Кайта келүү

2017-жылдын 26-апрелинде №17/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкарманын токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет  

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 29-январындагы  

№ 2/5 токтому менен бекитилген  

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

жети күндүк кредити жөнүндө” жобо 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы №9/5, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомдорунун редакциясына ылайык)   

 

I. Жалпы жоболор 

1. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети (7) күндүк кредити жөнүндө” бул жободо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (Улуттук банк) лицензия алышкан коммерциялык банктарга (Банк/банктар) кыска мөөнөттүү ликвидүүлдүктү колдоо үчүн Улуттук банк тарабынан жети күндүк мөөнөткө кредит берүү тартиби аныкталган.  

2. Жети күндүк кредит, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 18 жана 53-беренелерине, ушул Жобого жана Улуттук банк менен Банктын ортосунда түзүлгөн жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге (Башкы келишим) ылайык берилет. Башкы келишимдин типтүү формасы ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

3. Жети күндүк кредит, Банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо максатында Улуттук банк тарабынан аукциондо аныкталган пайыздык чен жана/же жарыялаган катталган пайыздык чен боюнча, улуттук валютада, жети календардык күн мөөнөтүндө, күрөөлүк камсыздоо алдында Банктарга сунушталат. 

4. Жети күндүк кредит боюнча аукционго катышуу үчүн минималдуу пайыздык чен жана/же катталган пайыздык чен Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (КДКР) тарабынан, жүзөгө ашырылып жаткан акча-кредит саясатынын максаттарына жана милдеттерине жараша белгиленет.  

5. Банктын жети күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары МБК) күрөө предмети катары колдонулат. МБКы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар КДКР тарабынан белгиленет. Күрөө катары Улуттук банкка сунушталган камсыздоо предмети кайра күрөөгө коюлушу же үчүнчү жакка күрөөгө берилиши мүмкүн эмес.  

 

II. Колдонулган атоолор жана түшүнүктөр 

6. Жети күндүк кредит бул Улуттук банк тарабынан аукциондо аныкталган пайыздык чен жана/же жарыяланган катталган пайыздык чен боюнча аукциондук негизде (Улуттук банктын демилгеси боюнча) жана/же туруктуу жөнгө салынган негизде (банктардын демилгеси боюнча) күрөөлүк камсыздоо алдында, Улуттук банктын Банкка сом түрүндө, 7 календардык күн мөөнөтүндө берген кредити. 

7. Депозитарий Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак, ал мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүүнү, сактоону жүзөгө ашырат жана аларга менчик укугунун өтүшүн каттап, тастыктайт. 

8. «Депо» эсебинин инвестициялык суб-балансы (теңдеми) Банкка менчик укугунда таандык болгон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүү жана сактоо үчүн Банктын Депозитарийде ачылган «депо» эсебинин суб-балансы (теңдеми). 

9. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети -  бул, Улуттук банктын ликвиддүүлүктү утурумдук тескөөгө алуу боюнча оперативдүү чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу негизги иш максатынан болгон коллегиалдуу органы.  

10. Жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишим (Башкы келишим) бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн келишим. Анда Улуттук банк тарабынан Банкка ликвиддүүлүктү колдоого кредиттик ресурстардын берилишинин жалпы шарттары жана тартиби, ошондой эле мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартиби аныкталат. Башкы келишим ушул Жобого карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча жана Банк ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген учурда түзүлөт.   

 

III. Жети күндүк кредитти берүү шарттары 

11. Жети күндүк кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо шарттары алдында сыяктуу, кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен берилет. 

12. Жети күндүк кредитти алуу үчүн Банк:  

-Банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга тийиш; 

-Убактылуу администрация режиминде болбоо. Убактылуу администрация режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана, жети күндүк кредит берилиши мүмкүн; 

-Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

-Улуттук банк менен кол коюлган Башкы келишимдин болушу; 

-Мурда алынган жети күндүк кредиттер жана аларга чегерилген пайыздар боюнча Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмесинин болбошу; 

-Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алар боюнча пайыздарга тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмесинин болбошу; 

-Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу; 

-Банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу; 

-Банктын атынан кредиттик ресурстарды алуу билдирмесине кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн жоопкерчиликтүү адамдарынын тизмесинин Улуттук банкка берилиши;  

-Банк эсептериндеги каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эки карточканын Улуттук банкка берилиши.  

13. Жети күндүк кредитти берүү Улуттук банк тарабынан төмөнкү ыкмаларда ишке ашырылат: 

-аукциондук негизинде жана/же; 

-туруктуу жөнгө салынган негизинде. 

13-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

 

 

IV. Аукциондук негизде жети күндүк кредитти алууга билдирмени тариздөө жана сунуштоо тартиби 

14. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети аукциондун параметрлерин жана аны өткөрүү шарттарын, сунушталуучу кредиттик ресурстардын көлөмүн, минималдуу пайыздык ченин, билдирменин минималдуу көлөмүн мезгил-мезгили менен аныктап турат.  

15. Жети күндүк кредитти алуу үчүн аукционго катышууга билдирме банктар тарабынан Башкы келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык, документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш. Банк аукционго бир гана билдирме бере алат. 

16. Банктын билдирмеси, аукцион өткөрүлгөн күнү саат 9:00дө 12:00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин банктар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Мында, билдирмелер кайтарылгыс болуп саналат.   

17. Билдирменин ар бир бети Банктын атынан кредиттик ресурстарды алууга билдирмеге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө жана Банктын мөөрү басылууга тийиш. Билдирмеде, ал берилген күн, Банктын аталышы, аукцион өткөрүлгөн күн, кредиттик каражаттардын зарыл көлөмү, сунушталган пайыздык чен милдеттүү түрдө камтылууга тийиш. Мында, банктын билдирмесинин көлөмү аукционго коюлган кредиттик ресурстардын жалпы көлөмүнөн жогору болбоого тийиш.  

18. Билдирмеде кредиттин суммасы, пайыздык чен, күрөөнүн суммасы тууралуу маалымат Башкы келишимге карата 1-тиркемедеги формага ылайык, күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздар ырааттуу чагылдыруу менен көрсөтүлүүгө тийиш.    

19. Документ түрүндөгү билдирмелер Бишкек шаары, «720001, Чүй проспектиси 168», дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын имаратынын 1-кабатында орнотулган ящикке салынат. Банк, билдирме берилген күндү жана убактысын көрсөтүү менен билдирменин берилгендигин тиешелүү журналда каттоого тийиш.    

20. Пайыздык чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу пайыздык ченден жогору же ага барабар болгон билдирмелерге аукционго катышууга жол берилет. 

21. Банктын ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеши, ал өтүнгөн кредиттин суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк, билдирмелери аукционго кирбей калган банктарга алардын себептерин көрсөтүү менен аукцион өткөрүлгөндөн кийинки жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдайт.  

22. Туура эмес толтурулган же таризделген, ошондой эле убактысында берилбеген билдирмелер жараксыз катары таанылат жана аукционго киргизилбейт.    

23. Улуттук банк, билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.   

24. Улуттук банк аукционду өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарат, мында: 

-Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасынын же аны алмаштырган адамдын чечими менен кредиттик ресурстардын көлөмү келип түшкөн билдирменин жалпы көлөмүнө жараша кыскартылышы мүмкүн. Аукционго экиден аз катышуучу катышкан шартта, ал өткөрүлбөгөн катары таанылат;  

-билдирмелер, эң жогорку пайыздык чендеги билдирмелерден тартып сунушталган кредиттик ресурстардын жалпы өлчөмү толук бөлүштүрүлгөнгө чейин кабыл алынат. Аукционго уруксат алган билдирмелер максималдуу чектен тартып, ошол аукционго коюлган кредиттик ресурстар толук бөлүштүрүлгөнгө чейин сунушталган пайыздык чендердин деңгээли боюнча ранжирленет (чектөө ченине чейин). Мында, чектөө чени боюнча бир нече билдирме келип түшкөн болсо, анда кредиттик ресурстарды ошол билдирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.  

-Улуттук банктын аукционунда банктар тарабынан алынган кредиттик ресурстар билдирмелерде көрсөтүлгөн чендер боюнча, бирок Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечиминде белгиленген пайыздык ченден төмөн эмес, сунушталат. 

25. Аукционго уруксат алган билдирмелерди Улуттук банкта иштеп чыгуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13:00дөн 15:00гө чейин ишке ашырылат.  

26. Аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

мында P аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, pi канааттандырылган лоттордун пайыздык чени, qi - канааттандырылган лоттордун көлөмү

27. Улуттук банк аукциондун расмий жыйынтыгын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 16:00гө чейин өз веб-сайтында жарыялайт жана аукциондун катышуучуларына анын жыйынтыгы тууралуу билдирмелерди жөнөтөт (Башкы келишимге карата 3-тиркеме). 

28. Жети күндүк кредитти берүү ушул Жобонун 44-пунктуна ылайык, жетиштүү күрөөлүк камсыздоо болгон шартта, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу ишке ашырылат. Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн, мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо, Банктын «депо» эсебинин инвестициялык суб-балансында болууга тийиш.  

29. Жети күндүк кредит аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки жумуш күнү саат 12:00 чейин берилет. Кредитти берүү учурунда Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды Жобонун 44-пунктуна ылайык, кредиттин аукциондо канааттандырылган суммасынын өлчөмүндө Банктын инвестициялык эсебинен анын «депо» эсебинин күрөөлүк суб-балансына которот. 

V. Туруктуу жөнгө салынган негизде жети күндүк кредитти алууга билдирмени тариздөө жана берүү тартиби 

30. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети катталган пайыздык ченди кошо алганда, туруктуу жөнгө салынган негизде бериле турган кредиттин параметрлерин жана аны берүү шарттарын мезгил-мезгили менен аныктап турат.  

31. Туруктуу жөнгө салынган негизде жети күндүк кредитти алуу үчүн Банк, жумуш күн ичинде саат 9:00дөн 15:00гө чейин кредит алууга билдирмени белгиленген форма (Башкы келишимге карата 2-тиркеме) боюнча толтурулган документ түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин банктар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Мында, билдирмелер кайтарылгыс болуп саналат.   

32. Билдирменин ар бир бети Банктын атынан кредиттик ресурстарды алууга билдирмеге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө, Банктын мөөрү басылууга тийиш. Билдирмеде милдеттүү түрдө ал берилген күн, Банктын аталышы, кредиттик каражаттардын зарыл көлөмү, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген пайыздык чен көрсөтүлүүгө тийиш.  

33. Билдирмеде кредиттин суммасы, пайыздык чени, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган күрөө суммасына тиешелүү маалыматтар, күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарды ырааттуу чагылдыруу менен Башкы келишимге карата 2-тиркемедеги формага ылайык көрсөтүлүүгө тийиш.    

34. Документ түрүндөгү билдирмелер Бишкек шаары, «720001, Чүй проспектиси 168», дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын имаратынын 1-кабатында орнотулган ящикке салынат. Банк, билдирме берилген күндү жана убактысын көрсөтүү менен билдирменин берилгендигин тиешелүү журналда каттоого тийиш. 

35. Банктын ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеши, ал өтүнгөн кредиттин суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк, билдирмелер алынгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, кредит берүүдөн баш тартуу себептерин кат жүзүндө Банктарга маалымдоого тийиш.   

36. Туура эмес толтурулган же таризделген билдирмелер, ошондой эле убактысында берилбеген билдирмелер анык эмес катары таанылат.    

37. Улуттук банк, билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.   

38. Жети күндүк кредитти берүү, ушул Жобонун 44-пунктуна ылайык, жетиштүү күрөөлүк камсыздоо болгон шартта, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу ишке ашырылат. Банктын билдирмесинде күрөөлүк камсыздоо болуп көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздар анын «депо» эсебинин инвестициялык суб-балансында болууга тийиш.  

39. Жети күндүк кредит Банк билдирме сунуштаган күндөн кийинки жумуш күнү саат 12:00 чейин берилет. Кредитти берүү учурунда Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды Банктын инвестициялык эсебинен «депо» эсебинин күрөөлүк суб-балансына которот. 

VI. Жети күндүк кредит боюнча пайыздардын суммасын эсептөө 

 

40. Аукционго катышуу үчүн минималдуу пайыздык чендин өлчөмү жана/же жети күндүк кредит боюнча чен Улуттук банктын веб-сайты аркылуу Банкка тааныштырылат. 

41. Жети күндүк кредиттин суммасына пайыздарды эсептөө, жыл ичиндеги 360 күндү эске алуу менен кредитти айкын пайдаланган мезгил үчүн төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт: 

Р = (С х I х Т) /360/100, мында: 

Р кредит боюнча пайыз; 

С- жети күндүк кредиттин суммасы (сом); 

I жети күндүк кредиттин чени (жылдык %); 

Т кредит берилчү мөөнөт (күндөр менен) 

42. Банк жети күндүк кредитти пайдаланган айкын календардык күндөрдү эсептөөдө, мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дем алыш жана майрам күндөрү катары жарыяланган күндөр да эске алынат. 

 

VII. Жети күндүк кредиттин камсыздоосу 

43. Күрөөлүк камсыздоо күрөөгө коюулушу же үчүнчү жакка күрөөгө берилиши мүмкүн эмес.   

44. Күрөөлүк камсыздоонун (күрөөлүк) бааланган наркы, талап кылынган кредиттин суммасына жараша, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген мааниден төмөн болбоого тийиш (пайыздык туюндурулушунда).  

45. Жети күндүк кредит боюнча күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган мамлекеттик баалуу кагаздар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

-Банкка менчик укугунда таандык болууга; 

-Банктын башка милдеттенмелери жүктөлбөгөн болууга; 

-Банктын Депозитарийдеги “депо” эсебинин инвестициялык суб-балансында сакталууга жана эсепке алынууга тийиш; 

-Мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү берилген кредиттин төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийин кеминде эки жумуш күнүн түзөт. 

46.   Күрөөлүк камсыздоонун Улуттук банктын камсыздоого карата коюлган талаптарына ылайык келбеши, жети күндүк кредиттин суралып жаткан суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

47. Банк, Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткара албай калган учурда Улуттук банк, өз талаптарын күрөөгө коюлган мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана Башкы келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатып өткөрүү аркылуу, күрөөлүк мүлктүн эсебинен  толук көлөмдө канааттандырып алууга укуктуу.  

VIII. Кредитти төлөө жана күрөөлүк камсыздоону бошотуу тартиби 

48. Жети күндүк кредиттин негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө, Банк тарабынан кредит берилген күндөн жети календардык күн өткөндөн кийин, операциялык күндүн регламентине ылайык акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу ишке ашырылат.  

49. Жети күндүк кредит жана ага чегерилген пайыздар Банк тарабынан толук көлөмүндө төлөнүүгө тийиш, бөлүп төлөөгө жол берилбейт.  

50. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

51. Банк жети күндүк кредиттин негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмесин өз учурунда жана толук аткарган шартта Улуттук банк күрөөнү бошотууну кийинки жумуш күнү ишке ашырат. 

52. Күрөөлүк камсыздоо бошотулган учурда Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарды Банктын күрөөлүк эсебинен «депо» эсебинин инвестициялык суб-балансына которот. 

53.  Банк тарабынан кредитти жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө боюнча милдеттенмеси белгиленген мөөнөттө толук аткарылбаса же аткарылбаган шартта, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:   

- Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен кредитти төлөө эсебине анын негизги суммасына, ал боюнча чегерилген пайыздарга жана айыптык төлөмдөргө барабар өлчөмдөгү акча каражаттарын акцепсиз тартипте эсептеп алып коюуга.  

-Ушул Жобого, Башкы келишимге ылайык, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен кредиттин, ага чегерилген пайыздардын, айыптык төлөмдөрдүн ордун соттук эмес тартипте жабууга.  

54. Кредиттин негизги суммасы, ага чегерилген пайыздар жана айыптык төлөмдөр боюнча Банктын мөөнөтүндө жабылбаган милдеттенмелерин аткаруу тартиби, ушул Жобого карата Башкы келишимде аныкталган. 

 

IX. Корутунду жоболор 

55. Улуттук банк тарабынан Бул Жобого жети күндүк кредиттерди берүү операцияларын өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети-күндүк кредити жөнүндө” жобого карата 1-тиркеме 

 

ЖЕТИ күндүк КРЕДИТ ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

№________________ 

 

Бишкек шаары «_____»___________20____-ж. 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «_____жылдын______№______буйругунун» негизинде иш алып барган _____________________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучунун атынан, Уставдын негизинде иш алып барган __________________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредиттери жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимди (мындан ары Башкы келишим) түзүштү

 

1. Келишим предмети 

1.1. Банкка Улуттук банк тарабынан жети күндүк кредиттин берилиши шарттарын жана тартибин аныктоо, ошондой эле мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу ушул Башкы келишимдин предмети болуп саналат. 

 

2. Кредит берүү шарттары 

2.1. Банк Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык жети күндүк кредит алууга укуктуу.  

2.2. Жети күндүк кредит алуу жана төлөө тартиби Жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат. 

2.3. Банк жети күндүк кредитти алуу үчүн Жобонун талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

2.4. Жети күндүк кредит Банктын улуттук валютадагы кыска мөөнөттөгү ликвиддүүлүгүн колдоо максатында, Улуттук банк жарыялаган пайыздык чен боюнча мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо алдында, ылайыктуу жумуш күн ичинде, берилген күндөн баштап 7 календардык күнүнөн кечиктирбестен төлөө шартында берилет.  

2.5. Жети күндүк кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат жана ал тууралуу Улуттук банктын расмий веб-сайтында жарыяланат.  

2.5-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

2.6. Жети күндүк кредитти берүү, күрөөлүк камсыздоо сунушталган шартта Банктан билдирмени алган күндөн кийинки жумуш күнү анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу ишке ашырылат. Кредит берүү учурунда Улуттук банк күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарды Банктын инвестициялык эсебинен анын “депо” эсебинин күрөөлүк суб-балансына которот. 

 

3. Жети күндүк кредиттин камсыздоосу  

3.1. Жети күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча Банктын милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Күрөөлүк камсыздоо ушул Башкы келишимдин 3.3-пунктунда аныкталган талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

3.2. Күрөөлүк камсыздоонц үчүнчү жакка күрөөгө коюуга же кайра күрөөгө коюуга болбойт. 

3.3. Жети күндүк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган, мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү күрөө төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

-Банкка менчик укугунда таандык болууга; 

-Банктын башка милдеттенмелери жүктөлбөгөн болууга; 

-Банктын Депозитарийдеги “депо” эсебинин инвестициялык суб-балансында сакталууга жана эсепке алынууга; 

-Мамлекеттик баалуу кагаздарын төлөө мөөнөтү берилген кредиттин төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки кеминде 2 жумуш күнүн түзүүгө тийиш. 

 

4. Жети күндүк кредитти төлөө шарттары 

4.1. Жети күндүк кредиттин негизги суммасын жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө, ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.  

4.2. Жети күндүк кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарга тешелүү милдеттенмесин Банк өз учурунда жана толук аткарган шартта Улуттук банк, мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү күрөөнү кийинки жумуш  күнү бошотууга тийиш.  

4.3. Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону бошотуп берүү учурунда мамлекеттик баалуу кагаздарды Банктын күрөө эсебинен анын «Депо» эсебинин инвестициялык суб-балансына которот

4.4. Жети күндүк кредиттин орду жабылган күнү Банк, кредиттин негизги суммасын жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө үчүн зарыл болгон суммадагы каражатты Улуттук банктын эсебине которот. 

4.5. Ушул Башкы келишимге ылайык Банкка сунушталган жети күндүк кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, Улуттук банк кредиттин негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана айыптык төлөмдөрдү Банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептеп алып коёт. Мында, Банктын корреспонденттик эсебинде кредиттин негизги суммасынын, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн акча каражаттары жетишсиз болсо, анда Улуттук банк кредитти, ага кошуп эсептелинген пайыздарды жана айыптык төлөмдөрдү күрөө предметинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу төлөттүрүп алат.    

4.6. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийин калган, күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которулат.  

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги  

5.1. Банк, жети күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн ушул кредитти алууга берген билдирмелерде (1, 2-тиркемелер), Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Жети күндүк кредит боюнча милдеттенмелер өз учурунда аткарылбаса, Банк ар бир төлөбөгөн күн үчүн кредиттин сумасынан 0,1% өлчөмүндө айыптык төлөм төлөйт. 

5.3. Банк Жобонун жана ушул Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол бергендигинин натыйжасында дуушар болгон чыгымдар үчүн Улуттук банк жоопкерчилик тартпайт. 

5.4. Улуттук банк Жобого жана Башкы келишимге ылайык Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине берилген кредиттер боюнча акча каражаттарынын суммасынын өз убагында жана толугу менен чегерилишине, ошондой эле Банк кредит жана ал боюнча чегерилген пайыздар жагында өз милдеттенмелерин өз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, күрөөлүк камсыздоонун өз учурунда бошотулуп берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болот. Эгерде, Банктын корреспонденттик эсебине улуттук валютадагы кредиттик каражаттар өз учурунда жана/же толугу менен чегерилбесе, Улуттук банк Банкка мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенменин суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум төлөп берүүгө тийиш.   

5.5. Тараптар, Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык, өз кызматкерлеринин жети күндүк кредитти берүү жана аны төлөөгө байланыштуу операциялар боюнча иш- аракеттеринин талапка ылайыктуулугу, өз учурунда аткарылышы жана купуялуулуктун сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болушат. 

 

6. Талаш маселелереди чечүү  

6.1. Ушул Башкы келишимдин талабын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер жана пикир келишпестиктер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

6.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. 

7. Башка шарттар 

7.1. Башкы келишимдин шарттары Тараптардын макулдугу боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. 

7.2. Башкы келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр, эгерде алар кат жүзүндө толтурулуп тараптар кол койгон шартта, анык болуп саналат. 

7.3. Башкы келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ эки (2) анык нускада түзүлгөн. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта сакталат, экинчиси Банкка берилет. 

 

8. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

8.1. Башкы келишим, эки Тарап ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жыл аралыгында колдонулат. Башкы келишимди токтотуу, алынган жети күндүк кредитти кайтарып берүү жана ушул келишимде каралган күрөө шарттарын аткаруу боюнча Банктын милдеттенмесин токтотпойт.  

8.2. Башкы келишим, эгерде Тараптардын бири келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир календардык ай мурда кат жүзүндө аны токтотуу ниетин билдирбесе, кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелет.  

8.3. Улуттук банк жети күндүк кредит инструментин колдонууну токтоткон шартта, Башкы келишим да дароо токтотулат. Бул учурда Улуттук банк жети күндүк кредитти берүүнү токтоткондугу тууралуу Банкка алдын ала маалымдого тийиш. 

8.4. Улуттук банк, Банкка алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда ушул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

-Банк тарабынан Жобонун жана ушул Башкы келишим шарттарын бузууга жол берилсе; 

- Улуттук банк тарабынан Банкка берилген банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынса; 

-Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса; 

-Банктын сот тарабынан банкрот деп таанылышы; 

-ушул Башкы келишимдин 2.3- пунктунун талабы Банк тарабынан сакталбаса. 

 

9. Тараптардын юридикалык дареги жана реквизиттери 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

720001, Кыргыз Республикасы 

Бишкек ш., Чүй проспектиси 168 

Улуттук банктын эсебинин № __________________________ 

 

 

__________________________ 

(Кызматы) 

 

__________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

МО 

Банктын аталышы 

_________________________ 

(Почта индекси, дареги) 

 

Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин №________________________ 

 

 

____________________________ 

(Кызматы) 

 

____________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

МО 

 

 

Жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге карата 1-тиркеме 

 

ЖЕТИ КҮНДҮК КРЕДИТ БОЮНЧА АУКЦИОНГО КАТЫШУУГА 

20__-ЖЫЛДЫН «_____» __________ №______ БИЛДИРМЕ 

 

Банк _________________________________________________  

(Банктын аталышы)  

 

1. Ушул аркылуу Банк _____________________________________________ сом суммасындагы  

(суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө

кредит алуу үчүн жети күндүк кредит боюнча аукционго катышууга билдирме жөнөтөт.  

2. Мында, Банк кредиттик каражаттар боюнча төмөнкү ченди сунуштайт:   

Кредит боюнча чен ________ % жылдык. 

Берилген күнү ______________  

Төлөө күнү _______________       

3. Кредиттик камсыздоо катары ________________________________сом суммасында  

(суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө)  

 

мамлекеттик баалуу кагаздар күрөөгө берилет, анын ичинде:   

 

№ 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын түрү 

Эмиссиясы 

Төлөө күнү 

Саны (даана) 

Номинал боюнча сумма (сом менен) 

1  

   

   

   

   

   

... 

 

 

 

 

 

   

Жыйынтыгында:  

   

   

   

   

  

  (Банктын аталышы)     

(Кызматы)  

   _________________  

 (кол тамгасы)      

            МО  

 

 

 

 

 

 

 

Жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге карата 2-тиркеме 

  

 

ЖЕТИ КҮНДҮК КРЕДИТТИ  АЛУУГА 

20__-ЖЫЛДЫН «_____»________ №______ БИЛДИРМЕ  

 

Банк _________________________________________________  

(Банктын аталышы)  

1. _______________________________________________________________сом  

(сумма цифра менен жазуу түрүндө

 

суммасында жети күндүк кредит берүүнү өтүнөт.  

Жети күндүк кредит боюнча чен:______ % жылдык  

Берилген күнү ______________  

Төлөө күнү_______________       

2. Жети күндүк кредит боюнча пайыздардын суммасы _________________________________сом.  

(сумма цифра жана жазуу түрүндө)  

 

3. Кредитти камсыздоо катары күрөөгө ________________________________сом суммасында  

(сумма цифра жана жазуу түрүндө)  

 

мамлекеттик баалуу кагаздар күрөөгө берилет, анын ичинде:  

 

№ 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын түрү 

Эмиссиясы 

Төлөө күнү 

Саны (даана) 

Номинал боюнча сумма (сом менен) 

1  

   

   

   

   

   

... 

 

 

 

 

 

   

Жыйынтыгында:  

   

   

   

   

 

(Банктын аталышы)     

(Кызматы)  

   _________________  

 (кол тамгасы)      

            МО  

Жети күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге карата 3-тиркеме 

 

 

(Банктын аталышы) 

БИЛДИРҮҮ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы , 20___-жылдын “ ___” _________ жети күндүк кредит боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдөрдө канааттандырылгандыгын билдирет: 

Банктын билдирмеси 

Берилген күнү 

Ордун жабуу  күнү 

Суммасы (сом) 

% чени 

 

 

 

 

 

Начальниги  

(колу) (аты-жөнү

 

 

Аткаруучу, телефону