Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 

2005-жылдын 27-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөн 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 18-мартындагы 

N 5/5 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана даттанууларды кошо алганда, банктар же башка финансы-кредиттик мекемелер ошондой эле башка юридикалык жак же жеке адам тарабынан болгон, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, сотко чейинки даттануулардын тартибин жөнгө салат: 

- Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитет) тарабынан кабыл алынган, таасир этүү жана/же айып салуу чараларын (мындан ары - таасир этүү чаралары) кабыл алуу жөнүндө чечимдери; 

- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы тарабынан каралган тартипте жөнгө салынуучу консервациялоону киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу жөнүндө таасир этүү чараларын эске албаганда, Улуттук банк Башкармасынын таасир этүү чараларын колдонууга тиешелүү токтомдору. 

Улуттук банк менен банктардын же юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы калган пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Жобо качан банк, юридикалык жак же жеке адам ушул Жобого ылайык, таасир этүү чарасын жана жазапулдарды салууну колдонууга тиешелүү Көзөмөл боюнча комитеттин, Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз жөнгө салган орун басарынын чечими же Улуттук банк Башкармасынын токтомдору боюнча даттануу ниетинде болгон бардык учурларда колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр: 

"Апеллянт" - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин чечимине же болбосо Улуттук банк Башкармасынын чечимине ушул жободо белгиленген тартипке ылайык даттанууну ишке ашырган банк же башка юридикалык жак же жеке адам. 

"Банк" - Улуттук банктан лицензия алышкан жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тараптан көзөмөлдөнүүгө таандык болгон коммерциялык банк же башка финансы-кредиттик мекеме (ФКМ). 

"Улуттук банк" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 

"Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү" - Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү - апеллянттын иши боюнча маселенин кароого алынышын демилгелешкен Инспектирлөө башкармалыгы, Тышкы көзөмөл башкармалыгы жана Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы. 

"Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим" - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары жеё Көзөмөл боюнча комитеттин чечими же болбосо Улуттук банк Башкармасы тарабынан банкка, башка юридикалык жакка же жеке адамга карата кабыл алынган документ, ал айып салуу жөнүндө чечимди кошо алганда, таасир этүү чараларын жана/же милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон белгилүү бир аракеттерди аныктайт. 

"Териштирүү" - ушул Жобого ылайык, Көзөмөл боюнча комитеттин чечимине апелляция жөнүндө арызды же Улуттук банк Башкармасынын чечимине карата каршылыктарды билдирген катты кароо процесси. 

"Тараптар" - ушул Жобого ылайык аппеляциялык арыздануучу банк жана/же башка юридикалык жак же жеке адам жана Улуттук банктын кайсы болбосун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Негиздүү делген учурларда Улуттук банк Башкармасы мөөнөттөрдүн мыйзамдар тарабынан белгилениши учурларын эске албаганда, ушул Жобонун 3.3; 5.1.; 7.2; 8,1; 8.7-пункттары тарабынан каралган мөөнөттөрдү 10 иш күнүнөн ашпаган мөөнөткө карап чыгат. 

1.4. Улуттук банктын ага карата таасир этүү чаралар көрүлгөн, жазапул салынган кайсы болбосун адам, Улуттук банк Банк Башкармасынын алдында алар боюнча даттанууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-бөлүк 

Көзөмөл боюнча Комитеттин чечимдери боюнча даттануу 

2. Териштирүүнү жүзөгө ашыруучу орган жана анын ыйгарым укуктеры 

2.1. Териштирүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2.2. Териштирүү боюнча чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. 

2.3. Улуттук банк Башкармасы териштирүүлөрдү ушул Жобого ылайык жүзөгө ашыруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу: 

а) Улуттук банктын пикири боюнча, териштирүүнүн пердметине карата тиешелүү деген тараптарды чакырууга жана алардан документтерди алууга; 

б) Улуттук банктын пикири боюнча, териштирүүнүн пердмети боюнча кызыктуу маалыматты бере алуучу кайсы болбосун адамды чакырууга; 

в) териштирүүнүн максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү чечимдерди кабыл алууга же аракеттерди көрүүгө

3. Апелляция жөнүндө арызды берүүнүн тартиби 

3.1. Териштирүүнүн жол-жобосу апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү арызды алуудан башталат. Апелляция жөнүндө арыз Көзөмөл боюнча комитеттин Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же чечимдерин алгандан кийинки 20 иш күнүнүн ичинде берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Апелляция жөнүндө арыз төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

а) банктын аталышын жана дарегин же башка юридикалык жактын; 

б) эгерде ал жеке адам болсо, апеллянттын аты-жөнүн, иштеген жерин, кызматын, жашаган жерин; 

в) териштирүү учурунда тиешелүү түрдө тариздетилген ишеним каттын негизинде (ишеним кат арызга кошо тиркелет) апеллянттын таламын колдогон адамдын аты-жөнү, жумушунун дареги жана телефон номери;); 

г) Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу жана жазапул салуу жөнүндө Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же чечимине даттанууга карата көрсөтмө

д) даттанууга себеп болгон жагдайлардын жана жүйөдалилинин таржымалын; 

е) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу, айып салуу жөнүндө чечиминин жана/же чечимдин маанисинин айкын же юридикалык жактан негизделишине апеллянттын кайсы болбосун каршы болуусу; 

ж) ар бир күбөнүн аты-жөнүн жана дарегин жана ар бир адамдын күтүлүүдөгү жүйөдалилинин кыскача жалпыланышын кошо алганда, отурумда түшүнүк берүү үчүн чакыруу зарыл болгон адамдардын толук тизмеси; 

з) апеллянттын кол тамгасы (эгерде апеллянт банк болсо, апелляцияга Башкарманын Төрагасы же Директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми алар жок учурда - банктын атынан кол коюу укугуна ээ алардын орун басарлары; эгерде банк-резидент эместин филиалы болсо - филиалдын жетекчиси, ал жок учурда - филиалдын атынан кол коюу укугуна ээ анын орун басары; эгерде юридикалык жак болсо - анын жетекчиси, ал жок учурда юридикалык жактын атынан кол коюу укугуна ээ жетекчинин орун басары кол коюуга укуктуу). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Апелляция жөнүндө арызды алгандан кийинки 3 иш күнүнүн ичинде Улуттук банктын Төрагасы (ал жок учурунда анын милдетин аткаруучу), апелляцияны кароо боюнча отурумду өткөрүүнүн датасын апелляция жөнүндө арызды алуу учурунан тартып, бир айдан кечикпестен мөөнөткө аныктайт. Кийинки күндөн кечикпестен Улуттук банк Башкармасынын катчылыгы апелляция жөнүндө арыздын көчүрмөсүн Көзөмөл боюнча комитетке Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына же жана тиешелүү структуралык бөлүмдөргө жөнөтөт жана тараптарга отурумду өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө билдирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Териштирүү процессинде документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби 

4.1. Териштирүүнүн предметтери менен байланыштуу болгон кат жүзүндөгү маалымат жана/же документтер Улуттук банк Башкармасына жана териштирүүнүн бардык тараптарына (же алардын Улуттук банк тарабынан мурда билдирилген өкүлдөрүнө) бир учурда берилет. 

4.2. Кат жүзүндөгү билдирүүнү жана документтерди жөнөтүүчү адамдын колунда билдирүүлөрдү жөнөткөндүгүнүн фактысы боюнча далили болуш керек. Билдирүүлөрдү Интернет же электрондук почта боюнча жөнөтүүгө тараптардын жана Улуттук банк Башкармасынын өзара кат жүзүндөгү макулдашуусу боюнча гана уруксат берилет. 

4.3. Улуттук банк Башкармасына кошумча берилген бардык маалыматтар жана документтер аларды берген адамдын аты-жөнүн, дарегин жана телефон номерин, териштирүүнүн мазмунун жана териштирүү көктөмөсүнүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген номерин жана берилген документтеги караштырылуучу предметти камтууга тийиш. 

5. Аппелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурумга карата даярдык 

5.1. Ушул Жобонун 3.2-пунктуна ылайык сунушталган апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү арыздын көчүрмөсүн алгандан кийинки 20 иш күнүнүн ичинде Улуттук банктын Юридика башкармалыгы жана жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдөр Улуттук банк Башкармасына алынган маалымат боюнча пикирди билдирет. Мындай учурда Улуттук банктын Юридика бөлүмү жана көзөмөл блогу Башкармалыгы Улуттук банктын банктык көзөмөлдү жетектөөчү орун басарынын макулдугу боюнча Улуттук банк Башкармасына жана ар бир башка тарапка төмөндөгүлөрдү сунушташат: 

а) өзүнүн позициясы жөнүндө кат жүзүндөгү негиздемени; 

б) алардын паспорттук маалыматтарын көрсөтүү жана алардын телефон номерлерин, даректерин жана ар бир адамдын күтүлүүдөгү жүйөдалилдеринин кыскача жалпыланышын тиркөө мөнөн териштирүүнүн предмети боюнча жүйдалилдерди берүүнү каалаган адамдардын тизмесин; 

в) териштирүүгө берилүүчү далилдердин тизмелерин жана көчүрмөлөрүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2. Үчүнчү тараптар эгерде, алар ушул жобонун 3.2. пунктуна ылайык билдирилбеген болсо, жүйөдалилдерди жана далилдерди (документтерди) бере алышпайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Териштирүүнүн жүрүшүндө Улуттук банк Башкармасы ушул Жобонун 3.2-пунктуна ылайык билдирилбегөн жүйөдалилдерди берүүгө жана далилдерди (документтерди) кароого уруксат берет. 

6. Апелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурумду өткөрүү 

6.1. Апелляциялоо жөнүндө арызды кароо боюнча отурум (мындан ары - отурум), тиешелүү талаш маселелерди адилет жана ыкчам чечүү максатында өткөрүлөт. Ар бир тарап оозеки жүйөөлүү далилдери жана тиешелүү документтер аркылуу өз позицияларын билдирүүгө, ошондой эле кайсы болбосун тарап сунуштаган фактылар боюнча күбөлөргө суроо берүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.2. Тараптар Улуттук банк Башкармасынын отурумуна катышууга жана өздөрүнүн жүйөдалилдерин көрсөтүүгө укуктуу. Апелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурум эгерде, алар ушул Жобонун 3.3. пунктуна ылайык билдирилген болсо, тараптардын жок болушунда деле өткөрүлүшү мүмкүн. 

6.3. Улуттук банк Башкармасы териштирүү менен байланыштуу болгон бардык жол-жобо маселелерин аныктайт. 

6.4. Отурум боюнча протокол жазылат, отурумдун протоколунун көчүрмөсү териштирүүнүн бардык тараптарына берилет. 

6.5. Апеллянт иш боюнча өзүнүн позициясын биринчи болуп көрсөтөт. Улуттук банктын өкүлдөрү өздөрүнүн жүйдалилдерин апеллянт иш боюнча өзүнүн позициясын көрсөткөндөн кийин көрсөтөт. 

6.6. Тараптар жана, күбөлөр өздөрүнүн позицияларын түшүндүрүү жана далилдөө максатында схема, график, жазуулар түрүндөгү сүрөттүү материалдарды жө жүөйдалилдерди көрсөтүүнү жалпылоо, далилдөө же жөнөкөйлөтүү үчүн башкаларды пайдалана алышат. Мындай материалдар Улуттук банктын каалоосу боюнча аларды териштирүүнүн протоколуна киргизүү менен же киргизүүсүз пайдаланылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.7. Акыркы чечимди кабыл алууда, Улуттук банк Башкармасы мындай консультацияны алууда банктык сырды таркатуу орун албай турган шартта териштирүүнүн тараптары болуп саналбаган кайсы болбосун тараптар же адамдар менен консультация алуулары мүмкүн. Мында кайсы болбосун мындай консультациялар жалпыланууга жана териштирүүнүн материалдарына камтылышы мүмкүн. 

6.8. Ар бир тарапка өз позициясына карата фактылардын негизинде, акыркы жалпылоону жүргүзүүгө, фактыларга карата кайсы болбосун колдонуудагы мыйзамдарды, ченемдик актыларды, саясаттарды, жетекчиликтер жана тараптар жетише ала турган чечимдерди негиздөөчү кайсы болбосун тиешелүү материалдарды колдонууга мүмкүндүк берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.9. Териштирүүнү негизсиз токтотуу же ага кедерги болуу максатында аракеттенүүчү же териштирүүнүн кайсы болбосун этабында мазактоо менен аракеттенген тараптарга же тараптардын өкүлдөрүнө Улуттук банк Башкармасы тарабынан териштирүүлөргө андан ары катышууга жол берилбейт. 

7. Улуттук банк Башкармасынын чечими 

7.1. Улуттук банк Башкармасы чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Улуттук банк Башкармасы: 

1) апелляциялык арызды толук же жарым-жартылай канааттандырып, ушуга байланыштуу Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чаралары, жазапулдарды салуу жөнүндө мурда Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же кабыл алган чечимдерин алып салат жө өзгөртө алат; 

2) апелляциялык арыз четтетилсин жана Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу, айып салуу боюнча чечими күчүндө калтырылсын. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.2. Улуттук банк Башкармасынын чечиминин көчүрмөсү чечим чыккан учурдан таратып 3 иш күнүнүн ичинде териштирүүлөрдүн ар бир тарабына берилет. 

II бөлүк 

Улуттук банк Башкармасынын чечимдери боюнча даттануу 

8. Таасир этүү чараларын колдонууга тиешелүү каршылыктарды билдирген катты кароонун тартиби 

8.1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан апеллянтка карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган шартта, апеллянт Улуттук банк Башкармасынын чечимин алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ага карата колдонулган таасир этүү чаралары боюнча кат жүзүндөгү каршы болуусун жөнөтө алат. Кат жүзүндөгү каршы болууга апеллянттын колтамгасы ушул Жобонун 3.2-пунктунун 3) пунктчасынын талаптарына ылайык коюлууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.2. Апеллянттын каршылыкты билдирген каты Улуттук банк Башкармасына жөнөтүлүүгө тийиш. Каршылыкты билдирген катты алгандан кийин каршылыкты билдирген каттын көчүрмөсү дароо Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмүнө жана Юридика башкармалыгына (Улуттук банк Башкармасынын катчылыгы тарабынан) жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.3. Каршылык жөнүндө арыз таасир этүү чарасын колдонууга тиешелүү бардык пикир келишпеген маселелерди, ошондой эле таасир этүүнү колдонуу жөнүндө чечимди алып салуу үчүн негиздемелерди камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.4. Улуттук банк Башкармасынын таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине карата апеллянттын каршылык билдирген каты жок болсо же ал өз убагында берилбесе, банк бул чечим менен макул катары таанылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.5. Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм жана Юридика башкармалыгы Улуттук банк Башкармасына апеллянттын каршылыкты билдирген катын алгандан кийинки 10 иш күнүнүн ичинде, таасир этүү чарасын колдонууга тиешелүү банктын каршылык билдирген катына жоопту берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8.6. Таасир этүү чарасын (чараларын) колдонууга тиешелүү каршылык билдирегн катында апеллянт өзүнүн оозэки жүйөдалилдерин түздөн-түз Улуттук банк Башкармасына айтуу үчүн мүмкүндүк берүү өтүнүчүн билдире алат. Улуттук банк Башкармасы банктын оозэки жүйөдалилдерин угууга же угуудан баш тартууга укуктуу. Улуттук банк Башкармасы апеллянттын оозеки жүйөө далилдерин уккан учурда, жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм, Юридика башкармалыгы жана зарылчылыгына жараша Улуттук банктын көзөмөл блогунун башка түзүмдүк бөлүмдөрү катышууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы N 48/4 токтомунун редакиясына ылайык) 

8.7. Улуттук банк апеллянттан таасир этүү чараларынын колдонулушуна тиешелүү нааразычылыгын билдирген катын алгандан кийинки 20 жумуш күнү ичинде, Улуттук банк Башкармасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алынган чечимдерин толугу менен алардын бөлүгүн алып салуу жөнүндө

2) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин өзгөртүү жөнүндө

3) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин күчүндө калтыруу жөнүндө

Улуттук банк Башкармасынын чечими аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде апеллянтка маалымдалууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык)