Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын 19-мартындагы  

№8/2 токтому менен бекитилген  

 

 

«Милдеттүү кам жөнүндө» 

ж о б о 

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдын өлчөмү, аны эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы жана аларды сактабагандыгы үчүн санкциялар аныкталган.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларында) 

 

1.2. Милдеттүү кам бул, Улуттук банк белгилеген шарттарда банктар Улуттук банкта милдеттүү түрдө депондоштурууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы.  

 

Милдеттүү камдык талаптар (мындан ары - МКТ) бул, Улуттук банкта милдеттүү камды депондоштуруу боюнча банкка карата коюлуучу талаптар.  

 

Эсептик база бул, банктын депозиттик жана башка эсептериндеги эсепке алынуучу сом жана валюта түрүндөгү милдеттенмелери. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет.  

 

Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан эсептик базадан пайыздарда белгиленет.  

 

Камдык активдер бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттардын жана Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын суммасы. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясында) 

1.3. Милдеттүү кам акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана акча топтомдорунун, банк кредитинин көлөмүн, ликвиддүүлүккө суроо-талапты жөнгө салуу каражаты катары Улуттук банк тарабынан колдонулат. 

 

1.4. Милдеттүү кам өлчөмү акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн. Эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка пайыздык маани белгилениши мүмкүн.  

 

1.5. Банк, милдеттүү камды депондоштурууну акча каражаттарын Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырат.  

 

1.6. Банктар, ушул жобонун 3.6-пунктунда каралган жагдайлардан тышкары, банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия колдонулган мезгил ичинде гана милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү.  

2. Милдеттүү камды эсептөө тартиби 

2.1. Милдеттүү кам төрт жума мезгил аралыгында бир жолу, өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү эсептелинет жана өткөн базалык мезгилдеги орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдетүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Белгиленген милдеттүү камдын мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы аралыгында колдонулат. Эсептик базага кирген валюталык милдеттенмелердин сомдук эквиваленти Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген курс боюнча эсептелинет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 токтомунун редакциясында) 

 

2.2. (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2 токтомуна ылайык күчүн жоготкон катары таанылсын) 

 

2.3. (Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомуна ылайык күчүн жоготкон катары таанылсын)  

 

2.4. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

мында OРт өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базасына кирген банктын милдеттенмеси;  

Р милдеттүү камдын Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген өлчөмү;  

Дт-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган өткөн базалык мезгилде камтылган календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларында) 

 

2.5. Ушул жобонун 2.4-пунктуна ылайык ишке ашырылган, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган эсептөөлөр, жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка 1-тиркемеге ылайык формада сунушталат. Эсептөөлөр өз убагында сунушталбаса, ошондой эле анда такталбаган маалыматтар камтылган болсо, аны жөнөткөн коммерциялык банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 токтомунун редакциясында) 

 

2.6. Милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган базалык мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. Мында, милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги күндөлүк каражаттарынын өлчөмү, Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен аныкталган милдеттүү кам көлөмүнүн минималдуу деңгээлинен аз болбоого тийиш. Бул талап аткарылбаса, банк милдеттүү камдык талаптарды бузууга жол берген катары эсептелинип, талаптарды сактабагандыгы үчүн ушул жобонун 3-бөлүгүндө аныкталган шарттарга ылайык андан төлөм өндүрүлөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларында) 

 

2.7. Коммерциялык банк милдеттүү камдык талаптарды аткарган учурда милдеттүү камды депондоштургандыгы үчүн ага төлөм чегерилет. Улуттук банкта милдеттүү камды депондоштургандыгы үчүн төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген компенсациялык чендин жана милдеттүү кам көлөмүнүн негизинде аныкталат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомунун редакциясында) 

 

2.8. (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5 токтомуна ылайык күчүн жоготкон катары таанылган) 

 

2.9. Банктардын банкоматтарындагы, камдык активдерде камтылуучу улуттук валютадагы нак акча каражаттарынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталат жана акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясында) 

3. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдү 

эсептөө жана өндүрүү тартиби 

3.1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакцияларында) 

 

3.2. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Пн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм;  

Ос камдык активдердин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү;  

Сп  Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленүүчү милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн төлөм чени;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөм суммасын эсептөө, мисалы 2-тиркемеде келтирилген.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакциясында) 

 

3.2.1. Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги милдеттүү камдын көлөмүнүн күндөлүк минималдуу деңгээлин аткаруу талабы банк тарабынан сакталбаса, милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн банкка карата күндөлүк терс четтөө суммасынан Улуттук банктын үч эселенген эсептик чен өлчөмүндө төлөм чегерилет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакциясында) 

 

3.2.2. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктар боюнча такталбаган маалыматтар берилген шартта, базалык мезгилдин башталышынан берки милдеттүү кам көлөмү, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эске алуусуз кайрадан эсептелинет жана кемчилик аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт. Эгерде милдеттүү камдык талаптардын көлөмүнүн минималдуу деңгээли сакталбаган болсо, ушул жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасына ылайык айыптык санкциялар колдонулат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясында) 

 

3.3. Банктын Улуттук банк менен түзүлгөн корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишиминде башкасы белгиленбесе, банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки экинчи жумуш күнү милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан акцептсиз тартипте төлөм өндүрүлөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомунун редакциясында) 

 

3.4. Банктын милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы анын ишине максаттуу текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Улуттук банктын банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмү бул банкта орун алган жагдай тууралуу корутундуну Улуттук банктын жетекчилигине сунуштайт.  

 

3.5. Милдеттүү камдык талаптарды бир нече жолу (1ден көп жолу) кайталап же үч ай ичинде бир нече ирет бузууга жол берүү, ошол банкта тике банктык көзөмөлдүктү же убактылуу администрация режимин киргизүүгө негиз болуп саналат.  

 

3.6. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, банкка тике банктык көзөмөлдүк же убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан төлөм өндүрүлбөйт.  

 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакциясында) 

 

 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1, 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/1 токтомдорунун редакциясында)