Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

4-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 86-06. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-июнунда N 19/3 

токтому менен бекитилген 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик 

мекемелерде өлкөлүк тобокелдикти 

тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк башкармасынын 

2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 токтомунун 

редакциясына ылайык) 

 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Аталган Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Жобонун максаты которуу (трансферттик тобокелдик) жана суверендүү тобокелдикти кошо алганда, өлкөлүк тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын банктарда түзүү үчүн коммерциялык банктарда "Кыргыз айылчарба финансы корпорациясында" (мындан ары банктар) саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка карата минималдуу талаптарды белгилөө болуп саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

II. Өлкөлүк тобокелдикти аныктоо 

 

2.1. Өлкөлүк тобокелдик - бул четөлкө мамлекеттеринде экономикалык, социалдык жана саясый шарттардын жана жагдайлардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында, анын ичинде эларалык кредиттөөнү жана четөлкө инвестицияларын жана башка чекаралар аралык операцияларды, б.а. четөлкө мамлекеттеринин резиденттери болуп саналышкан контрагенттердин катышууларын болжолдоочу операцияларды жүзөгө ашырууда банктын жоготууга дуушар болуу тобокелдиги ((1) Эскертүүнү караңыз). 

2.2. Банктын Кыргыз Республикасынын резидент кардарлары менен иш алып баруусунда дагы кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдиктин болуп калуусун эске алуусу зарыл. Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик - анда карызгер олуттуу түрдөгү ишкердик байланышка жана кызыкчылыкка ээ болгон четөлкөдө экономикалык, социалдык жана саясый шарттардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында карызгердин карыздарын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлап кетиши тобокелдиги ((2) Эскертүүнү караңыз). Кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдик кардардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүдө эске алынууга тийиш. 

2.3. Банк анын иш-аракети өлкөлүк тобокелдиктин кандай түрүнө дуушар болгондугун аныктоого тийиш. Банк өз ишинде төмөнкүлөрдү кошо алганда, өлкөлүк тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнө дуушар болуу кесепетинен дагы чыгым тартып калуусу мүмкүн: 

2.3.1. Которуу тобокелдиги (трансферттик тобокелдик) - четөлкө өкмөтүнүн аракетинин натыйжаларында карызгердин өз милдеттенмелерин аткара албай калуу кесепетинен улам банк дуушар боло турган жоготуу тобокелдиги ((3) Эскертүүнү караңыз). 

2.3.2. Суверендүү тобокелдик - бул четөлкө мамлекетинин келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык өз милдеттенмелерин төлөй албай же төлөөнү каалабагандыгынын натыйжасында банк дуушар боло турган жоготуу тобокелдиги. 

2.3.3. Өөрчүп кетүү тобокелдиги (риск цепной реакции) - бул качан бир өлкөдө болуп жаткан алгылыксыз жагдайлар башка өлкөнүн карызгерлеринин өз милдеттенмелерин аткара албай калуусуна алып келген учурда келип чыгуучу жоготуу тобокелдиги. 

2.3.4. Валюталык тобокелдик - бул валюта курсатырын өзгөрүүсүнүн натыйжасында карызгердин активдери жана нак акчалардын агымы анын өз милдеттенмелерин тейлөө үчүн жетишсиз болгон учурдагы тобокелдик. 

 

III. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча саясатка 

карата талаптар 

 

3 1. Өлкөлүк тобокелдикти натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу үчүн банк аталган тобокелдикти тескөө системасын түптөөгө тийиш. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө системасы өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча адекваттуу саясаттарды жана жол-жоболорду, өлкөлүк тобокелдик боюнча отчеттуулук системасын, өлкөлүк тобокелдике анализ жана баа берүүнү, өлкөлүк тобокелдиктин лимиттер системасын, кредиттик тобокелдикке баа берүүдө өлкөлүк тобокелдиктин факторлорунун эске алынышын камтууга тийиш. 

3.2. Банк өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясатка ээ болууга тийиш Өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча саясат өзгөчө, чакан банктарда өзүнчө ички документ болушу милдеттүү эмес жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча банктын саясатынын курамдык бир бөлүгү болушу мүмкүн Саясат өлкөлүк тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын банктын эларалык ишинин өлчөмүнө жана татаалдыгына жараша карап турууга тийиш. Аталган Жобо тарабынан белгиленген минималдуу талаптар иши өлкөлүк тобокелдикке дуушар болгон бардык коммерциялык банктар тарабынан сакталууга тийиш. 

3.3. Банктын өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча саясаты банктын ишине өлкөлүк тобокелдиктин таасир этүү деңгээлин жана татаалдыгын эске алууга тийиш. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча саясат төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

3.3.1. Банктын жана анын туунду компанияларынын ишинде орун алган өлкөлүк тобокелдикке баа берүү процессин баяндап берүү

3.3.2. Белгилүү бир өлкө менен байланыштуу болгон операциялар боюнча тобокелдикке анализ берүүдө жана эгерде мындай бар болгон болсо, өлкөлүк тобокелдик рейтингдеринин системасында колдонулуучу стандарттар, критерийлер жана ыкмалар; 

3.3.3. Банктын кредиттик саясатына камтылууга тийиш болгон өлкөлүк тобокелдиктин факторлорун аныктоо ((4) Эскертүүнү караңыз); 

3.3.4. Өлкөлүк тобокелдиктин топтолуу лимиттери, анын ичинде банктын чекаралар аралык операциялар боюнча жыйынтыгында алынган лимит жана өлкөлөр жана/же региондор боюнча жекече лимиттер; 

3.3.5. Бир өлкө үчүн өлкөлүк тобокелдиктин топтолуу лимиттерин сактоо максатында, бири-бири менен байланыштуу болгон контрагенттер тобунун ар бир катышуучусун идентификациялоо боюнча талаптар. Бул өлкөлүк тобокелдиктин деңгээлине адекваттуу баа берүү максатында банк контрагенттердин белгилүү тобунун түзүмүн өзү түшүнүүгө жана топтун акыркы ээлик кылуучусун (владелец) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү жол-жобону белгилөөгө тийиш экендигин билдирет; 

3.3.6. Четмамлекеттин юрисдикциясындагы банк менен кардардын ортосундагы кайсы болбосун келишим юрист тарабынан иликтенүүгө тийиш жана ар бир келишим боюнча аталган келишим четмамлекеттин юрисдикциясына мүнөздүү өзгөчөлүктү эске алуу менен мыйзамдуу күчүндө болуп санала тургандыгы жөнүндө корутунду берилүүгө тийиш экендиги жөнүндө талап; 

3.3.7. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервди түзүүдө өлкөлүк тобокелдигине баа берүү тартиби; 

3.3.8. Банк жүзөгө ашыруу ниетиндеги чекралар аралык операциялардын түрлөрүнүн, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу банктын Директорлор кеңеши тарабынан тыюу салынган операциялардын тизмеси; 

3.3.9. Стратегиялык пландаштыруу жана кредиттөө боюнча кызматкерлердин (структуралык бөлүмдөрдүн) ортосундагы милдеттердин өлкөлүк лимиттерди белгилөө үчүн жоопкерчиликтүү болгон кызматкелердин милдеттеринен так бөлүнүп көрсөтүлүшү

Өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде, эларалык кредиттөөдө жана инвестициялык салымдар үчүн лимиттерди жактырууда ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтердин деңгээлин, өлкөлүк тобокелдикке мониторинг үчүн жоопкерчиликти так бөлүп көрсөтүү жана мындай тобокелдиктерди өтө эле топтолуп кетишине жол бербөө

3.3.11. Башкаруучулук маалымат системасынын баяндалышы Саясат маалыматты толук жана өз убагында алмашууну камсыз кылуу жана өлкөлүк тобокелдиктин деңгээлине дайыма контролдуктун жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу максатында, отчеттуулуктун формасын, мезгил аралыгын жана аны берүүнүн тартибин так аныктоого тийиш. 

3.4. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы тескөө деңгээлинин өзара аракеттенүүсүнүн жана өлкөлүк тобокелдикти тескөөдө натыйжалуу болгон процессти камсыз кылууга багытталган тиешелүү системаны түптөөгө негизделген адекваттуу ички контролдукту камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

IV. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө процесси 

 

4.1. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө процесси төмөнкүлөргө түрткү берет: 

- ал өлкөнүн кардары менен банк операцияларды жүргүзгөн жана жүргүзүүнү пландаштырып жаткан ар бир өлкө боюнча тобокелдикти иликтөө жана баа берүү

- өлкөлүк тобокелдикке баа берүү жана өлкөлүк тобокелдикке дуушар болгон операциялар боюнча лимиттерди, ошондой эле тиешелүү камдардын өлчөмүн, минимум, жылына бир жолу белгилөө максатында иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банк кызыктар болуп жаткан өлкөдөгү учурдагы жагдайларга өлкөлүк тобокелдиктин таасири көз карашынан мониторинг; 

- банктын өлкөлүк тобокелдиктин деңгээли жөнүндө тыянагын тышкы булактардан алынган маалыматтар менен салыштыруу; 

- тобокелдикке жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана мониторингдин жыйынтыктарын банк тарабынан колдонулуп жаткан өлкөлүк тобокелдиктин түрүн жана деңгээлин аныктоо үчүн жетиштүү түрдө негиз боло тургандай адекваттуу документтештирүү

- өлкөлүк тобокелдикти банктын эларалык ишинин көлөмүн жана татаалдыгын эске алуу менен иликтөөгө алуу үчүн адекватуу ресурстарды камсыз кылуу; 

- банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына өлкөлүк тобокелдик боюнча лимиттердин сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу жана аны чектөө боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын өз убагында берилишин камсыз кылуу. 

4.2. Тобокелдикке иликтөөлөрдү жүргүзүү жана ага баа берүү кеминде жылына бир жолу, же өлкөлүк тобокелдигинин артышы боюнча кооптонуу орун алса, бат-бат анда банк жана/же анын туунду компаниясы ишти (операцияларды) жүзөгө ашырып жаткан же жүзөгө ашырууну пландаштырып жаткан ар бир өлкө боюнча жүргүзүлөт. Өз корутундуларын билдирүүдө банк төмөнкүдөй маалымат булактарына таяна алат, маселен: 

- рейтингдик агенттиктердин расмий маалыматтарына; 

- өлкөлүк тобкелдикке эларалык абройлуу уюмдар Дүйнөлүк банк, Эларалык Валюта Фонду, Экономикалык кызматташуу жана Өнүктүрүү уюму, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башкалар тарабынан берилген баага. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 

токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Банкка өлкөлүк тобокелдикке иликтөөлөрдү жүргүзүүдө аталган өлкө боюнча сандык сыяктуу эле, сапаттык дагы факторлорду эске алууга сунуш-көрсөтмө берилет. Алардын ичинде: экономикалык өсүш арымдары, өлкөнүн тышкы карызынын өлчөмү жана түзүмү, эларалык камдардын өлчөмү, мамлекеттик бюджеттин баланста болушу, улуттук валютанын алмашуу курсунун динамикасы, соода балансы, капиталдын четөлкө булактарынын ролу, эларалык финансылык рынокторго кирүү мүмкүндүгү, финансы системасынын өнүгүү деңгээли, өлкөнүн укуктук системасы, аталган өлкөдөгү социалдык жана саясый жагдайлардын банктын кызыкчылыгына таасири. 

4.4. Банк тобокелдикке баа берүүдө конкреттүү өлкөдөгү жагдайдын туруксуздугу ошол өлкө менен орчундуу мүнөздөгү соода мамилесине же чоң өлчөмдөгү инвестициялык салымдарга ээ болгон өлкөлөрдөгү (өөрчүп кетүү тобокелдиги) экономикалык жана саясый жагдайларга кандай таасир эте тургандыгына иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Өөрчүп кетүү тобокелдигинин мүмкүн болуучу таасирин качан өлкө кайсы бир мамлекеттер аралык бирикмеге (союзга) мүчө болгон учурда өлкөлүк тобокелдиктердин лимитин белгилөөдө да эске алынышы дурус болот ((5) Эскертүүнү караңыз). 

4.5. Өлкөлүк тобокелдикке баа берүү банк тарабынан кредиттерди берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда жана өзүнчө өлкөлөр жана региондор үчүн тобокелдик лимиттерин белгилөөдө эске алынууга тийиш. 

4.6. Өлкөлүк тобокелдикке өтө дуушар болгон банкка өлкөлүк тобокелдиктин рейтингдик системасын түптөө мүмкүнчүлүгүн кароо жана өлкөлүк тобокелдикке кылдат иликтөө жүргүзүү сунушталат ((6) Эскертүүнү караңыз). Өлкөлүк тобокелдиктин деңгээлине баа берүү үчүн эларалык рейтингдик агенттиктердин ((7) Эскертүүнү караңыз) рейтингдерин пайдалануу учурунда банк конкреттүү өлкөдөгү ошол учурдагы жагдайлардын начарлап жаткандыгын айгинелей турган кырдаалдарга өзалдынча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш, мына ошондуктан, рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленүүчү рейтингдин өзгөрүүсүн күтө бербестен, анда ошол өлкөлүк тобокелдиктин өзгөрүү таасирине дуушар болгон кардарлардагы өлкөлүк тобокелдиктин деңгээлине өзү берген бааны дароо карап чыгуусу зарыл. 

4.7. Банк өлкөлүк тобокелдикке жогорку деңгээлде дуушар болгон конртагенттин өлкөсүндөгү ошол учурдагы социалдык-экономикалык жана саясый жагдайларга мониторингди жүзөгө ашырууга жана мыйзам системаларындагы өзгөрүүлөргө сарасеп салып турууга тийиш. Өлкөдөгү ошол учурдагы жагдайга мониторинг жүргүзүү максатында банк тарабынан ар кандай булактардан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынан, рейтингдик агенттиктердин жана көзкарандысыз эксперттердин отчетторунан алынган маалыматтар, банк кызматкерлеринин аналитикалык отчеттору, банктын кардарларынан, өнөктөштөрүнөн алынган маалыматтар пайдаланылат. 

4.8. Тобокелдиктин топтолуусуна жол бербөө максатында, банк өлкөлүк тобокелдикти тескөө процессинин курамдык бөлүгү катары өлкөлүк тобокелдиктин лимиттер системасын колдонууга киргизүүгө тийиш. Өлкөлүк тобокелдиктин лимиттери адатта банктын эларалык ишинин жалпы стратегиясын кошо алганда, бирнече факторлордун балансын жана өлкөлүк тобокелдиктин банк үчүн алгылыктуу болгон деңгээлин, иш чөйрөсүн кеңейтүүгө карата планды жана банктын өзүнүн кардарларынын чекаралар аралык операцияларын тейлөө далалатын чагылдырат. 

4.9. Өлкөлүк тобокелдиктин лимиттери банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана бардык тиешелүү башкармалыктарга жана кызматкерлерге маалымдалууга тийиш. Өлкөлүк тобокелдиктин лимиттери минимум жылына бир жолу же белгилүү бир өлкөдө өлкөлүк тобокелдиктин көбөйүүсүнө кооптонуу бар болгон учурда тез-тез каралып турууга тийиш. 

4.10. Чекаралар аралык иштин олуттуу көлөмүн жүзөгө ашырып жаткан банкка өлкөлүк тобокелдикке дуушар болуу суб-лимиттерин белгилөө мүмкүндүгүн кароо сунушталат. Суб-лимиттерин белгилөө үчүн критерийлер төлөө мөөнөтүн (кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү); карызгердин түрүн (финансы мекемелери, бизнестин түрү), өлкөлүк тобокелдиктин түрүн (суверендүү, трансферттик), продукттун түрүн (соода кредити, долбоордук каржылоо) жана башкаларды камтыйт. 

4.11. Банкка өлкөлүк тобокелдикке байланыштуу болгон потенциалдуу чыгым тартууларына баа берүү үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүү ыкмаларын өзалдынча аныктоо аркылуу жүргүзүү сунушталат. 

4.12. Банк өлкөлүк тобокелдикке баа жана анализ берүү боюнча ишенимдүү отчеттуулук системасын уюштурууга тийиш. Отчеттуулук банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялардын бардык түрлөрү боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү чагылдырууга тийиш. Өлкөлүк тобокелдиктин учурдагы деңгээли боюнча отчеттуулук банк Башкармасынын жана анын Директорлор кеңешинин кароосуна дайыма коюлууга тийиш. 

4.13. Банк тарабынан өлкөлүк тобокелдикке жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана берилген баалардын жыйынтыктарын тастыктоочу документте жыйналууга жана сакталуугао тийиш. Өлкөлүк тобокелдикке баа берүү боюнча документтердин пакети банктын Директорлор кеңеши тарабынан өлкөлүк тобокелдикке белгиленген лимиттерди жана аларга карата айрым учурларды (исключения), өлкөлүк тобокелдикке ички анализдин жыйынтыктары боюнча отчетторду, тышкы булактардан алынган отчетторду, өлкөлүк тобокелдиктин деңгээлине берилген бааны тастыктоочу башка маалыматты камтууга тийиш. 

 

V. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым 

тартуулардын ордун жабууга резервге чегерүүлөр 

 

өлүмдүн аталышы КР Улуттук банк башкармасынын 

2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 токтомунун 

редакциясына ылайык 

 

5.1. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды (РППУ) түзүүдө банк тарабынан карыз алуучунун ишине, активдердин жайгаштырылышына жана алар боюнча чет мамлекеттердеги күрөөлүк камсыздоолорго байланыштуу тобокелдиктерге (кыйыр тобокелдиктерге кошо) баа берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 

токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Өлкөлүк тобокелдиктин ордун жабуу үчүн камдардын тиешелүү деңгээлин аныктоодо, банк үч тепкичтүү процессти колдонууга тийиш: 

- аларда орун алган өзгөрүүлөр банктын операциялары боюнча чыгым тартуу коркунучун түптөп жаткан өлкөлөрдү аныктап алуу; 

- ошол өлкөдөгү жагдайларга дайыма мониторинг жүргүзүү

- өлкөлүк тобокелдик боюнча банк дуушар болушу мүмкүн болгон по- 

тенциалдуу чыгымдарды аныктоо. 

5.3. Чет мамлекеттерде жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар өлкөлөрдү тобокелдиктердин төмөнкү категориялары боюнча классификациялоону эске алуу менен жана тиешелүү диапазондордун чегинде түзүлөт: 

1) тобокелдиги аз өлкөлөр үчүн - 0дөн 2 пайызга чейин; 

2) тобокелдиги орточо өлкөлөр үчүн - 2 көбүрөөк 5 пайызга чейин; 

3) тобокелдиги жогору болгон өлкөлөр үчүн - 5 көбүрөөк 25 пайызга чейин. 

Банк чет мамлекеттерде жайгаштырылган, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык нормалдуу катары классификацияланган, активдер боюнча кам түзбөй коюуга укуктуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 

токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Банкка анын аймагында активдүү операцияларды жүргүзүүгө жол берилбеген өлкөлөрдү кошо алганда, тобокелдик категориялары боюнча классификацияланган өлкөлөрдүн тизмеси банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бул тизме зарылчылыкка жараша, бирок чейрегинде бир жолудан кем эмес кайрадан каралып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 23-декабрындагы N 49/5 

токтомунун редакциясына ылайык) 

 

VI. Өлкөлүк тобокелдикти тескөөнүн 

натыйжалуулугуна баа берүү 

 

6.1. Банк Башкармасы өлкөлүк тобокелдикти тескөө системасынын натыйжалуулугун, өлкөлүк тобокелдикти аныктоо, ага баа берүү, контролдоо жана мониторингдөө процесстеринин банктын керектөөсүнө ылайык келүүсүн камсыз кылууга жооптуу. 

6.2. Директорлор кеңеши Башкармалык тарабынан саясаттын сакталышын камсыз кылуу жана өлкөлүк тобокелдиктин бетин ачып, ага мониторинг жана контролдук боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашырууга жоопкерчиликтүү болот. Директорлор кеңеши банктын өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча жана аталган тобокелдик боюнча потенциалду чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн камдарды түзүү саясатын, анын банктын иш чөйрөсүнө жана чекаралар аралык операцияларынын татаалдыгына ылайык келүүсүн камсыз кылуу максатында, кеминде жылсайын карап турууга тийиш. 

6.3. Өлкөлүк тобокелдик боюнча саясаттардын жана жол-жоболордун сакталышына контролдук ички контролдук системасынын чегинде жүзөгө ашырылат. Өлкөлүк тобокелдикке контролдук минимум катары төмөнкүлөргө контролдун жүзөгө ашырылышын камтыйт: 

- банктын өлкөлүк тобокелдикке баа берүү жол-жоболорун регламенттөөчү саясаты жана ички документтери тарабынан белгиленген талаптардын жана жол-жоболордун сакталышына; 

операцияларды жүзөгө ашырууда жана кызматтарды көрсөтүүдө белгиленген лимиттердин сакталышына . 

 

VII. Өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча маалыматты 

ачып көрсөтүү 

 

7.1. Банк өлкөлүк тобокелдикти төмөндөтүүчү чараларды камсыз кылуу боюнча маалыматтарды банктын жылдык отчетунун курамында жетиштүү деңгээлде ачып көрсөтүүгө тийиш. Берилген маалыматтын көлөмү банктын рыноктук тобокелдикке дуушар болуу даражасына жана деңгээлине ылайык келүүгө жана банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу чекаралар аралык операциялардын мүнөзүнүн жана татаалдыгынын көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш. 

 

Эскертүү

(1) Ошону менен катар өлкөлүк тобокелдик активдердин улутка тиешелүүлүгү же экспроприациялануу мүмкүндүгүн, четөлкө мамлекеттеринин өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууну, валюталык контролдоо саясатындагы өзгөрүүнү, улуттук валютанын курсун жөнгө салуу саясатындагы өзгөрүүнү камтыйт. 

(2) Мисалы, эгерде банктын кардары - компания жабдууларды четөлкөгө берүүнү жүзөгө ашырып жана четөлкө валютасындагы төлөмдү күтүп жаткан учурда дагы банк кыйыр түрдөгү өлкөлүк тобокелдикке дуушар болгон. 

(3) Мисалы, төлөм валютасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана төлөмдөрдү четөлкөгө которууну которууга валюталык контролду же чектөөлөрдү белгилөө

(4) Мисалы, бир өлкөнүн өкмөтүнүн дефолту инвесторлорду ошол эле региондогу башка алып чыгууларына аргасыз кылган учурда. 

(5) Мисалы, эгерде өлкө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болуп саналса жана башка мүчө өлкөлөр менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болсо. 

(6) Банк өлкөлүк тобокелдикке баа берүү үчүн рейтингдердин ички системасын пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Мындай учурда өлкөлүк тобокелдикке баа берүү үчүн банк тарабынан колдонулуучу ыкмалардын кылдат сүрөттөлүп жазылышы банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички документтерде камтылууга тийиш. Мында банк мамлекеттик жана жеке сектордо иш алып барган кардарлар үчүн ар кандай рейтингди белгилей алат. Бирок, жеке сектордо иштеп жаткан контрагент үчүн өлкөлүк тобокелдик рейтинги мамлекеттик сектордун контрагентине ыйгарылган өлкөлүк тобокелдик рейтингинен жогору болушу мүмкүн эмес Өлкөлүк тобокелдик рейтинги ушул тобокелдиктин лимиттерин аныктоо үчүн маалымат базасын катары пайдаланышылы мүмкүн. Эгерде, банк өлкөлүк тобокелдиктин рейтинг системасын пайдаланса, анда ошол система активдерди классификациялоо жол-жобосунда дагы интеграцияланууга тийиш. 

(7) Банкка өлкөлөрдүн суверендүү рейтингинин тышкы булактары катары Moody's Investor Standard and Poor's Rating Group сыяктуу эларалык рейтингдик агенттиктердин, ошондой эле өлкөлөр боюнча Дүйнөлүк банк, Эларалык Валюта Фонду, Экономикалык кызматташуу жана Өнүктүрүү уюму, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эларалык эсептешүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан жарыяланып туруучу маалыматтарды пайдалануу сунушталат.