Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-сентябрындагы 

N 38/3 токтомуна карата 

тиркеме 

Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда коммерциялык банктарда консервациянын киргизүү жана аны жүзөгө ашыруу негиздери, тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар жана өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздарында аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

1.2. Консервация Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - текст боюнча Улуттук банк) кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыгын көздөө менен банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталышын камсыз кылуу үчүн банк ишине контролдукту жүргүзүү, ошондой эле андан аркы иш багытын аныктоо, иштин чыныгы абалы менен таанышуу максатында колдонулуучу чара болуп саналат. 

1.3. Бул жободо Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарында берилген аныктамалар, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

- консерватордун өкүлү - консервация ишине катышуусу үчүн консерватор тарабынан дайындалган жана консерватор белгилеген милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган квалификациялуу адис; 

- консерваторго (консерватордун өкүлдөрүнө) каршы аракеттер - Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамында жана ушул жободо аныкталган функциялардын консерватордун (анын өкүлдөрүнүн) аткаруусуна тоскоолдук кылган же ага мүмкүндүк бербеген банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттердин көрүлгөндүгү жөнүндө акт - банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана башка банк менен байланыштуу жактардын консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы боюнча түзүлгөн документ; 

- Улуттук банктын структуралык бөлүмү - Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө каралган башкармалык, бөлүм жана/же кызмат. 

2. Консервацияны киргизүү 

2.1. Консервация "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамда аныкталган негиздердин болушу шартында киргизилет. 

2.2. Консервацияны киргизүү жана консерваторду дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашырган анын структуралык бөлүмүнүн(1) (мындан ары көзөмөл органынын) сунушу боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны киргизүү чечими токтом менен таризделинет жана токтомдо башкасы каралбаса, ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

2.3. Консервацияны киргизүү банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан демилгеленсе, алар Улуттук банкка алдын ала төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

- төлөм мөөнөтү келип жеткен учурда кредитордук карыздын банк тарабынан төлөнбөгөндүгүнө тиешелүү арыз, же болбосо мыйзамдарга ылайык консервацияны киргизүү үчүн башка негиздемелердин болушу; 

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянуу менен банкта консервациянын баштоо зарылчылыгынын негиздемеси. Көзөмөл органы берилген документтерди кароого алуу менен банктын катышуучулары же кредиторлор тарабынан сунуш кылынган документтердин негизинде консервацияны киргизүү зарылчылыгы негиздүү болсо, бул маселени чечим кабыл алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын кароосуна коет. 

2.4. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны баштоо жөнүндө токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ага карата консервация чарасы колдонулуп жаткан банктын аталышы; 

- консервацияны киргизүү үчүн негиздер; 

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү (зарылчылыкка жараша) жүзөгө ашыруу тартибин кошо алганда, банктын иш ыргагы; 

- банк ишине коюулуучу чектөөлөрдүн тизмеги (зарылчылыкка жараша); 

- консерватор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иштеген жери боюнча ээлеген кызматы); 

- консерватор тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон тапшырма же көрсөтмө

- консерватордун банктын документтерин, активдерин жана баалуулуктарын кабыл алуу мөөнөттөрү

- банкты санациялоону жүзөгө ашырууну кошо алганда, консервация жол-жобосунан улам келип чыккан тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка жоболор. 

2.5. Консервация киргизилген учурдан тартып көзөмөл органы Улуттук банк Башкармасынын токтому менен банктын Директорлор кеңешин жана жетекчилигин тааныштырат. 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун көчүрмөсү, банктын Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсүнө же жетекчисине көчүрмөнүн экинчи нускасын алган күндү жана убактысын көрсөтүп, кол койдуруп алуу менен тапшырылат. Көчүрмө консерватордун колунда анын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин сакталууга тийиш. 

2.6. Көзөмөл органы консервация башталгандыгы жөнүндө чечимдин кабыл алынышы учурунда, алдын ала даярдалган маалымдоо катын эсептөшүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн банктар аралык системасы боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган мекемелерге дароо жөнөтөт. Катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- консервация киргизилген банктын аталышы; 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынган күндү, анын номерин көрсөтүү менен консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- эсептешүү документтерине кол коюуга консерватордун ыйгарым укуктары; 

- консерватордун же экинчи кол тамга коюуга укуктуу болгон адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү

2.7. Консервация 18 айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет. Консервациянын аракети Улуттук банк Башкармасы тарабынан 9 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

2.8. Консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, анын веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

3. Консервацияны жүзөгө ашыруу 

3.1. Консервация киргизилген учурдан тартып банкка карата төмөнкүлөр колдонулат: 

1) банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары токтотулат. Мындан кийин, акционерлердин жалпы жыйынынын бардык чечимдери, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген болсо, укукка ээ болбогон катары эсептелинет. Консерватор банкты сатуу жана жабуу боюнча ыйгарым укуктарды эске албаганда, банктын акционерлеринин жалпы жыйынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот. Консерватордун банкты кошуу жана бириктирүү боюнча ыйгарым укуктары, Улуттук банк Башкармасынын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн; 

2) банктын бардык жетекчилеринин ыйгарым укуктары токтотулат жана Консерваторго өтөт. Банктын атынан юридикалык жак катары консерватор гана иш алып барууга укуктуу. Консервация киргизилгенден кийин банк тарабынан же анын атынан көрүлгөн иш-аракеттер анык эмес деп эсептелинет, мында бул аракеттер Улуттук банк Башкармасы, консерватор же анын атынан башка ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кабыл алынган же болбосо алар акча которуу же төлөм же эсептешүү системасына түшкөн жана Улуттук банк тарабынан ошолор катары таанылган баалуу кагаздар боюнча кайтарылып алынгыс буйруктар болуп саналган учурлар эске алынбайт; 

3) банктын финансылык абалын коргоо максатында банкка карата тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин депозиттерди төлөө токтотулат; 

4) банктын ишеним боюнча тескөөсүндө турган жана өзүнчө баланста чагылдырылган мүлктү эске албаганда, банктан карыздарды өндүрүп алуу тууралуу соттун кайсы болбосун чечимин аткаруу консервация учурунда токтотулат; 

5) банк - карызгердин бардык милдеттенмелери боюнча төлөмдөрдү (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздарды чегерүү токтотулат; 

6) банктын акционерлерине дивиденттерди жана башка кандай болбосун төлөөлөрдү чегерүү жана төлөп берүү токтотулат; 

7) депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, өз талаптарын канааттандырууга укугу бар кайсыл болбосун кредитор (аманатчы) консервация киргизилгенден кийин, белгиленген тартипте арыз менен кайрылууга укуктуу; 

8) консерватордун банктын атынан жүргүзгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча жоопкерчилиги, эгерде бул операциялар жана бүтүмдөр консерватор тарабынан мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырылган болсо, толугу менен банкка жүктөлөт. 

Банкта консервацияны жүргүзүүнүн натыйжасында, чыгымдардын келип чыгуусу Улуттук банктын, анын кызмат адамдарынын жана консерватор катары дайындалган адамдын жоопкерчиликтүүлүгүнө алып келбейт. 

Консерватордун (консерватордун өкүлдөрүнүн) иши жана уюштуруу тар- 

тиби 

3.2. Улуттук банктын финансы системасында кеминде 5 жылдык, ал эми банк чөйрөсүндө кеминде 3 жылдык иш тажрыйбага ээ кызматкери, (же башка адамы) - квалификациялуу адис консерватор болуп дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адам Улуттук банк менен түзүлгөн, анда консерватордун милдеттери, жоопкерчиликтери, иштөө тартиби жана эмгек акысы чагылдырылган консервация жөнүндө келишимдин негизинде иш алып барат. 

3.3. Консервация киргизилген учурдан тартып, банктын кызмат адамдары консерваторго банктык жайларга тоскоолдуксуз кирүү, анын активдери жана документтери менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү

3.3.-1. Банк жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрү), Улуттук банк тарабынан консервация чарасы киргизилип жана текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда, консервация киргизилген мезгил аралыгына консерваторго жана Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, консерваторго жана текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын, консерватордун жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, консерваторго жана текшерүүчүлөр тобуна ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Эгерде консерватордун/консерватордун өкүлдөрүнүн коопсуздук таламдары жана/же кызматтык маалыматтарды коргоо же болбосо келип чыккан жагдайлар өзгөчө иш шартын жана техникалык жактан жабдууну талап кылбаса, консерватор өз ишин жүргүзүп жаткан мезгил ичинде банкка тиешелүү кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автомобиль транспортторун жана башка техникалык каражаттарды, банктын аткаруу органы үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалана алат. 

3.5. Консерватор, консервацияны жүзөгө ашыруу максатында өзү зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды, эгерде Улуттук банк Башкармасы тарабынан башкасы белгиленбесе, банктын жетекчилерине жана кызматкерлерине, же болбосо башка адамдарга ыйгара алат. 

3.6. Консерватор дайындалгандан кийин дароо эле банктын филиалдарына, туунду мекемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө консервация киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт жана консерватордун экинчи, кол коюуга укугу бар адамдын кол тамгасынын үлгүлөрүн камтыган маалымдама катты жөнөтөт. Инвентаризациялоону жүргүзүү үчүн (ушул Жобонун 3.32-п. ылайык) комиссия түзүү, банктын (филиалдарынын/туунду мекемелеринин) имаратына кирүүгө укуктуу болгон адамдар үчүн өзгөчө өткөрмө режимин киргизүү жөнүндө буйруктарды жана консервацияны жүзөгө ашыруу максатында, зарылчылыкка жараша тиешелүү буйруктарды жана буйрууларды чыгара алат. 

3.7. Консерватор дайындалгандан кийин дароо эле банк-корреспонденттерге консервация режими киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт (SWIFT системасынын каналдары, факс боюнча, байланыштын башка алгылыктуу каналдары) жана төмөнкүлөрдү камтыган маалымдама катты жөнөтөт: 

- Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунун кабыл алынган күнүн жана номерин көрсөтүү менен консервация башталгандыгы жөнүндө билдирүү

- консервация башталган күн жана убактысы; 

- консерватор тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана негизги иш орду боюнча кызматы); 

- консерватордун жана экинчи кол коюга укугу бар адамдардын кол тамгасынын үлгүсү

- консервация чарасын жүзөгө ашыруу таламында, консерватор маалымдоо зарыл деп эсептеген бардык башка маалыматтарды. 

3.8. Консерватор консервация процессинин жүрүшүндө ушул Жобого карата 4-тиркемеге ылайык, башка иш-чараларды да жүзөгө ашыра алат. 

Консерватордун укуктары жана милдеттери 

3.9. Банкта "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, консервациялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу консерватордун негизги милдети болуп саналат. Консерватор ишин жүзөгө ашырууда банктын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген ички ченемдик документтерине таянууга укуктуу. 

3.10. Консерватордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

- банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын кабыл алуу; 

- банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылуу; 

- финансылык отчет менен банктагы айкын иш жагдайын салыштырып текшерүү

- банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча азайтуу; 

- Улуттук банк Башкармасына макулдашуу менен бардык же айрым аманатчыларга тиешелүү болгон суммаларды төмөнкү принциптерди сактоо шартында, жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүү

а) банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн банктын колунда жетиштүү каражаттардын бардыгына толук ынанмайынча, консерватор банк менен байланыштуу кайсы болбосун аманатчыга эч кандай сумманы төлөп бере албайт; 

б) эгерде консерватор банкты финансылык жактан чыңдоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген жыйынтыкка келсе, ал аманатчыларга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кандай болбосун төлөөлөрдү токтотууга милдеттүү

в) санациянын жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда кредитор менен эсептешүү "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамда белгиленген, банктын кредиторлорунун талаптарынын кезеги менен канааттандырылышына жараша жүзөгө ашырылат: 

- зарылчылыкка жараша, консервация мезгили учурунда банк менен түзүлгөн келишимдердин аракетин токтотуу; 

- укук коргоо органдары менен өз ара мамилелерге тиешелүү аракеттерди албетте, зарылчылыгы болсо, көзөмөл органы менен макулдашуу; 

- банктын катышуучуларынын анын финансылык абалын жакшыртууга реалдуу мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү

- консервация жол-жобосун ишке ашыруу максаттарында башка чараларды көрүү

3.11. Консерватор ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана чегерилген ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышы боюнча Улуттук банк Башкармасына жана кредиторлор комитетинин алдында отчет берет. Улуттук банк консерватор дайындалгандан кийин ага кат жүзүндөгү нускоолорду жана аракеттенүүгө карата тескөөлөрдү берүүгө укуктуу. 

3.12. Консерватор ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, аткарылган иштер тууралуу отчетту (Улуттук банктын Төрагасынын атына), түшүндүрмө кат менен бирге, отчеттук айдан кийинки айдын 10 (онуна) чейин ай сайын Улуттук банкка берип турат. 

3.13. Көзөмөл органы консерватордон анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

Улуттук банк Башкармасы зарылчылык келип чыккан учурда, консерватор үчүн тиешелүү отчетторду берүүнүн башка мөөнөттөрүн белгилөөгө укуктуу. 

3.14. Консервация мезгили аралыгында филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда, банктын (филиалдын/туунду мекеменин) отчетторуна (күндөлүк, ар айлык, чейректик, жылдык жана башка отчеттор жана маалыматтар) консерватор (филиалдагы/туунду мекемедеги консерватордун өкүлдөрү) жана башкы бухгалтер Улуттук банктын талаптарына ылайык кол коюшат. 

Консервация мезгилинде банк тарабынан мамлекеттик органдарга да (салык, статистика жана башка органдарга) отчеттор берилет. 

3.15. Консерватор төмөнкүлөргө укуктуу: 

- Улуттук банк Башкармасынын макулдугу менен айрым же бардык аманатчыларга аларга тиешелүү суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүүгө

- банктын филиалдарын, туунду компанияларын, өкүлчүлүктөрүн, аманат кассаларын жана башка структуралык бөлүмдөрүн жабууга; 

- банктын атынан кайсы болбосун документтерге жана келишимдерге кол коюуга; 

- банктын атынан доо жана дооматтык талаптарды коюуга; 

- банк ишине көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө келишимдерди түзүүгө

- консерватордун өкүлдөрү жана банктын кызматкерлери үчүн аткарылышы милдеттүү болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга; 

- ишке кабыл алуу, кызматка дайындоо, иштен бошотуу, кызмат абалынан төмөндөтүү же кызматынан утурумдук четтетүү, банк кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу буйруктарды (эмгек мыйзамынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен) чыгарууга; 

- эмгек мыйзамдарына ылайык, банктын (башкы мекемелердин, бөлүмдөрдүн, филиалдардын ж.б.) штаттык расписаниесин кайра карап чыгууга; 

- банкта проблемаларды жараткан же консервация режимин киргизүүгө себеп болгон иш-аракеттери үчүн банктын жетекчилерин жана катышуучуларын, ошондой эле банк менен байланыштуу башка жактарды жоопкерчиликке тартуу (анын ичинде тиешелүү укук коргоо органдарына жана сот органдарына кайрылуу менен да) маселесин көзөмөл органына алдын ала макулдашуу менен коюуга; 

- банкты консервациялоо мезгилинде бардык соттордо доочу же жоопкер катары консервация киргизилген банктын атынан өкүл болууга; 

- банктын атынан үчүнчү жактарга каршы сот ишин демилгелөөгө

- ыйгарым укуктары консервация мезгили ичинде токтотулган банктын аткаруу органдарына жүктөлгөн башка милдеттерди аткарууга. 

- консервацияны жүргүзүү максатында карыздык каражаттарды тартууга. Бул учурда консервация чарасы жүргүзүлүп жаткан мезгил ичинде консерваторго карыздык каражаттарды берген кредиторлордун талаптары, банк кийинчерээк жоюулууга дуушар болгон шартта, биринчи кезекте канааттандырылууга тийиш. 

3.16. Консерватор дайындалган күндөн 30 күн өткөндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоо менен Улуттук банк Башкармасына жана кредиторлор комитетине сунуштоого милдеттүү. Отчет тышкы аудитордун жардамы менен түзүлүшү мүмкүн, анын кызмат көрсөтүүсүнүн наркы консервация чарасына кеткен чыгашаларга кошулат. Консерватордун отчетунда банк жоюлуп кеткен шартта сатып өткөрүлүшү мүмкүн болгон активдердин наркына баа берүүлөр, ошондой эле тиешелүү негиздемелери менен төмөндөгү сунуш көрсөтмөнүн бири камтылууга тийиш: 

- лицензияны кайтарып алуу; 

- Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык, тиешелүү убакыт чектерин кошо камтуу менен банк ишин чындоо боюнча чаралар; 

- банкты сатуу, башка банкка кошуу же банктын активдерин жана/же пассивдерин жарым-жартылай сатуу. 

3.17. Консерватор зарылчылыкка жараша, банктын ири катышуучуларына жана/же ага белгилүү өлчөмдөгү үлүш менен катышкан катышуучуларга банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча кат жүзүндө сунуш менен кайрыла алат. Консерватор банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча сунуш анын катышуучуларына жөнөтүлгөндүгү тууралуу банктын ири кредиторлоруна маалымдайт. 

Банктын катышуучулары жана кредиторлору, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча каражаттарынын зарыл суммасын капиталдаштыруу жөнүндө консерваторго сунуш киргизиши мүмкүн. Мында, тиешелүү сумма жана аны салуу мөөнөтү консерватор тарабынан аныкталат. 

3.18. Банктын катышуучулары же кредиторлору тарабынан анын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралардын планы сунушталган учурда, консерватор ошол иш-чаралар планы боюнча корутундуну Улуттук банк Башкармасына берет. 

Улуттук банк Башкармасы банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар планын алгандан кийинки эки жуманын ичинде, банкты белгиленген тартипте капиталдаштыруу маселесин көтөрүүнү консерваторго кат жүзүндө сунуштай алат. 

3.19. Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча каражаттары банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү менен катышуучулар (кредиторлор) инвесторлор тарабынан салынат. 

3.20. Капиталдаштыруу шарттарынын белгиленген мөөнөттө аткарылбай калышы учурунда, консерватор банкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе деп эсептөө менен консервация чарасын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана атайы администрлөө жол-жоболорун баштоо маселесин Улуттук банк Башкармасынын кароосуна коюу демилгесин көтөрүүгө укуктуу. Мында, консерватор банкты капиталдаштыруу мөөнөтүн узартууга башка жактардын аракеттерин көңүлгө албай коюуга укуктуу. 

3.21. Улуттук банк Башкармасы консерватордун отчетун жана сунуштарын карап көрүп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

- тутумдук мааниси бар банкка карата "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамда каралган реабилитациялоо тартибин сактоо; 

- консерватордун санацияны баштоо тууралуу сунушун колдоого алуу; 

- колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, лицензияны кайтарып алуу. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, консерватор банктын андан-аркы ишине тиешелүү иш-чаралар планын даярдоо менен аны кийин Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

3.22. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү учурларда башка консерваторду дайындоого укуктуу: 

- сыркоолоп калуусуна же консервация иш-чарасын жүргүзүүгө коркунуч туудурган башка себептер боюнча консерватордун жоктугу учурунда; 

- Улуттук банк менен келишилген келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

- отчетторду өз убагында бербей коюусу жана/же отчеттордун талаптагыдай берилбеши учурунда; 

- "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзам жана ушул жобо аркылуу консерваторго жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткарууга, аракеттерди көрүүгө консерватордун жөндөмсүздүгү

- консерватордун "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген консервация чарасынын максаттарына жетишүүгө бөгөт койгон, билип туруп жасаган аракеттери же аркеттенбей коюулары. 

Банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги консерватордун өкүлү 

3.23. Консерваторго жардам көрсөтүү үчүн анын өкүлдөр тобу уюштурулушу мүмкүн. Консерватордун өкүлдөрүнүн саны банктын филиалдарынын, туунду мекемелеринин, аманат кассаларынын жана башка структуралык бөлүмдөрүнүн санына, ошондой эле боло турган иштин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша консерватор тарабынан аныкталат. 

3.24. Финансы тутумунда кеминде 5 (беш) жылдык, банк чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасы бар квалификациялуу адис - Улуттук банктын кызматкери же башка адам консерватордун өкүлү болуп дайындала алат. 

3.25. Консерватордун өкүлүн дайындоо консерватордун буйругу менен таризделинет. Консерватордун өкүлү, дайындалгандыгы тууралуу буйрукта көрсөтүлгөн күнү өз милдеттерин аткарууга киришет. 

3.26. Консерватордун өкүлү, буйруктун көчүрмөсүн филиалдын/туунду мекеменин жетекчисине берет, ал ага кол коюп, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен консерватордун өкүлүндө, анын ыйгарым укугу токтотулганга чейин сакталып туруучу көчүрмөнүн экинчи нускасын берет. 

3.27. Консерватордун өкүлү зарылчылыкка жараша, консерватордун буйруусу боюнча башка адамга алмаштырылышы мүмкүн. 

3.28. Консерватордун өкүлүнүн дайындалгандыгы жөнүндө консерватор тарабынан көзөмөл органына маалымдалат. 

  

Консерватордун банктын мөөрлөрүн, ачкычтарын жана документтерин кабыл алышы жана ага өткөрүлүп берилиши 

  

3.29. Консерватор банкка келген учурда, банк жетекчиси анын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктын мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоо журналына кол коюп берүү менен консерваторго өткөрүп берет, ал эми консерватор аларды өткөрүп алат. 

Консерватордун банктын филиалындагы/туунду мекемесиндеги өкүлү банктын бардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошо алганда) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же алар катталуучу тиешелүү журналга кол коюу менен филиалдын/туунду мекеменин жетекчисинен өткөрүп алат. 

3.30. Банктын жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча консерваторго өткөрүп беришет. 

Көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган токтомдо белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылып, тиешелүү акт менен (актылар) таризделинет. 

Банктын филиалынын/туунду мекемесинин жетекчиси жана башкы бухгалтери банктын бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, тиешелүү тизме боюнча консерватордун өкүлүнө өткөрүп берет. 

3.31. Консерватордун, анын өкүлдөрүнүн ошондой эле, тиешелүү документтерге кол коюуга консерватор тарабынан ыйгарым укук чегерилген башка адамдардын кол тамгалары банктын мөөрү менен менен күбөлөндүрүлөт. 

Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо 

3.32. Консерватор консервация чарасы киргизилген учурдан кийинки 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен, төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

- банктагы бардык материалдык баалуулуктарды (негизги каражаттарды, жабдууларды ж.б.), анын ичинде банкка тиешелүү болбогон жана анда күрөөдө турган мүлктөрдү инвентаризациялоого жана ревизиялоого (мындан ары текст боюнча- инвентаризациялоо); 

- банктын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн касса түйүнүнөн тышкары турган кассалардагы, банкоматтардагы, терминалдардагы жана операциялык кассалардагы банкнотторго, монеталарга жана башка баалуулуктарга ревизия жүргүзүүгө (мындан ары текст боюнча - ревизия жүргүзүү); 

- консервация башталган күнгө карата бардык банк-корреспонденттердин эсептери боюнча тастыктама алууга менен банк-корреспонденттердеги эсептерди такташтырууга. Ошондой эле консерватор: 

а) төмөнкүлөрдү тактоого тийиш: 

- рыноктук же корректировкаланган наркы боюнча эсепке алынуучу баалуу кагаздарды; 

- кредиттерди, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/3 токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга корректировкалоолорду; 

- баалоо наркы боюнча таанылган башка активдерди; 

б) такташтыруунун натыйжасында, айрым статьялары боюнча корректировкалоолорду эске алуу менен баланстык отчетту түзөт. 

3.33. Инвентаризация жана ревизия, курамы консерватордун буйругу менен аныкталган комиссия тарабынан ишке ашыралат. 

Инвентаризациялоону жана ревизияны жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын тариздетүү, консерватордун буйругунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

  

Банктын эсептешүү документтерине кол коюу жана аларды кабыл алуу өзгөчүлүктөрү 

  

3.34. Консерватор консервация чарасы киргизилгенден кийинки, 2 (эки) күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу консерватордун жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгасынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берет. 

Консерватордун өкүлү консервация чарасы киргизилгенден кийинки эки күн ичинде, банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укуктуу консерватордун өкүлүнүн жана ал тиешелүү укукту чегерген башка адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, тиешелүү негизде таризделинген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банктын областтык башкармалыктарына берүүгө тийиш. 

3.35. Банктын жана анын филиалдарынын/туунду мекемелеринин консервация чарасы киргизилген жана консерватор дайындаган учурда банктын төлөм документтерине кол коюуга укугу бар кызматкерлеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Көрсөтүлгөн карточкалар Улуттук банкта жана анын тиешелүү областтык башкармалыктарында сакталууга тийиш. 

3.36. Банктын эсептешүү документтерине биринчи кол коюуга укук консерваторго, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине кол коюуга укук консерватордун өкүлүнө тиешелүү

Банктын төлөм документтерине экинчи кол коюуга укук банктын башкы бухгалтерине же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык, башкы бухгалтердин функциясын аткаруучу консерватордун өкүлүнө, ал эми банктын филиалынын/туунду мекемесинин эсептешүү документтерине - филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтерине же филиалдын/туунду мекеменин башкы бухгалтеринин функциясын жүзөгө ашырган консерватордун өкүлүнүн сунушу боюнча консерватор ыйгарым укук чегерген башка адамга тиешелүү

3.37. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери, Улуттук банктын эсептешүү операцияларды жүзөгө ашырган структуралык бөлүмдөрү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелер, ушул Жобонун 3.35 пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кол коюусу менен банк - корреспонденттер тарабынан аткарууга кабыл алынат. 

3.38. Улуттук банк менен эсептешүүлөр аяктаган учурда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук документтерин аткарууга кабыл алуу өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүнө макулдашуу менен консерватор тарабынан аныкталат. 

3.39. Башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда, электрондук цифралык кол тамга коюлган банктын электрондук төлөм документтерин аткарууга кабыл алуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү, Улуттук банктын укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат. 

  

Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт 

  

3.40. Банктын башкаруу органдарынын жана/же айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын, консерватордун "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамда жана ушул Жободо ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылган же мүмкүндүк бербеген каршы аракеттери орун алган учурда, консерватор консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт (ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык). 

Консерватордун милдеттерин жүзөгө ашырууга мүмкүн эместик, Улуттук банк Башкармасынын консервацияны киргизүү жөнүндө токтомун жокко чыгара албайт жана анын аркетин токтото албайт. 

3.41. Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө акт, мындай аракеттер аныкталган күнү түзүлүп, ага консерватордун колу коюлуп (ал жок болгон учурда консерватордун өкүлүнүн), Улуттук банкка жөнөтүлөт. 

3.42. Банктын филиалында/туунду мекемесинде консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер көрүлгөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү консерваторго жөнөтүлөт. 

3.43. Банктын башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин, банк менен байланыштуу башка адамдардын консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттенгендиги фактысы жөнүндө арыз менен консерватордун мыйзам актыларына ылайык укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар. 

3.44. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин жана банк менен байланыштуу башка адамдардын консерваторго (анын өкүлдөрүнө) каршы аракеттери, банкка мыйзам актыларына ылайык чараларды көрүүсү үчүн негиз болуп саналат. 

4. Консервацияны узартуу 

4.1. Консервациянын аракеттенүү мөөнөтү "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен узартылышы мүмкүн. 

4.2. Консервацияны узартуу жөнүндөгү чечим консерватордун же болбосо көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча, Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн: 

а) банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтиргенге чейин же Улуттук банк тарабынан белгиленген аткарылышы милдеттүү ченемдерди жана башка талаптардын аткарылышына чейин; 

б) атайын администрлөө (же мыйзам актыларына ылайык банккроттулуктун башка жол-жоболору) жол-жоболорунун башталышы же козголушу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин. 

4.3. Көзөмөл органы консервацияны узартуу чечимин кабыл алган күнү, банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге белгиленген тартипте маалымдалчу маалымдоо катын даярдайт. Катта консервацияны узартуу тууралуу Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин номери жана күнү көрсөтүлгөн маалыматты камтууга тийиш. 

4.4. Консервацияны узартуу тууралуу билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

5. Консервацияны токтотуу 

5.1. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу жана консерваторду аткарган милдетинен бошотуу токтому күчүнө кирген учурдан тартып, консервация токтотулат. 

Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу тууралуу чечими консерватордун же көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча кабыл алынат. Улуттук банк Башкармасынын консервацияны токтотуу чечими төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн: 

а) консервацияны баштоо үчүн негиз болгон себептер четтетилсе; 

б) Улуттук банк Башкармасынын консервацияны баштоо чечиминде же болбосо консервациянын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу чечиминде көрсөтүлгөн консервация мөөнөтү бүткөн учурда; 

в) соттун чечими менен жоюучу дайындалса; 

г) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде. 

5.2. Консервация аны киргизүү мөөнөтү аяктаганга чейин эле Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча токтотулушу мүмкүн. 

5.3. Банктын кызмат адамдарынын консервация мезгили ичинде токтотулган ыйгарым укуктары, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кызматтарынан бошотулбаган болсо жана банктын кызмат адамын алмаштыруу тууралуу Улуттук банк талап койбосо, консерватордун иши токтогондон кийин калыбына келтирилет. 

5.4. Консерватор банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары калыбына келтирилгенден кийин банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, макулдашылган мөөнөттө, банктын жетекчисине тизме боюнча өткөрүп берет, ал эми банктын жетекчиси кабыл алат. 

Банктын мөөрлөрүн (штамптары), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделет. 

5.5. Банк, консервация токтотулган учурдан кийинки 2 (эки) күндүн ичинде, банктын кызмат адамдарынын, ошондой эле банктын эсептешүү документтерине кол коюуга укугу бар башка адамдардын кол тамгасынын үлгүсү түшүрүлүп, тиешелүү түрдө таризделген карточкаларды (эки нускада) Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

5.6. Консерватордун ыйгарым укуктары ушул Жобонун 5.1-пунктунун в) пунктчасына ылайык токтотулган учурда, ал банкка жана анын активдерине контролдукту, ошондой эле мөөрдү (штампты), ачкычты, бухгалтердик жана башка документтерди сот тарабынан дайындалган жоюучуга дароо өткөрүп берүүгө милдеттүү

Банктын мөөрлөрүн (штамптарын), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка документтерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү тиешелүү акт (актылар) менен таризделинет. 

5.7. Консерватор, анын ыйгарым укугу токтотулгандан кийин 30 күндүн ичинде, консервация чарасы учурундагы бухгалтердик эсептин маалыматтарын тиркөө менен корутунду отчетту даярдап, аны Улуттук банкка жана банкка берет. 

5.8. Көзөмөл органы, консервацияны токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган күнү, маалымдама кат даярдап, аны менен банктар аралык эсептешүүлөр жана төлөмдөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерди белгиленген тартипте тааныштырууга тийиш. 

5.9. Консервация токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банктын расмий басылмаларында, веб-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. 

(1) Тышкы көзөмөл башкармалыгы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) консервация башталган жана токтотулган учурда милдеттүү түрдө кабыл алынып/өткөрүлүп берилүүчү документтеринин 

МИНИМАЛДУУ ТИЗМЕГИ 

1. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) уюштуруу документтери. 

2. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү (кайра катталгандыгы) жөнүндө күбөлүгү

3. Банктын банк операцияларын жана баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы, башка лицензиялары жана ага берилген уруксаттар. 

4. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) штаттык расписаниеси, кызматын көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кызматкерлеринин, алар иштеген структуралык бөлүмдөрдүн, кызмат акыларынын, бош кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле банктын кызматкерлеринин өздүк делосу жана эмгек китепчелери. Жеке курам жана негизги иш боюнча бардык буйруктар. 

5. Жайгашкан ордун көрсөтүү менен филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин (чет өлкөдөгүлөрдү кошо алганда) тизмеси. 

6. Бүтүндөй алганда банк жана филиалдар боюнча консервация киргизилген/токтотулган күнгө карата банктын (филиалдын/туунду мекеменин) бухгалтердик балансы, ошондой эле баланстык эсеп боюнча отчету. 

7. Эсеп номерин, ар бир делонун (юридикалык делолордо документтердин тизмеси болушу зарыл) барагынын санын билдирген белгиси бар юридикалык делонун номерин көрсөтүү менен банктын (филиалдын/туунду мекеменин) кардарларынын тизмеси. 

8. Берилген гарантиялар, аккредитифтер жана банктын башка милдеттенмелери боюнча документтер. 

9. Чарба келишимдерин кошо алганда, банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген бардык бүтүмдөр боюнча макулдашуулар. 

10. Корреспонденттик мамилелерди орнотуу тууралуу макулдашуулар, тесттик ачкычтарды кошо алганда, электрондук төлөмдөрдүн жана кол тамгалардын үлгүлөрүнүн шифрлери. 

11. Банк (филиал/туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик жана башка досьелер (таржымал), күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабынан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстык эмес милдеттенмелер. 

12. Тышкы аудиторлор тарабынан банкта жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөр боюнча бардык отчеттор. 

13. Ишеним каттарды эсепке алуу китеби, ошондой эле банктын кызматкерлерине, филиалдардын, туунду мекемелердин, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана үчүнчү жактарга берилүүчү ишеним каттардын көчүрмөлөрү

14. Банктын аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери, тескөөчү документтер жана бул документтердин эсебине жүргүзүлүүчү китеп. 

15. Банктын Директорлор кеңешинин отурумдарынын жана банктын менчик ээлеринин (акционерлеринин) чогулуштарынын протоколдору. 

16. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) чыгыш жана кириш корреспонденцияларын чагылдырылуучу журнал. Улуттук банк, банктын кардарлары, мекемелер менен банктын чыгыш жана кириш корреспонденциялары. 

17. Банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды каттоо журналы. 

18. Төлөм документтеринде биринчи жана экинчи кол коюуга, ошондой эле банк (филиал/туунду мекеме) менен келишилген кредиттик жана башка келишимдерге, эмгек макулдашууларына жана контракттарга кол коюуга укугу бар адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү

19. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) административдик-чарбалык чыгашаларынын сметасы. 

20. Банкка (филиалга/туунду мекемеге) соттук же соттук эмес тартипте, суммасын көрсөтүү менен коюлган талаптардын, доолордун жана аткаруу барактарынын, ошондой эле банктын башкаларга карата талаптарынын тизмеси. 

21. Негизги каражаттардын, наркы төмөн, тез тосулуучу буюмдардын, башка активдердин, ошондой эле документтердин, архивдин инвентаризациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет). 

22. Банктын расмий талап коюу үчүн пайдаланган фирмалык бланктары (банктын фирмалык символикасын жана башка реквизиттерин камтыган документтердин башка формалары). 

23. Консерватордун пикири боюнча банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисине берилүүгө тийиш деп эсептелинген кандай болбосун башка документтер. 

24. Банктын (филиалдын/туунду мекеменин) жетекчисинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтердин аныктыгын тастыктаган документтерди консерватордон талап кылууга укугу бар. 

  

  

  

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Консерватордун аткарган иши жөнүндө отчетуна карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

1. Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бухгалтердик балансы; 

б) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы N 33/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндө баланстык отчет" формасы; 

в) төлөөнүн пландык графигине, алдыдагы айга төлөө графигине (жума боюнча) салыштырганда, отчеттук ай ичинде кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар боюнча карыздардын анык төлөнгөндүгү жөнүндө отчет; 

г) отчеттук айдын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын төмөнкү категориялар боюнча түзүмү: жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап кылганга чейин жана мөөнөттүү, улуттук жана чет өлкө валютасында ошондой эле, аманатчылардын саны жана кардарлардын эсептери боюнча маалыматтар; 

д) банктын кийинки айга карата (жума боюнча) депозиттик милдеттенмелерин төлөө прогнозу; 

е) активдердин классификациясы, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер боюнча банк тарабынан түзүлгөн камдар (резервдер); 

ж) Улуттук банктын пикири боюнча ар айлык отчеттун курамында берилиши (талап боюнча) зарыл болуп саналган башка маалыматтар. 

Ай сайын берилүүчү отчетто төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат: 

- консерватор тарабынан банктын капиталын көбөйтүү үчүн көрүлүүчү чаралар; 

- банктын ликвиддүүлүгүн жакшыртуу жана көбөйтүү боюнча чаралар; 

- консерватордун банкты чыңдоого боло тургандыгы жөнүндө корутундусу. 

Ай сайын берилүүчү отчетто кыскача түшүндүрмө катты да камтууга тийиш. Ал катта банктын жана анын филиалдарындагы (туунду мекемелериндеги) персоналдын структурасынын жана санынын өзгөрүшүнө тиешелүү маалыматтар, банктын кызматкерлерин дайындоо жана иштен бошотуу, консерватордун өкүлчүлүгүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

Кыскача түшүндүрмө катта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- иштелип чыккан планга ылайык, отчеттук мезгил ичинде банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө маалымат, планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылбагандыгынын жана/же мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себебин түшүндүрүүлөр; 

- банктын (филиалдын/туунду мекеменин) башкаруу органдарынын жана (же) айрым кызматкерлеринин консерватор (анын өкүлдөрүнө) өз милдеттерин аткарып жаткан учурда ага каршы иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар; 

- ушул мезгил ичинде банктын эң ири бүтүмдөрү (100 (жүз) минимал- 

дык эсептик көрсөткүчтөн жогору суммада) жөнүндө маалымат; бул иш-чаралардын жана бүтүмдөрдүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн анализдөөлөрү; банктын финансылык абалына баа берүү жана кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө маалыматтар. 

- банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча талаптарга тиешелүү маалыматтар; 

2. Консервациянын бүтүндөй мезгили үчүн отчетто банк ишинин негизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттар (капитал), активдер, милдеттер, капиталдын шайкештүүлүк коэфициенти, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) өзгөрүүсүн мүнөздөгөн бардык маалыматтар, ошондой эле консерватордун ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун натыйжалары жөнүндө негиздүү корутундулар (консервациялоонун натыйжасынын прогнозу ж.б.) камтылууга тийиш. 

3. Отчетко консерватордун колу коюлат. 

  

  

  

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

Консервацияны жүзөгө ашырууга каршы аракеттер жөнүндө 

АКТ 

_______________________________________________________________________ 

(коммерциялык банктын (филиалдын, туунду мекеменин, аманат кассаларынын) аталыштары) 

_______________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, туунду мекеменин, терминалдын, аманат кассасынын) жайгашкан орду, дареги, телефону) 

_____________________ 2009-жылдын "___"___________ 

           (түзүлгөн жер) 

Ушул акт, _____________________________________________________________ тарабынан 

                               (банктын жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин/леринин 

                                                                           аты-жөнү, фамилиясы) 

банкты консервациялоого тоскоолдук кылгандыгы тууралуу мен, 

консерватор/консерватордун өкүлү_______________________________________ 

                                                                         (Фамилиясы аты) (фамилиясы, аты-жөнү

төмөндө кол койгон адамдардын катышуусунда ушул актыны түздүм: 

1.________________________________________________________________ 

2.________________________________________________________________ 

3.________________________________________________________________ 

Банктын кызматкерине/лерине консерватор/консерватордун өкүлү тарабынан консервация чарасын жүзөгө  

ашырууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери тууралуу  

эскертилген. 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлгөн: 

_______________________________________________________________ _____ 

       (консерватордун/консерватордун өкүлүнүн аты-жөнү, фамилиясы)    (колу) 

Таанышты: 

___________________________________________ ____________________ _____ 

         Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы             (кызматы)           (колу) 

Актынын экинчи нускасын алган _____________________________________  

                                                (Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы) колу 

Банктын кызмат адамдары 

_______________________________________________________________________ 

                                           (Банк кызматкеринин аты-жөнү, фамилиясы) 

Консервациялоону жүзөгө ашыруу актысынын мазмуну менен таанышуудан баш тартышты. 

_______________________________________________________________________ 

              (Консерватордун/анын өкүлүнүн аты- жөнү, фамилиясы) (колу) 

  

  

  

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

Консервация чарасынын жүрүшүндө консерватор (анын өкүлдөрү) тарабынан айрым иш-чараларды жүргүзүү боюнча 

ЖОЛ-ЖОБОЛОР 

1. Консерватор банкка келгенде кассадагы жана сактоо жайындагы акча каражаттардын калдыгын тактап, 3 нускада акт түзөт. 

2. Консерватор банкка келгенде банктын сактоо жайын жана кассасын, бардык сейфтерди, ачкыч менен бекиле турган бардык шкафтарды жаап, чаптайт. 

3. Консерватор банкка келгенде архивди кошо алганда, банктын бардык документтерин өз колуна алып, алар салынган жайды чаптайт. 

4. Консерватор банкка келгенде төмөнкү буйруктарды чыгарат: 

а) Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын (аткаруу органынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укугун консерваторго өткөрүү жөнүндө

б) төлөм операцияларын жүргүзүү ыргагы жөнүндө

в) банктын бардык документтерине кол коюу укугун консерваторго өткөрүү жөнүндө

г) консерватордун кат жүзүндөгү уруксатсыз кандайдыр бир материалдык мүнөздөгү аракеттерди көрүүгө банктын бардык кызматкерлерине тыюу салуу жөнүндө

5. Консерватор банктагы мүлктүн, материалдык баалуулуктардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу максатында, банктан мүлктөрдү жана документтерди консерватордун кат жүзүндөгү уруксатысыз алып чыгууга, ошондой эле кабыл алуу саатынан башка убактарда, адамдарды кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө банктын көзөмөл кызматына эскерткен буйруктарды чыгарат. 

6. Консерватор мүлктүн, материалдык баалуулуктардын, документтердин жана башка баалуулуктардын сакталышы үчүн банктын бардык кызматкерлери административдик-материалдык жоопкерчилик тарта тургандыгы тууралуу буйрук чыгарат. 

7. Консерватор жумуш күнүнүн акырында, банктын имаратын чаптап жабууга жооп бере турган комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянын курамына консерватор (консерватордун өкүлдөрү) жана банктын кызматкерлери кирет. 

8. Консерватор колдонуудагы эмгек мыйзамына ылайык, мүмкүн болуучу иштен бошотуу тууралуу банктын ар бир кызматкерине жекече эскертүүгө тийиш. 

9. Консерватор ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын жана электрондук документтерге цифралык кол тамганы түзгөн парольдорду, автоматташтырылган системадан пайдалануу үчүн каралган парольдорду Улуттук банктын коопсуздук кызматынын жаңылап берүүсү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

10. Зарылчылык келип чыккан учурда консерватор Улуттук банкка тиешелүү техникалык каражаттарды пайдалануу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга укуктуу. 

11. Консерватор, ушул жобонун 3.32-жана 3.33-пунктарындагы талаптарга ылайык, банкта өткөрүлүүчү инвентаризациялоонун жана ревизиянын жүрүшүндө, Улуттук банкта колдонулган инвентаризациялоону жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартибине таянуу менен иш алып барууга укуктуу.