Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

4-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 85-06. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-июнунда N 19/2 

токтому менен бекитилген 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик 

мекемелерде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Аталган ченемдик акт Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Жобо коммерциялык банктарга, ААК "Эсептешүү-Сактык компаниясына" жана ЖАК "Кыргыз айылчарба финансы корпорациясына" (мындан ары банктар) таркатылат. 

1.2. Жобо рыноктук тобокелдикти тескөөнүн алгылыктуу болгон банк тажрыйбасынын стандарттарына ылайык негизги элементтерди жана принциптерди аныктайт жана банктар үчүн тобокелдиктерди тескөө системасына карата минималдуу талаптар боюнча кошумча колдонмо болуп саналат ((1) Эскертүүнү караңыз). 

 

2. Рыноктук тобокелдикти аныктоо 

 

2.1. Рыноктук тобокелдик - бул жоготуу тобокелдиги, ага банк рыноктук пайыздык чендердин, алмашуу курстарынын, акцияларга жана/же товарларга карата баалардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында банктын баланстык жана баланстан тышкаркы активдеринин жана милдеттенмелеринин терс мүнөздөгү өзгөрүүлөрү учурунда дуушар болот. Пайыздык чендер тобокелдигин, валюталык тобокелдикти, баа тобокелдигин кошо алганда, рыноктук тобокелдиктин бир нече түрлөрү бар. 

2.2. Пайыздык чен тобокелдиги - бул жоготуу тобокелдиги, ага рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам банктын капиталы жана кирешеси дуушар болгон. Пайыздык чен тобокелдигинин бир нече түрлөрү бар, алардын ичинде: 

2.2.1. Кайра баалоо тобокелдиги - бул пайыздык чендин өзгөрүүсү убактысы менен акча агымдарынын жылышынын убактысынын ортосундагы айырмачылыктын натыйжасы, булар банктык активдерди, милдеттенмелерди жана баланстан тышкаркы статьяларды баалоодо жана төлөө мөөнөтүн белгилөөдө келип чыгат. Аталган тобокелдик активдер жана милдеттенмелер боюнча белгиленген пайыздык чен менен төлөө убактысы келип жеткен мөөнөттөрдөгү айырмачылыктардан жана активдер менен милдеттенмелерди өзгөрүлмөлүү пайыздык чен менен кайра баалоодон улам келип чыгат ((2) Эскертүүнү караңыз). 

2.2.2. Базалык тобокелдик - бул ар кандай финансы рынокторундагы пайыздык чендердин өзгөрүүлөрүнүн натыйжасы. Бул тобокелдик активдер жана милдеттенмелер боюнча пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн солгун тарткан корреляциясы учурунда келип чыгат, алар ар кандай индекстердин жана/же ар кандай финансы рынокторунун өзгөрүп турууларына жараша кайрадан бааланат ((3) Эскертүүнү караңыз). 

2.2.3. Опциондук тобокелдик - бул качан, банктын кардары активдер же милдеттенмелер боюнча акча каражаттарынын агымынын көлөмүн жана мөөнөтүн өзгөртүүгө укуктуу болгон, бирок милдеттенме албаган учурда келип чыгат. Бул банкты активдерин жана милдеттенмелерин банк үчүн дурус боло бербеген, учурдагы рыноктук пайыздык чендер боюнча кайра баалоого мажбурлайт ((4) Эскертүүнү караңыз). 

2.3. Валюталык тобокелдик - бул банктын өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруусунда жана белгилүү валюта боюнча ачык позициялардын болушу учурунда четөлкө валюта курстарынын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу чыгашалардын (чыгым тартуулардын) келип чыгуу тобокелдиги. Валюталык операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктердин төмөндөгүдөй түрлөрү келип чыгышы мүмкүн, атап айтканда: 

2.3.1. Кредиттик тобокелдик - бул карызгердин өз милдеттенмелерин келишимде белгиленген мөөнөттөргө жана шарттарга ылайык аткара албай калу тобокелдиги ((5) Эскертүүнү караңыз). 

2.3.2. Төлөм тобокелдиги - бул банк сатылып алынган валютаны алганга чейин эле сатылган валютаны чегерүүдө келип чыгат. Тобокелдик качан валютаны сатуу жөнүндө келишимди бир тараптуу тартипте жокко чыгарууга мүмкүн болбогон учурда башталат жана сатылып алынган валюта алынмайынча күчүндө тура берет. 

2.3.3. Өтүмдүүлүк (ликвиддүүлүк) тобокелдиги - бул ал качан алмашуу курстары олуттуу түрдө олку-солку болуп же өлкөнүн ички абалы туруктуу болбогон учурда келип чыгат, мисалы, валюталык жөнгө салууну күчөтүүнүн өзү валюталык каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеп да коет. Иши-аракетин валютанын көптөгөн түрлөрү менен жүзөгө ашыруучу банктар өтүмдүүлүктү (ликвиддүүлүктү) тескөөдөгү жалпы стратегиясында четөлкө валютасындагы өтүмдүүлүктү колдоо боюнча чараларды көрүүлөрү зарыл. 

2.3.4. Өлкөлүк тобокелдик - бул четөлкө мамлекеттеринде экономикалык, социалдык жана саясый шарттардын жана окуялардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында, анын ичинде алардын эларалык кредиттөө жана четөлкө инвестициялары боюнча ишаракеттеринде келип чыгат. 

2.4. Баа тобокелдиги - бул жоготуу тобокелдиги, ага банк өзүнө тиешелүү болгон финансы инструменттеринин жана башка инвестицияларынын же активдеринин (баланстык жана баланстан тышкаркы) наркында рыноктук баанын өзгөрүүсүнүн натыйжасындагы терс өзгөрүүлөр учурунда келип чыккан учурда дуушар болгон. 

 

3. Рыноктук тобокелдикти тескөөнү уюштуруу 

 

3.1. Рыноктук тобокелдикти тескөө банктын иш чөйрөсүнө жана өзүнө кабыл алган рыноктук тобокелдиктин деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. Банк өз операцияларынын жүзөгө ашырылышына байланыштуу болгон рыноктук тобокелдикти төмөндөтүү үчүн чараларды көрүүгө тийиш. 

3.2. Банктарга капиталды рыноктук тобокелдикке байланыштуу болгон чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгудай өлчөмдө кармап туру сунушталат. 

3.3. Рыноктук тобокелдикти тескөө максатында, банк тобокелдиктин деңгээлине жана анын банктын кирешеси менен капиталына таасирине контролдукту жүзөгө ашыруу чараларын аныктоочу саясаттарга жана ички жол-жоболорго ээ болууга тийиш. 

3.4. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген рыноктук тобокелдикти тескөө саясаты банк дуушар болгон тобокелдиктин деңгээлин жана татаалдыгын эске алууга жана рыноктук тобокелдиктин банктын ишине байланыштуу түрлөрүн камтууга тийиш. Эгерде банк тобокелдикти хеджирлөө чечимин кабыл алса, анда рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатта тобокелдиктерди хеджирлөөнүн ыкмалары жана критерийлери, анын ичинде хеджирлөөнүн натыйжалуулугу (оптималдуулугун) жана наркы боюнча критерийлер аныкталууга тийиш. 

3.5. Банктын Директорлор кеңеши рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатты анын актуалдуулугун жана банктын иш чөйрөсүнө жана рыноктук тобокелдигинин деңгээлине ылайык келүү жагын камсыз кылуу үчүн жыл сайын кайрадан карап чыгуусу керек. Банктын Директорлор кеңеши Башкарманын рыноктук тобокелдикти тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ишин контролдоого тийиш. 

3.6. Банк рыноктук тобокелдикке байланыштуу потенциалдуу чыгым тартуулардын көлөмүнө жана табиятына баа берүү жана талдоолорду жүргүзүү боюнча отчеттун ишенимдүү системасын уюштурууга тийиш. Отчеттуулук системасы банктын бардык операциялары боюнча потенциалдуу чыгым тартууларына талдоолорду камтууга тийиш. Рыноктук тобокелдикти учурдагы талдоого алуу боюнча отчет банктын Директорлор кеңешинин кароосуна дайыма сунушталууга тийиш. Отчетту берүүнүн мезгил аралыгы банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. 

3.7. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы адекваттуу болгон ички контролдукту камсыз кылуусу зарыл, ал минимум катары төмөндөгүлөргө контролдукту жүзөгө ашырууну карайт: 

- банктын рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясаты жана рыноктук тобокелдикке баа берүү процесстерин регламенттөөчү ички документтер тарабынан белгиленген талаптардын жана жол-жоболордун сакталышына; 

- белгиленген лимиттердин сакталышына; 

- жүзөгө ашырылуучу операциялар жана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча ыйгарым укуктарды чектөө принциптеринин, отчетту бекитүүнүн тартибинин сакталышына. 

3.8. Банк Башкармасы банк дуушар болгон рыноктук тобокелдиктин бетин ачуу, өлчөө, мониторингди жана контролдукту жүзөгө ашыруу процесстеринин өнүгүшү жана өз убагында колдонууга киргизилиши үчүн жооптуу. 

3.9. Банк Башкармасы персоналдарды банктын рыноктук ишинин татаалдыгынын иш жүзүндөгү деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон окутууну жана квалификациялык жактан жогорулатууну камсыз кылууга тийиш. 

3.10. Рыноктук тобокелдикти тескөөнүн адекваттуу системасын түзө албагандык банк тажрыйбасынын алгылыктуу жана коопсуз эмес экендигин билдирет жана Улуттук банктын банктан иштин аталган түрлөрүн токтотууга талап коерун алып келет. 

 

4. Пайыздык чен тобокелдигин тескөөгө карата талаптар 

 

4.1. Пайыздык чен тобокелдигин тескөө боюнча саясат, ал рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясаттын курамдык бөлүгү болуп саналышы мүмкүн, минимум катары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- пайыздык чен тобокелдигине баа берүү процессин сүрөттөп жазуу, ал банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө пайыздык чен тобокелдиги боюнча лимиттерди аныктоону дагы карайт. Мындай лимиттер банктын активдерин жана милдеттенмелерин тескөөдө эсепке алынат; 

- Банк Башкармасынын жана/же банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган тиешелүү органдын тиешелүү лимиттерди жактырууну кошо алганда, пайыздык чендерди тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо; 

- банктын структуралык бөлүмдөрүнүн/кызматкерлеринин пайыздык чендерди тескөө боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин чектөө. Тобокелдикке мониторинг жана контролдук үчүн жооптуу адамдар пайыздык чен тобокелдигин алып жүрүүчү операцияларды аткаруучу адамдардан көзкаранды болбоого тийиш; 

- банктын бардык иш багыттары боюнча пайыздык чен тобокелдиги жөнүндө маалыматтарды жыйноочу информациялык системалар башкармалыгына карата талаптар. Аталган башкармалык Банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши үчүн пайыздык чендер тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматты өз убагында берүүнү камсыз кылууга тийиш; 

- банктын отчеттуулугуна карата талаптар, отчет Директорлор кеңешинин башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуусу жана контролдукту өз убагында жүзөгө ашыруусу үчүн жетиштүү болгон маалыматтарды камтууга тийиш. 

4.2. Пайыздык чен тобокелдигин өлчөө ыкмасы банктын ишинде келип чыгуучу тобокелдиктердин табиятына жана татаалдыгына жараша айырмаланат. Банктар ар кандай ыкмаларды колдоно алышат, бирок минимум гэп-анализди жана стресс-тестирлөөнү (1-тиркеме) жүргүзүүгө тийиш . 

4.2.1. Гэп-анализ ошол эле убакыт аралыгындагы пайыздык чендердин өзгөрүүлөрүнө ийкемдүү активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөө үчүн пайдаланылат. 

4.2.2. Стресс-тестирлөөнүн негизги милдети болуп банктын теңдеминин (балансынын) банк тобокелдигинин таасирине ийкемдүүлүгүнө баа берүү, ошондой эле банктын капиталынын жагдайлар андан ары кандайча өнүгө тургандыгы боюнча ар кандай сценарийлерде мүмкүн болуучу ири чыгымдарды компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саналат. 

 

5. Валюталык тобокелдикти тескөөгө карата талаптар 

 

5.1. Валюталык тобокелдикти тескөө боюнча саясат, бул рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн жана минимум катары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- валюталык тобокелдикке баа берүү процессинин сүрөттөлүп жазылышы, бул Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталык тобокелдик боюнча лимиттерди кошо алганда, банктык жана соода операцияларын жүргүзүүдө валюталык тобокелдик боюнча лимиттерди аныктоону карайт ((6) Эскертүүнү караңыз). 

- аны банк жүзөгө ашыруу ниетинде турган четөлкө валютасындагы операциялардын түрлөрү, ошондой эле банктын Директорлор кеңеши тарабынан тыюу салынган четөлкө валютасындагы операциялар; 

- банк Башкармасынын дилерлер үчүн жекече лимиттерди, ачык валюта позициясы боюнча лимиттерди, жеке контрактылар суммасына лимиттерди жана жеке контрагенттер боюнча лимиттерди жактырууну кошо алганда, валюталык тобокелдикти тескөө боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоо; 

- валюталык операцияларды дароо эсепке алууга жана реалдуу убакыт ыргагында туруктуу негизде банктын суммардык валюталык позициясы сыяктуу эле, ар бир валюта боюнча позициясын дагы аныктоого мүмкүндүк берүүчү Информациялык системалар башкармалыгына (УИС) талаптар; 

- кардарлар менен ишти (фронт-офис), операцияларды эсепке алууну (бэк-офис) жүзөгө ашыруучу структуралык бөлүмдөрдүн ортосунда жоопкерчиликтерди так бөлүштүрүү

- банктын отчеттуулугуна карата талаптар, ал Директорлор кеңеши тарабынан башкаруу чечимдерин өз убагында кабыл алуу жана контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон маалыматты камтууга тийиш. 

5.2. Валюталык тобокелдикти тескөө ыкмасы банктын ишинде келип чыга турган тобокелдиктин табиятына жана татаалдыгына жараша айырмаланышы мүмкүн. Тобокелдикти баалоо минимум, төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

5.2.1. Банктын валюталык тобокелдигин өлчөө, анын ичинде ачык валюта позициясын эсептөө ((6) Эскертүүнү караңыз). 

5.2.2. Банктын өтүмдүүлүгүн тескөөдө валюталык тобокелдикти эсепке алуу. Ошону менен катар, үчүнчү валютаны сатып алуу үчүн банк тарабынан улуттук же башка валютаны пайдаланууда валюталык өтүмдүүлүк стресс-тестирлөөнүн жардамы менен жана банктын улуттук валютасынын өтүмдүүлүгү менен өзара байланышта өлчөнүүгө жана тестирленүүгө тийиш. 

5.2.3. Валюта курстарынын олку-солкулугунун банкка тийгизүүчү таасирине баа берүү. Банктар чукул кырдаалдар учурунда потенциалдуу валюталык чыгым тартууларды аныктоо үчүн стресс-тестирлөөнү пайдаланууга тийиш. Мында банктын капиталына валюталардын курстарынын тарыхый мааниде болуп өткөн чукул өзгөрүүлөрүнүн таасирин карап чыгууга, ошондой эле банктын тобокелдиктин ар кандай деңгээлдери орун алган шарттарына туруштук бере алуу дараметин аныктоого мүмкүндүк бере турган реалдуу жана чукул (экстремалдык) сценарийлерди моделдөөгө сунуш-көрсөтмөлөр берилет. 

 

6. Акцияларга жана товарларга баанын өзгөрүү тобокелдигин 

тескөө боюнча талаптар 

 

6.1. Акцияларга жана товарларга баанын өзгөрүү тобокелдиги банкка тиешелүү болгон акцияларга же кымбат баалуу металлдарга баанын терс өзгөрүүлөрүндө келип чыгат. 

6.2. Акцияларды сатуу жана акционердик капиталга финансылык катышуу банкты баа тобокелдигине дуушар кылат, анткени акциялардын курсунун өзгөрүүсү банктын кирешесине жана капиталына терс таасир этиши мүмкүн. 

6.3. Банк Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык берилген кошумча лицензиянын негизинде гана кымбат баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырат. 

6.4. Кымбат баалуу металлдарга баанын өзгөрүү тобокелдигин тескөө валюта рыногу менен кымбат баалуу металлдар рыногунун окшошуп кете тургандыгын эске алуу менен валюта тобокелдигин тескөөгө окшош болушу мүмкүн. 

6.5. Иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыруучу банктар тобокелдиктерди контролдоонун тиешелүү системасын түзүүгө тийиш жана алар минимум дегенде ушул Жободо белгиленген рыноктук тобокелдиктерди тескөө боюнча талаптарга дал келүүсү зарыл. 

6.6. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы соода ишиндеги тобокелдиктин бетин ачуу, ага баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдук үчүн жоопкерчиликтүү болот. Банк Башкармасы баа тобокелдигин кошо алганда, үлүштүк баалуу кагаздарга бардык инвестицияларга кылдат мониторинг жүргүзүүгө, банктын рыноктук тобокелдикке дуушар болуусуна дайыма баа берип турууга жана Директорлор кеңешине өз убагында отчет берүүгө тийиш. 

 

7. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча 

маалыматтарды ачып көрсөтүү 

 

7.1. Банк рыноктук тобокелдикти төмөндөтүүчү чараларды камсыз кылуу боюнча маалыматтарды банктын жылдык отчетунун курамында жетиштүү деңгээлде ачып көрсөтүүгө тийиш. Берилген маалыматтын көлөмү банктын рыноктук тобокелдикке дуушар болуу даражасына жана деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. 

 

Эскертүү

(1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 36/10-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2005-жылдын 4-февралындагы 18-05 номеринде каттоодон өткөн). 

(2) Мисалы, белгиленген пайыздык чен менен узак мөөнөттүү кредит берген жана кыска мөөнөттүү депозитке ээ болгон банк келечекте ала турган кирешелеринин рыноктук пайыздык чендердин көбөйүүсүнүн натыйжасында келип чыккан азаюусуна дуушар болуусу мүмкүн Кредиттен келип түшкөн акча каражаттары бүтүндөй мөөнөт ичинде аныкталган болуп саналат, ошол эле учурда кыска мөөнөттүү тартуулар боюнча төлөнүп берилүүчү пайыздар көбөйөт дагы, бул банктын кирешесине терс таасирин тийгизет 

(3) Мисалы, банк рынокто карыздык милдеттенмени сатып алат, бул LIBOR индексине ылайык кайра бааланат жана бул сатып алууну депозит менен каржылайт, ал боюнча пайыздык чен МКБ боюнча пайыздык чендин өзгөрүүсүнө ылайык кайра бааланат Мындай учурда базалык тобокелдик келип чыгат, анткени аталган финансы инструменттерин (каражаттарын) кайра баалоо ар кандай факторлорго жараш болот (LIBOR индекси жана МКВ боюнча пайыздык чен). 

(4) Кредитти кредиттик келишим тарабынан каралган мөөнөттөн эрте төлөө же депозиттерди мөөнөтүнөн мурда алуу буга мисал боло алат. 

(5) Карызгерге четөлкө валютасында кредит берүү буга мисал боло алат. Улуттук валюта девальвация болгон учурда четөлкө валютасындагы кредитти тейлөөнүн наркы олуттуу түрдө көбөйүшү жана бул карызгердин кредитти кайтарып берүү жөндөмдүүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүн. Бул, өз кезегинде, банкты ал тарабынан валюталык милдеттенмелерин аткаруусунда валюталык тобокелдиктерге дуушар кылат. 

6. "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоого ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы 36/13-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөн). 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана 

башка финансы-кредиттик 

мекемелерде рыноктук 

тобокелдиктерди тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого 

1-тиркеме 

 

1. Гэп-анализ 

2. Стесс-тестирлөө 

 

1. Гэп-анализ 

 

Гэп-анализ же пайыздык чендин өзгөрүүсүнө ийкемдүүлүк жөнүндө отчетту түзүү пайыздык чен тобокелдигине баа берүүнүн эң эле таркалган каражаты болуп саналат. Аталган отчет активдер жана милдеттенмелер эсептерин (баланста сыяктуу эле жана баланстан тышкары) айрым учурда кайра баалоону жүргүзүүгө чейинки калган убакытка жараша классификациялайт. Пайдаланылуучу мезгил аралыгы банк тажрыйбасына жараша варияцияланат, бирок адатта төмөндөгүлөрдү камтыйт: овернайт, 1 күндөн - 1 айдан, 1-3 айдан, 3-6 айдан, 6 айдан 1-жылдан, 1-2 жылдан, 2-5 жылдан жана 5 жылдан жогору. 

Гэп-анализди жүргүзүүдө бардык банктык активдер, милдеттенмелер жана баланстан тышкаркы каражаттар (инструменттер) каражаттарды кайра баалоонун же төлөөнүн кийинки датасына негизделүү менен убактылуу диапозонго жайгаштырылат. Андан соң убактылуу диапозон боюнча колдо болгон калдыктар ар бир убактылуу диапозон боюнча таза гэп-позицияны аныктоо үчүн суммаланат (активдер боюнча суммалар плюс белгиси менен көрсөтүлөт жана милдеттенмелер боюнча суммалар минус белгиси менен көрсөтүлөт). Тобокелдикке баа берүү гэптин өлчөмү (убакыт аралыгындагы таза айырмачылыктын суммасы) жана анын мезгил аралыгында гэп-позиция ачылган убакыттын узактыгы боюнча жүргүзүлөт. Гэп-отчетту пайдалануу менен банк кайра баалоодон келип чыгуучу кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү айырмачылыктарды ачып көрсөтүп, баа бере алат. Мындай маалыматка ээ болуу менен банк өзүнүн кирешесин жана экономикалык тобокелдиктерди белгилүү чектөөлөрдүн чегинде баалай алат. Гэпанализ ошону менен катар, иштин жаңы түрү жөнүндө же ал боюнча төлөө мөөнөтү келип жете турган суммалар канчалык натыйжалуу реинвестирлене тургандыгы жөнүндө чечимдер кабыл алынганга чейин банк теңдеминин учурдагы түзүмүн кайра баалоо тобокелдигинин бетин ачуу үчүн дагы колдонулат. 

Эгерде, банк четөлкө валютасын пайдалануу менен иштердин көлөмүн олуттуу түрдө жүзөгө ашырган болсо, анда ал ар бир валюта боюнча өзүнчө гэп-анализди жүргүзүүгө тийиш, анткени четөлкө валютасындагы активдерге жана милдеттенмелерге пайыздык чендер ар кандай багыттарга өзгөрүшү мүмкүн, ал эми мындай пайыздык чендердин өзгөрүлмөлүүлүгү сом түрүндөгү активдер жана милдеттенмелер боюнча пайыздык чендердин олку-солку болуу тенденциясынан олуттуу түрдө айырмалана алат. 

Төлөө мөөнөтү же кайра баалоо датасы көрсөтүлбөгөн эсептер же пайыздык киреше алып келбеген эсеп (мисалы, эсептешүү эсеби) пайыздык ченге карата ийкемсиз болушу мүмкүн. Ошону менен катар, бул эсептердин айрымдары пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө карата өтө эле ийкемдүү болушу мүмкүн. Мисалы, рыноктук пайыздык чендин жогорулашы учурунда айрым кардарлар пайыздык киреше алып келүүчү эсептерге өз акчаларын которушу же жогорку пайыздык чендерди издөөдө банктан жөн эле кетип калышы мүмкүн. Башка тараптан алып караганда, качан пайыздык чендер төмөн болгон учурда, кардарлар акчаларды которуунун максатка ылайыктуу эмес экендиги жөнүндө чечим кабыл алуусу мүмкүн. Анын үстүнө, айрым эсептешүү эсептери сезондук олку-солкулукка дуушар болуусу да мүмкүн, мисалы, фермерлердин, айылчарба продукцияларын кайрадан иштеп чыгуу ишканаларынын же туризм менен байланыштуу ишканалардын каражаттары. Ошентип, банк менежменти депозиттик базанын динамикасына болжолдоолорду түзүү үчүн кардардык базаны дыкаттык менен иликтөөгө алуусу мааниге ээ. 

Ар бир мезгил аралыгында кайра бааланбай калган милдеттенмелер кайра баалануучу дал келбестикти же гэпти алуу үчүн кайра баалануучу активдерден алынып салынат. Эгерде, белгилүү мезгил аралыгында милдеттенмеге караганда, активдерди кайра баалоо көбүрөөк жүргүзүлсө (алгылыктуу гэп), кирешелер пайыздык чендердин жогорулашына жараша жогорулайт. Терс гэп орун алган учурда кирешелер пайыздык чендердин жогорулашына жараша төмөндөйт (анткени, активдерге караганда, милдеттенмелер кайра көп бааланат). 

Мисалы, белгиленген пайыздык чен менен, төлөө мөөнөтү 12 айдан кийин келүүчү жана 30 күндүк депозиттер менен каржылануучу 500,000 сом суммасында кредит 1-күндөн тартып кредитти төлөөнүн мөөнөтү келип жеткенге чейинки толук 12 айдын ичинде 500,000 сом өлчөмүндөгү терс гэпти түзөт. Эгерде, 1-күнү пайыздык чендер бир пайыздык пунктка жогоруласа жана аталган жаңы деңгээлде сакталган болсо, таза пайыздык киреше 5,000 сомго (500,000x1%) төмөндөйт. 

Жогоруда айтылып өткөн мисал, айсайынкы терс гэпке карабастан, анда пайыздык чендердин өзгөрүүсү банктын кирешелерине бираз таасир эткен жагдайды болжолдойт. Ошондой эле, банк бир жылдын ичинде пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө (мезгил чегиндеги ийкемдүүлүк) дуушар болгон. Ошондуктан, пайыздык чен тобокелдигине банктын дуушар болуу тобокелдигине баа берүүдө банктын жетекчилиги өзгөчө бир жылдын ичинде көптөгөн убактылуу чектерди пайдаланганы маанилүү болмокчу. 

Конкреттүү гэптин абсолюттуу өлчөмүнө карата лимиттерди белгилөө же гэптин киреше алып келүүчү активдерге (же капиталга) карата катышы тобокелдикке жалпы дуушар болууга чек коюунун жалпы кабыл алынган каражаты болуп саналат. Банк пайыздык чендердеги өзгөрүүлөрдүн натыйжасында таза пайыздык кирешенин көзкаранды болуусун чектөөчү лимиттерин кароого кызыктар. Эрежеге ылайык, банк Башкармасы Директорлор кеңешинин макулдугу менен банк кабыл алууга даяр болгон тобокелдиктердин лимитин белгилейт (мисалы, капиталдын өлчөмүнөн 15% же таза пайыздык кирешенин өлчөмүнөн Гэп-анализ пайыздык чен тобокелдигинин базалык ченеми болуп саналат. Гэп-анализ бир нече артыкчылыктарга ээ, ошону менен катар: 

- татаал технологияны талап кылбайт; 

- иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн салыштырмалуу жөнөкөй болушу мүмкүн; 

- так, жеңил чечмеленүүчү натыйжаларды бериши мүмкүн. 

Мында аталган ыкма айрым кемчиликтерди да камтып турат, ошону менен катар: 

- бүтүндөй алганда, кайра баалоо тобокелдигин гана чагылдырат; 

- базалык тобокелдикти чагылдырбайт; 

- күндөлүк теңдемдин бир мезгил аралыгы ичинде туруктуу болуп кала берерин болжолдойт. 

 

2. Стресс-тестирлөө 

 

Стресс-тестирлөө тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы солгундоолр, пайыздык чендердин, валюта курстарынын өзгөрүүлөрү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарлары менен контрагенттеринин ишаракетинде дагы (мисалы, банктын ири кардарларынын банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы, алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүнө, пайыздык чендерге карата таасири ж.б.) терс өзгөрүүлөрдүн келип чыгышы учурунда банктын потенциалдуу жоготууларына баа берүүнүн аналитикалык каражаты (инструменти) болуп саналат. 

Стресс-тестирлөө - окуялардын өнүгүү сценарийлерин моделдөө аркылуу жүргүзүлөт, алар экономикалык, саясый жана/же башка окуялардын орун алышына негизделген (мисалы, банктын аброюнун начарлашына байланыштуу окуялар, жетекчиликтин алмашуусу ж.б.) жана банктын капиталынын өлчөмүнө таасир этүү менен банкты чыгымдарга дуушар кылат. 

Стресс-тестирлөөнүн башкы этабында маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл, анткени анын негизинде сценарий моделденет. Мында пайдаланылып жаткан отчеттуулук ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын үзгүлтүксүз катары) жана салыштырмалуулук (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрүлбөстүгү) критерийлерине ылайык келе тургандыгын, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалымат булактарынын аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл (мисалы, ЖМКнан маалымат). 

Терс мүнөздүү жагдайлардын өнүгүү сценарийи жетиштүү деңгээлде реалдуу, жөндүү жана негиздүү болууга тийиш. Сценарийдин реалдуулугу ал мындай жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгынын жогорку үлүшүнө ээ болууга тийиш. 

Сценарийди моделдөө ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтыйт жана эки версияда жүргүзүлөт: 

- тарыхый сценарий - стресс-тест сценарийи буга чейин орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлүүчү байкоолорго негизделет; 

- гипотетикалык сценарий - стресс-тест сценарийи орун алышы ыктымалдуу жагдайларга негизделет. 

Тарыхый сценарийди моделдөөдө анализ өткөн мезгилде орун алган жана банктын финансылык абалындагы терс мүнөздөгү жагдайлардын орун алышын шарттаган жагдайларды эсепке алуу менен жүргүзүлөт. 

Тарыхый сценарий ыкмасы боюнча стресс-тестирлөөдө өзгөчө көңүлдү буга чейин орун алган кризистердин шарттарын жана жагдайларын так аныктоого өзгөчө көңүл буруу зарыл, алар банктын теңдемин тестирлөөдө пайдаланылат. 

Гипотетикалык сценарийди моделдөө орун ала элек, бирок келип чыгуунун жогорку ыктымалдуулугуна ээ болгон кырдаалдарды анализдөөнү болжолдойт. Гипотеза белгилүү жагдайдын банктын капиталына тийгизүүчү таасири сыяктуу эле (мисалга, учурдагы алмашуу курсунун жогорулоосунда жана төмөндөөсүндө), капиталдын маанисинин төмөндөп кетүүсүнө алып келүүчү көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүлөрүнө баа берүүнү (банктын капиталы минималдуу жол берилген деңгээлге чейин төмөндөшү үчүн алмашуу курсу кандай өзгөрүшү керек) камтыйт. 

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо иретиндеги эсептерди жүргүзүү зарыл. Стресс-тест сценарийи качан, ар кандай тобокелдиктердин таасиринин комбинациясынын жардамы менен жүргүзүлгөн анализ банк үчүн төлөөгө жөндөмсүз болгон дараметинин алгачкы белгилерин көрсөткөндө гана акыркы болуп эсептелет. 

6. "Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоого ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы 36/13-токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөн).