ички аудит кызматынын ишине жана уюштуруу структурасына анализ берүүгө

- ички аудит кызматынын жетекчипери тарабынан иштелип чыккан сапат программасынын аткарылышын анализдөөгө жана баалоого; 

- директорлор Кеңешине тышкы аудиторлукка талапкерди жана кийинчерээк акционерлердин жалпы жыйналышына берүү үчүн аудитордук компаниялар жөнүндө маалыматка анализ берүүнүн негизинде, аны сыйлоонун өлчөмүн сунуштоого; 

- тышкы аудит программасынын банктын өлчөмүнө жана жүргүзүлүүчү операциялардын татаалдыгына адекваттуулугун караштырууга; 

- тышкы аудитордун көзкарандысыздыгына баа берүүгө, аудитордук компания тарабынан көрсөтүлүүчү жана башка кызматтарды анализдөөгө

- тышкы аудитордун тажрыйбасына, аудитордук компаниянын ресурстарынын жетиштүүлүгүнө жана аудит тарабынан тобокелдик чөйрөсүн аныктап билүүнүн тууралыгына баа берүүгө

- директорлор Кеңешине берүү үчүн тышкы аудитор тарабынан жетекчиликке карата даярдалган банктын жылдык отчетуна жана катка баяндама жасоого; 

- контролдук системасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын талаптарын, директорлор Кеңеши тарабынан белгиленген уставдын, жоболордун жана саясаттардын сакталышына анализ берүү

- тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарына анализ берүү

- банктын жетекчилигинин ишинин эффективдүүлүгүнө баа берүү

- Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда - Шариат стандарттарынын сакталышы боюнча банк ишине иликтөөлөрдү жүргүзүп, ошондой эле, Шариат стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү бөлүмдүн (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган, ыйгарым укуктуу ички аудитордун) отчетторунун негизинде баа берүү

6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү, аларга карата минималдуу талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-ноябрындагы N 67/9 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан Кыргыз Республикасынын банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жободо аныкталган, Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин курамына кирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7. Комитеттин банктын директорлор Кеңеши, 

жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор 

менен өзара аракеттенүүсүнүн тартиби 

 

7.1. Комитеттин банктын директорлор Кеңеши, жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен менен өзара аракеттенүүсүнүн тартиби ар бир банк тарабынан өз алдынча жана Улуттук Банктын нормативдик укуктук актыларга ылайык аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. Бул тартипте төмөндөгү учурларды бөлүп коюу маанилүү

- Комитеттин директорлор Кеңешине отчеттуулугу жана Комитет тарабынан сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүнүн зарылдыгы, алардын негизинде директорлор Кеңеши банктардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйрууларды берет; 

- Комитеттин банктын жетекчилиги, ички жана тышкы аудиторлор Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн жана Корпоративдик башкаруу Комитети, Шариат стандарттарын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүм менен (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор), Шариат кеңеши менен өзара аракеттенүүсү Комитеттин укуктарынын жана милдеттеринин негизинде аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

8. Аткарылган иштер жөнүндө отчет 

 

8.1. Комитет директорлор Кеңешине аткарылган иштер жөнүндө дайыма отчет берип турууга тийиш. 

8.2. Комитет тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчетту берүүсүнүн убактысы жана кеңири мазмуну ар бир банк үчүн ар кандай болушу мүмкүн. Бирок, отчеттор Комитеттин отчеттук мезгил ичиндеги ишинин жалпы жолунан кыскача баяндамасын, негизги сунуш-көрсөтмөлөрдүн мазмунун жана алардын аткарылышы жана аткарылбашы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 

 

9. Корутунду жоболор 

 

9.1. Бул документте Комитет өз ишин жүзөгө ашырууда колдоно турган негизги талаптар гана белгиленет. 

9.2. Банктын тиешелүү ички нормативдик документинде Комитеттин ишин регламенттөө үчүн зарыл болгон башка дагы жоболор чагылдырылышы мүмкүн.