Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  

2004-жылдын 5-январында  

2-04 номеринде каттоодон өткөн 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 10-декабрындагы  

№ 34/10 токтому менен бекитилген  

 

 

“Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен банк операцияларын жүргүзүүгө карата талаптар жөнүндө” нускоо 

 

(Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна киргизилген  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен: 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында  

109-04 номеринде каттоодон өткөн №24/4 токтомуна, 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005 -жылдын 25-августунда кабыл алынган, Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн № 26/5 токтомуна, 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган, Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 2-ноябрында 105-07 номеринде каттоодон өткөн № 43/4 токтомуна, 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Юстиция министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 72-09 номеринде каттоодон өткөн №26/2 токтомуна, 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 25-ноябрындагы № 47/4, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2013-жылдын 24-апрелиндеги №13/9 токтомдоруна) 

 

Бул нускоо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган банктардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктардын, ислам терезесине ээ банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүү ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-сентябрындагы №43/4, 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2, 2009-жылдын 25-ноябрындагы № 47/4, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1. НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР 

 

Бул нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Инсайдерлер (ички адамдар) банк Башкармасынын мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана көрсөтүлгөн адамдар менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун жеке адамдар. 

Ушул нускоого ылайык, ички аудитор, тобокелдик-менеджери жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган адам “банктын кызмат адамдары” аныктамасына кирбесе, аларга карата ушул нускоонун талаптары таркатылбайт.  

Банктын кызмат адамдары бул, банктын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, финансы жана кредиттер боюнча банктын башкы кызматкерлери. Мындан тышкары "банктын кызмат адамдары" катары, алар акысыз же сыйлык алып иштегендигине карабастан, банктын саясатын аныктаган же болбосо банктын саясатын калыптандырган негизги операцияларга катышууга ыйгарым укуктуу же чыныгы катышкан адамдарды түшүнөбүз.  

Директорлор кеңешинин мүчөсү (же ушул сыяктуу органдын мүчөсү) банкты контролдогон, банктын жана/же компаниянын Директорлор кеңешине кирген адам, банк тарабынан контролдукка алынган кайсы болбосун компаниянын Директорлор кеңешине кирген адам, ошондой эле бир эле жеке адам же юридикалык жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кирет. 

Акциялардын ири топтомдорунун ээлери добуш берүү укугу менен акциялардын 5 пайызынан ашык акцияларды тике же кыйыр түрдө контролдогон (анык ээлери болуп саналат) адамдар. 

Акциялардын анык ээлери - компаниянын акцияларына өзүнүн жеке атынан ээлик кылган адам, ошондой эле мындай акцияларга юридикалык ээлик кылуу башка адамга таандык болсо да, кандай болбосун жазуу же оозеки формада башка адам менен кайсы болбосун контракт, макулдашуу, келишим түзүү же макулдашууга жетишүү аркылуу компаниянын акцияларына ээлик кылуудан пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ адам.  

Контролдук бул жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргелешип:  

- акционердик коомдун же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын добуш берүү укугу менен акцияларынын элүү жана андан көбүрөөк пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же болбосо тескөө, же; 

- юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүнүн кеминде жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же; 

- юридикалык жактын капиталына катышуусуна карабастан, макулдашуунун негизинде же башкача жол менен аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына аныктоочу таасир этүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү

Контролдукту, Акциялардын ири топтомдорунун ээлерин жана Акциялардын анык ээлерин аныктоо максатында: 

1.1. Анык ээлигинде турган же ушул нускоодо аныкталган тууган адамдардын ичинен туугандыгы бар бир адамдын контролдугунда турган кайсы болбосун акциялар, ушул жеке адамдын анык ээлигинде турган акциялар катары каралат.  

1.2. Компанияга толугу менен контролдук жүргүзгөн адам (жеке адам же юридикалык жак) бул компания тарабынан толук контролдукка алынган компанияларга контролдукту жүргүзгөн адам катары эсептелет. 

1.3. Анык ээлеринде турган акциялар же белгилүү бир адамдын толук контролдугуна алынган компаниянын контролдугунда турган акциялар, ошол адамдын анык ээлигинде турган катары эсептелинет жана анын ээлигинде турган акцияларды аныктоо ишинде түздөн-түз анын ээлигинде турган акциялар менен суммаланат.  

1.4. Анык ээлигинде турган же бир эле жеке адам же юридикалык жактын контролдугунда турган компаниялар тарабынан толук контролдукка алынган акциялар суммаланат. 

Инсайдерлер менен жалпы кызыкчылыкка ээ адамдар бул инсайдерлердин туугандар чөйрөсү, банктын инсайдерлеринин чечим кабыл алуусуна таасир эте алган башка жеке адамдар, ошондой эле банктын инсайдерлери тарабынан контролдонуучу юридикалык жактар. 

Туугандар чөйрөсү бул, туугандык катышта турган адамдар, аларга төмөнкүлөр кирет: ата-энеси, жубайы, жолдошу, жубайынын/жолдошунун ата-энелери, балдары (багып алган кыз/балдарды кошо алганда), эже-сиңдилери, ага-инилери, чоң атасы менен чоң энеси, неберелери, ата-энесинин ини/карындаштары, ата-энесинин ини/карындаштарынын балдары.  

Кредит аныктамасы, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында №109-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) “Кредиттөөнү чектөө жөнүндө” нускоодо камтылган “чогуу алгандагы карыз же талаптар” аныктамасына окшош.  

Компания, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык уюштурулган ишкердик түзүмдүн кайсы болбосун бир формасын билдирет.  

Аффилирленген жактардан болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактардын олуттуу катышуучулары;  

- банктарды кошо алганда, башка юридикалык жактар олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;  

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактарда олуттуу катышуучу болуп саналган башка юридикалык жактар. 

Аффилирленген жактын банк менен мамилеси, компаниялардын жана жактардын байланышына байкоо жүргүзүү аркылуу аныкталышы мүмкүн, алардын ортосундагы мамиле ырааттуу байланыш звенолорунун санына карабастан, толук контролдуктун негизинде жүргүзүлөт. 

Эгерде компанияга жүргүзүлгөн контролдук, мурда келип чыккан карыздардан улам банктын чыгымдарына бөгөт коюу боюнча укуктарды ишке ашыруунун жыйынтыгында келип чыкса, ал аффилирленген жак болуп эсептелбейт, бирок бул учурда банк ага юридикалык ээлик кылуу укугуна ээ болгон учурдан тартып эки жыл ичинде ал компанияга өз ээлигин сатууга тийиш. 

Аффилирленген жактар менен келишилген бүтүмдөр (операциялар) төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- аффилирленген жакка кредит (кредитти алмаштыруучуну)1 берүү

- аффилирленген жак тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алуу; 

- активдерди сатып алуу; 

- кайсы болбосун жакка жана компанияга кредиттин же карыздын ордун жабуу максатында, аффилирленген жак тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды акцепттөө

- гарантияларды берүү, которулма векселдерди акцепттөө, аффилирленген жактын пайдасына аккредитивди чыгаруу; 

- мыйзамдарга ылайык, бүтүмдөр түшүнүгүнө кирген башка операциялар.  

Олуттуу катышуу - бул жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргеликте:  

- акционердик коомдун добуш берүү акцияларынын (бардык түрүнүн) он же андан көбүрөөк пайызына, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу;  

- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышкандыгына карабастан, келишимдин же башка негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү.  

Олуттуу катышуучу Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамга ылайык, юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак.  

Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролдукту жүзөгө ашырган жак.  

Калыстык принциби бул, эгерде мындай кредиттерди берүү шарттары ушундай эле шарттарда банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес карыз алуучуларга жана банктын олуттуу катышуучуларына берилген кредиттерге караганда алгылыктуу болсо, инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга банк кредит берүүгө укугу жок экендигин билдирет.  

Сапаты төмөн активдер төмөнкүлөрдү билдирет: 

- Улуттук банктын активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды түзүү жөнүндө талаптарына ылайык субстандарттык, шектүү жана жоготуу катары классификацияланган активдер;  

- 30 күнгө көбүрөөк кармалган активдер (дебитордук карыз), пайыздарды же негизги сумманы төлөп берүүлөр2

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосунан улам, алар боюнча шарттар кайра тариздетилген активдер. 

Аффилирленген жактар жана инсайдерлер менен операциялар бул төлөм алынгандыгына карабастан, “байланыштуу” тараптар ортосунда жүргүзүлүүчү ресурстарды же милдеттенмелерди өткөрүп берүү.  

"Ислам банкы", ”Ислам терезесине” ээ банк”, "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" аныктамалары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын түшүндүрмө берүүчү ченемдерге туура келет.  

 

2. ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР 

Эгерде, кредиттөө учурунда калыстык принциби талаптарын жана төмөндө келтирилген кайсы болбосун талаптарды бузууга жол берилсе банк өз инсайдерлерин жана аффилирленген жактарын кредиттөөгө укугу жок: 

А) банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (ченем К1.2) банктын таза суммардык капиталынан 15% ашса; 

Б) банк, Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жана жеке каражаттардын шайкештиги боюнча талаптарга туура келбесе;  

В) отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата күндөлүк чыгымдар орун алса.  

2.2. Банктын аффилирленген жагы болуп саналган (ченем К1.4) башка банкка банктар аралык жайгаштыруу боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 15% ашык болбоого тийиш. 

2.3. Инсайдерлердин жана/же аффилирленген жактардын банк алдындагы карыздарынын жыйындысы катары берилген инсайдерлер жана/же аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынан 60% ашык болбоого тийиш. 

2.4. Банктарга, инсайдерлер менен аффилирленген жактарды кредиттөөнү чектеген ички чектөөлөрдү белгилөө сунушталат, ал Улуттук банк тарабынан белгиленген чектерден төмөн болууга тийиш. 

2.5. Банктын же анын туунду компаниясынын инсайдер же аффилирленген жагы менен ишке ашырылган кандай болбосун операциясы коопсуз жана ишенимдүү банктык тажрыйбаны тастыктаган шартта түзүлүүгө тийиш.  

2.6. Эгерде бүтүм боюнча кирешелер (жарым жартылай болсо да) банк инсайдеринин же аффилирленген жагынын пайдасында колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе, банктын кайсыл болбосун жак менен түзүлгөн кандай болбосун бүтүмү инсайдер же аффилирленген жак менен келишилген бүтүм катары эсептелүүгө тийиш. 

2.7. Банк төмөнкү шарттарды аткарган учурда гана инсайдер же аффилирленген жак менен операцияларды жүргүзүүгө укуктуу: 

А. Бул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда баяндалган операциялардан тышкары, аталган банк жана башка жактар аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларынын жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактардын ортосунда ошол эле мезгил аралыгында, ушул сыяктуу операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулуучу шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңил болуп саналбаган шарттар менен талаптар болгон учурда гана операциялар ишке ашырылат. Мындай шарттар менен талаптар төмөнкүлөргө жол бербеген шарттарды камтыйт: 

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларынан жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактардан алынуучу пайыздарга же жыйымдарга караганда кыйла төмөн пайыздарды же жыйымдарды алууну; 

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларына жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактарга төлөнүүчү депозиттерге караганда депозиттер боюнча кыйла жогору пайыздарды төлөп берүүнү

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларынан жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес кайсы болбосун башка жактардан талап кылынуучу күрөөнүн наркына караганда наркы кыйла төмөн күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда ушул сыяктуу башка күрөөдөн салыштырмалуу жогору баалоого мүмкүндүк берген ыкманы колдонууга жол берилбейт; 

бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнөн улам, аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарларына жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактарга берилбей турган кредиттерди берүүнү

инсайдерден же аффилирленген жактан сапаты төмөн активдерди сатып алууну же алардан сапаты төмөн активдерди күрөө катары кабыл алууну; 

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарына жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсыл болбосун башка жакка төлөнүп бериле турган баага караганда кыйла жогорку баада активдерди сатып алууну;  

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарынан жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсыл болбосун башка жактан кабыл алына турган баага караганда кыйла төмөн баада активдерди сатууну;  

банк, башка учурда баалуу кагаздардын тобокелдик деңгээлинен же болбосо инвестор же каралып жаткан аффилирленген жак иш алып барган иштин түрүнөн улам, инвестициялабай турган баалуу кагаздарга инвестициялоого; 

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарына жана банк менен байланыштуу болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жакка төлөнө турган бааларга караганда товар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктүн ижарасы үчүн кыйла жогору бааны төлөөнү же аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарына жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жакка төлөбөй турган шарттарда төлөөнү

аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардары жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жак үчүн кредиттерди кайтаруунун мөөнөтү узартылбаган учурда инсайдерлер менен аффилирленген жактардан кредиттерди кайтаруунун мөөнөттөрүн узартууну. 

Б. Кредит берген мезгилде анын тобокелдиги, Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган учурда, Активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, канааттандырарлык деп таанылган тиешелүү кредиттерге салынган тобокелдиктен ашып түшпөөгө тийиш. 

В. Чечим, Директорлор кеңеши тарабынан ар бири добуш берүү менен инсайдер же аффилирленген жак менен операция жүргүзүүгө байланышкан банктын тобокелдик жөнүндө тобокел-менеджерин кошууну эске алып, операция жүргүзүүгө кызыкдар жактардын таасир этүүсү (тике же кыйыр) жок болгон шартта, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесинен 2/3 бөлүгүнөн көп) кабыл алынууга тийиш. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин кайсыл болбосун мүчөсү, маселени талкуу учурунда Директорлор кеңешинин отурумунан чыгып турууга тийиш жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. 

Г. Банк мындай операциялардын жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү протоколду жүргүзүүгө тийиш, ал протоколдо мындай операция банкка зыян алып келбей тургандыгын жана операция банктын таламында ишке ашырылып жаткандыгын кошо алганда, анын бардык артыкчылыктарына талдап-иликтөөлөр протоколдо чагылдырылууга тийиш. Талдап-иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

кредиттик операциялар үчүн кредиттин суммасын, кредиттин мөөнөтүн, пайыздык ченди, карыз алуучунун келишимге ылайык кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн далилдеген карыз алуучу жөнүндө финансылык маалыматты жана кредит боюнча күрөөнүн наркын тастыктаган маалыматты; 

активдерди сатып алуу жана сатуу менен байланышкан операциялар үчүн сатып алуулардын баасын жана активдин наркын тастыктаган маалыматты; 

инвестициялар үчүн мындай инвестициялардын тобокелдигине баа берүүнү жана банк менен каралып жаткан жак үчүн потенциалдуу пайданы; 

аталган операцияны жүргүзүүнүн зарыл себептерин толук түшүндүрүүнү

активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну/сатып алууну камтыган операциялар үчүн, Директорлор кеңеши, активдерди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар банк менен байланышы жок адамдар тарабынан сунушталууга жана орточо рынок баасына туура келүүгө тийиш.  

 

Д. Банк менен болжолдонгон операцияда тарап болуп саналган же ошол тарап менен жалпы кызыкчылыкта байланышы бар инсайдерлер, операцияга болгон өздөрүнүн кызыкчылыгы жана операциянын башка тарабы менен болгон өз ара мамилелеринин баскычтары жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндөгү формада ачып баяндап берүүгө тийиш. Жазуу жүзүндөгү мындай ачып баяндоо болжолдонуучу операция боюнча добуш берүүгө чейин Директорлор кеңешине сунушталышы зарыл жана Директорлор кеңеши тарабынан операцияны жактыруу протоколунун бөлүгүн түзүүгө тийиш.  

 

2.7.-1. Банк, Директорлор кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин Төрагасын жана анын мүчөлөрүн, ошондой эле банк кызматкерлеринен болбогон инсайдерлерден тышкары (мындан ары инсайдерлер-банк кызматкерлери), банк кызматкерлерин социалдык колдоо программасына ылайык, инсайдерлерге кредиттерди берүүгө укуктуу. Мында инсайдерлер-банк кызматкерлерин кредиттөө шарттары, кеминде төмөнкү талаптарга туура келүүгө тийиш: 

1) инсайдерлер-банк кызматкерлерине кредиттер турак жайды сатып алууга же курууга гана берилет; 

2) сатып алып жаткан же курулуп жаткан турак жай кредит берилген инсайдер-банк кызматкеринин жеке менчик укугуна таандык болот; 

3) сатып алып жаткан же кийинки курулуп жаткан турак жайда кредит берилген инсайдер-банк кызматкери жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү (болгон болсо) жашайт; 

4) кредиттин максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашык болбоого тийиш;  

5) кредиттин максималдуу өлчөмү сатып алып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде кошумча күрөө катары сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын кырк пайызынан кем эмес өлчөмдөгү байланыштуу депозит сунушталса, сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайдын адилет наркынын жүз пайыз өлчөмүндөгү кредит берилиши мүмкүн; 

6) турак жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баа берүүчүнүн кызматы пайдаланылат; 

7) биринчи күрөө катары сатылып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат; 

8) инсайдер-банк кызматкеринин туугандар чөйрөсүнө кирген адамдарга турак жай алуу үчүн инсайдер-банк кызматкерине кредит берүүгө тыюу салынат.  

Банк жана инсайдер-банк кызматкеринин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде, инсайдер-банк кызматкери ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган кредиттөө шарттарын бузган учурда, кредиттик келишим ушул Нускоонун 2.7.-5 пункттарында каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.  

2.7.-2. 2.7-пунктунун В, Г жана Д пунктчаларынын жоболору ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда көрсөтүлгөн инсайдерлер менен ишке ашырылган операцияларга таркатылат.  

2.7.-3. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган банктын ички документтери өзүндө инсайдерлер-банк кызматкерлерин кредиттөө жөнүндө жобону камтууга, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

банктын кредит портфелинин жалпы көлөмүнө жана банктын таза суммардык капиталына карата ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда көрсөтүлгөн инсайдерлер-банк кызматкерлерине берилген кредиттердин үлүшүн; 

кредиттердин түрлөрүн; 

кредиттин валютасын; 

кредиттин максималдуу өлчөмүн; 

кредиттөө мөөнөттөрүн; 

пайыздык чендерди (баа түзүү); 

күрөө наркын жана артыкчылыгын баалаган критерийлерди. 

2.7.-4. Кызматкерлерди кредиттөөнүн тартибин жөнгө салган банктын ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:  

кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган банктын ички документтеринин актуалдуулугун жана алардын банктын кредит саясатына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн документтерди жыл сайын карап чыгууга; 

кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган банктын ички документтеринин талаптарын аткарууну камсыздоо боюнча банк Башкармасынын (же банктын ушундай эле башка аткаруу органынын) ишин контролдоого. 

2.7.-5. Ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда каралган кредиттөө шарттарын инсайдерлер-банк кызматкерлери бузууга жол берген учурда: 

банк бузууларга жол берүүнү аныктаган күнү, аталган банктын кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактар менен банк ортосунда ушул сыяктуу операциялар үчүн ошол эле мезгилде колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдик болуп саналбаган кредит берүүнүн мындай шарттарын жана талаптарын карап чыгуу менен кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

инсайдер-банк кызматкери кредитти алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейинки пайда болгон пайыздар боюнча айырманы банкка кайтарып берүүгө милдеттүү

пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, кредиттин шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан баштап кредиттин жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.  

2.8. Директорлор кеңешинин Төрагасы, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин каралып жаткан маселе боюнча 2.7-пунктунун бардык шарттары аткарылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин добуш берген ар бир мүчөсү операцияны жактыруу резолюциясына өз кол тамгасын коюуга тийиш. Резолюцияда Директорлор кеңешинин мүчөсү болжолдонгон операциянын шарттарын карап чыккандыгын, ал шарттарды түшүнө тургандыгын жана 2.7-пунктунун Г пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен өзү таанышкандыгын даана көрсөтүүгө тийиш. 

2.9. 2.7-пунктунун В, Г жана Д пунктчаларынын жоболору, эсептешүү жана депозиттик кызматтарды көрсөтүүдө же аталган банк кызматкерлери болуп саналбаган банк кардарлары жана банк менен байланышы болбогон жана/же банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон кайсы болбосун башка жактар үчүн коюлуучу ушундай эле талаптар менен шарттарда инсайдерлерге кредиттик карточкаларды чыгарууда, инсайдерлерден же аффилирленген жактардан банк кабыл алынуучу депозиттерге тиешелүү болбойт. 

2.10. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында №109-04 номеринде каттоодон өткөн) токтому менен бекитилген “Кредиттөөнү чектөө жөнүндө” нускоодо белгиленген учурларда банк менен байланыштуу жактарды кредиттөө чектеринен чыгарууга мүмкүн

2.11. Инсайдерге же аффилирленген жакка берилүүчү ар бир кредит (кадимки корреспонденттик иштин жүрүшүндөгү банктар аралык кредиттерден тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны ишке ашыруудагы таза нарк төмөнкү көрсөткүчтөн аз эмес көрсөткүчтү түзөт:  

А. Эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо, кредиттин суммасынан 120 пайыз. 

Байланыштуу депозит, корреспонденттик эсеп болуп саналбаган өзүнчө аманатка салынган/мөөнөттүү депозитти (аманат) билдирет: 

- берилип жаткан кредиттин мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөткө,  

- күрөө катары тийешелүү негизде тариздетилген,  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынат жана  

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардар мүлккө ээ боло албайт. 

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркы банк тарабынан ай сайын, чет өлкө валютасындагы депозит түрүндө - жума сайын баа берилүүгө тийиш. 

 

Б. Күрөөнүн кайсы болбосун каалаган түрү болгон учурда кредиттин суммасынан 140 пайызды түзөт.  

Эгерде күрөөлүк камсыздоонун наркы бара-бара ушул Нускоодо белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөө мүлкү менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарк менен күрөөнүн жаңы түрүнө алмаштырылууга тийиш.  

2.12. Макулдук берилгенден кийин жана инсайдерге же аффилирленген жакка кредит берилгенден кийин ал башка байланыштуу болбогон жактарга берилген кредиттер сыяктуу тескөөгөөзөмөлгө жана баа берүүгө) алынат. Аффилирленген жактардын инвестициялары башка байланышпаган жактарга берилген башка инвестициялар сыяктуу мезгил мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана ага баа берилүүгө тийиш.  

2.13. Директорлор кеңеши добуш берүүдөн баш тартса же инсайдер жана/же аффилирленген жак менен ишке ашырылган операцияга тиешелүү чечим кабыл ала албаган шартта таламдардын каршы келип калышы орун алса, Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына кароого өткөрүп берүү чечимин добуштун 2/3 бөлүгү менен кабыл ала алат. Директорлор кеңеши 2.7-пунктта көрсөтүлгөн талдап-иликтөөлөрдү кошо алганда, сунушталуучу операция тууралуу толук отчетту акционерлердин жыйынына даярдоого тийиш. Мындай операция боюнча өзүнө ыңгайлуу шарттарды алышы мүмкүн болгон акционер (тике же кыйыр түрдө же акционер жалпы кызыкчылыкка ээ болгон адам аркылуу) операцияга макулдук берүү маселеси боюнча талкууларга катышууга, акционерлер жыйынындагы добуштарга таасир этүүгө же таасир этүү аракеттерин көрүүгө же добуш берүүгө жол берилбейт. Акционерлердин жалпы санынан 2/3 бөлүгү “макул” деген добуш берген учурда гана, акционерлер инсайдерге ыңгайлуу шарттарда операцияны ишке ашырууга макулдук бере алышат. Эгерде банктын ар бир акционери аталган операция боюнча өзүнө ыңгайлуу шартка (тике же кыйыр түрдө же акционер жалпы кызыкчылыкка ээ болгон адам аркылуу) ээ болушу мүмкүн болгон инсайдерден болсо же мындай адамдар акционерлердин санынын үчтөн көбүрөөк бөлүгүн ээлесе, анда операция акционерлердин жыйынында кароого алынбай жана ал банк тарабынан ишке ашырылбайт.  

Таламдардын каршы келип калышы орун алган учурларда маселени акционерлердин жыйынына өткөрүп берүү тажрыйбасы алгылыктуу болуп саналбайт жана ал мындай иш-аракеттерди көрүүнү негиздеген өзгөчө шарттарда гана колдонулууга тийиш (добуш берүүдөн баш тартылса же мындай маселе боюнча чечим кабыл ала албаса). Негизинен, Директорлор кеңеши адептүүлүк менен ак ниеттүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоого алуу менен банктын ишенимдүү жана акыл ченемдүү иш алып баруусуна жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши маселени акционерлерге өткөрүп берүү чечимин кабыл алганга чейин аны банктын таламына ылайык келген алыгылктуу чечимдерди кабыл алуусу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүүгө тийиш.  

2.14. Банк, кандайдыр бир жакка мүмкүнчүлүк берүү максатында аны менен бүтүм түзө албайт:  

- банктын аффилирленген жагы же инсайдер алдында анын милдеттенмелерин төлөөгө

- банктын аффилирленген жагы же инсайдерден кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

- банктын аффилирленген жагы тарабынан эмиссияланган баалуу кагаздарды сатып алууга. 

2.15. Эгерде банк өз каражаттары менен коммерциялык банктарга же банктык эмес башка уюмдарга катышса, анда ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун финансылык салымдарын жана кредиттерин кошо алганда, инвестицияларынын максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 20 пайызынан аз өлчөмүн түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы көлөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 60 пайыз ашпоого тийиш. 

 

3. ПРОТОКОЛДОР ЖАНА ОТЧЕТТЕР 

3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык, банк жазуу түрүндө документ (отчеттер) жүргүзүүгө тийиш. Анда ошол адамдар жана жалпы кызыкчылыкка ээ инсайдерлер менен байланыштуу адамдар менен ишке ашырылган бардык операциялардын шарттары жана суммалары көрсөтүлүп, бардык инсайдерлер жана аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

3.2. Банк, өз инсайдерлеринин банктан алган бардык кредиттери же башка операциялары жөнүндө жазуу ишин жүргүзүүгө тийиш. Банк-корреспонденттен кредит алган же кредит алуу билдирмеси менен кайрылган ар бир инсайдер, жарым жылда бир жолу отчеттук мезгил ичинде алган бардык кредиттери жана жаңы алган кредиттер жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетун банкка отчеттук күндөн кийинки айдын 10 кечиктирбестен сунуштоого тийиш. Бул отчетторду эсепке алуу үчүн банк, өзүнчө иш жүргүзүүсү зарыл жана алар жаңыртылган учурда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн протокол түзүлүүгө тийиш.  

3.3. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жана банктын кызмат адамы, кеминде жылына бир жолу Директорлор кеңешине жана банк жетекчилигине өз коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары боюнча маалыматтарды жазуу жүзүндө сунуштап турууга тийиш. Отчетто, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана аткаруучу кызмат адамы менен жалпы кызыкчылыкка ээ адамдардын тизмеси жана мындай кызыкчылыктардын ар бир учурга карата деңгээли камтылышы зарыл. Директорлор кеңешинин мүчөсү жана кызмат адамы отчет боюнча кандай болбосун маалыматтын өзгөрүшү тууралуу 2 жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө банкка билдирүүгө тийиш.  

3.4. Банк өз ишин ушул Нускоонун талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыздоо үчүн ички контролдуктун шайкеш системасын колдоого тийиш.  

3.5. Банк, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында ушул Нускоонун 1, 4-тиркемелеринин формалары боюнча отчетту ай сайын, ал эми 2, 3, 5, 6, 7, 8-тиркемелеринин формалары боюнча отчетту жарым жылда бир жолу Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

3.6. Ушул Нускоого ылайык талап кылынуучу тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, кредит боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана инсайдерлер, аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар аяктагандан кийин кеминде 5 жыл банкта сакталууга тийиш.  

 

4. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

4.1. Банктын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен ишке ашырылуучу операциялары банкка, аманатчылардын же банктын башка кредиторлорунун кызыкчылыгына зыян алып келбөөгө тийиш.  

4.2. Ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен кредитти берүүгө же болбосо инсайдерлер же аффилирленген жактар менен операцияны ишке ашырууга макулдук берген Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын бардык мүчөлөрү, банкка ушул кредит же операция боюнча карыздын кайтарылышы үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

Ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредит сунушталып, же болбосо операция ишке ашырылып, анын натыйжасында банк жоготууларга учураса же киреше албаса, операцияны жүргүзүүгө макулдук берген Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү, банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү колдон чыгарылган пайданын ордун жабуу үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

4.3. Банктын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул Нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

4.4. Бул Нускоонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын мыйзамдарда каралган чараларды жана санкцияларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.  

 

 

“Инсайдерлер жана аффилирленген 

жактар менен банк операцияларын жүргүзүүгө 

карата талаптар жөнүндө”  

нускоого тиркеме  

 

1-ФОРМА. АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН АКТИВДҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ (миң сом) 

№ 

Аффилирленген жак жөнүндө маалымат 

Банк ээлик кылган аффилирленген жактын финансылык катышууларынын (акциялардын) үлүшү (%) 

Аффилир-ленген жак ээлик кылган банктын акцияларынын үлүшү (%) 

Аффилирленген жактын аталышы  

Топ 

Аффилирленген жактын чогуу алгандагы баланстык карызы  

Класси-фика-ция катего-риясы 

 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдер  

Кредиттер жана финансылык ижара 

Пайыздык чен (%) 

Башка активдер 

Пайыздык чен (%) 

Баланстан тышкары милдеттенмелер  

Бардыгы  

 

10 

11 

12 

13 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

10 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

11 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

12 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

15 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

16 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

17 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

18 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

19 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

20 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

21 

Аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялар   

  

  

  

  

  

22 

Бир аффилирленген жакка туура келген эң ири карыз   

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-ФОРМА. АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 

 

№ 

Аффилирленген жактын аталышы  

Операциянын суммасы (миң сом) 

Опера-циянын түрү 

Операция башталган күн 

Операция аяктаган күн жана мөөнөтү 

Пайыздык чен (%) 

Кредитке карата күрөө 

Күрөө ээси 

Операция жүргүзүүшарттары 

Эскертүү 

 

Төмөндө маалыматты ачып көрсөтүү мисалдары келтирилген

1-мисал: 

Банктын туунду компаниясы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-мисал: 

Банктын акцияларынын ири топтомуна ээ компания 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-ФОРМА. БАНКТЫН АФФИЛИРЛЕНГЕН ЖАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

№ 

Аффилирленген жактын аталышы  

Аффилирленген жактын банк менен түзгөн мамилесинин мүнөзү (холдингдик компания, туунду, тутумдаш компания ж.б.) 

Банкка карата мамилеге жараша акцияларга/үлүштөргө ээлик кылуу пайызы (%) 

Аффилирленген жактын аталышы /негизги иши 

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-ФОРМА. ИНСАЙДЕРЛЕР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН АКТИВДҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ 

(миң сом) 

№ 

Инсайдер жөнүндө маалымат 

Инсайдердин аталышы  

  

Топ 

Инсайдердин чогуу алгандагы баланстык карызы  

  

  

Кредиттер жана финансылык ижара 

Пайыздык чен (%) 

Башка активдер 

Пайыздык чен (%) 

Баланстан тышкары милдеттенмелер  

Бардыгы 

Классификация категориясы 

Мөөнөтүнөн өтүп кеткен активдер (күндөрдө

10 

11 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

10 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

11 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

12 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

15 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

16 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

17 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

18 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

19 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

20 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

21 

Инсайдерлер менен жүргүзүлгөн бардык операциялар   

  

  

  

22 

Бир инсайдерге туура келген эң ири карыз    

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

5-ФОРМА. ИНСАЙДЕРЛЕР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 

 

№ 

Инсайдердин аты-жөнү  

Операциянын суммасы (миң сом) 

Операциянын түрү 

Операция башталган күн 

Операция аяктаган күн жана мөөнөтү  

Пайыздык чен (%) 

Кредитке карата күрөө  

Күрөө ээси 

Операцияны жүргүзүү шарттары  

Эскертүү 

 

Төмөндө маалыматты ачыкка чыгаруунун мисалдары келтирилген: 

1-мисал: 

Банк Башкармасынын төрагасынын аты-жөнү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банк Башкармасынын төрагасынын бир тууганынын аты-жөнү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Х компаниясы, банк Башкармасынын төрагасынын атасы Х компаниянын 50% акцияларына ээ. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-мисал: 

Банктын акцияларынын ири топтомдорунун ээлери. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6-ФОРМА. ИНСАЙДЕРДИН ТУУГАНДАР ЧӨЙРӨСҮНӨ КИРГЕН АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

№ 

Инсайдердин аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызмат орду 

Жакын туугандын аты-жөнү 

Туугандыгы (ата-энеси, жолдошу/жубайы д.у.с.) 

1. 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-ФОРМА. БАШКА БАЙЛАНЫШТУУ АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

№ 

Инсайдердин аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызмат орду 

Байланыштырган адамдын аты-жөнү 

Байланыш деңгээлин ачып көрсөтүү 

1. 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8-ФОРМА. БАНКТЫН ИНСАЙДЕРЛЕРИ, ИНСАЙДЕРЛЕРДИН ТУУГАНДАР ЧӨЙРӨСҮНӨ КИРГЕН ЖЕ БАШКА БАЙЛАНЫШЫ БАР АДАМДАР КОНТРОЛЬ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УКУКТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

 

№ 

Инсайдердин аты-жөнү 

Банкта ээлеген кызмат орду 

Юридикалык жактын аталышы/негизги иши 

Инсайдерге карата мамиле жана юридикалык жактын акцияларына ээлик кылуу үлүшү (%% менен) 

1. 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1 Ислам банктары үчүн акча каражаттарын ислам банкы сунуштоо шарттары каралган бүтүмдөр.  

 

2 Ислам банктары үчүн банк жана кардар ортосунда келишимде каралган кошумчаланган сумма, негизги сумма жана/же башка төлөмдөр. 

 

3 Ислам банктары үчүн депозит бул мудараба, кард хасан жана вадиа йад даман келишимдеринин негизинде ислам банктарында жайгаштырылган кардарлардын акча каражаттары.