Сынактар


Датасы: 02.02.2024
Туруктуу шилтеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:  

   

- банктын жоюучусу (ликвидатор)  

 - банктын убактылуу администратору  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору 

катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.   

Документтерди 2024-жылдын 01-мартында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.   

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт.  

Бардык суроолор менен (0312) 31-29-37 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар.  

 

 Минималдуу квалификациялык талаптар (жүктөө) 

 Жеке маалымат тууралуу (жүктөө) 

 Анкета (жүктөө) 

 Документтердин тизмеги (жүктөө) 

 Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери (жүктөө) 

 Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери (жүктөө) 

 

 


Датасы: 29.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт: 

Сериясы 

Темасы 

Металлы 

Салмагы 

(г) 

Өлчөмү (мм) 

Формасы 

Улуу Жеңишке 80 жыл 

Тарыхый окуялар 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Тегерек 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл  

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Тегерек 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

- берилген темага шайкеш келүү

- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү

- жеке чыгармачылык. 

 

Сынактын шарттары: 

 

1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

 

«Улуу Жеңишке 80 жыл» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Улуу Жеңишке 80 жыл / 80 лет Великой Победе» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл / Кара-Кыргызской автономной области 100 лет» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2024», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

2. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилүүгө тийиш: 

- А4 форматындагы кагазда рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын нукура өлчөмүндө жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм).  

- JPG форматында электрондук түрдө, mzadokhina@nbkr.kg дарегине жөнөтүү

 

3. Катышуучу ар бир монета үчүн 4 (төрт) эскиздин долбоорун иштеп чыгуусу зарыл, анын ичинде:  

- монетанын алдыңкы бетинин эки эскизинин долбоору; 

- монетанын арткы бетинин эки эскизинин долбоору. 

 

4. Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайны боюнча мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

 

5. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү: 2024-жылдын 5-февралына чейин. 


6. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздин долбоорлоруна гана төлөнөт. 


7. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын № 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат. 


Кошумча маалыматты (312) 66-92-24 телефон аркылуу алсаңыздар болот. 


Датасы: 03.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин   

30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында жаштар арасында эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынак өткөрүү   

ТАРТИБИ  

  

1. Жалпы жоболор  

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 16-20 жаш жаштар арасында «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында эң мыкты эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынак (мындан ары  сынак) өткөрөт.  

1.2. Сынакка даярдалган эмгектер берилген тематика боюнча эң мыкты видеоролик/ репортаж түрүндө берилет.   

1.3. Сынактын максаттары:  

- балдардын жана жаштардын улуттук валютага карата сарамжалдуу мамилесин калыптандыруу;  

- финансылык сабаттуулук маселелерине балдардын жана жаштардын көңүлүн буруу;  

- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши боюнча коомчулуктун кабардар болушун жакшыртууга жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү.  

1.4. Сынак боюнча эмгектердин темалары:  

- «Сом  Кыргызстандын жүзү» / «Сом  лицо Кыргызстана».  

- «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем».  

- «Кыялдар канат байлаганда» / «Когда мечты становятся возможностью».  

 

2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары  

2.1. Сынак 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейин (материалдар саат 17:00дөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт) өткөрүлөт.  

2.2. Сынак боюнча эмгектерди тандоо баскыч боюнча жүргүзүлөт.  

I баскыч. 2023-жылдын 3-ноябрынан 10-ноябрына чейин сынак комиссиясы тарабынан иштерди тандоо жана кароо.  

II баскыч. 2023-жылдын 21-ноябрында сынактын жеңүүчүлөрүн көз карандысыз комиссия тарабынан аныктоо.  

III баскыч. 2023-жылдын 25-ноябрында жеңүүчүлөрдү жарыялоо.  

2.3. Бир автор бир гана эмгекти тапшыра алат.  

  

3. Сынакка материалдарды берүү тартиби  

3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү формада онлайн-өтүнмө толтурушу керек: https://forms.gle/BRjSHa8dVo1KL9vp9 (мындан ары  google-форма) жана сынакка тапшырыла турган эмгекти төмөнкү тартипте жайгаштыруу/жөнөтүү зарыл.  

3.2. Сынак боюнча эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна эмгектерди жайгаштыра турган Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү керек:   

- Ысык-Көл областы  nmakeshov@nbkr.kg;   

- Ош областы - eismanov@nbkr.kg;   

- Нарын областы - aryskulova@nbkr.kg;   

- Жалал-Абад областы - uaskarbekov@nbkr.kg;   

- Талас областы skokoev@nbkr.kg;   

- Баткен областы - nsaparova@nbkr.kg;   

- Чүй областы жана Бишкек шаары - dtokmambetova@nbkr.kg.  

3.3. Узактыгы 1,5 мүнөткө чейин созулган, кайсы болбосун техникада даярдалган видеоролик/репортаж форматындагы сынак эмгектерин катышуучу Instagram жана/же Tiktok жеке тармагына жайгаштырат. ВидеоФайлга кол коюуда #кarajattoptoo2023 хэштеги көрсөтүү зарыл. Онлайн-билдирмеде (google-форма) сынакка тапшырылган эмгек жарыяланган интернет-ресурска түз линк көрсөтүү же жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар обочо сактоо жайына түз линк көрсөтүү зарыл. 

 

4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери  

4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:   

· сынак материалдарынын берилген темага шайкештиги; 

· чыгармачылыгы; 

· идеянын оригиналдуулугу; 

· сюжеттин бүтүндүгү

· мазмундуулугу; 

· оператордук эмгек; 

· үн коштоо; 

· монтаж жана керектүү маалыматты камтуу. 

4.2. Сынакка башка авторлордун эмгектеринин көчүрмөлөрү, автор жөнүндө толук эмес маалымат менен берилген материалдар, ошондой эле ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен же зомбулук көрүнүштөрүн камтыган же курчап турган чөйрөгө жана экологияга зыян келтирген иштер кабыл алынбайт.   

4.3. Тартиптин талаптарына ылайык келбеген эмгектерге сынакка катышууга жол берилбейт жана формалдуу белгиси боюнча четке кагылат.  


Датасы: 05.09.2023
Туруктуу шилтеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

  

  

- банктын жоюучусу (ликвидатор)  

  

- банктын убактылуу администратору  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.   

 

Документтерди 2023-жылдын 29-сентябрында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.   

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт.  

 

Бардык суроолор менен 31-29-37 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар.  

 

 

 

 Минималдуу квалификациялык талаптар (жүктөө) 

 

 Жеке маалымат тууралуу (жүктөө)   

 

 Анкета (жүктөө)  

 

 Документтердин тизмеги (жүктөө)  

 

 Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери (жүктөө)  

 

 Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери (жүктөө)   

 


Датасы: 30.08.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин  

30 жылдыгына арналган 

«Сом Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак өткөрүү  

ТАРТИБИ 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 12-15 жаш курактагы балдар жана жаштар арасында «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында эң мыкты эссе жазуу боюнча республикалык сынак (мындан ары сынак) өткөрөт. 

1.2. Сынакка даярдалган эмгектер берилген тематика боюнча эссе түрүндө берилет.  

1.3. Сынактын максаттары: 

- балдардын жана жаштардын улуттук валютага карата сарамжалдуу мамилесин калыптандыруу; 

- финансылык сабаттуулук маселелерине балдардын жана жаштардын көңүлүн буруу; 

- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши боюнча коомчулуктун кабардар болушун жакшыртууга жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү

1.4. Сынак боюнча эмгектердин темалары: 

- «Сом Кыргызстандын жүзү» / «Сом лицо Кыргызстана». 

- «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем». 

- «Кыялдар канат байлаганда» / «Когда мечты становятся возможностью». 

2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары 

2.1. Сынак 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейин (материалдар саат 17:00дөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт) өткөрүлөт. 

2.2. Сынак боюнча эмгектерди тандоо баскыч боюнча жүргүзүлөт. 

I баскыч. 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин сынак комиссиясы тарабынан иштерди тандоо жана кароо. 

II баскыч. 2023-жылдын 17-октябрында сынактын жеңүүчүлөрүн көз карандысыз комиссия тарабынан аныктоо. 

III баскыч. 2023-жылдын 24-октябрында жеңүүчүлөрдү жарыялоо. 

2.3. Бир автор бир гана эмгекти тапшыра алат. 

 

3. Сынакка материалдарды берүү тартиби 

3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү формада онлайн-өтүнмө толтурушу керек: https://forms.gle/FVUxucXgviNxEYxm8 (мындан ары google-форма) жана сынакка тапшырыла турган эмгекти төмөнкү тартипте жайгаштыруу/жөнөтүү зарыл. 

3.2. Сынак боюнча эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна эмгектерди жайгаштыра турган Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү керек:  

- Ысык-Көл областы nmakeshov@nbkr.kg;  

- Ош областы - eismanov@nbkr.kg;  

- Нарын областы - aryskulova@nbkr.kg;  

- Жалал-Абад областы - uaskarbekov@nbkr.kg;  

- Талас областы skokoev@nbkr.kg;  

- Баткен областы - nsaparova@nbkr.kg;  

- Чүй областы жана Бишкек шаары - dtokmambetova@nbkr.kg. 

3.3. Эссени Times New Roman 14-шрифти, 1,5 интервалы менен көлөмү үч барактан ашпаган Word форматында Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почталарына жөнөтүү зарыл. Кызматкерлер эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна жайгаштырышат. 

 

4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери 

4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:  

· теманы ачуу; 

· логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү

· кошумча материалдарды колдонуу; 

· тыянак. 

4.2. Сынакка башка авторлордун эмгектеринин көчүрмөлөрү, автор жөнүндө толук эмес маалымат менен берилген материалдар, ошондой эле ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен же зомбулук көрүнүштөрүн камтыган же курчап турган чөйрөгө жана экологияга зыян келтирген иштер кабыл алынбайт.  

4.3. Тартиптин талаптарына ылайык келбеген эмгектерге сынакка катышууга жол берилбейт жана формалдуу белгиси боюнча четке кагылат.