Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери N 15-08 

 

Бишкек шаары 

2008-жылдын 13-февралы N 6/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык 

капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыьдоо, банк тутумунун активдеринин өсүш арымын эске алуу менен коомчулуктун банк мекемелерине карата ишенимин арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31 жана 43-статьяларынын, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 11 жана 19-статьяларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн (резидент эмес банктардын филиалдарынын капиталына коюлган талаптарды кошо алганда) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 600 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 20-сентябрындагы N 61/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев