Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин   

30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында жаштар арасында эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынак өткөрүү   

ТАРТИБИ  

  

1. Жалпы жоболор  

1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 16-20 жаш жаштар арасында «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында эң мыкты эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынак (мындан ары  сынак) өткөрөт.  

1.2. Сынакка даярдалган эмгектер берилген тематика боюнча эң мыкты видеоролик/ репортаж түрүндө берилет.   

1.3. Сынактын максаттары:  

- балдардын жана жаштардын улуттук валютага карата сарамжалдуу мамилесин калыптандыруу;  

- финансылык сабаттуулук маселелерине балдардын жана жаштардын көңүлүн буруу;  

- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши боюнча коомчулуктун кабардар болушун жакшыртууга жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү.  

1.4. Сынак боюнча эмгектердин темалары:  

- «Сом  Кыргызстандын жүзү» / «Сом  лицо Кыргызстана».  

- «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем».  

- «Кыялдар канат байлаганда» / «Когда мечты становятся возможностью».  

 

2. Сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары  

2.1. Сынак 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейин (материалдар саат 17:00дөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт) өткөрүлөт.  

2.2. Сынак боюнча эмгектерди тандоо баскыч боюнча жүргүзүлөт.  

I баскыч. 2023-жылдын 3-ноябрынан 10-ноябрына чейин сынак комиссиясы тарабынан иштерди тандоо жана кароо.  

II баскыч. 2023-жылдын 21-ноябрында сынактын жеңүүчүлөрүн көз карандысыз комиссия тарабынан аныктоо.  

III баскыч. 2023-жылдын 25-ноябрында жеңүүчүлөрдү жарыялоо.  

2.3. Бир автор бир гана эмгекти тапшыра алат.  

  

3. Сынакка материалдарды берүү тартиби  

3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү формада онлайн-өтүнмө толтурушу керек: https://forms.gle/BRjSHa8dVo1KL9vp9 (мындан ары  google-форма) жана сынакка тапшырыла турган эмгекти төмөнкү тартипте жайгаштыруу/жөнөтүү зарыл.  

3.2. Сынак боюнча эмгектерди Улуттук банктын тармактык ресурсуна эмгектерди жайгаштыра турган Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү керек:   

- Ысык-Көл областы  nmakeshov@nbkr.kg;   

- Ош областы - eismanov@nbkr.kg;   

- Нарын областы - aryskulova@nbkr.kg;   

- Жалал-Абад областы - uaskarbekov@nbkr.kg;   

- Талас областы skokoev@nbkr.kg;   

- Баткен областы - nsaparova@nbkr.kg;   

- Чүй областы жана Бишкек шаары - dtokmambetova@nbkr.kg.  

3.3. Узактыгы 1,5 мүнөткө чейин созулган, кайсы болбосун техникада даярдалган видеоролик/репортаж форматындагы сынак эмгектерин катышуучу Instagram жана/же Tiktok жеке тармагына жайгаштырат. ВидеоФайлга кол коюуда #кarajattoptoo2023 хэштеги көрсөтүү зарыл. Онлайн-билдирмеде (google-форма) сынакка тапшырылган эмгек жарыяланган интернет-ресурска түз линк көрсөтүү же жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар обочо сактоо жайына түз линк көрсөтүү зарыл. 

 

4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери  

4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:   

· сынак материалдарынын берилген темага шайкештиги; 

· чыгармачылыгы; 

· идеянын оригиналдуулугу; 

· сюжеттин бүтүндүгү

· мазмундуулугу; 

· оператордук эмгек; 

· үн коштоо; 

· монтаж жана керектүү маалыматты камтуу. 

4.2. Сынакка башка авторлордун эмгектеринин көчүрмөлөрү, автор жөнүндө толук эмес маалымат менен берилген материалдар, ошондой эле ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен же зомбулук көрүнүштөрүн камтыган же курчап турган чөйрөгө жана экологияга зыян келтирген иштер кабыл алынбайт.   

4.3. Тартиптин талаптарына ылайык келбеген эмгектерге сынакка катышууга жол берилбейт жана формалдуу белгиси боюнча четке кагылат.