КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнө мөөнөттүү эмгек келишими боюнча иштөөгө (экспедитордун функцияларын аткаруу үчүн) талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт - 1 бирдик
Функционалдык милдеттери:
- келип түшкөн корреспонденцияны кабыл алат жана иштеп чыгат (иргейт, каттайт, конверттерди (пакеттерди) ачат, тиркемелерди текшерет;
- Улуттук банктын электрондук дарегине келген корреспонденцияны каттайт;
- кириш документтердин сканерден өткөрүлгөн үлгүлөрүн тиркөө жана минималдуу параметрлерин көрсөтүү менен, кириш документтердин карточкаларын АСЭДде тариздейт;
- чыгыш корреспонденцияны жөнөтөт (конвертке салат, адресаттарын белгилейт, маркировкалайт, тизмени, реестрди түзөт, чыгыш документтердин карточкасына документ жеткирилгендиги жөнүндө белгилерди коёт);
- «Почта чыгымдары» жана «курьердин кызматы» статьялары боюнча кирешелердин жана чыгашалардын бюджетин пландаштырат жана даярдайт;
- ишеним каттарды, каттарды, келишимдерди жана экспедициянын ишине тиешелүү башка документтерди даярдайт;
- кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү даярдайт, эсеп-фактураларды тариздейт;
- Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларын жөнөтөт (конвертке салат, адресаттарын белгилейт, маркировкалайт, тизмени, реестрди түзөт);
- Улуттук банктан чыккан тез корреспонденцияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Администрациясына, Министрлер Кабинетине, коммерциялык банктарга жана башка уюмдарга жеткирүүнү камсыз кылат;
- документтерди Улуттук банктын жетекчилигинин кабылдамасына жеткирет;
- Республикалык мезгилдүү басылмаларды Улуттук банкка жеткирүүнү камсыз кылат;
- почта бөлүмдөрүнө Улуттук банк үчүн келген бандеролдорду, баалуу каттарды алып келет;
- жеткирүү учурунда Улуттук банктын документтеринин сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
- экспедиция аркылуу өткөн документтердин сакталышын камсыз кылат;
- бөлүмдүн начальнигинин тапшырмаларын аткарат.
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- 1 жылдан кем эмес жалпы иш стажы;
- MS Office программасы менен иштөө көндүмүнө ээ болуусу, иште колдонулуучу негизги ченемдик жана нускоо документтерди билүүсү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерди документтер менен иштөө деңгээлинде билүүсү.
Кошумча талаптар:
- жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткаруу;
- айкын тапшырмалардын аткарылыш мөөнөттөрүн сактоо;
- алынган маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү.
Талап кылынган жеке сапаттар:
- жоопкерчиликтүү;
- ийкемдүүлүк;
- ишенимге ээ болуу;
- аракетчил болуу.
Документтер 2024-жылдын 30-майынын саат 17:00 нө чейин тапшырылууга тийиш.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен);
- резюме (кошумча маалыматтар);
- өмүр баяны;
- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);
- инсандыгын тастыктаган паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат.
Бардык суроолор боюнча:
- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, № 168.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн «Борбордук жүгүртүү касса» тобунун экономисти бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт – 1 бирдик
Функционалдык милдеттери:
- ченемдик талаптарга ылайык кассалык операцияларды жүргүзүү эрежелеринин так сакталышын камсыздоо;
- кассалык жабдууларды колдонуу менен улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын кайра эсептөө жана сорттоо;
- эсептелип жаткан накталай акчанын аныктыгын контролдоо;
- даярдоочу фабрикадан келип түшкөн улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын контролдук партиясын эсептөө жана сапатын контролдоо;
- өзүнө ишенип берилген баалуулуктардын сакталышы үчүн толук материалдык жоопкерчилик тартат.
Талаптар:
- билими: орто адистиктеги же жогорку;
- иш тажрыйбасы: милдеттүү эмес;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларын, ушул кызмат ордунун өзгөчөлүгүн аныктаган ченемдик жана нускоо документтерин билүүсү;
- мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерин документ менен иш алып баруу деңгээлинде билүү.
Кошумча талаптар:
- компьютерди MS Offiсe, MS Excel колдонуучу деңгээлинде иштей билүү;
- учурда же өткөн убакта соттолбогон.
Жеке сапаттары:
- коммуникабелдүү, өзүнүн милдеттерин аткарууда ак ниеттик жана адептүүлүк;
- өзүнүн оюн оозеки жана жазуу түрүндө так жана сабаттуу түшүндүрө билүү, команда менен иштей билүү.
Документтер 2024-жылдын 30-майынын саат 17:00 нө чейин тапшырылууга тийиш.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен);
- резюме (кошумча маалыматтар);
- өмүр баян;
- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү);
- паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат.
Бардык суроолор боюнча:
- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси № 168.