Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

11-ноябрда каттоодон өткөн. Каттоо номери N 131-08 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 30-сентябрындагы 

N 36/5 токтому менен 

бекитилген 

 

Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 

2012-жылдын 4-июлундагы N 28/9, 

2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Убактылуу жетекчиликти дайындоонун тартиби 

3. Убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашыруу 

4. Убактылуу жетекчиликтин жүзөгө ашырылышына каршылык көрсөтүү акты 

5. Убактылуу жетекчиликтин иш-аракетинин токтошу 

1-тиркеме. Убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул "Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө" жобо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Жобо бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине жана кредиттик союздарга (мындан ары банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик (мындан ары убактылуу жетекчилик) банктын жетекчилиги анын тиешелүү иштешин камсыз кыла албаган учурда банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун, кызыкчылыктарын коргоодо банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана анын финансылык абалын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан киргизилет. 

1.3. Банкты башкаруу системасын сактоо/калыбына келтирүү, анын финансылык абалын чыңдоо жана мыйзам, ошондой эле Улуттук банктын талаптарынын бузулушунан арылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу убактылуу жетекчиликтин милдети болуп саналат. 

1.4. Бул убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

- каршылык көрсөтүлгөндүк жөнүндө акт - банктын башкаруу органынын жана/же айрым кызмат адамдарынын/кызматкерлеринин же болбосо башка үчүнчү тараптын банкка убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашырууга каршы аракеттенүү фактысы боюнча түзүлө турган документ; 

- аманатчы - банкка депозит салган адам (жеке адам же юридикалык жак); 

- убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү - банкта убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашырууга Улуттук банк тарабынан дайындалган адамдар; 

- банктын кызмат адамдары - банктын төрагасы жана Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын төрагасы, банк Башкармасынын мүчөлөрү, банктын финансы боюнча, кредиттер боюнча башкы кызматкерлери. "Банктын кызмат адамдары катары" банктын саясатын аныктап же банктын саясатын түзө турган негизги операцияларына катышууга ыйгарым укуктуу же банкта акысыз же сыйакы алуу менен иштеген-иштебегенине карабастан чындап эле иш жүзүндө катышкан жана банктын саясатын түзгөн адамдарды дагы түшүнүүгө болот; 

- кредитор - атамекендик жана четөлкө юридикалык жактарды жана жеке адамдарды, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын атынан Кыргыз Республикасын кошо алганда, банктан кайсы түрдөгү болбосун милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга укуктуу кайсы болбосун адам, анын ичинде аманатчы. 

 

2. Убактылуу жетекчиликти дайындоонун тартиби 

 

2.1. Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчиликти дайындоо чечимин (кредиттик союздардан тышкары) Улуттук банк Башкармасынын токтому менен кабыл алынат. Ал эми кредиттик союздарды тескөө боюнча убактылуу жетекчиликти дайындоо чечимин Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат. Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин убактылуу жетекчиликти дайындоо жөнүндө токтомдорунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: 

- убактылуу жетекчиликти дайындоого негиздер; 

- убактылуу жетекчиликтин аракеттенүү мөөнөтү (башталыш жана аяктоо убактысы жана күнү); 

- убактылуу жетекчиликтин курамы (убактылуу жетекчиликтин жетекчиси/ мүчөлөрү); 

- банктын эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруусун кошо алганда, убактылуу жетекчиликтин аракеттенүү мөөнөтүндө банктын иш ыргагы (зарылдыкка жараша); 

- банктын ишин чектөө тизмеси (зарылдыкка жараша); 

- банктын жана убактылуу жетекчиликтин отчет берүү түрлөрү жана мезгил аралыгы; 

- Улуттук банк Башкармасынын/Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин башка маалыматтары. 

2.2. Убактылуу жетекчиликти дайындоого негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын жетекчилиги банк мыйзамдарына жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамга ылайык банктык ишти тиешелүү камсыз кыла албагандыгына байланыштуу банк ишиндеги катачылыктар аныкталган фактылардын белгилениши; 

- банк банктык ишти алгылыксыз жүргүзүлүшү(1); 

- банктын финансылык абалынын алымсынарлык болбошу; 

- банктын башкаруу органынын ортосунда анын ишин туура эмес жүргүзүүгө түрткү бере турган пикир келишпестиктердин келип чыгышы; 

- жетекчиликтин алмашуусуна байланыштуу банкты башкаруунун жокко эсе болушу; 

- банктын жетекчилигинин, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бериши; 

- жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата кылмыш ишинин козголушу же аларга карата кылмыштык иликтөөнүн башталышы; 

- банктын кредиторлордун алдындагы өз милдеттенмелеринин аткарбоосу жана банкты банкрот деп таануу тобокелдиги; 

- эскертүүлөрдү, жазма буйруктарды кошо алганда, Улуттук банктын пруденциалдык талаптарын, ошондой эле банктын финансылык абалын чыңдоо жана мыйзам талаптарын бузуу менен аткарылган иштерди четтетүү тууралуу түзүлгөн келишимдердин жана кат жүзүндөгү милдеттенмелердин шарттарын системалуу аткарбоо. 

2.3. Убактылуу жетекчиликтин дайындоо жөнүндө чечим банктын Башкармасынын, Директорлор кеңешинин, кредиторлорунун жана акционерлеринин, ошондой эле укук коргоо, сот жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кайрылуусу боюнча Улуттук банк тарабынан кабыл алынышы мүмкүн, аларда ушул жобонун 2.2-пунктуна ылайык убактылуу жетекчиликти дайындоого негиздер көрсөтүлүүгө тийиш. 

2.4. Убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү болуп Улуттук банктын анда же банк тутумунда үч жылга жакын эмгек стажына ээ кызматкерлери, дайындала алышат. 

2.5. Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адам Улуттук банк менен анын ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде убактылуу жетекчиликтин мүчөсү тарабынан дайындалат. Мында келишимде убактылуу ошол адамдын милдеттери, жоопкерчилиги, иштөө шарттары жана эмгегине төлөө аныкталууга тийиш. 

2.6. Убактылуу жетекчилик дайындалган банктын кызмат адамдары жана аффилирленген жактары убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү боло алышпайт. 

2.7. Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтому убактылуу жетекчилик дайындалган күнү банкка Улуттук банктын көзөмөлдүк функцияларын(2) жүзөгө ашыруучу структуралык бөлүмдөрү (мындан ары көзөмөл органдары) тарабынан маалымдалат. 

2.8. Убактылуу жетекчилик дайындалган учурдан тартып бантын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулат же убактылуу жетекчилик тарабынан белгиленген чекте жүзөгө ашырылат. 

2.9. Банктын башкаруу органдары жана кызмат адамдары убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү үчүн банктын офисине жана башка жайларына, анын бардык активдерине жана документтерине карата толук жана тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды (имарат, компьютер, байланыш каражаттары, ж.б.) түзүүгө милдеттүү

2.10. Убактылуу жетекчилик дайындалган күнү көзөмөл органы эсептешүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн банктар аралык системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мекемелерге белгиленген тартипте жөнөтүлө турган кабарлоо-катын даярдайт. Кабарлоо каты убактылуу жетекчиликти дайындоо жөнүндө (Улуттук банктын тиешелүү чечиминин номери жана кабыл алган күнү) билдирүүнү, убактылуу жетекчиликтин аракеттенүү мөөнөтүн, банктын иш ыргагы тууралуу тиешелүү маалыматты, убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрүнүн жана экинчи колтамганы коюуга укуктуу адамдардын колтамгаларынын үлгүлөрүн камтууга тийиш. 

2.11. Банкта убактылуу жетекчилик алты айга чейинки мөөнөткө дайындалат. 

 

3. Убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашыруу 

 

3.1. Убактылуу жетекчилик дайындалган учурда банктын атынан юридикалык жак катары убактылуу жетекчилик гана аракеттене алат. Ал өзү зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды, эгерде Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети тарабынан башка каралбаган болсо, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ыйгара алат. 

3.1.-1. Банк жетекчилиги (Банк Башкармасынын мүчөлөрү), Улуттук банк тарабынан убактылуу жетекчилик чарасы киргизилип жана текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда убактылуу жетекчиликке жана Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, убактылуу жетекчиликке жана текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, банктын, убактылуу жетекчинин жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, аларга ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Убактылуу жетекчилик иштеп турган мезгилде банктын акционерлеринин жыйналышы тарабынан кабыл алынган чечимдер, эгерде алар банктын убактылуу жетекчилигинин мүчөлөрү менен макулдашылган болсо, юридикалык күчкө ээ болот. 

3.3. Убактылуу жетекчилик иштеп турган мезгилде, аларды жүзөгө ашырууга. Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети тарабынан убактылуу тыюу салынган же чектелген операцияларды эске албаганда, анын лицензиясында каралган операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

3.4. Убактылуу жетекчилик тарабынан биринчи кезекте жүзөгө ашырылуучу иш-чаралар: 

- банктын иш ыргагы, банктын кызматкерлерине ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү тууралуу буйрук чыгаруу; 

- банктын кассасын жана сактоо жайын текшерүү

- убактылуу жетекчиликтин дайындалышы жөнүндө банктын бардык акционерлерине кабарлоо; 

- мөөрлөрдү, сактоо жайынын ачкычтарын, тест-ачкычтарды, казыналыктын имаратынын, банктын кассалык бөлүмдөрү жана архиви жайгашкан жайлардын ачкычтарын алар боюнча отчет бериле турган бланктарды кабыл алуу/өткөрүп берүү (өткөрүп берүү акты боюнча); 

- банктагы иштин чыныгы абалы менен финансылык отчетту салыштырып текшерүү

- банкты өзүнүн тескөөсүнө кабыл алуу боюнча башка өтө кечиктирилгис чараларды көрүү

3.5. Убактылуу жетекчилик төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктын финансылык абалын талдап, туруктуулугун болжолдойт: 

- банктын ишинде кемчиликтердин келип чыгуу себептерин талдоону; 

- банктын активдеринин рыноктук наркына баа берүүнү

- банкты реабилитациялоо мүмкүндүгүн талдоону, банкты башка банк менен кошуу мүмкүндүгүн, анын активдерин сатып алуу мүмкүндүгүн жана анын милдеттенмелерин башка банктын алышын, банкта орун алган көйгөйлөрдөн арылууда мыйзамда каралгандай чечим кабыл алуу; 

- банкты сатуу учурунда анын реалдуу наркына баа берүүнү

3.6. Убактылуу жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу: 

- зарыл болуп калган учурда жетекчилик кызматтарга банктын кызматкерлерин дайындоого, мыйзамга ылайык жалпы башкаруу функцияларын аткаруучу кызматкерлерди жумушка кабыл алууга жана бошотууга; 

- убактылуу жетекчиликтин максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон чектерде банктын мүлкүн, акча каражаттарын пайдаланууга жана иштетүүгө

- зарыл учурда банктын акционерлеринин, директорлор кеңешинин жыйынынын же банктын кредиторлорунун жыйынын чакырууга; 

- зарылчылыкка жараша банктык көзөмөл органы тарабынан атайын максаттуу текшерүүнү жүргүзүүгө жана тышкы аудиторду тартуу аркылуу тышкы аудитти жүргүзүү

- мыйзамга жана ушул жобого ылайык убактылуу жетекчиликтин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга. 

3.7. Банк убактылуу жетекчиликтин иш-аракетинин мезгилинде, эгерде Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен башка каралбаган болсо, Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын убактылуу жетекчилигинин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колдору коюлган отчетту (күндөлүк, ай сайын, чейрек сайын берилүүчү, жылдык жана башка отчетту жана маалыматты) берет. 

3.8. Убактылуу жетекчилик дайындалган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө отчет берүүгө тийиш. Отчет аны берүү күнүнө карата баланстык отчетту, алынган пайда жана кетирилген чыгымдар тууралуу отчетту, банктын финансылык абалынын талданышын (ушул жобонун 3.5-пунктуна ылайык), убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү менен банктын кызматташуу деңгээлине мүнөздөмөнү, убактылуу жетекчиликтин банктын финансылык абалын чыңдоо жана анын иш-аракетиндеги катачылыктарды четтетүү боюнча акыркы корутундусун жана сунуш көрсөтмөсүн камтууга тийиш. 

3.9. Убактылуу жетекчилик тарабынан берилген отчет алынган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Улуттук банк банктын жетекчилигин алмаштырууну, банк ишинин айрым түрлөрүн чектөөнү же башка чараларды кошо алганда, банктын финансылык абалын чыңдоо чараларын көрүү тууралуу чечим кабыл алууга же башка чараларды көрүүгө тийиш. 

3.10. Ушул жобонун 3.9-пунктуна ылайык Улуттук банк кабыл алган чечимдин негизинде убактылуу жетекчилик банктын финансылык абалын чыңдоо планын иштеп чыгып, аны Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети менен макулдашат жана анын аткарылышын уюштурат. 

3.11. Убактылуу жетекчилик тарабынан банктын финансылык абалын чыңдоо мүмкүн болбогондугу тууралуу корутунду берилген учурда Улуттук банк Башкармасы/Көзөмөл боюнча комитети банктык лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алууга укуктуу. 

3.12. Улуттук банк эмгекке төлөө, транспорттук жана башка чыгашаларды кошо алганда, убактылуу жетекчиликти күтүүгө кеткен бардык чыгашалардын суммасын төлөп берүү жөнүндө банктан талап кылууга укуктуу. 

3.13. Убактылуу жетекчиликти жүргүзүү учурунда келип чыккан чыгымдар мыйзамга ылайык Улуттук банктын, анын кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин жана Улуттук банк тарабынан дайындалган адамдардын жоопкерчиликке тартылышына алып келбейт. 

3.14. Убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү өзүнүн милдеттерин аткаруудан өзүнүн демилгеси, убактылуу жетекчиликтин жетекчисинин демилгеси же Улуттук банк Башкармасынын/Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен гана Улуттук банктын демилгеси боюнча бошой алышы мүмкүн. 

 

4. Убактылуу жетекчиликтин жүзөгө ашырылышына 

каршылык көрсөтүү акты 

 

4.1. Банктын башкаруу органы жана/же айрым кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашырууга, алардын ушул жобонун талаптарын аткарбоосунда убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү өзүнүн иш-аракетин токтотуп, каршылык көрсөтүлгөнү тууралуу акт түзөт (1-тиркеме). Убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрүнүн иш-аракетин токтотуу мөөнөтү Убактылуу жетекчиликтин аракеттенүүсүнүн белгиленген мөөнөтүнө камтылбайт. 

4.2. Каршылык көрсөтүү жөнүндө акт каршылык көрсөтүлгөн факт табылган күнү түзүлүп, ага убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрүнүн кол коюп, Улуттук банкка жөнөтүлөт. Банктын өкүлдөрү каршылык көрсөтүлгөндүгү актысы менен таанышуудан баш тартса, бул дагы акттын өзүндө көрсөтүлөт. 

4.3. Убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү ушул жобого ылайык түзүлгөн каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акттын негизинде банктын башкаруу органынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин колдонуудагы мыйзамга ылайык убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө каршы аракеттенген фактылары тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрыла алат. 

4.4. Банктын башкаруу органынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин колдонуудагы мыйзамга ылайык убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө каршы аракети колдонуудагы мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банкка таасир көрсөтүү чарасын колдонууга негиз болот. 

 

5. Убактылуу жетекчиликтин иш-аракетинин токтошу 

 

5.1. Убактылуу жетекчиликтин иш-аракети убактылуу жетекчиликке тагылган милдеттердин аткарылышына, Улуттук банкка убактылуу жетекчиликтин алардын алдындагы максаттарды жана милдеттерди аткарууга жетишүү мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө же убактылуу жетекчиликти жүзөгө ашыруунун белгиленген мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу токтотулушу мүмкүн. 

 

(1) Алгылыксыз банк тажрыйбасы түшүнүгү Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы N 16/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары тууралуу жобо менен аныкталган. 

(2) Тышкы көзөмөл башкармалыгы" 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

"Банкты тескөө боюнча убактылуу 

жетекчилик жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

 

Убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө 

каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө 

АКТ 

 

__________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, сактык кассанын аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(банктын (филиалдын, терминалдын, сактык кассанын) аталышы, дареги, телефон) 

_________________________ 2008-жылдын "______"____________________ 

үзүлгөн жери) 

Биз, убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү ____________________________ _______________________________________________________________________ 

(убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрүнүн аты-жөнү

тарабынан бул Акт банктын атынан: ________________________________ _______________________________________________________________________ 

(банктын жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин аты-жөнү

убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө төмөнкүдөй көрүнүштө тоскоолдук кылгандыктары үчүн түзүлдү

_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 

(банктын имаратына киргизбей койду, убактылуу жетекчиликке 

банктын суралган документтерин бербей койгон ж.б.) 

Банктын кызматкери/кызматкерлери убактылуу жетекчиликтин мүчөлөрү тарабынан банктын жана анын кызмат адамдарынын убактылуу жетекчиликти жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыктары үчүн жоопко тартылаары эскертилген. 

 

Акт түзүлдү

 

_________________________ ______________ 

(убактылуу жетекчиликтин (колтамга) 

мүчөлөрүнүн аты-жөнү

 

Тааныштым: 

 

_____________________ _________________ ______________ 

(банктын кызматкеринин (кызматы) (колтамга) 

аты-жөнү

 

Акттын экинчи нускасы алынды ___________________ ______________ 

(банктын кызмат-н (колтамга) 

аты-жөнү

 

Банктын кызмат адамдары __________________________________________ 

(банктын кызматкеринин/леринин аты-жөнү

каршылык көрсөтүлгөндүк жөнүндө акттын мазмуну менен таанышышты. 

 

_________________________ ______________ 

(убактылуу жетекчиликтин (колтамга) 

мүчөлөрүнүн аты-жөнү